Жаңы Каледония

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Жаңы Каледония.

Жаңы КаледонияФранциянын ээлиги; Тынч океандын түштүк-батышындагы аралдар тобу. Меланезияга кирет. Жаңы Каледония аралын, Луайоте, Пен жана башка аралдарды камтыйт. Жалпы аянты 19 миң км2. Калкы 214,0 миң (2004); негизинен канакилер (меланезиялыктар), ошондой эле европалыктар, вьетнамдар, индонезиялыктар жана полинезиялыктар (3%) да бар. Католицизм жана протестантизм диндерин тутат. Расмий тили – француз тили. Административдик борбору – Нумеа шаары. Административдик-аймагы жактан 3 провинцияга (Түндүк, Түштүк, Луайоте аралы) бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Жаңы Каледония аралы шуру рифтери менен курчалган; батышында анын узундугу 600 кмден ашык. Эң бийик жери деңиз деңгээлинен 1628 м (Жаңы Каледония аралында). Климаты тропиктик. Айлык орточо температурасы кышында 24–26ᵒС, жайында 20ᵒС. Жылдык жаан-чачыны чыгышында 3000 мм, батышында 700 мм. Тропиктик ураган болуп турат. Ийне жалбырактуу жана сейрек токой, бийик өскөн өсүмдүктөр мүнөздүү.

Ээликти Франция өкмөтү дайындаган жогорку комиссар башкарат. Аралды 1774-ж. Ж. Кук ачып, Шотландиянын байыркы аты менен (Каледония) атаган. 1853-ж. Франция ээлиги деп жарыяланган. 1864–96-ж. сүргүнгө айдалчу жер катары пайдаланылган. 1946-ж. Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» деген статус алган. ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 14 750 долларды түзөт (2004). ИДПде айыл чарбанын үлүшү 2%тей, өнөр жайыныкы 22,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү 72,6%. Экономикасынын негизин тоо-кен өнөр жай түзөт. Никель өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орунда (жалпы запасы 50 млн т); ошондой эле темир, хром, кобальт, марганец, цинк, коргошун казылып алынат. Металлургия өнөр жай , айыл чарба сырьёсун иштетүүчү, тактай тилүүчү заводдору, эмерек фабрикасы, курулуш материалдар өндүрүштөрү иштейт. Айыл чарбасында экономикалык активдүү калктын 20%и иштейт. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: жашылча, мөмө-жемиш, дан өсүмдүктөрү, кокос пальмасы, кофе, ваниль. Уй, чочко, кой асыралат. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан сатып алат. Жылына 3 миң тдай балык кармалат. Жолунун жалпы узундугу 5432 км. Нумеа шаарында аэропорт бар. Жыл сайын Жаңы Каледонияга 100 миңге жакын чет элдик турист (француздар, япондор, австралиялыктар, жаңы зеландиялыктар жана башка) келет. Никель, рудасы жана башка экспортко чыгарылып, машина куруу продукцияларын, электр-техника, азык-түлүктү сырттан алат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, Япония, Австралия, Корея Республикасы, Жаңы Зеландия, Сингапур. 1974-ж. никель кенин иштетүүнү жергиликтүү башкарууга өткөрүүнү талап кылган жалпы элдик көтөрүлүш болгон. 1981-ж. француз өкмөтү Жаңы Каледонияга көз каранды эместикти берүүгө убада берген. 1998-ж. майда Нумеа шаарында Франциянын премьер-министри Л. Жоспен келишимге кол койгон. 1998-ж. 8-ноябрда референдум (келишимди колдоо боюнча) өткөрүлүп, аны эл толугу менен колдогон. 15–20 жылдын аралыгында Жаңы Каледониянын эгемендүүлүгү акырындап кеңейип, толугу менен көз каранды эместикке жетише алган. Беш жогорку окуу жайы иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1