Айры-Таш тоосу

Википедия дан


Айры-Таш тоосуАлайкуу кырка тоосунун бир тармагы. Терек-Тоодон башталат. Узундугу 20 кмдей, орточо бийиктиги 3600 м. Эн бийик жери 4200 м (Теке- Уюк). Палеозойдун аки таш теги, сланеӊ жана гранит тектеринен турат. Тоонун түндүк-чыгыш капталы тик аскалуу, туштүк-батышы тайпак. Түштүктү карай бийиктеп, кырдуу жалга айланат; кар-мөӊгүлүү (Теке-Уюк, Көк-Жар жана башка) тоонун бул бөлүгү татаал, капталдары тик; беттери корум, кум-шагылдуу, мореналуу. Токой (2400—2800 м), альп жана субальп шалбаалары (2500—3900 м), кар-мөӊгүлүү (3900—4200 л) ландшафт алкактары мүнөздүү. Чөп чабынды жана жайыт катары маанилүү.