Мозаика

Википедия дан

Мозаика – негизги көркөм материал катары ар түрдүү катуу заттарды – смальтаны, табигый түстүү таштарды, бышкан топурактын үстүнөн түстүү эмалды пайдаланууга негизделген монументалдык живопистин өзгөчө техникалык түрү. Жасалып жаткан сүрөт бири-бирине жакшы кыналган, цемент же атайын мастика менен бекитилген жана андан соң жылмаланган материалдардын кесиндилеринен түзүлөт. Түз тизилген деп аталган ыкма менен оң бетинен белгиленген жерде (дубалда, шыпта) же атайын плитада аткарылып, андан дубалга жабыштырылган М. болот. Тетири тизилген ыкмада түстүү кесиндилер сүрөтчүгө гана тетири жагынан көрүнүп турат жана оң жагы менен атайын жасалган убактылуу жука тээктин үстүнө жабыштырылат (жана М-ны дубалга көчүрүп тизгенде дароо алынып ташталат). Биринчи ыкма салыштырмалуу татаал жана көп эмгекти талап кылат, бирок көркөмдүк жактан кынтыксыз деп табылган. Тизилип жасалуучу М. атайын мурда даярдалып алынган майда кесиндилерлен аткарылат жана сүрөттүн сөлөкөтүнө жалпысынан дал келет; тилкелүү же бир-бирден тизилүүчү контурлар менен дал келгендей кылып кесилет. Флоренциялык деп аталган М. түстүү таштардын плиткаларынан турат. Мозаика термини монументалдык живопистен башка колдонмо көркөм искусствосунда кеңири колдонулат. Кээ бир мозаикалык техника менен аткарылган чыгармалар да М. деп аталат.

Винил мозаикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй винил плиткалары - 23-31 оперативдик классына таандык болгон материалдын түрү. Ал салыштырмалуу тыгындары аз бөлмөлөргө арналат (мисалы, турак жайдагы ашкана же уктоочу бөлмө).[1]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Винил плиткаларынын түрлөрү.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]