Ысык-Көл

Ысык-Көл
Ысык-Көл жээги
координаттары 42°26′ с. ш. 77°11′ в. д.HGЯO
Суу топтоо аянты 15844 км²
Суу куйган өлкөлөр Кыргызстан
Эң узун жери 182 км
Эң жазы жери 58 км
Чарасынын аянты 6236 км²
Орточо тереңдиги 280 м
Эң терең жери 702 м
Суунун көлөмү 1738 км³
Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1607 м
{{{барактын аталышы}}} Уикиказынада

Ысык-КөлКыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты - 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу - 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 кмге, ал эми батыштан чыгышка 182 кмге созулат. Кыргыздар бул көлдү "Кыргызстандын бермети" деп аташат.

Ысык-Көлдүн түбү чоң табышмак боюнча калууда. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги көпчүлүккө кеңири маалым. Келечекте көгүлтүр берметибиздин түпкүрүн изилдеген Кусто чыгаарына ишеним чоң.

Каталан картасы катары кеңири белгилүү болгон картада Ысык-Көлдүн түндүк чыгыш жээгинде крест салынган храм түрүндөгү белги коюлган, анын жанында түшүндүрмө текст жазылган: “Апостол Матвейдин кудурети сакталган деп айтылган армян бир туугандардын монастыры”. Азырынча урандылырды изилдөө иштери эч натыйжа бере элек. Балким, биздин окумуштуулар байыркы жашоочулардын изин таап алышы эч ажеп эмес. Көптөгөн чет элдик компаниялар жана жеке адамдар буга абдан кызыгып, изилдөө иштерин, казууларды жүргүзүүгө даярдыгын билдирүүдө. Бул эстеликти издөө иши археологиялык туризмди өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы болушу толук ыктымал.

Ысык-Көл – кыргыз бермети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысык-Көлдүн спутник сурөөтү

Кыргыз элинин бермети – Ысык-Көл. Ал тоо арасында жайгашкан. Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз – Көл деген да аты болгон. Андан кийин Тимур – ту – Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген. Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес. Ысык-Көл деңиз денгээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Эң терең жери 700 метрден да ашыгыраак. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет.

Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот. Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу! Ал эми көз талдырган канат сермеген көк кытандарчы! Баардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Көлдө балык өстүрүүчү жана кармоочу чарбалар бар. Алар чабак, осман, маринка жана сазан сыяктуу көп балыктардын түрүн кармашат. Көл жээги жай мезгилинде өтө жандуу жана өтө кооз. Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор – Ысык-Көлдө. Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышты. Жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышты. Таланттуу акын Алыкул үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, Толкуса, толкунуна тең ортокмун. Турмушта канча жолдош күтсөм дагы, Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун

Ысык-Көл (1992).
Ысык-Көл (2002).
Ысык-Көл (2002).

"Манас эпосунда"[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысык-Көл«Манас» эпосундагы топоним. «Манас» эпосунда кыргыздардын байыртадан мекендеген жерлеринин бири катары көп эскерилет. Манас Ата журтун баскынчы жоодон бошотмок болуп Алтайдан аттанып чыгып, Кошойго жолукканы келе жатып, Ысык-Көлгө туш келип, суктанат:

Береке экен, бел экен,
Бенде көрчү жер экен,
Жердегенде адамды
Кан кылуучу жер экен.
Жээк-жерге баарысы
Бай кылуучу жер экен,
Ортосу көпкөк көл экен,
Суусунда миңдей төр экен
Жердеген адам бай болчу,
Көлүндө ырыс бар экен.
Боз мойнокчо, дөбөчө
Түшүп Манас жер чукуйт
Касиеттүү жер экен,
Эки эли жерин оодарса
Түгөнгүз алтын бар экен.
Жаныбарым Ысык-Көл
Жер соорусу турбайбы,
Жердеген киши тунбайбы!
Мындай кызык жер болбос,
Мындай кызык көл болбос,
Будур-будур бел экен,
Будурмак аттуу жер экен,
Будурмак келип турулуп,
Будурдан бугу куюлуп,
Жаткан экен жаныбар
Будурдун чөбү суюлуп,
Ар коктудан жаркырап,
Миңден булак куюлуп,
Өйүз-бүйүз жери тар
Ортосунда жайнаган
Сонун көпкөк көлү бар.

Геграфиялык реалияда көл жана жер катары республиканын түндүк-чыгышында жайгашкан. Күңгөй жана Тескей Ала-Тоолору менен курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп жатат. Көлдүн азыркы аты байыркы түрк тилиндеги ысык //ызык сөзүнө байланыштырып, ал ыйык, керемет, азиз, курман фетиш деген маанини берет. (Саякбай Каралаев, 1. 110).

Байланышкан барактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • [1]
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4