Жимми Уэйлс

Википедия дан
Жимми Уэйлс
англ. Jimmy Wales
Жимми Уэйлс август 2019-жыл
Төрөлгөндөгү аты:

Жимми Донал Уэйлс / англ. Jimmy Donal Wales

Туулган датасы:

7 -август 1966(1966-08-07) (57 жаш)

Туулган жери:

Хантсвил, Алабама,АКШ

Жарандыгы:

 АКШ

Компаниясы:

Wikia, Inc.

Кызмат орду:

мүдүр (2004 — азыркы учурда)

Ойлоп табуулары:

Уикипедия

Жимми Уэйлс (англ. Jimmy Donal Wales, ошондой эле "Жимбо" - деген ат менен да белгилүү (англ. Jimbo); 1966-жылы 7-августа АКШ-нын Хантсвилл, Алабама штатында туулган) — америкалык интернет-ишкер, вики концепциясынын идеологу, Википедиянын негиздөөчүсү, Викимедиа фондунун төрагасы (2003—2006). Азыркы учурда (2011-жылдын жайынан) — Викимедиа фондунун ардактуу төрагасы; Wikia, Inc. компаниясынын мүдүрү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Jimmy Wales 2014 on CeBIT Global Conferences, Wikipedia Zero

Уэйлс өзүнүн берген бир маегинде, менин туулган күнүм апамдын айтуусунда 7-август 1966-жыл деп айткан, ал эми так маалымат боюнча 8-август деп жарыяланган. Анын Жимми Уэйлс атасы азык-түлүк дүкөнүндө менеджер болуп иштеген. Апасы Дорис жана чон энеси Эрма Марри Монтессоринин методикасы боюнча окутуунун системасын практикалаган кичинекей House of Learning, менчик мектептин ээси болгон.

House of Learning ден кийин Уэйлс Randolph School даярдоо колледжине, кийинчерээк болсо Обурнский университетине кирди. Андан кийин ал Алабама университетинде окуду. Университеттен окууну бүтүп Уэйлс финансы тармагында философия доктору илимий даражасын алуу үчүн диссертация жазууну чечти. Ошондуктан ал Алабама жана Индиана университеттерине курстарга кирди жана эки жакта тең сабак бере баштады. Бирок диссертациясын жаза алган жок. 1994-жылы Уэйлс Чикагога көчүп барды, ал жерде 2000-жылга чейин Chicago Options Associates компаниясында иштеди.

1996-жылы Уэйлс Тимом Шеллом менен биргеликте Бомис компаниясын түзгөн. Bomis компаниясы “Эркектерди алдыга жылдыруу” максатында түзүлгөн. Андан кийин бул premium.bomis.com компаниясы порнографиялык контенттери үчүн Уэйлске пайда табуу булагы болуп эсептелген. 2012-жылы Уэйлс берген интервьюлардын биринде bomis.com сайты көп убакыттан бери иштебей жаткандыгы жөнүндө айткан. Бул сайтты Yahoo сыяктуу эле иштетип, пайдалануучулар бири-бири менен шилтемелер аркылуу байланышкан. Ошондой эле Уэйлс бул сайтты “Википедиянын эң алгачкы баскычы” катары айткан.

2000-жылдын мартында Уэйлс “Нупедия” эркин энциклопедиясын түзгөн жана философ-окумуштуу Ларри Сэнгераны башкы редактор кызматына алган. Энциклопедия профессионал-авторлордун каалоосунун негизинде турган, энциклопедиянын макалалары экцперттик баалоолорду өткөргөн. Нупедиянын максаты акысыз интернет-энциклопедиядагы бош жаткан жерлерин пайдалануу болгон.

2011-жылы немецтик саясий « Квадрига» сыйлыгын Владимир Путинге ыйгаруу жонундо чечим кабыл алгандыгына байланыштуу калыстар тобунун курамынан чыгып кеткен.Бул россиялык премьерге сыйлыктын тапшырылбай калышынын бирден-бир себеби болгон. Россиянын президенти Медведев бул окуяны уюштуруу комитетинин коркоктугу деп эсептеп, дуйнолук коомчулук учун « бул сыйлык бүткөндүгүн» билдирген.

Викимедия фонду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2003-жылдын ортосунда Джимми Викиледия фондун тузуп, Фонд Флорида штатындагы Тамп шаарында коммерциялык эмес уюм катарында иштеген.Фонд Википедияны жана окшош долбоорлорду каржылаган. Джимми Фонддун директорлор кеңешинин президенти.

Кээде Википедияда Уэйлсти “Улуу диктатор” деп аташат.Бирок ал титулга каршы босо дагы, кээде Википедиядагы маалыматтарга көрсөтмө берет.Wireg журналынын Википедияга арналган чыгарылышында "Король – кудай "Феррари" машинасы бар болгондугуна карабастан "Хёнде" машинасында бараткандыгы тастыкталды" деп жазган. Публицист Александр Геннистин ою боюнча "Уэйлс- электрондук кылымдын акылманы" деп аталды. Уэйлс - компьютердин генийи, акылманы.

Жаңы долбоор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уэйлс 2004 - жылы Анджела Бизли менен википедянын ийгилигинен кийин жаны коммерциялык долбоор ачкан. Долбоор ар түрдүү википедия технологиясы менен иштеген сайттарга хостинг берген.

2012- жылдын март айындан баштап — Улуу Британия өкмөтүнүн алдындагы ачык саясат иштери боюнча кеңешчиси. 2012- жылынын мартында Уэйлс төлөнбөй турган Улуу Британия өкмөтүнүн алдында коомдук масеселер боюнча кеңешчи болуп иштеген.

Жимми Уэйлс Парижде, Франция (2005).

Өздүк турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жимми Уэйлс биринчи жубайы менен студенттик практикада жүргөн мезгилинде таанышкан. 1994-жылы аны менен Чикагого барган. Жимми Уэйлс экинчи жубайы Кристина менен 1997-жылдан баштап жашай баштаган. Жимми Уэйлстин экинчи жубайы Криситина Роан Mitsubishi де трейдер болуп иштеген. Ал менен да ажырашкан. Бирок бул никесинен бир кызы болгон. 2011-жылдан баштап Улуу Британияда жашай баштаган. Келини Кейт Гарви Тони Блэрдин мурунку кеңешчиси болгон.