Түндүк Мариана аралдары
Түндүк Мариана аралдары | |||||
| |||||
Гимн: ««Gi Talo Gi Halom Tasi» («Деңиздин ортосунда») » | |||||
Расмий тили | чаморро тили, каролин тили жана англис тили | ||||
Борбор шаары | Сайпан | ||||
Ири шаарлар | Сайпан | ||||
Башкаруу формасы | Инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) уюшулган аймак | ||||
Президент Губернатор |
Жо Байден Арнольд Паласиос | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы |
464 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2022) • Жыштыгы |
55,560 адам (209-орун) 113 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2016) • Ар бир жанга |
1,24 млрд $ 25,516 $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
1,18 млрд $ 21,239 $ | ||||
Акча бирдиги | АКШ доллары | ||||
Домени | .mp | ||||
ISO коду | MP | ||||
Телефон коду | +1-670 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +10:00 |
Түндүк Мариана Аралдары (англ. Northern Mariana Islands) расмий аталышы Түндүк Мариана аралдарынын шериктештиги (англ. Commonwealth of the Northern Mariana Islands) — Тынч океанынын түндүк-батышындагы 14 аралдан турган Америка Кошмо Штаттарынын инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) уюшулган аймагы болуп саналат[1].
Түндүк Мариана Аралдары Мариана аралдарынын эң түндүккү 14 аралын камтыйт. Бул архипелактын эң түштүккү Гуам аралы АКШнын өзүнчө аймагы болуп саналат. Түндүк Мариана аралдары Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1990-жылга чейин өзүн-өзү башкарбаган аймак катары саналып келген[2].
Колониялык мезгилинде Түндүк Мариана аралдары Испания, Германия жана Жапония империяларынын көзөмөлү астында болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, аралдар АКШ башкаруусу астындагы Бириккен Улуттар Уюмунун мандаттуу аймактарынын бир бөлүгү болгон. 1986-жылы расмий түрдө Америка Кошмо Штаттарынын курамына кошулуп, аралдардын калкы Америка Кошмо Штаттарынын жарандыгын алышкан.
АКШнын Ички иштер министрлиги аралдардын аянтын 475,26 км² деп белгилейт[3]. 2020-жылдагы Америка Кошмо Штаттарынын эл каттоосу боюнча малыматтарга ылайык бул аралдарда 47,329 адам жашаган[4]. Калктын басымдуу бөлүгү Сайпан, Тиниан жана Рота аралдарында отурукташкан. Түндүк Мариана аралдарындагы башка аралдарында адамдар сейрек отурукташкан, жанар тоонун атылышынын жыйынтыгында кээ бир аралдардан адамдар толугу менен көчүп кетишкен[5].
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түндүк Мариана аралдары түштүгүндөгү Гуам менен бирге Мариана архипелагын түзөт. Түштүк аралдары акиташ заттынан туруп, тегиз тектирлүү келет жана коралл рифтери менен курчалган. Түндүк аралдары вулкандык, бир нече аралдарда, анын ичинде Анатахан, Паган жана Агриханда активдүү жанар тоолор бар. Агрихандагы жанар тоонун бийиктиги 965 метр[6]. 2018-жылдын 1-июнунда Жон Митчелл жана Рид Ларссон уюштурган экспедициянын катышуучулары бул жанар тоонун чокусуна биринчи жолу чыгышкан[7].
Климат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Климаты пассат-муссон тибиндеги тропиктик. Температуранын өзгөрүүсү анча кескин эмес. Марианадагы орточо айлык температура 24—29 °С, кургакчыл мезгил декабрдан июнга чейин, жаан-чачындуу мезгил июлдан октябрга чейин созулат. Августтан ноябрга чейин тайфундар болуп турат[8].
Аралдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]№ | Арал | Аянты,
км² |
Калкы,
адам (2010) |
Бийик чекити | Чоку | Координаттар |
---|---|---|---|---|---|---|
Түндүк аралдар | ||||||
1 | Фаральон-де-Пахарос (Urracas) | 2,55 | — | 319 | 20°33′ түн. к. 144°54′ ч. у. | |
2 | Мауг | 2,13 | — | 227 | (Түндүк аралы) | 20°02′ түн. к. 145°19′ ч. у. |
3 | Асунсьон | 7,31 | — | 891 | 19°43′ түн. к. 145°41′ ч. у. | |
4 | Агрихан (Agrigan) | 43,51 | — | 965 | Агрихан тоосу | 18°46′ түн. к. 145°40′ ч. у. |
5 | Паган | 47,24 | — | 579 | Паган тоосу | 18°08′36″ түн. к. 145°47′39″ ч. у. |
6 | Аламаган | 11,11 | — | 744 | Аламаган | 17°35′ түн. к. 145°50′ ч. у. |
7 | Гугуан | 3,87 | — | 301 | 17°20′ түн. к. 145°51′ ч. у. | |
8 | Банка Зеландия | >0 | — | >0 | 16°45′ түн. к. 145°42′ ч. у. | |
9 | Сариган | 4,97 | — | 549 | 16°43′ түн. к. 145°47′ ч. у. | |
10 | Анатахан | 31,21 | — | 787 | 16°22′ түн. к. 145°40′ ч. у. | |
11 | Фаральон-де-Мединилья | 0,85 | — | 81 | 16°01′ түн. к. 146°04′ ч. у. | |
Түштүк аралдар | ||||||
12 | Сайпан | 115,38 | 48 220 | 474 | Тапочау тоосу | 15°11′06″ түн. к. 145°44′28″ ч. у. |
13 | Тиниан | 101,01 | 3136 | 170 | Кастию (Lasso Hill) | 14°57′12″ түн. к. 145°38′54″ ч. у. |
14 | Агихан (Agiguan) | 7,10 | — | 157 | Алутом | 14°42′ түн. к. 145°18′ ч. у. |
15 | Рота | 85,39 | 2527 | 491 | Манира тоосу | 14°08′37″ түн. к. 145°11′08″ ч. у. |
Түндүк Мариана Аралдары | 463,63 | 53 883 | 965 | Агрихан тоосу | 14°08' to 20°33’N,
144°54° to 146°04’E |
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түндүк Мариана аралдары 4 муниципалитетке бөлүнөт:
№ | Муниципалитет | Административдик борбору | Аянты,
км² |
Калкы,
адам (2010) |
Калкынын жыштыгы,
адам/км² |
---|---|---|---|---|---|
1 | Түндүк аралдар | — | 154,75 | — | — |
2 | Сайпан | Капитал-Хилл | 115,38 | 48 220 | 417,92 |
3 | Тиниан | Сан-Хосе | 108,11 | 3136 | 29,01 |
4 | Рота | Сонгсонг | 85,39 | 2527 | 29,59 |
Жалпы | 463,63 | 53 883 | 116,22 |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Americans, Almost and Forgotten
- ↑ List of former Trust and Non-Self-Governing Territories
- ↑ Insular Areas of the United States and Freely Associated States
- ↑ 2020 Census Population of the Commonwealth of the Northern Mariana Islands: Municipality and Village
- ↑ USGS. Pagan
- ↑ The Smithsonian Institution's Global Volcanism Program. Agrigan
- ↑ The Obsessive Quest of High Pointers
- ↑ Anatahan: Index of Monthly Reports
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Океания өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австралия • Вануату • Жаңы Зеландия • Кирибати • Маршалл Аралдары • Микронезия • Науру • Палау • Папуа-Жаңы Гвинея • Самоа • Соломон аралдары • Тонга • Тувалу • Фижи | |
Ассоциацияланган мамлекеттер | Кук аралдары • Ниуэ аралы | |
Көз каранды аймактар | АКШ тышкы кичи аралдары • Америка Самоасы • Гавайи • Гуам • Жаңы Каледония • Исла-де-Паскуа • Норфолк аралы • Питкэрн аралы • Токелау • Түндүк Мариана аралдары • Уоллис жана Футуна • Француз Полинезиясы |