Автордук укук
Автордук укук - адабият, илим, искусство чыгармаларын жаратууга жана пайдаланууга байланыштуу укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жарандык укуктун бөлүгү; интеллектуалдык менчик укугунун же жеке укуктун бир түрү. Автордук укук. чыгарманын авторунун укуктарын [чыгарманы жаратуу, аны пайдалануу, кайталап колдонууга ] кайрадан басып чыгарууга жол берген жекече мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салат. Жекече мүлктүк эмес автордук укукка (автордун, авторлоштордун) автордук наамга укугу, чыгарманын кол тийгистигине көрсөтүлгөн укук кирет. Автор чыгармасын өз аты, псевдоним менен же атын көрсөтпөй чыгарууга укуктуу. Анын макулдугусуз чыгармага кошумча-алымча киргизүүгө, өзгөртүүгө, иллюстрация, кириш сөз жана түшүндүрмө менен толуктоого жол берилбейт. Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипке ылайык, автор чыгармасын алгач жарыялатуу маселесин чечүүгө катышууга жана автордук келишим түзүү менен чыгарманын пайдаланылышын тескөөгө, ошондой эле чыгарманы башка тилдерге котортууга, башка түрдөгү чыгармага айландырууга (мисалы, романды пьесага же сценарийге алмаштыруу), кайра иштеп чыгууга укуктуу. Автордук укук анын авторуна өмүр бою таандык. Көзү өткөн автордун автордук укугу мыйзамда белгиленген тартипте 50 жылдык мөөнөткө автордун мурасчыларына өтөт. Мөөнөтү бүткөн соң, чыгарма мамлекеттин энчиси деп жарыяланып, автордук укук мамлекетке өтөт. Мүлктүк автордук укукка чыгарманы кайрадан чыгарууга, жарыялоого жана сатууга, мазмунуна жана формасына ж. б. болгон укуктар кирет. Автордук укук эл аралык деңгээлде таанылган коргоо белгисине ээ жана ал үч элементтен: С белгиси; автордук укукка ээ болгон адамдын аты-жөнү же чыгарманын аталышы; чыгарманын биринчи жолу жарыяланган жылынан турат. Автордук укук корголгон чыгармаларды кайра чыгаруу, пайдалануу атайын келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. Ар бир чыгарылган жана сатылган нуска үчүн автордук калемакы төлөнөт. Автордук укук адабий уурулуктан (плагиаттан) жана «адабий карактоочулуктан» (пиратчылыктан) коргойт. Кинофильмдер жана телеберүүлөр үчүн калемакы алардын түзүүчүлөрүнө, дистрибьютер-компанияларга ар бир көрсөтүлүшү, ал эми музыкант, композиторлорго ар бир уктурулушу үчүн төлөнөт. Көпчүлүк өлкөлөрдө компьютердик программалар адабий эмгектер сыяктуу эле коргоого алынган. Ал эми сүрөттөрдүн көчүрмөлөрүн айрым учурда илимий иштерге пайдаланууга уруксат берилет. Автордун жана анын укук мураскерлеринин бузулган автордук укуктарын калыбына келтирүү, чыгарманы жарыялоого тыюу салуу же аны таратууну токтотуу, укукту калыбына келтирүү доосу боюнча сот тартибинде чечилет. КРнын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллект менчиги боюнча мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) авторлорго зарыл укуктук көмөк көрсөтөт. Автордук укук жөнүндөгү мыйзамдар 15-кылымда И. Гутенбергдин басма станогун ойлоп табуусунан кийин калыптана баштаган, бирок алгач мындай мыйзамдар китеп басып чыгаруучулардын гана кызыкчылыгын коргогон. Китеп басып чыгаруу жана сатуунун өнүгүүсү, авторлордун да өз кызыкчылыгын коргоосун камсыз кылууга алып келген. Бул чөйрөдөгү алгачкы мыйзам королева Аннанын Статусу (1710, Улуу Британия) эсептелет. 18-19-кылымда европалык мамлекеттердин көпчүлүгү Автордук укук жөнүндөгү мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алышкан. 19-кылымдын 1-жарымында көптөгөн өлкөлөр автордук укукту коргоо боюнча өз ара эки тараптуу макулдашууларды түзүшкөн. 1886-ж. «Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо жөнүндөгү Берн конвенциясынын» түзүлүшү менен авторлордун укуктарын коргоонун эл аралык системасы калыптана баштаган. 1952-ж. «Автордук укук жөнүндөгү Дүйнөлүк (Женева) конвенцияга» кол коюлуп, аталган конвенция Автордук укуктун эл аралык корголушунун принциптерин жана эрежелерин тактаган. Автордук укук чөйрөсүндө бир нече эл аралык уюмдар, анын ичинде Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюму (ИМДУ) жана ЮНЕСКО иш жүргүзүшөт.
Коргоону алуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мүлк укугу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Автордук укуктун баштапкы ээси автордун өзү болбошу мүмкүн, эгерде чыгарма жумуш берүүчү тарабынан жумуш үчүн жасалган болсо.[1][2] Мисалы, англия укугунда 1988-жылдагы Автордук укук,[3] өнөр жай үлгүлөрү жана патенттер жөнүндө мыйзам эмгек мамилелери чегинде кызматкер тарабынан түзүлгөн чыгармага автордук укуктар автоматтык түрдө жумуш берүүчүнө таандык болорун карайт, бул «жумуш үчүн жасалган чыгарма» болуп саналат.[4][5] Көп учурда автордук укуктун биринчи ээси — эмгекти жараткан жеке адам, башкача айтканда, автор. Бирок чыгарманын бир нече автору болсо, айрым критерийлерге ылайык биргелешкен автордук укук абалы болушу мүмкүн.[6][7]
Талаптарга жооп берген эмгектер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Автордук укук чыгармачыл, интеллектуалдык же көркөм формалардын кеңири түрлөрүнө же «эмгектерге» таралыш мүмкүн. Конкреттүү эрежелер юрисдикцияга жараша айырмаланышы мүмкүн, бирок алардын кайсынысына поэзия, диссертациялар, фантастикалык каармандар, пьесалар жана башка адабий чыгармалар, кинолор, хореография, музыкалык композициялар, дыбыстандыруулар, сүрөттөр, сызмаларды, айкелдер, фотосураттар, компьютердик программалык камсыздоо, радио жана теледолбоорлор, ошондой эле өнөр жай үлгүлөрү кириши мүмкүн. Кээ бир юрисдикцияларда графикалык дизайн жана өнөр жай үлгөлөрүнө өзүнчө же айкалышкан мыйзамдар колдонулат. Автордук укук идеяларга жана маалыматтарга эмес, алардын форма же билдирүү ыкмасына түздөн-түз тиешелүү. Мисалы, «Микки Маус» мультфильминде автордук укук Диснейдин антропоморфтук майрошосун негизиндеги мультфильмди көчүрүүгө же туунду эмгектерди түзүүгө каршы чыгат, бирок жалпысынан антропоморфтук майрошолор жөнүндө башка эмгектерди жаратууну тыюу салбайт, эгер алар Диснейдин чыгармаларын көчүргөндүгү түшүнүлбөсө. Эл аралык товардык белгини коргоонун жана автордук укуктун айырмасын түшүнүү товардык белгини качан каттоодон өткөрүү керектигин жана эмне үчүн керектүү экенин түшүнүүгө жардам берет.[8]
Оригиналдуулук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адатынча, автордук укук алуу үчүн чыгарма минималдуу оригиналдуулук стандарттарына жооп берүүсү керек, жана автордук укуктун мөөнөтү белгилүү убакыттан кийин токтоп калат (кээ бир юрисдикцияларда бул мөөнөт узартылышы мүмкүн).[9] Ар кайсы өлкөлөрдө критерийлер ар түрдүү, бирок адатта талаптар жогору эмес; Англиянын Бириккен Падышалыгында белгилүү бир «ишеним, эмгек жана кээде акыл-эс» талап кылынат. Австралия жана Бириккен Падышалыкта бир сөз автордук укук менен корголгон чыгарма түзүүгө жетпейт деп эсептелет. Бирок кээде бир нече сөздөн турган сөз айкашы же өзүнчө сөздөр товардык белгиси катары катталышы мүмкүн. Автордук укук мыйзамы эмгекти чынында оригиналдуу чыгарма катары тааныйбы же жокпу боюнча укук берүүчү карайт, уникалдуулукка эмес; эгер эки автордун эки негизги жактан барабар эмгектери табигый дубляж болуп, бири экинчисинин көчүрмөсү болбой жатса, алар екееси тең автордук укуктарга ээ болушу мүмкүн.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ What is the “Works Made For Hire” Doctrine in Copyright Law?. www.dbllawyers.com. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2025.
- ↑ What Is “Work-for-Hire” Under Copyright Law?. www.selfpublishedauthor.com. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2025.
- ↑ Copyright, Designs and Patents Act 1988. www.legislation.gov.uk. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2025.
- ↑ Common Misconceptions about the “Work for Hire” Doctrine. www.outsidegc.com. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2025.
- ↑ Can IP rights in works created by a supplier and provided to its client under a Supplier Agreement be deemed to be the UK equivalent of ‘work made for hire’ and therefore automatically owned by the client?. www.lexisnexis.co.uk. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2025.
- ↑ Joint authorship and collective works. copyright.universityofcalifornia.edu. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2025.
- ↑ Copyright and Related Rights. www.wipo.int. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2025.
- ↑ International Trademark Protection vs. Copyright: Understanding the Differences. protect.tm. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2025.
- ↑ The Definitive Guide to Copyright. corsearch.com. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2025.
Колдонулган адабияттар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1