Сава дарыясындагы порт. Калкы 702,4 миң (2007). Эл аралык аэропорту бар. Каптола жана Градца шаарынын биригишинен пайда болгон. Машина куруунун ири борбору (анын ичинде электр-техника), химия, нефть ажыратуу, текстиль, булгаары-бут кийим, жыгаччылык, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Илимдер жана искусство академиялары, университет, Штросмайер (мурдагы чеберлердин) галереясы, 40тан ашык музей (анын ичинде Элдик революция, искусство жана кол өнөрчүлүк, археологиялык жана башка), скульптор И. Мештровичтин үй-музейи бар. Эл аралык ярмаркалар (апрель, октябрь) өткөрүлүп турат. Алгач 1094-жылдан эскерилет. 16-кылымдын ортосунан Габсбургдардын бийлиги астында болгон. Собор, епископтун резиденциясы (13-15-, 19-кылым), чептердин калдыктары (15-16-кылым), шаар чептери (1318-к.), готика стилиндеги Ыйык Марк чиркөөсү (14-15-к.), барокко (Оршич-Раухов, 18-кылым) жана классицизм (Елачичтер сарайы, 18-19-кылым) стилиндеги турак жайлар, театр (19-кылымдын аягы, эклектика), биржа (1920) сакталган. Түштүк Загребде заманбап курулмалар курулган.