Мазмунга өтүү

Тувалу доллары

Википедия дан
Тувалу доллары
1 тувалу доллары
1 тувалу доллары
Коддор жана белгилер
Аббревиатуралар TVD (расмий эмес)
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Тувалу
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү Цент (1100)
Параллелдүү Австралия доллары
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 5, 10, 20, 50 цент жана 1 доллар
Банкноттор чыгарылбайт
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Акча сарайы Австралиянын Падышалык зээрканасы
www.ramint.gov.au
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн
1 KGS = 0,02029 TVD
1 USD = 1,301 TVD
1 EUR = 1,375 TVD
1 GBP = 1,902 TVD
1 JPY = 0,01079 TVD
Тувалу доллары Уикиказынада

Тувалу долларыТувалуда колдонуулучу акча бирдиктеринин бири болуп саналат, анын расмий эмес валюта коду TVD. Курсу австралия долларына барабар[1].

1966-1976 жж. аралыгында аралдарда австралия доллары гана жүгүртүдө болгон. 1976-жылы Тувалу доллары чыгарылган жана азыркы учурга чейин бул валюта монета түрүндө гана чыгарылып келет. Банкнотта катары австралия доллары колдонулат[2]. Өлкөдө борбордук банк жок.

1976-жылы 1, 2, 5, 10, 20, 50 цент жана 1 доллар номиналдагы монеталар жүгүртүүгө киргизилген.

1 жана 2 центтик коло монеталар жана 5, 10 жана 20 центтик жез-никель монеталары австралия долларынын монеталары менен бирдей өлчөмдө жана курамда болгон. 50 центтик тегерек жез-никель монетасы он эки бурчтуу австралиялык монетадан айырмаланган. Тогуз бурчтуу 1 долларлык жез-никель монетасы мындай австралиялык монетадан 8 жыл мурда чыккан. 1 жана 2 центтик монеталар жүгүртүүдөн чыгарылган.

Тувалунун бардык монераларsyда Елизавета II чагылдырылган. Кээ бир саясатчылар Тувалу монархиясын жоюу жана келечектеги бардык монеталарда Елизавета II сүрөттөрүн алып салуу чакырыктарын жасаган. Бирок көпчүлүк добуш менен бул идеядан баш тартуу чечими кабыл алынган[3].

Тувалу монеталары
Сүрөт Номинал Техникалык параметрлери Сүрөттөөмөсү Чыгарылган жылдары
Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

Диаметр

(мм)

Калыңдыгы

(мм)

Салмагы

(г)

Материал Кыры

(гурт)

Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

1 цент 18 мм коло Елизавета II Лямбис 1976-1994
2 цент 21 мм коло Елизавета II Скат 1976-1994
5 цент 19 мм жез-никель эритмелери Елизавета II Жолборс акуласы 1976-1994
10 цент 24 мм жез-никель эритмелери Елизавета II Кызыл көздүү краб 1976-1994
20 цент 29 мм жез-никель эритмелери Елизавета II Учуучу балык 1976-1994
50 цент 32 мм жез-никель эритмелери Елизавета II Осьминог 1976-1994
1 доллар 30–35 мм жез-никель эритмелери Елизавета II Деңиз ташбакасы 1976-1994

Алмаштыруу курсунун режими

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Базардагы курсу
Google Finance (.../TVD): KGS USD EUR GBP JPY CHF
Yahoo! Finance (.../TVD): KGS USD EUR GBP JPY CHF
XE.com (.../TVD): KGS USD EUR GBP JPY CHF
OANDA.com (.../TVD): KGS USD EUR GBP JPY CHF


Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]