Кашкар жуп жалбыракчасы

Википедия дан

Кашкар жуп жалбыракчасы (Zygophyllum kascharicum) – жуп жалбырактуулар тукумундагы ийри-буйру өркүндүү бадал. Кабыгы кырдуу, боз түстө, жыгачы сары. Жан жалбыракчалары майда, жаргак сымал. Жаш өркүндөрүндө жалбырактары тушташ экиден, эскилеринде топтошуп жайгашат. Гүлдөрү саптуу, 1–2ден жалбырак колтугунда жайгашат, жалбыракчалары 3 (4), эттүү, сүйрү мөмөсүндө кала берет. Кутучаларынын Узундугу 23 ммге жакын, эни 1–3 мм. Сүйрү, түп жагы учтуу, чоку жагы жалпак, үч канаттуу, канаттары уясынан 1,5–2 эсе жазы. Уясында 1–2 уругу саргыч. Мөмөсү август айында бышат. Деңиз деңгээлинен 1400–1700 м бийикте таштак чөлдөрдө кездешет. Кашкарга жакын тоо кыркаларында, Кыргызстандын Борбордук Теңир-Тоо кыркаларында кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]