Брюссель

Отурукташкан жай
Брюссель
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Бельгия
Регион Брюссель борбордук региону
Координаттар 50°50′48″ с. ш. 4°21′09″ в. д.HGЯO
Мэр Фредди Тилеманс
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү VI кылым
Биринчи белгиленген 966
Аянты 32,61 км²
Борборунун бийиктиги 13 м
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 163 210 адам (2011)
Агломерация 1 831 742
Этнохороним брюссельдик, брюссельдиктер
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты http://www.bruxelles.be/
 (фр.)  (нидерл.)  (англ.)

Брюссель (нидерл. Brussel [ˈbrʏsəl], фр. Bruxelles [bʁyˈsɛl]) – Бельгия Королдугунун борбор шаары. Сенна дарыясынын боюнда жайгашкан. Брабант провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 1,4 млн (2009; 2,1 млн, шаар айланасы менен). Ири жолдор, порт, каналдар тоому. Завентем Эл аралык аэропорту бар. Улуттук жана чет өлкөлүк көп банктардын башкармалары; түрдүү машина куруу (анын ичинде автомобиль жана прибор куруу), электр-техникалык, химиялык, тамак-аш, фармацевтика, парфюмерия, полиграфия, булгаары, жеңил өнөр жайы бар. Кустардык жол менен тор, килем токуу байыртадан эле колдонулуп келген. Зергерчилик өнүккөн. Метрополитен, университет (1834-жылдан), Географиялык институт, Искусство жана ИА, Пастер институту иштейт. Эски жана заманбап искусство, Королдук көркөм өнөр жана тарых музейлери жана башка бар; Брюсселде Эл аралык конференциялар, съезддер өткөрүлүп турат. Брюссель – 12-кылымдын 2-жарымынан Брабант герцогдугунун башкы экономикалык борборунун бири. Мында Брабант герцогдорунун (кийинчерээк Нидерланддагы Габсбургдардын наместнигинин) резиденциясы болгон. Нидерланд революциясынын жүрүшүндө 1576-ж. 4-сентябрда Брюсселде чыккан көтөрүлүш өлкөнүн түштүгүндө исиандык үстөмдүктү жок кылган, бирок 1585-ж. испан аскерлери шаарды кайрадан басып алган. 1830-ж. Бельгия мамлекети түзүлгөндөн кийин, Брюссель анын борбору болгон. 1914–18-, 1940–44-жылдарда герман аскерлери басып алган. Брюсселде НАТОнун штаб-квартирасы, Европа Экономикалык Союзунун, Бенилюкстун борбордук органдары жайгашкан. 1958-ж. Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө өткөн. 11–19-кылымдагы көптөгөн архитектуралык эстеликтер, готика стилиндеги ратуша (15-кылым) жана собор (13–15-кылым) сакталган. Шаардын тарыхый борбору, 90 метрлик коңгуроолуу готика стилиндеги ратуша Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]