Айрыташ тоосу

Википедия дан

Айрыташ тоо — Алайкуу кырка тоосунун бир тармагы. Терек тоодон башталат. Узундугу 20 кмдей, Орточо бийиктиги 3600 м. Эң бийик жери 4200 м (Текетуйук).

Палеозойдун акиташ теги, сланес жана гранит тектеринен турат. Тоонун түндүк-чыгыш капталы тик аскалуу, түштүк-батышы тайпак. Түштүктү карай бийиктеп, кырдуу жалга айланат; кар-мөңгүлүү (Текетуйук, Көкжар ж. б.) тоонун бул бөлүгү татаал, капталдары тик; беттери корум, кумшагылдуу, мореналуу. Токой (2400–2800 м), альп жана субальп шалбаалары (2500–3900 м), кармөңгүлүү (3900–4200 м) ландшапт алкактары мүнөздүү. Чөп чабынды жана жайыт катары пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]