Палау

Википедия дан

Пала́у Респу́бликасы (пал. Beluu er a Belau, англ. Republic of Palau, жап. パラオ共和国) — аралдык мамлекет. АКШ менен ассоциацияланган, Тынч океандын Филиппин көлүндөгү. Индонезиядан түндүктө, жана Филлипиндерден 800 км.

Палау Республикасы

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 459 км2. Калкы 20,9 миң (2010). Калкынын негизин палау (белау) түзөт. Ошондой эле кытайлар, тайвандыктар, вьетнамдар жана европалыктар да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 44 киши. Расмий тили – палау жана англис тилдери. Динге ишендеринин көбү – католиктер. Административдик борбору – Мелекеок (аты окшош аралда). Административдик-аймактык жактан 16 штатка бөлүнөт. Ири шаары – Корор (калкы 11 миң). Акча бирдиги – АКШ доллары.

Башкаруу формасы – президенттик республика. Конституциясы 1979-ж. кабыл алынган. Мамлекеттик башчысы – президент. Мыйзам чыгаруучу органы эки палаталуу парламент. Саясий партиясы жана куралдуу күчтөрү жок. Каролина аралынын батыш бөлүгүндөгү Палау аралдар тобун ээлейт. Ага 200дөн ашык аралдар кирет. Анын ичинен 8и гана салыштырмалуу чоң. Эн ириси – Бабелтаун аралы (аянты 367 км2). Эң бийик жери – Нгарчалчауус чокусу (242 м). Климаты экватордук. Айлык орточо температурасы 24-28°С. Жылдык жаан-чачынын саны 3000 мм. Дайыма жашыл тропик токою өсөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005) Палауда эл мындан 4 миң жыл мурда эле отурукташа баштаган (чыгыш индонезиялыктар).

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач аралды 1543-ж. европалыктар тапкан. 1686-ж. Испания аралды өзүнүн менчиги деп жарыялаган, бирок ал 1886-ж. гана ишке ашкан. 1899-ж. Испания АКШ менен болгон согушта жеңилгенден кийин Германияга саткан. 1914-ж. 1-дүйнөлүк согушта Япония басып алып, 1920-ж. гана Улуттар Лигасы башкарууга мандат берген. Ал 1944-жылдын күзүндө АКШнын аскердик башкаруусуна өтүп, 1947-жылдан Микронезиянын курамындагы АКШнын камкордугуна алынган аймак. 1993-жылдын ноябрында өткөрүлгөн референдумдун натыйжасында өлкө «АКШдан эркин ассоциацияланган» деген статуска ээ. Палаунун көз каранды эместиги 1994-ж. жарыяланган.

Улуттук дүң кирешеси 2008-ж. 164 млн долларды түзгөн. Аны киши башына бөлгөндө 8,1миң доллардан туура келген. Ички дүң продукциясындагы (ИДП) тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 81,8, өнөр-жайдыкы 12, айыл-чарбасыныкы 6,2. Копра өндүрүлөт. Белек-бечкек даярдалат. Кийим тигүү өндүрүшү иштейт. Курулуш индустриясы өнүккөн. Палаунун экономикасынын негизин балыкчылык түзөт. Кокос пальмасы, батат жана касава өстүрүлөт. Бодо мал, чочко жана эчки асыралат. Автомобиль жолунун узундугу 60 км (анын 1/2и асфальтталган). Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Микронезиянын аралдары жана Сидней (Австралия) менен дениз, Гуам менен аба катнашы бар. Сыртка моллюска, балык, копра чыгарат. Туризм өнүккөн. Негизги соода шериктери: АКШ, Япония, Сингапур.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]