Жаңы Зеландия

Wikipedia дан
New Zealand (orthographic projection).svg

Жаңы Зеландия - Тынч океандын түштүк-батышындагы мамлекет. Кук кысыгы аркылуу бөлүнгөн Түндүк (аянты 114,7 миң км2) жана Түштүк (150,6 миң км2) аралын, ошондой эле жамаатташ (Стьюарт, Сиэрс, Грейт-Барриер жана башка) жана обочо жайгашкан (Чатем, Антипод, Кермадек, Кэмпбелл жана башка) аралдарды ээлейт. Жаңы Зеландияга Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү Токелау, Кук, Ниуэ аралдары да кирет. Шериктештикте. Жалпы аянты 270,5 миң км2. Калкы 4 млн (2004). Борбору Веллингтон. Акча бирдиги жаңы зеландия доллары. Расмий тили англис тили. Административдик-аймактык жактан 16 районго бөлүнөт. Жаңы Зеландия БУУнун (1945), Бүткүл дүйнөлүк банктын, ЭВФтин, Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун, АНЗЮСтун (1951-86), СЕАТОнун (1954), АНЗЮКтун (1971) жана башка уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Жаңы Зеландия Шериктештикке кирген конституциялык монархия. Мамлекеттик башчысы Улуу Британия королу дайындаган генерал-губернатор. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы бир палаталуу парламент (өкүлдөр палатасы). Өкүлдөр палатасы 120 депутаттан турат, анын 62си шайлоо округдарынан, 51и партиялык тизме менен, 7 депутат маорилерден шайланат. Аткаруу бийлигин премьер-министр башкарган өкмөт жүргүзөт. Өкмөттү парламентте көп орун алган партиянын лидери түзөт. Негизги саясий партиялары: Лейбористтик партия, 1916-жылы негизделип, социалдык реформа багытында иш жүргүзөт. 1999-жылдан бийликте. Улуттук партия 1936-жылы негизделип, ири ишкерлерге жана фермерлерге таянат. Жаңы Зеландия партиясы 1993-жылы уюшулган. Маорилердин мүдөөсүн колдогон «Мана Мотухаке о Аотеароа»(«Бпздпн мурас») саясий кыймылы 1974-жылы түзүлгөн.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Жаңы Зеландиянын аймагынын 3/4 бөлүгүнөн ашыгыраагын тоолор жана дөбө-дөңсөөлөр ээлейт. Эң ири жана бийик тоо системасы Түштүк аралындагы Түштүк Альп тоосу (бийиктиги 3664 м, Кук чокусу). Тоонун кыр бөлүгү кар, мөңгүлүү (жалпы аянты 1000 км2). Түндүк аралында тоолор азыраак, борбордук бөлүгүнөн Жанар тоо платосу орун алган, анда жер титирөө тез-тез болуп турат, аракеттеги жанар тоолор, гейзерлер, ысык минералдуу булактар бар. Климаты Түндүк аралында жана Түштүк аралынын түндүк бөлүгүндө субтропиктик, деңиздик, калган аймактарында мелүүн. Айлык орточо температурасы 5-12°Сден 14-19°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 400-700 мм, тоолордун айдарым капталдарында 2000-5000 мм. Дарыялары сууга мол, гидроэнергияга бай. Жанар тоолордон пайда болгон көлдөр көп. Тоо токой (23%), бадал жана шалбаа ландшафты басымдуу. Өсүмдүктөр түрүнүн 3/4ү эндемиктер. Өлкөдөгү көптөгөн улуттук парктарда жана коруктарда флора менен фаунанын жоголуп бараткан түрлөрү коргоого алынган. Жаңы Зеландиянын эмблемасы катары канатсыз киви алынган. Гейзерлер жана ысык булактар чыккан Вака-Реваревага көптөгөн туристтер келет.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын негизин жаңы зеландиялыктар же англис-жаңы зеландиялыктар (78%тейи) жана маорилер (15%) түзөт, ошондой эле англистер, шотландыктар, голланддар жашайт. Мамлекеттик тили англис тили. Көбү христиан динин тутат. Элинин 72% тейи Түндүк аралында, 28% тейи Түштүк аралында жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 12 киши. Шаар калкы 83%. Ири шаарлары: Веллингтон (калкы 344 мпң), Окленд (960 миң), Крайстчерч (345 миң), Гамильтон (160 миң), Данидин (120 миң).

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жаңы Зеландияга 10-14-кылымда Полинезиядан келген маорилер отурукташкан. 1642-жылы Жаңы Зеландияга европалыктардан алгачкы жолу голланд деңиз саякатчысы А.Тасман барган. 1769-жылы аны англиялык саякатчы Ж. Кук изилдеген. 1839-жылы Британиялыктар отурукташа баштаган. 1840-жылы Жаңы Зеландия Улуу Британиянын колониясы деп жарыяланган. 1843-жылы англиялык колониячыларга каршы маорилердин куралдуу күрөшү башталып, ал 1872-жылы гана басылган. 1907-жылы Жаңы Зеландия доминион статусуна ээ болуп, 1931-жылы сырткы жана ички иштерпн өзү чечүүгө укук алган. 1945жылдан БУУнун мүчөсү. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Улуу Британия менен саясий байланышы начарлап, АКШ менен саясий жана аскердик ынтымагы күчөгөн. АКШ тарапта Корея согушуна (1950-53), Вьетнам согушуна (1965-70) катышкан. Жаңы Зеландия өкмөтү Тынч океандын түштүк бөлүгүн ядросуз зонага айландыруу келишимин (Раротонг келишимин) түзүүдө демилгечилердин бири болгон. Айлана-чөйрөнү коргоо, глобалдык жана региондук тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, ядролук куралды таратпоо жана аларды сыноого каршы маселелер боюнча туруктуу көз карашта.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жаңы Зеландия айыл чарбасы жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Айыл чарбасынын негизин жайытта асыралчу эт-жүн багытындагы уй жана кой чарбалары түзөт. Алдыңкы технология менен жабдылган айыл чарба сектору негизинен экспортко багытталган. Ж Жаңы Зеландия эт-сүт азыктарын (сүт продукциясынын дүйнөлүк рыногунун 25%ин көзөмөлдөйт), жүн (Австралиядан кийинки 2орунда), кой этин экспорттоочу дүйнөдөгү алдыңкы өлкө. 48,8 млн кой, 9,3 млн уй асыралат. Жыл сайын 1 млн гдан ашык эт, 200 миң гдан ашык жүн өндүрүлгөн. Негизинен тоют өсүмдүктөрү, буудай, арпа, сулу өстүрүлөт. Токой чарбалары бар; жыгач даярдалат. Жаңы Зеландия сырткы сооданын өлчөмүн киши башына бөлүштүргөндө дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; экспорттон түшкөн киреше ИДПнин 30% ке жакынын түзөт. Автомобиль жолунун узундугу 91,9 миң км, темир жолунуку 3,9 миң км. Башкы порттору: Веллингтон, Окленд, Литтелтон. Экспортунун структурасында эт-сүт продукциялары, жүн, мөмө-жемиш, балык, жыгач басымдуулук кылат. Сырттан өнөр жай товарларын машина, жабдуу, транспорт каражаттарын сатып алат. Булар жалпы импорттун 40%ин түзөт. Сырьё, нефть-химия продукцияларын да сатып алат. Негизги соода шериктештери: Австралия, Япония, АКШ, Кытай, Улуу Британия, Германия, Корей Республикасы, АСЕАН өлкөлөрү.

АКШ долларын түзөт; андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 65% , өнөр жайыныкы 25,8% , айыл чарбаныкы 8,6% . Калктын 10%ке жакыны айыл чарбасында, 25% өнөр жайында, 65% тейлөө чөйрөсүндө иштейт (2004). Өнөр жайынын башкы тармактары: тамак-аш, жыгач, целлюлоза-кагаз, машина куруу, химия, текстиль. Тез темп менен өнүгүп жаткан балык өнөр жайынын продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. 1994-жылы 32,4 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Табигый газ, таш көмүр, титан-магнетиттүү кум, алтын, күмүш жана башка казылып алынат.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Жаңы Зеландияда 6-15 жаштагы балдар акысыз, милдеттүү түрдө окуйт. Андан ары алар мамлекеттик жана жеке менчик колледждерден акы төлөп окуп бүтүп, университеттерге тапшырууга укук алат. Өлкөдө 7 университет бар, алар Веллингтон, Окленд, Гамильтон, Палмерстон-Норт, Крайстчерч, Данидин шаарында. Өлкөдө 5 борбордук жана 23 элеттик, 100гө жакын аз нускалуу гезит, 600дөн ашуун ар түрдүү журнал, ошондой эле мезгилдүү жана атайын басылмалар чыгат. Күн сайын чыгуучу гезиттери: «Доминион пост» (80 миң нуска), «Нью Зиленд геральд» (240 миң), «Отаго дейли таймс» (50 миң), «Пресс» (100 миң). Мамлекеттик 2 жалпы улуттук радиопрограмма, ошондой эле 30дан ашык коммерциялык радиостанция таандык. Жеке менчик сектордо 40тан ашык коммерциялык радиостанция иштейт. Телеберүү 3 программа (2 жалпы улуттук, бир жеке менчик) жана 3 спутниктик телеберүү каналы боюнча жүргүзүлөт. Адабияты 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып англис тилинде өнүккөн. Маори элинин фольклору сакталган. Турак жайларды, чакан курулуштарды, үй-тиричиликке колдонулган буюмдарды түрлөнтө оймо-чиймелер менен кооздоо маори маданиятынын мүнөздүү белгиси. 19-кылымдын 2-жарымынан бери үстөмдүк кылган неоклассизм менен неоготика духундагы үйлөр азыркы имараттар менен алмашылган. Жаңы Зеландиянын жергиликтүү эли маорилердин музыка өнөрү байыркы убакта эле пайда болгон. Профессиялык музыкасы 19-кылымда Европа музыка мад-тынын таасиринде калыптанып,өнүккөн. Профессиялык театры 20-кылымда пайда болгон. 20-кылымдын 30-жылдарында ар түрдүү коомдордун, университеттер менен мектептердин алдында ышкыбоздордун драма жана опера труппалары түзүлгөн. 1898-жылы алгачкы даректүү фильм тартылган. 1912-жылы Веллингтондо мамлекеттик алгачкы киностудия негизделген. Оклендде сүрөт галереясы (транспорт жана техника музейлери менен), Парнелла атыр гүлдүү паркы, Веллингтондо улуттук искусство галереясы, Улуттук музей (этнография жана табигый тарыхы жаатындагы экспонаттардын коллекциялары менен кошо) жана башка ажайып жайлары бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5