Париж

Отурукташкан жай
Париж
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Франция
Регион Иль-де-Франс
Департамент Париж
Координаттар 48°50′ с. ш. 2°20′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 20 округ
Мэр Анн Идальго
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү III кылым
Мурунку аталышы Лютеция
Аянты 105,4 км²
Борборунун бийиктиги 33 м
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 2 196 936 адам (2015)
Жыштыгы 21 283 адам/км²
Агломерация 10 620 000 (2011)
Этнохороним париждик, париждиктер
Сандык идентификаторлор
Почта индекстери 75001—75020 жана 75116

ПарижФранциянын борбору. Сена дарыясынын боюнда (Марна, Уаза дарыясынын чатында), Франциянын борбордук бөлүгүнүн түндүгүндө жайгашкан. Европадагы эн байыркы жана дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири. Шаар айланасы (Версаль, Сен-Дени, Иври, Аржантёй, Дранси ж. б.) менен биригип, Чоң Париж шаар агломерациясын (калкы 11 млн, аянты 1700 км2; Париждики 105 км2) түзөт. Иль-де-Франс тарыхый облусунун башкы шаары. Калкы 2,2 млн (2011). Эл аралык аэропорттору [Вурже, Орли, Шарль де Голль (Руасси)] бар. Ири жолдор тоому. 1900-жылдан метрополитен иштейт. Париждин аванпорту – Гавр. Дүйнөдөгү экономикалык мааниси жогору шаарлардын бири. Европадагы активдүү ишкер борбор. Париждин борбордук бөлүгүндө Сите аралы (дарыя нугунун экиге бөлүнүшүнөн пайда болгон) жайгашкан. Анча бийик эмес тик капталдуу калдык тоолор (бийиктиги 100-150 м) шаарды курчап турат. Климаты жумшак, мелүүн жана нымдуу. Январдын орточо температурасы -3,4°С, июлдуку 30°С. Жылдык жаанчачыны 645 мм. Ар түрдүү машина куруу (автомобиль жана авиа, электр-техника), химия, тамак-аш, полигр., текстиль, булгаары-бут кийим ж. б. өнөр-жай ишканалары иштейт. Саркеч кийимдер жана галантерея буюмдары, белек-бечкектер чыгарылат. ЮНЕСКОнун, көп эл аралык уюмдардын штаб-квартиралары жайгашкан. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, эл аралык конгресс, конференциялар өткөрүлүп турат. Университеттер (анын ичинде Сорбонна, 1257-ж. негизделген), де Франс коллежи (1530), институттар (политехникалык, тоо-кен), тажрыйба жогорку мектеби, Франция институту (анын курамында 5 академия), улуттук китепкана (1480; сейрек кездешүүчү китептер, раритет кол жазмалар сакталган), 60тан ашык театр (ирилери: «Гранд-Опера», Элдик театр, «Комеди Франсез», улуттук элдик), консерватория, 130 музей [анын ичинде 14ү Парижге таандык, кирүү акысыз; д’Орсе, заманбап искусство, В. Гюгонун, Пикассонун, Лувр (1793; анда 400 миңден ашык экспонат бар)], Пантеон (учурда Даңк храмы; Ж.-Ж. Руссо, Э. Золя, Вольтер, жубайлар Кюрилер, Ж. Санд, В. Гюго ж. б. улуу адамдар коюлган), Майыптар үйү (азыр музей; мында Наполеондун сөөгү ташылган катафалк менен саркофаг сакталып келүүдө), Эйфель мунарасы (бийикт 315 м; шаардын символу) жана 1800дөн ашык тарыхый жерлер бар. Ж. Помпиду атнындагы искусство жана маданият улуттук борбору иштейт. 11–19-кылымдардын көптөгөн архитектуралык ансамблдери менен курулуштары, аянттар [де Голь (мурдагы Жылдыздар аянты Салтанат капкасы менен), Бастилия, Ынтымак ж. б.], Чоң Бульвар, Кудай эне собору, Сен-Шапель ж. б. чиркөөлөрү, Пале-Рояль ак сарайы (17-кылым), Сакре-Кёр базиликасы, Монмартр дөнсөөсү, түштүктө Тур Монпарнас мунарасы, ратуша (бул жерде 5 кылым бою өлүм жазасы аткарылып келген), Пер-Лашез көрүстөнү сакталган. Заманбап архтектура курулуштары: «Фронт Сены» (1965), Мен-Монпарнас ишкер борбору (1964-73), административдик курулуштар жана турак-жайлар, Дефанс аймагындагы Боордоштук капкасы (1976) ж. б. Парижде II, VIII олимпия оюндары (1900, 1924) өткөрүлгөн. Туризм (2011-ж. 28,2 млн турист келген) жогорку деңгээлдеги заманбап тейлөөсү менен өнүккөн. Сена дарыясынын жээги 1991-ж. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]