Пастель

Википедия дан

Пастель (французча  pastel, итал. pastello; «пастэль» деп окулат) – П. деп аталган живопистин (же сүрөт тартуучунун) өзгөчө техникасы үчүн арналган боёк материалы. Ал кагазга оролгон кыска түрдүү таякчалардан (карандаш деп аталган) даярдалат жана кургак боёк күкүмүнөн же агартуучу заттардын кошундусунан турат. Пастелдик карандаштар катуу, орто жана жумшак болот. Пастелдик боёктор менен тартылуучу живопись (сүрөт тартуу) техникасы да П. деп аталат. П. менен атайын даярдалган картондун, кагаздын кээ бир сортторунун тегиз эмес үстүндө катуу карандаш менен баштап, жумшак карандаш менен бүтүрүп иштешет, ал эми боёк күкүмү колдун манжасы менен тегиз жеткирилип, сейрек растушка менен сүртүлөт. П. үчүн боёк катмарынын баркыт сымал жылтырабаган үстүңкү бети, таза жана ачык өң мүнөздүү. Бул техниканын эң башкы жетишпеген жагы – боёктун оңой күбүлүп түшүп калчу үстүңкү бетиндеги бөлүкчөлөрүнүн начар жабышып турушу; аларды бекемдөө П-дин негизги жакшы жактарынын бир бөлүгүн жоготуп коюу менен калыбына келтирилет. П. кыл калем менен суулуу соус техникасы аркылуу аткарылат. Бул ыкма боёк катмарын бекемдейт, бирок сейрек колдонулат, себеби пастель живописинин мүмкүнчүлүктөрүн жардылантып жиберет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]