Науру

Википедия дан

Науру, Науру Республикасы (Republic of Nauru) — Микронезиядагы мамлекет. Аянты 21 чарчы метр. 2007-жылы маалыматы боюнча 13,5 миң адам жашайт, алардын 60% науру.

Расмий тили — науру жана англис. Көбүнчө христиандар. Өкмөт жана мамлекет башчысы - президент. Расмий борбору жок. 8 аймакка бөлүнөт. Науру аралы - атолл. Жылдын орто температурасы 28°С. Жылына 2500 мм жаан-чачындар түшөт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1888 Науру а. германдык Новая Гвинея протектораттын бөлүгү болуп калат. 1920 жылдан баштап Улуу Британиянын, Австралиянын жана Жаңы Зеландиянын биргелешкен башкаруусуна кирет. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында жапон аскерлер басып алган (1942-1945). 1968 жылдан эгемендүү мамлекет.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономиканын негизи - фосфориттерди казуу жана экспорту (чамасы жылына 2 миллион тонн). Элдеги ар бир кишиге кирешеси боюнча (13 миң АКШ доллары) Науру дүйнөдө эң бай өлкөлөрдүн катарына кирет. Фосфориттер чыккан жерди калыбына келтирүү үчүн атайын каржы фонд ачылган. Чет өлкөлөргө инвестицияларынын көлөмү жылына 1,2 млрд жакын. Кокос пальмаларды айдашат. Балыкчылык. Тышкы соода байланыштар Австралия, Жаңы Зеландия жана Жапония менен. Акча единицасы - австралиялык доллар.