Мазмунга өтүү

Вату

Википедия дан
Вату  (кырг.)

Vatu  (аңгл.)
Vatu  (фр.)

5 000 вату
5 000 вату
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору VUV (548)
Символдор Vt
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Вануату
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 1, 2, 10, 20, 50 жана 100 вату
Банкноттор 200, 500, 1 000, 5 000, жана 10 000 вату
Тарыхы
Киргизүү этабы 22.03.1982—01.04.1983
Мурда колдонулган валюта Жаңы Гербрид франкы
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Вануатунун резервдик банкы
www.rbv.gov.vu
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
Вату Уикиказынада

Вату (белгиси: VUV; коду: 5480) — Вануатунун улуттук валютасы[1]. Башка валюталардын көпчүлүгүнөн айырмаланып, бөлчөк (алмашуу) бирдиги жок.

Бислама тилинен которгондо «таш» дегенди билдирет. Бул сөз мамлекеттин аталышы окшош болгондугуна байланыштуу, улуттук валютанын аталышы катары тандалган болушу мүмкүн деген божомолдор бар[2].

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-жылы англиянын жана франциянын Жаңы Гебриддер кондоминиуму көз карандысыз Вануату мамлекети болуп түзүлгөн. 1980-жылы 16-декабрда Вануатунун каржы министри акча реформасынын башталышын жарыялаган жана бул реформанын натыйжасында 1981-жылдын 1-январында Жаңы Гебрид франкынын аталышы вату деп өзгөртүлгөн.

1981-жылдын февралында жаңы улуттук валютанын дизайнын иштеп чыгуу башталган, жаңы жаралган акча бирдиги Вануатунун аймагында Жаңы Гебрид франкы менен австралия долларынын ордун толугу менен ээлеп, расмий валютага айланышы керек эле. Ватуну басып чыгарууну 1875-жылы Парижде негизделген Индокытай банкы жүргүзгөн.

Жаңы валюта 1982-жылдын 22-мартында жүгүртүүгө чыгарылган жана 1983-жылдын 1-апрелинен тартып Жаңы Гебрид франкы менен австралия доллары Вануатунун аймагында мыйзамдуу төлөм каражаттары макамын толугу менен жоготушкан[3].

Монеталар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

5, 10, 20, 50 жана 100 вату номиналындагы монеталар жүгүртүүдө. 2011-жылдан бери резервдик банк тарабынан 1 жана 2 вату номиналындагы монеталар чыгарылбайт, бирок калктын колундагы ушул номиналдагы монеталар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда. Соода-сатыкта баалар 5 ватуга чейин тегеректелет[4].

Вату монеталары [1]
Сүрөт Номинал

(вату)

Техникалык параметрлери Сүрөттөөмөсү Чыгарылган жылы
Диаметр

(мм)

Калыңдыгы

(мм)

Салмагы

(г)

Материал Кыры

(гурт)

Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

1 16,95 1,2 1,99 Латунь менен капталган никель жылмакай деңиз үлүл кабыгы Вануатунун герби 1983—2002
2 20 1,38 3 Латунь менен капталган никель жылмакай деңиз үлүл кабыгы Вануатунун герби 1983—2002
5 23,5 1,31 4 Латунь менен капталган никель жылмакай деңиз үлүл кабыгы Вануатунун герби 1983—2009
19 2,82 Жез менен капталган никель жол-жол болгон кырлуу салттуу каноэ Вануатунун герби 2015
10 24 1,89 6,10 Жез менен никелдин эритмеси жол-жол болгон кырлуу аралдагы краб Вануатунун герби 1983—2009
21 3,64 Никель менен капталган болот жол-жол болгон кырлуу курма уурусу Вануатунун герби 2015
20 28,45 2,05 10,20 Жез менен никелдин эритмеси жол-жол болгон кырлуу аралдагы краб Вануатунун герби 1983—2010
24,2 5,47 Никель менен капталган болот жол-жол болгон кырлуу аксакалдар жыйыны Вануатунун герби 2015
50 33 2,25 15 Жез менен никелдин эритмеси жол-жол болгон кырлуу батат Вануатунун герби 1983—2009
27 9,19 Никель менен капталган болот жол-жол болгон кырлуу Вануатунун өсүмдүктөрү Вануатунун герби 2015
100 23,9 2,95 9,55 Латунь менен капталган никель жылмакай өнүп чыккан үч кокос Вануатунун герби 1988—2008
23,25 6,84 «Түндүк алтыны» жылмакай[5] Улуттук парламенттин имараты Вануатунун герби 2015

Банкноттор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1982-жылы Вануатунун резервдик банкы тарабынан алгач 100 (1999-жылдан бери бул номиналдагы банкноттор басылып чыкпайт жана ушул номиналдагы монета менен алмаштырылган)[6], 500 жана 1 000 вату номиналындагы банкноттор чыгарылган. 1989-жылы жаңы 5 000 вату банкноту чыгарылган, 1993-жылдан баштап резервдик банк акча чыгаруу иштерин озуно толугу менен алган жана жаңы сериядагы 500 жана 1000 вату банкнотторун чыгарган. 200 вату банкноту 1995-жылы жүгүртүүгө чыгарылган.

Вату банкноттору
Сүрөт Номинал

(вату)

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Дата
Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

Суу белги Чыгарылган күнү Басып чыгарылбай калган жылы
100 130×64 «Long God Yumi Stanap» улуттук гимни жана Вануатунун герби кокос бактарынын арасындагы уйлардын үйүрү баш кийимчен сакалдуу киши 1982 1999
200 135×68 синий, фиолетовый, коричневый «Long God Yumi Stanap» улуттук гимни жана Вануатунун герби ортосунда парламент имаратынын алдындагы эки балалуу үй бүлөнүн айкели, сол жагында уруу кеңешинин жыйыны, оң жагында Вануатунун желеги жана камандын азуу тиши баш кийимчен сакалдуу киши 1995
500 140×70 «Long God Yumi Stanap» улуттук гимни жана Вануатунун герби ортосунда салттуу барабанда же тамтамда ойноп жаткан Вануатунун эли, сол жагында ар түрлүү статуэткалар, оң жагында салтанаттуу бет кап жана камандын азуу тиши баш кийимчен сакалдуу киши 1993
1000 150×75 чёрный, голубой, зелёный «Long God Yumi Stanap» улуттук гимни жана Вануатунун герби ортосунда эки ни-вануату, тоолуу аралдын фонунда каноэ, сол жагында Вануату аралдарынын картасынын фонунда статуэткалар, оң жагында камандын азуу тиши баш кийимчен сакалдуу киши 1993
5000 160×80 «Long God Yumi Stanap» улуттук гимни жана Вануатунун герби ортодосунда аркан менен байланганып алып мунарадан секирип жаткан кишини карап турган аралдардын тургундары, сол жагында аралга токтогон круиздик кеме жана кокос дарактары, оң жагында деңиз жээгиндеги уйлардын үйүрү жана камандын азуу тиши баш кийимчен сакалдуу киши 1989

Альтернативдүү валюта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вануатудагы көптөгөн коомчулуктардын салттуу баалуу буюмдары жана ээликтери болгон чочколор, карышкырлардын тиштери ж.б. заттар сатып алууда же сатууда атайын каражат катара колдонуулушу улантышууда. Улуттук уруу башчылар кеңеши мындай көрүнүштөрдү колдобостугун жана каршы экенин дайыма билдирип келет.

Вануатудагы Пентекост аралында жайгашкан Танбуния банкы толугу менен карышкырдын тиштеринин наркына барабар болгон валютанын бирдиги болгон ливату менен эсептерди жана трансферттерди сунуштайт.

Алмаштыруу курсунун режими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Базардагы курсу
Google Finance (.../VUV): KGS USD EUR GBP JPY CHF
Yahoo! Finance (.../VUV): KGS USD EUR GBP JPY CHF
XE.com (.../VUV): KGS USD EUR GBP JPY CHF
OANDA.com (.../VUV): KGS USD EUR GBP JPY CHF


Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. MoneyConvert. Дүйнөдөгү валюталарынын тизмеси.
  2. The Free Dictionary: Vatu.
  3. Reserve Bank of Vanuatu. BRIEF HISTORY OF RBV
  4. RESERVE BANK OF VANUATU STATEMENT. VT1 and VT2 coins.
  5. Монетанын формасы он эки бурчтуу жылдыз, четтери тегеректелген.
  6. Reserve Bank of Vanuatu. 2001/2002 Annual Report Text.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]