Викиказына

Википедия дан
Уикиказына‎»‎ барагынан багытталды)
Викиказына
[[Файл: |250px]]
URL

commons.wikimedia.org

Катталуу

сөзсүз эмес (бирок файл жүктөө үчүн сөзсүз)

Жеткиликтүү тилдер

multiple languages

Ээси

Викимедиа фонду

Автору

Erik Möller, Жимми Уэйлс и Викимедиа фонду

Ачылган күнү

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Викиказына (англ. Wikimedia Commons же жөн эле Commons) — акысыз пайдаланууга болгон сүрөт, үн жана башка медиа файлдардын онлайн кампасы. Ал Викимедиа фондунун долбоору.

Викиказынадагы файлдар бардык тилдердеги Викимедиа долбоорлорунда, анын ичинде Википедия, Викикитептер, Викисаякат, Викитүркүмдөр, Викибулактар жана Викижаңылыктар долбоорлорунда колдонулат, же болбосо сайттан тышкары пайдалануу үчүн түшүрүп алып пайдаланганга да болот. Кампа 41 миллиондон ашуун медиа файлдарды камтыйт. 2013-жылы июлда Викиказынадагы түзөтүүлөрдүн саны 100,000,000го жеткен.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Долбоор 2004-жылы мартта Эрик Мөллер тарабынан сунушталып, 2004-жылы 7-сентябрда ишке кирген. Борбордук кампаны орнотуунун артындагы негизги түрткү — Уикимедиа долбоорлорунун жана тилдеринин арасындагы аракеттердин кайталанышын азайтуу каалоосу болгон. Анткени ошол эле файл Уикиказына жарык көргөнгө чейин ар кайсы уикилер тарабынан жүктөлүшү керек болгон.

Саясаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Викиказынанын максаты — "коомдук доменди жана эркин лицензиялуу билим берүүчү медиалык мазмунду баарына жеткиликтүү кылган медиа файл кампасын камсыздоо. Ошондой эле ал Wikimedia Foundationнун ар кандай долбоорлору үчүн жалпы кампа катары кызмат кылат." "Билим берүүчү" деген сөздү "маалымат түрүндө болсун, же нускама түрүндө болсун, билимди камсыз кылуу" деген жалпы маанисинде түшүнүү керек.

Көпчүлүк Викимедиа долбоорлор азырга чейин башка долбоорлорго же тилдерге көрүнбөгөн жергиликтүү жүктөп берүүлөргө уруксат берет. Ал эми бул опция жергиликтүү долбоордун саясаты уруксат берген материал (мазмунду туура колдонуу сыяктуу) үчүн пайдаланылат дегенди билдирет. Бирок ага Викиказынанын автордук укук саясатына ылайык уруксат берилбеши мүмкүн. Викиказына өзү ак ниет пайдаланууга же болбосо эркин эмес лицензияланган жүктөөлөргө уруксат бербейт. Ага материалдарды коммерциялык мүнөздө пайдаланууга чектөө киргизген же бутактама эмгектерге уруксат бербеген лицензиялар дагы кирет. Ушул себептен улам Уикиказына дайыма эркин лицензиялуу медианы кабыл алып, автордук укугу бузулган файлдарды өчүрүп салат. Кабыл алынган лицензияларга GNU эркин документациялык лицензиясы, Creative Commons Attribution жана Attribution/ShareAlike лицензиялары, башка эркин мазмун жана эркин программалык камсыздоо лицензиялары, ошондой эле коомдук домен кирет.

Викиказынанын демейки тили англисче болуп саналат, бирок катталган колдонуучулар өздөрүнүн интерфейстерин башка жеткиликтүү колдонуучу котормолордон алып жөндөп алса болот. Көптөгөн мазмундук беттер, өзгөчө саясат беттери менен порталдар дагы ар түрдүү тилдерге которулган. Викиказынадагы файлдар MediaWiki'нин категория системин колдонуу менен категорияланат. Андан тышкары, алар көп учурда өз алдынча тематикалык галерея беттеринде жыйналат. Долбоор башында эркин тексттик файлдарды дагы өз ичине камтыса деген сунуш айтылып, алар Викибулак аттуу кичи долбоордо андан ары ишке ашырылган.

Талаш-тартыш жараткан мазмун[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сайт көп сандагы үйрөнчүк порнографияны камсыздаганы үчүн сынга алынып келген. Мындай файлдар көбүнесе жеке өзүнүн гана кумарын кандыруу үчүн сайтты пайдаланган эксгибиционисттер тарабынан жүктөлүп, аларга тилектеш администраторлор тарабынан мүмкүнчүлүк берилип келет. 2012-жылы BuzzFeed Викиказынаны "чочокторго толгон" деп сүрөттөгөн.

2010-жылы Wikipedia'нын тең түзүүчүсү Ларри Сэнгер "лоликон" катары белгилүү болгон балдардын сексуалдык сүрөттөрүн камсыздаганы үчүн Уикиказынанын үстүнөн Федералдык чалгындоо бюросуна (англ. FBI) арыз жазган. Бул тууралуу маалымат каражаттары айтып чыккандан кийин Уикиказынаны камсыз кылган Wikimedia Foundationнун негиздөөчүсү Жимми Уэлс өзүнүн администратордук макамын пайдаланып, Викиказына коомчулугу менен талкуулабастан эле бир нече сүрөттөрдү өчүрүп салган. Уэлс Викиказына коомчулугунун кескин нааразычылыгына ыктыярдуу түрдө сайттагы артыкчылыктарды алып салуу менен жооп берип, анын ичинде файлдарды өчүрүү мүмкүнчүлүгүн дагы жокко чыгарган.

Шаймандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Убакыттын өтүшү менен башка Уикимедиа долбоорлору менен катар Уикиказынанын кошумча функциялары иштелип чыккан. Даниел Кинзлер жүктөлгөн файлдар үчүн тийиштүү категорияларды табуу ("CommonSense"), Уикимедиа долбоорлорунун арасында файлдардын пайдаланылышын аныктоо ("CheckUsage"), автордук укук тууралуу маалыматы жок болгон сүрөттөрдү табуу ("UntaggedImages") жана тийиштүү уикидеги өчүрүүлөр сыяктуу административдик иш-аракеттер тууралуу маалыматты жазып алуу ("CommonsTicker") үчүн колдонмо жазган.

"Commonist" сыяктуу адистештирилген жүктөп берүүчү шаймандар жана скрипттер көп сандагы файлдарды жүктөөнү жөнөкөйлөштүрүү үчүн түзүлгөн. Flickr сайтына жүктөлгөн эркин мазмундагы сүрөттөрдү карап чыгуу үчүн колдонуучулар пайдаланылбаган биргелешкен тышкы баа берүү жараянына ("FlickrLickr") катыша алышат. Ал Уикиказынага 10,000ден ашуун файлдардын жүктөлүшү менен жыйынтыкталган.

Сапаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сайтта эмгектердин сапатын аныктаган үч механизм бар. Биринчиси, "Өзгөчөлөнгөн сүрөттөр". Анда эмгектер номинацияга көрсөтүлүп, коомчулуктун өкүлдөрү номинацияны кабыл алып, же ага каршы чыгып добуш беришет. Бул жараян 2004-жылы ноябрда башталган. "Сапаттуу сүрөттөр" деп аталган дагы бир жараян 2006-жылдын июнь айында башталган. "Өзгөчөлөнгөн сүрөттөргө" караганда анын номинация жараяны жөнөкөйүрөөк. "Сапаттуу сүрөттөр" бир гана Уикимедианын колдонуучулары тарабынан жасалган иштерди кабыл алат. Ал эми "Өзгөчөлөнгөн сүрөттөр" NASA сыяктуу үчүнчү тараптардын дагы эмгектерин кошумча кабыл ала берет. Үчүнчү сүрөт баалоо долбоору "Бааланган сүрөттөр" деп аталат. Ал 2008-жылы 1-июнда башталган. Сүрөттөрдү техникалык сапатынын негизинде эле тандаган алгачкы эки жараяндан айырмаланып үчүнчүсү "өз түрүндөгү эң баалуу иллюстрацияны" таануу максатында ишке кирген.

Аталган үч жараян файлдардын жалпы санынын аз гана бөлүгүн (0,1 пайыздан аз) тандайт. Бирок, Викиказына професионалдык деңгээлден тартып жөнөкөй документалдык жана үйрөнчүк файлдар менен катар сапаты өтө начар болгон бардык сапаттагы файлдарды чогулта берет. Жалпысынан алганда, Викиказына мелдеш эмес, бул — жыйноо; файлдардын техникалык же чыгармачыл мыктылыгына караганда файлдардын сүрөттөлүшү, уюшулганы, ошондой эле баяндоочу, маалыматтык пайдалары актуалдуураак. Белгилүү бир кемчиликтери болгон файлдар жакшыртуу жана эскертүү үчүн тиркелет, ал тургай өчүрүү үчүн дагы сунушталат. Бирок бардык файлдарды системалык түрдө баалоо боюнча жараян жок.

2006-жылы сайт "Жылдын сүрөтү" аттуу алгачкы ачылыш таймашын өткөргөн. 2006-жыл ичинде "Өзгөчөлөнгөн сүрөт" болгон бардык сүрөттөр сынакка катыша алган. Ага Викимедиа кыймылынын мүчөлөрү эки айлампадан турган добуш берүү аркылуу добуш беришкен. Утуп алган чыгарма АКШ аба күчтөрүнүн учкучу тарабынан тартылып алынган кар каптап жаткан жердин үстүндөгү Уюлдук жаркырактын сүрөтү болгон. Сынак жыл сайын өткөрүлгөн иш-чарага айланган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]