Австралия доллары
Бүл бөлүм бүтө элек. Сиз толуктап, долбоордун соңуна чыгышына жардам бере аласыз. |
Австралия доллары (кырг.) | |||||
---|---|---|---|---|---|
Australian Dollar (аңгл.) | |||||
| |||||
Коддор жана белгилер | |||||
ISO 4217 коддору | AUD (036) | ||||
Символдор | A$ | ||||
Жүгүртүү чегарасы | |||||
Эмитент | ![]() | ||||
Расмий түрдө | ![]() ![]() ![]() | ||||
Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||||
Бөлчөктүү | Цент (1⁄100) | ||||
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||||
Монеталар | 5, 10, 20, 50 цент, 1, 2 доллар | ||||
Банкноттор | 5, 10, 20, 50, 100 доллар | ||||
Тарыхы | |||||
Киргизилди | 14.02.1966 | ||||
Мурда колдонулган валюта | Австралия фунту | ||||
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||||
Эмиссиялык борбор | Австралиянын резервдик банкы | ||||
www.rba.gov.au | |||||
Акча сарайы | Австралиянын падышалык зээрканасы | ||||
www.ramint.gov.au | |||||
Перт зээрканасы | |||||
www.perthmint.com.au | |||||
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | |||||
1 KGS | = 0,02029 AUD | ||||
1 USD | = 1,301 AUD | ||||
1 EUR | = 1,375 AUD | ||||
1 GBP | = 1,902 AUD | ||||
1 JPY | = 0,01079 AUD | ||||
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||||
2023-жылдык инфляция | |||||
Инфляция | 6% | ||||
Австралия доллары (белгиси: $; коду: AUD) — Австралия Бирлигинин акча бирдиги, Рождество аралы, Кокос аралдары жана Норфолк аралы, ошондой эле Тынч океанында жайгашкан, көзкарандысыз Кирибати, Науру жана Тувалу мамлекеттеринин да расмий акча бирдиги болуп саналат[1][2][3]. 100 центке бөлүнөт.
Адатта доллар ($) белгиси менен кыскартылып белгиленет, бирок A$, $A, AU$ жана $AU сыяктуу белгилөөнүн башка варианттары бар.
Австралия доллары — дүйнөлүк соода-сатык операцияларында эң көп колдонулган валюталардын арасында алтынчы орунда турат.
1988-жылдан бери банкнотторду жасоо үчүн кагаздын ордуна, атайын жука пластик колдонулат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1966-жылы 1, 2, 5, 10, 20 жана 50 центтик монеталар жүгүртүүгө киргизилген. Бир долларлык монета 1984-жылы, ал эми эки долларлык монета 1988-жылы жүгүртүүгө чыгарылган[4].
1 жана 2 центтик монеталар 1991-жылы, 1 долларлык купюра 1984-жылы жана 2 долларык купюра 1988-жылы жүгүртүүдөн чыгарылган. Накталай эсептешүүлөр сумманы тегеректөөнүн стандарттык эрежелери боюнча жүргүзүлөт, 5 центке чейин тегеректелет.
Бардык австралия долларынын монеталарынын алдыңкы бетинде (аверс) Елизавета II сүрөтү түшүрүлгөн жана Австралиянын Королдук Зээрканасы тарабынан чыгарылат (англ. Royal Australian Mint).
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Учурдагы абалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Курсту аныктоодо ага ылайык рыноктогу суроо-талап жана сунуштун негизинде жүргөн өзгөрүлмө валюта курсу колдонулат. Акча саясатынын натыйжалуулугун критерийи болуп инфляцияны көрсөткүчтөрү саналат.
Базардагы курсу |
---|
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Federal Register of Legislation (англ.)
- ↑ Tuvalu country brief (англ.)
- ↑ Kiribati country brief (англ.)
- ↑ Royal Australian Mint. Circulating Coins Designs.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Reserve Bank of Australia (англ.)
- Colnect. Australia Banknotes (англ.)
- Австралиянын банкноттору (англ.)