Көл

Википедия дан
Байкал көлү (2008).

Көл – жер бетиндеги чуңкурдуктарга суу толуп пайда болгон табигый көлмөлөр. Көл чанактары тектондук кыймылдан (мисалы: Ысык-Көл, Байкал ж.б.), мөңгү, дарыялардын аракетинен (эски нуктагы көлдөр), деңизден бөлүнүп калышынан (лагуналар, лимандар), жерди суу жемирип кетишинен (карст, термокарст көлдөрү, жанар тоодон (өчкөн жанар тоолордун кратерлеринде), көчкү-бөгөттөн (Сарычелек, Жашыл көл, Көлтөр ж.б.), жасалма жол менен (суу сактагычтар, көлмөлөр) пайда болот. Суу балансы боюнча агып чыкма жана туюк, суусунун химиялык составы боюнча тузсуз жана минералдуу көлдөргө бөлүнөт. Көлдөр жер шарындагы кургактыктын 1,8%ке жакын аянтын ээлейт (2,7млн км2дей).

Дүйнөдөгү эң чоң көл–Каспий деңизи (аянты 371км2), эң терең көл Байкал көлү (тереңдиги 1620 м), эң тунук тоо көлүЫсык-Көл. Топонимдин бир компонентин түзүүчү (көбүнчө аныктооч) катары Кыргызстанда кеңири таралган: Чалкаркөл, Чатыркөл, Каракөл, Көлтөр ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]