Википедия:Википедия тууралуу
| Кыргыз википедиясы учурда |
|---|
| 1.45.0-wmf.25 (10ca5eb) версиядагы MediaWiki кыймылдаткычында иштейт. |
| 76 052 макала жана 110 057 барак бар. |
| 541 978 түзөтүү жасалды. |
| 2 681 файл жүктөлдү. |
| 4 администраторду кошкондо 45 025 колдонуучу катталышты. |
| Статистика 4 -ноябрь (жетинин айы) 2025 |
Кыргыз тилиндеги Википедия — Жер шарынын бүткүл тилдериндеги бир бүтүн энциклопедия түзүү максатын көздөгөн көп тилдүү проекттин бир бөлүгү.
Википедияда борбордук редакциялык кеңешме дагы, башкы редактор дагы жок. Ал болгону дүйнөнүн туш тарабындагы ыктыярчылар тарабынан колдоого алынып, толукталып жазылып дээрлик толугу менен башкарылып турат.
Википедия жүз-миңдеген кайыр кылып берүүчүлөр тарабынан демөөрлөнгөн жеке менчик коммерциялык эмес мекемеге таандык.
Википедия жарнамасыз жана акысыз сервис болуп саналат, жана андагы бар маалыматты ким болсо издей алат.
Издегениңизди таппай койдуңузбу ? Капа болбоңуз! Википедияга бир канча убакыттан соң кайра дагы баш багып көрүңүз — балким, сизди кызыктырган маалымат да жазылып калаар. Ага чейин, күткөнчөктү, өзүңүз деле бир-эки макала жаза салсаңыз болот, же болбосо, болгон макалалардан тапкан каталарын оңдоп турсаңыз деле болот!
«Жазган макаламды эми модераторлор жарыялагыча качан...»,- дейттирсиз. Википедияда модераторлор да жок! Ар бир кирүүчү каалаган макаланы оңдоп-түздөй алат.
Оңдоо терезесинин төмөн тарабында жайгашкан "баракты сактап кой" баскычын басаар замат өзгөртүүлөр башка кирүүчүлөргө көрүнүп калат. Катталыш дагы милдет эмес (бирок сунушталат).
- Ошентсе да, оңдоп-түзөө алдында төмөнкү төрт эрежени эске алып коюңуздар:
- Сураныч, автордук укук менен корголгон текст менен сүрөттөрдү жүктөбөңүздөр!
- Википедия бул — энциклопедия, ошондуктан макалалар болушунча нейтралдуу болушу шарт.
- Эгерде сиз талаш маселе боюнча макала жазып жатсаңыз, анда сизге белгилүү болгон бардык көз караштарды келтириңиз.
- Эгерде сиз макала жайгаштырууну чечкен болсоңуз, алгач аныктама сөз аркылуу энциклопедиялардан караштырып издеп көрүңүз.
Тектеш викидолбоорлор 
[булагын түзөтүү]Ачык энциклопедия |
Окуу куралдары |
Үзүндүлөр жыйнагы |
Түп нуска тексттер |
Биологиялык түркүмдөр |
Жаңылыктар |
Медиа файлдардын жыйнагы |
Викимедиа долбоорлору тууралуу |