Көркөм өнөр
Көркөм өнөр — Көркөм чыгармачылык, дүйнө таанымдын көркөм образдар аркылуу элестүү чагылдырылуучу бир формасы; адамзаттын рухий маданияты менен чыгармачылык кызматынын маанилүү элементи, коомдук аң–сезимдин ар кыл өнүгүү баскычын көркөм бейне, көркөм чагылдыруу каражаттары аркылуу элестүү сыпаттоо, мүнөздөө жана чагылдыруу ыкмаларынын жыйындысы. Көркөм өнөргө сүрөт өнөрү, музыка, театр, көркөм адабият, кино, архитектура ж. б кирет.
Көркөм өнөр коомдук-тарбиялык мааниге ээ болуп, адамдын акыл-эсине, ой-сезимине, кыялына таасир этет, коомдук турмушта жана социалдык күрөштө айрыкча чоң роль ойнойт. Искусство адамзат коому менен кошо өнүгүп, анын материалдык өсүшүн чагылдырат, коомдук аң-сезимди калыпка салууга көмөктөшөт, идеологиялык куралга айланат. Искусстводо турмуш көркөм формада чагылгандыктан, ал эстетиканын негизги объектиси болот. Фактыга гана таянууга милдеттүү болгон илимден жана документтен айырмаланып, искусство көркөм чындыкты жаратууда жетишерлик эркин болот. Антикалык доордо искусство табиятка карама-каршы коюлган, бирок Аристотель «Поэтикасында» көркөм чыгармачылыктын негизинде адамдын жаратылышты тууроого умтулуусу жатат деп ырастаган. Орто кылымда сүрөткер көрүнүш, кубулуштарды сырткы көрүнүш эле эмес, баарынан мурда алардын маани-маңызын ачып берүүгө тийиш болгон. Кайра жаралуу доорунда сүрөткерлер ички жана тышкы дүйнөнүн, факт менен ойдон чыгаруунун ортосундагы шайкештикке жетүүгө умтулушкан. 18–19-кылымдын чегинде айланасындагы эмпирикалык чындыкка көз каранды болбой, өзүнүн чындыгын жаратуучу эркин чыгармачыл сүрөткер концепциясы түзүлгөн. Бул концепцияны толук өздөштүрүшкөн романтизм өкүлдөрү эмпирикалык күнүмдүк чындыктан сырткары жогорку реалдуулукка жетүү мүмкүнчүлүгүн ачып жатабыз деп эсептешкен. Алардан кийинки 19–20-кылымдагы реализм менен натурализмди туу туткандар, тескерисинче, реалдуулукту фактыларга жетүү аркылуу, сезилген, көрүнгөн кубулуштар, окуялар аркылуу берүүгө умтулушкан. Адамдын көркөм чыгармачылык кызматы искусствонун ар кандай түрүндө же жанрында жүзөгө ашат. Аларды үч топко бөлүп кароого болот: 1) мейкиндикке жайгаштырылуучу же пластикалык искусство (живопись, скульптура, графика, көркөм фотография, архитектура, жасалга-колдонмо өнөрү жана дизайн) өзүнүн образдарын мейкиндикке жайгаштырат; 2) убакыт (сөз же музыка) аралыгында уюштурулуучу искусстводо образдар реалдуу мейкиндикке эмес, убакыт өлчөмүнө көз каранды; 3)убакыт жана мейкиндик айкалышып кеткен искусстводо (бий, театр, кино, эстрада, цирк ж. б. ) бир эле мезгилде убакытты, материяны, кыймылды өзүнө камтыйт. Искусствонун түрлөрү бири-биринен формасы, мазмуну, көркөм аңдап билүү объекти, коомдук жана эстетикалык функциясы, турмушту чагылдыруу жана таасир этүү мүмкүндүгү боюнча кандайдыр бир деңгээлде айырмаланат. Алсак, адабияттын аңдап билүү, коомдук-тарбиялык мүмкүндүгү ченемсиз бай, анткени анын өзүнө тиешелүү көркөм чагылдыруу каражаты (ийкемдүү тил) ойдун каалаган жагын ачып берүүгө кудурети жетет. Көркөм сүрөт искусствосунда (живопись, скульптура, графика) образдар көз менен кабылдоого негизделген. Музыка добушту пайдалангандыктан, анын образдары белгилүү убакыт ичинде өнүгөт да, артыкчылыгы адамдын ой толгоосун музыкалык добуштар менен баяндап, зор эмоциялык күч менен таасир эткендигинде. Искусствонун бул түрлөрүнүн каражаттарын синтездештирген театр, кино өнөрүн актёрлордун жардамы менен бир эле учурда көп эл кабыл алат. Жогоркулардан башка адамдын сезими менен табитин тарбиялоочу архитектура, жасалга-колдонмо, сүрөт өнөрү менен архитектуранын синтезинен жаралган монументтик искусство, адамзаттын тарыхы менен эриш-аркак өнүгүп, маданий бөтөнчөлүктү аныктоочу эл чыгармачылыгы сыяктуу түрлөрү бар. Искусствонун кинодон башка түрлөрү алгачкы доордо эле пайда болуп, түрлөргө жана жанрларга тарамдалып, искусство тармагы боюнча адистер иштей баштаган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5