Гуашь

Википедия дан

Гуашь (французча  gouache; итал. guazzj суу боёгу) – живопись үчүн жасалган боёчу материал жана ушул боёктор менен тартылган сүрөт ыкмасы. Технологиялык жактан Г. салыштырмалуу акварелдик боёктордун жумшак сортторуна жакын, бирок боёктун өзүндөгү ак боёк кошундусу менен алардан олуттуу айырмаланат. Г-тын бир түрү (эмульсиялык типтеги чапташтыруучу) өзүнүн курамы жана касиеттери б-ча гуммиарабикадагы темперага окшош. Гуашь боёктору менен иштелүүчү живопистеги техника да Г. аталат. Г. менен иштөөдө боёкторду сууга эзип алып, көбүнчө кагазда иштешет. Акварелден айырмаланып, бирок темпера сыяктуу Г. живописи жетишээрлик калыңдыкта түссүз ак боёк кошулган катмар болуп иштелет. Боёочу катмардын чектелген бышыктыгына байланыштуу бул техникада пастозность колдонулбайт. Кургаганда Г. темперадан көбүрөөк агарат, себеби темперада боёочу катмарлар, эреже катары, абдан калың болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]