Жер

Википедия дан
Жер.

Жер (🜨) – Күн системасындагы планета. негизги табигый байлыктын бир түрү, айыл чарбасындагы өндүрүүнүн башкы каражаты. Ал өзгөчө укукка ээ болуу менен, келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн калтырууну камсыз кылууга жана жер байлыгы катары сактоого жатат.

Табият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күндөн алыстыгы боюнча 3-орунда, өлчөмү жана массасы боюнча чоң планеталардын ичинен 5-орунда турат. Массасы 5,976 × 1024 кг (Күн массасынын 1/330000 бөлүгү), орточо тыгыздыгы 5520 кг/м3, экватордук диаметри 12 756 км. Өз огунда айлануу мезгили 23 саат, 56 мин. Экватор тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон кыйшаюусу 23°26'. Ошого байланыштуу жыл мезгилдеринин алмашуусун пайда кылат. Күндүн тартуу күчүнүн таасиринен Күн системасындагы башка телолор сыяктуу эле, Жер тегеректен бир аз айырмаланган эллипс боюнча Күндү айланат. Жердин эллипс орбитасынын бир фокусунда Күн жатат да, Жер менен анын ортосундагы аралык бир жылдын ичинде 147,117 млн кмден (перигелий) 152,083 млн кмге (афелий) чейин өзгөрөт. 149,6 млн кмге барабар болгон Жер орбитасынын жарым огу Күн системасындагы аралыкты өлчөөнүн бирдик чени болуп саналат. Жердин орбита боюнча кыймылынын ылдамдыгы орто эсеп менен 29,765 км/сек, бирок ал 30,27 км/секдан (перигелийде) 29,27 км/секга (афелийде) чейин өзгөрөт. Мындан тышкары Жер Күн системасы менен бирге Галактиканын борборун да айланат (орточо ылдамдыгы 250 км/сек, айлануу мезгили 200 млн жыл). Жердин айланасында, орто эсеп менен 384 400 км аралыкта, анын жандоочусу Ай Жерди эллипс орбитасы боюнча тегеренип жүрөт. Жердин Күндү бир жолу айланып чыккан мезгили жыл, башкача айтканда 365 сутка 5 с. 48 мин 46 сек. Жер өз огунда айланып, күн менен түндү пайда кылат, убакыт бирдиги болгон сутканы түзөт. Жердин өтө татаал формасы өз огунда айлануудан пайда болуучу борбордон четтөөчү күчтүн, гравитациянын, ошондой эле рельеф пайда кылуучу ички жана тышкы күчтөрдүн аракетинен келип чыккан. Геодезияда, картографияда жана башка илимий-практикалык маселелерди чечүүдө Жердин эллипсоид түспөлү кабыл алынган. Жер Күн системасындагы башка планеталардан тиричилик, адам коомунун өсүп өнүгүшү менен айырмаланат. Азыркы учурдагы космогониялык көз караштар боюнча, Жер мындан 4,7 млрд жыл мурда, Күндүн айланасындагы мейкиндикте газ менен чаң түрүндөгү чачыранды заттардын гравитациялык конденсацияланышынан пайда болгон. Калыптануу учурунда радиоактивдүү элементтердин таасиринен Жердин ички бөлүктөрүнүн ысый башташы, Жер заттарынын дифференциацияланышына (жиктелишине) алып келген. Дифференциация Жер шарын химиялык курамы жана физикалык касиеттери боюнча бири биринен айырмаланган геосфераларга (катмарларга) бөлгөн. Жердин борборунда ядро, ядрону курчап жаткан катмар мантия пайда болуп, ал эми мантиядан бөлүнүп чыккан жеңил эриген заттардан турган эң үстүнкү катмар жер кыртышы түзүлгөн. Бул 3 геосфера кээде «катуу» Жер деп аталат. Алардан тышкары Жердин сырткы геосфералары да бар. Жерди курчап жаткан аба катмары атмосфера, суу катмары гидросфера. Бул 2 геосфера Жер түпкүрүнөн бөлүнүп чыккан буу менен газдардан пайда болгон (алар азыр да толукталып турат). Жер бети, гидросфера, ошондой эле атмосферанын астыңкы, Жер кыртышынын үстүнкү бөлүктөрү биригип, географиялык же ландшафттык кабык деп аталат. Географиялык кабыктагы физикалык жана химиялык шарттан тиричилик пайда болгон. Тирүү заттар геологиялык агент катары өтө маанилүү орунда тургандыктан, органикалык дүйнө тараган чөйрө биосфера деп өзүнчө бөлүнгөн. Жер бетинин 361,1 млн км2ин же 70,8%ин Дүйнөлүк океан ээлесе, 149,1 млн км2ин же 29,2%ин кургактык түзөт. Жердин эң бийик жери – Гималайдагы Жомолунгма чокусу (8 848 м), эң чуңкур жери – Тынч океандагы Мариана кобулу (11 022 м). Жердин гравитациялык, магниттик жана электр талаалары болот. Анын гравитациялык тартуу күчү Айды өз орбитасында кармап турат. Жердин түзүлүшү, түспөлү, кебетеси (формасы), Ааламдагы орду жөнүндөгү азыркы маалыматтар илгертен берки изилдөөлөрдүн натыйжасы. Байыркы замандарда Жердин формасын аныктоого көп аракет жасашкан. Мисалы, индустар Жердин кебетеси лотос сымал дешсе, вавилондуктар аны суу курчап турган тегерек тарткан жалпак арал түрүндө элестешкен. Мындан 3 миңче жыл мурда Жердин формасы жөнүндө туура түшүнүктөр пайда боло баштаган. Байыркы халдейлер Айдын тутулуусунан Жердин шар түрүндө экенин биринчи жолу байкашкан. Пифагор, Парменид (биздин заманга чейинки 6–5-кылымдар) жана Аристотель бул кубулушту илимий жол менен аныктоого аракет кылган. Байыркы илимпоздордун көбү Жер Ааламдын борбору (геоборбордук окуу) деп эсептешкен, бирок гелиоборбордук (Күн дүйнөнүн борбору) көз караштар да болгон. Орто кылымдарда Жердин шар сымал экени жана кыймылы жокко чыгарылган. Кайра жаралуу доорундагы Географиялык улуу ачылуулардан кийин Жердин формасы жөнүндөгү туура түшүнүктөр кайрадан өөрчүй баштаган. 1543-жылы Коперник дүйнөнүн гелиоборбордук системасын илимий негизде аныктаган. Жердин «катуу» бөлүгүнүн структурасы 20-кылымда сейсмологиянын жетишкендиктеринен улам такталган. 20-кылымдын 2-жарымында ракета, спутниктердин жардамы менен атмосферанын жогорку катмары жана магнитосфера изилденди. Жердин турпатын жана өлчөмүн геодезия, Аалам телосу катары кыймыл-аракетин астрономия, заттарынын физикалык абалын, бардык геосфералардагы физикалык процесстерди, күч талааларын геофизика, химиялык элементтердин таралыш законун жана алардын миграция процессин геохимия, жер кыртышынын курамын жана анын өнүгүү тарыхын геологиялык илимдердин комплекси, географиялык кабык менен биосферадагы табигый процесстерди география жана биология илимдери изилдейт.

Жердин чоң аймакты ээлеп жаткан эң сырткы катмары магнитосфера (Жер айланасындагы мейкиндик). Жердин магнит талаасы Күндөн келген заряддуу бөлүкчөлөрдү тосуп, планетанын айласында Жердин радиациялык алкагын түзөт. «Катуу» Жер менен бирге айланып, аны курчап жаткан аба катмары атмосфера. Атмосферанын 200 км бийиктикке чейинки негизги компоненти азот. Андан жогору кычкылтек атомдорго ажырап, 600 кмден баштап гелий, ал эми 2 миң кмде суутек басымдуулук кылып, Жер айланасында суутек таажысын пайда кылат. Географиялык кабыктагы физикалык, химиялык, биологиялык процесстердин бирден бир булагы болгон Күн нуру атмосфера аркылуу Жер бетине өтөт. Жерди курчап жаткан суу катмары (гидросфера) туташ эмес. Анын 94%ин океан-деңиздер, 4%ин жер астындагы суулар, 2%ин кармуз-мөңгүлөр, 0,4%ин кургактыктагы суулар (дарыя, көл, саз), бир азын атмосфера менен организмдердин курамындагы суулар түзөт. Суу массалары бири-бирине өтүп турат. Гидросферада бардык химиялык элементтер бар. Ж-дин эң үстүнкү «катуу» катмары жер кыртышы (А). Анын түзүлүшү өтө татаал жана бир тектүү эмес. Жер кыртышынын ичинен кеңири тараганы материктик жана океандык кыртыш. Материктик кыртыш 3 кабаттан турат: үстүнкү (чөкмө кабат, калыңдыгы 0–20 км), ортоңку (шарттуу түрдө «гранит» кабаты, 10–40 км) жана астыңкы («базальт» кабаты, 10–70 км). Океан түбүндө чөкмө кабаттын калыңдыгы бир нече жүз мге араң жетет; «гранит» кабаты жок. Анын ордунда калыңдыгы 1–2,5 км келген катмар (чыккан теги белгисиз, «экинчи» кабат деп аталат) жатат. «Базальт» кабатынын калыңдыгы океан түбүндө 5 кмге жетет. Жер кыртышы менен мантиянын ортосундагы сейсмикалык ыкмалардын негизинде аныкталган чек ара Мохоровичич бети деп аташат. Муну Мохо чеги же Мохо бети деп да айтышат. Мохо бетинен кийинки калыңдыгы 40 кмге жеткен катуу катмар кыртыш алдындагы катмар делет. Жер кыртышы менен кыртыш алдындагы катмар экөө биригип, литосфераны түзөт. Мантиянын калыңдыгы 2900 км. Ал үстүнкү мантияга (субстрат; В, С) төмөнкү мантияга (Д., калыңдыгы 2000 км) ажырайт. Үстүнкү мантиянын кыртыш алдындагы катмардан кийинки кабаты астеносфера деп аталат. Ал балкып эриген абалда болот. Жер ядросунун радиусу 3,5 миң кмге жакын. Ал сырткы ядро (Е) жана ички ядро (субъядро; G) болуп бөлүнөт (к. сүрөт). Аларды калыңдыгы 300 кмге жеткен өтмө зона (F) бөлүп турат (адатта муну сырткы ядрого кошушат). Жердин курамында Fe, O, Si, Mg басымдуулук (Жер массасынын 90%) кылат. Жер кыртышынын жарымын кычкылтек, чейрегин кремний, бир топ бөлүгүн Al, Mg, Ca, Na жана K түзөт. Ядро Fe менен Mgге бай оор минералдардан турат. Сейсмикалык толкундардын таралышынан улам сырткы ядро суюк, ал эми ички ядро (субъядро) катуу абалда деп болжолдонот.

Жердин геосфераларында заттар тынымсыз кыймыл-аракетте жана өзгөрүүдө болот. Жер тереңдигинде жана анын үстүнкү бетинде болуучу процесстер ички (эндогендик), сырткы (экзогендик) процесстерге бөлүнөт. Эндогендик процесстер жер кыртышынын айрым бөлүктөрүн арыбери же өйдө-төмөн жылдырат, деформациялайт. Тектоникалык кыймылдардын таасиринен магма процесси жүрөт, башкача айтканда магма жогору көздөй көтөрүлүп, жер кыртышын түртөт же андагы жаракалар аркылуу жер үстүнө атылат. Тектоникалык деформация менен магманын көтөрүлүшү (басым менен температуранын жогорулашы) жер кыртышындагы тектердин метаморфизмделишине шарт түзөт. Ошондой эле жер бети жана жер кыртышынын үстүнкү кабаты экзогендик процесстердин таасиринде болот. Алар экиге бөлүнөт: талкалоочу жана жаратуучу (талкаланган тектердин ойдуңдарга топтолушу жана чөкмө тектин келип чыгышы). Ички жана сырткы күчтөрдүн таасиринен жер бетинин түзүлүшү тынымсыз өзгөрүп турат. Материктер менен океандар формасын бир нече жолу өзгөрткөн. Жер кыртышынын айрым бөлүктөрү көтөрүлүп, тоолор пайда болгон же басырылып ойдуңга айланган. Тектоникалык кыймылдардын таасиринен Жер бетинин рельефи, климаты, жаныбарлары менен өсүмдүктөрү өзгөрүүлөргө дуушарланган. Демек, органикалык дүйнөнүн өсүп-өнүгүүсү жер бетинин өнүгүү тарыхынын негизги этаптары менен тыгыз байланышта жүргөн. Жер өндүрүш каражаты катары эмгек процессинин материалдык базасы, каражат өндүрүүдөгү факторлордун бири. Жер эл чарбасынын, өзгөчө токой жана айыл чарбасынын эң негизги табигый өндүрүш каражаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күн тутуму
Күн  • Меркурий  • Чолпон  • Жер (Ай)  • Марс  • Юпитер  • Сатурн  • Уран  • Нептун