Живопись

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Живопись.
Живопись (1763).

Живопись — көркөм сүрөт искусствосунун негизги түрлөрүнүн бири (Көркөм искусство, көркөм сүрөт искусствосу макалаларын караңыз). Практикада колдонулушу жана ага байланыштуу атайын милдеттерине карата живопись станоктук, монументалдык жана жасалгалык (декорациялык) болуп бөлүнөт. Тар мааниде – предметтик дүйнөнүн бир нерсенин үстүндө түстүү материалдын жардамы менен көркөм сүрөттөө живопись деп аталат. Формаларынын терең иштетилгенине жана мазмунун өзгөчө көп кырдуулугу менен станоктук живопись баарынан көбүрөөк живопись көркөм искусствосунда кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Живопистик көркөм каражаттардын негизин жарык шаңы менен ажырагыс бирдиктеги түс жана линия түзөт. Түс жана жарык шаңы живопись тарабынан толугу менен иштелип чыккан жана көркөм сүрөт искусствосунун башка түрлөрү үчүн кол жеткис нерсе. Мына ушул нерселер реалисттик живопистин курчап турган чындыктын материалдык касиеттерин туура берүүсүн, башка сүрөттөөчү артыкчылыктарын, мейкиндик жана көлөмдүк моделдештирүүнүн типтүү мыктылыгын (кемтиксиздигин) шарттайт. Живопись техникасынын негизги түрлөрүн боёчу материалдардын түрлөрү менен белгилөө кабыл алынган (Техника, майлуу боёктор живописи, Акварель, Гуашь, Темпера, клей живописи, Пастель, Фреска, Мозаика, Энкаустика жана башка макалаларын караңыз). Булардын эң жөнөкөй белгилери кээ бир учурда аларды бөлүп көрсөтө албайт, бирок дайыма живопись менен графиканы ажыратып көрсөтсө болот (мисалы, акварель же пастель менен аткарылган чыгарма сүрөтчүнүн алдына койгон максаты жана ага болгон мамилесине карата живопистин тигил же бул тармагына таандык боло алат). Живопись илгертен бери эле жашап келе жаткан, бирок анын ар тараптан өнүгүшү XVI–XVII кылымдарга таандык. Бул мезгилде көркөм өнөр жанрларга бөлүнүп, живописти майлуу боёктор менен тартуу техникасы кеңири тарай баштаган. Ошол мезгилдеги буржуазиялык көркөм искусстводо живопистин өнүгүшү начарлаган, себеби формализмдин үстөмдүгүнө байланыштуу бул көркөм искусствонун зор мүмкүнчүлүктөрү, мыкты традициялары, ал гана эмес эң жөнөкөй ыкмалары унутта калган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]