Мазмунга өтүү

Берлин

Википедия — ачык энциклопедия
Борбор шаар
Берлин
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөГермания
СтатусФедералдык жер
Координаттар52°31′12″ с. ш. 13°24′18″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү12 административдик округ
97 район (округдардын курамында)
МэрКай Вегнер
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги34 м
Климатынын түрүмелүүн климаттуу
Убакыт аралыгыUTC+01:00
Калкы
Расмий тилинемис тили
Калкы3 596 999 адам (2022)
Жыштыгы4109 адам/км²
Агломерация6 177 535
Улуттук курамынемистер — 78,8 %, башка мамлекеттердин жарандары — 21,2 % (2018)[1]
Этнохоронимберлиндик, берлиндиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+49 30
Почта индекси10115–14199
Автоунаа кодуB
Сайтыhttps://www.berlin.de  (нем.)
Берлин (Германия)

Берлин (нем. Berlin) — Германия Федеративдик Республикасынын борбор шаары[2] жана жерлеринин бири, Германиянын калк эң жыш жайгашкан жана аянты боюнча эң чоң муниципалитети (891 км2), ошондой эле Европа бирлигиндеги калкы эң көп шаар.

Германиянын түндүк-чыгышында толугу менен Бранденбург федералдык жеринин курчоосунда жайгашкан.

Алгач 1200-жылдар чамасында азыркы Берлиндин ордунда эки, эли соода-сатык иштери менен алектенген Көллн жана Берлин айылдары жайгашкан. Тарыхый булактарда Көллн 1237-жылы, Берлин 1244-жылы шаар катары эскерилет, бирок бул айылдар шаар макамын кайсы жылы алгандагы тууралуу так маалыматтар жок. 1307-жылы эки шаар биригип, бирдиктүү башкаруу органы түзүлгөн. 1400-жылы калкы 8000 адамды түзгөн. «Көллн» аталышы азыркы Нойкөллн районунун аталышында сакталып калган.

1417-жылдан тартып Берлин Бранденбург маркграфтыгынын, кийин Пруссиянын борбору болгон. 1871-жылы Германия империясы түзүлгөндөн кийин да анын борбору болуп калган.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин шаар төрт жеңүүчү державанын ортосунда бөлүнгөн. Союздаштардын үч тилкеси Батыш Берлинди түзүп, ал ФРГ менен өзгөчө макамы бар байланышта болгон. Калктын чыгыштан батышка өтүүсүн токтотуу үчүн 1961-жылдын 13-августунда Берлин дубалы тургузулуп, ал кансыз согуштун символдорунун бирине айланган. Дубал 1989-жылы бузулган. 1990-жылы Германия бириккенден кийин Берлин кайрадан өлкөнүн борбору болуп калган. Бундестагдын 1991-жылкы чечимине ылайык, 1999-жылы өкмөт менен парламент да Берлинге көчүп келген.

Бүгүн Берлин дүйнөлүк маданий жана туристтик борборлордун бири, ошондой эле Европадагы ири транспорттук түйүн. Шаарда дүйнөгө белгилүү университеттер, илимий борборлор жана музейлер жайгашкан.

Этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Берлин» аталышы славян тилинен келип чыгып, байыркы полаб тилиндеги бирлин, берлин деген сөздөн тарайт, ал «саздуу жер» дегенди билдирет: бирл-, берл- («баткак, саз») уңгусуна -ин («жай, жер») мүчөсү кошулган[3][4][5]. Ушуга окшош индоевропалык wern-/werl- («саздуу жер») уңгусунан Европадагы көптөгөн шаарлардын аталыштары келип чыккан.

Шаардын документтерде артикль менен (der Berlin) деп жазылышы, бул аталышты жергиликтүү тургундардын «айланага караганда өзгөчөлүгү бар жер» маанисинде кабыл алганын көрсөтөт[5].

Элдик этимологиялык версия боюнча, мисалы, изилдөөчү Теодор Целль (нем. Theodor Zell), шаар аталышы нем. Bär («аюу») деген сөздөн чыккан деп түшүндүрөт. Берлиндин символу катары аюу 1280-жылдан бери колдонулуп келет[6]. Бирок шаар аталышы аны болжолдуу негиздеген Альбрехт Медведге да, шаар гербинде чагылдырылган жаныбарга да байланыштуу эмес. Аюу символу шаардын аталышын «немисче элестүү түрдө көрсөтүү» аракети болгондуктан, герб шаар атынан келип чыккан[7].

1200—1600-жылдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1237-жыл Берлиндин негизделген расмий жылы болуп эсептелет[8]. Шаар Берлин — Көллн деген эки шаарчалардан негизделген. Көллн Шпреинзель аралында жайгашкан, ал эми Берлин анын каршы тарабында, чыгыш жээгинде орун алган. Көллн алгачкы жолу 1237-жылыга таандык документтерде эскерилген, Берлин болсо 1244-жылга таандык документтерде эскерилген. 1307-жылы эки шаарча бириктирилип, жалпы ратуша курулган.

1415-жылы курфюрст Фридрих I Бранденбург маркграфтыгын негиздеп, 1440-жылга чейин башкарган. Ошол убактан тартып Гогенцоллерн династиясынын мүчөлөрү 1918-жылга чейин Берлинде бийлик жүргүзүшкөн: алгач Бранденбургдун маркграфтары жана курфюрсттары катары, 1701-жылдан тартып Пруссиянын падышалары катары, акыры Герман императорлору (кайзерлер) катары. Шаар тургундары бийликтин алмашуусун дайыма эле кубануу менен кабыл алышкан эмес. Мисалы, 1448-жылы курфюрст Фридрих II тарабанынан сарай куруу чечимине каршы шаардык толкундоолор эскерилет. Бирок бул каршылык ийгиликсиз аяктап, калк көптөгөн экономикалык жана саясий эркиндиктеринен ажыраган. 1451-жылы Берлин Бранденбург маркграфтары менен курфюрсттарынын резиденциясы деп жарыяланып, эркин соода шаары макамынан ажыраган.

Отуз жылдык согуш (1618–1648-жылдардын аралыгында) шаарга катуу таасир эткен: үйлөрдүн үчтөн бири кыйрап, калктын жарымы жок болгон. 1640-жылы Улуу курфюрст Бранденбургдук Фридрих Вильгельм атасынан бийликти мураска алган. Анын саясаты иммиграцияны колдоо жана диний сабырдуулук менен мүнөздөлгөн. Бийлигинин экинчи жылында эле ал Фридрихсвердер, Доротеенштадт жана Фридрихштадт деген шаар четиндеги конуштарды негиздеген.

1600—1900-жылдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Берлиндеги падыша сарайы (1950-жылы бузулган, 2020-жылы кайра курулган)

1671-жылы Фридрих Вильгельм Австриядан чыгарылган 500 жөөт үй-бүлөсүнө башпаанек берген. 1685-жылкы Потсдамдык эдикт менен ал Бранденбургга француз гугенотторун чакырган. Бул чакырууну 15 000ден ашык француз кабыл алган, алардын ичинен 6000 француз Берлинге келип отурукташкан. 1700-жылга жакын Берлин калкынын 20% француздар түзүп, шаар ичинде Франциянын маданий таасири абдан күчөгөн. Ошондой эле учурда шаарда Чехиядан (Богемия), Польшадан жана Зальцбургдан келген көптөгөн иммигранттар дагы жашаган.

1701-жылы Кёнигсбергде Фридрих I такка отуруусу менен Берлин Пруссия падышачылыгынын борбору болуп калган.

1709-жылы Берлин, Көллн, Фридрихсвердер, Доротеенштадт жана Фридрихштадт шаарлары бириктирилген. Бирок бул аймактар мындан мурда эле Берлиндин бир бөлүгү катары саналып келген.

1760-жылдын 9-октябрында Жети жылдык согуштун (1756–1763) жүрүшүндө Берлин шаары саксон графы Готтлоб Генрих фон Тотлебен, генерал граф Чернышёв З. Г. жана австриялык генерал Ласси башчылык кылган 35 000 аскерден турган орусиялык жана австриялык күчтөргө багынып берген. Шаарды коргогон 14 000 аскердин ичинен 4500 туткунга алынган. Олжо катары 143 замбирек, 18 000 мылтык жана тапанча, ошондой эле 500 000 талер өлчөмүндөгү контрибуция алынган. Аны бөлүштүрүүдөгү талаш-тартыш союздаштардын ортосунда кагылышууга алып келген. Австриялыктар менен саксондуктар тарабынан шаар талап-тоноолорго жана өрттөөлөргө дуушар болгон. Ошол учурдагы шаар бийлиги орус генералына тапшырган Берлиндин символдук ачкычтары азыр Санкт-Петербургдагы Казан соборунда сакталууда. Төрт күндөн кийин Пруссия армиясынын негизги бөлүгү жакындап келе жатканын билип, орусиялык жана австриялык аскерлер шаардан чыгып кетишкен. Берлин магистраттарынын эсептөөсү боюнча, орусиялык жана австриялык аскерлердин Берлинди басып алуусунун натыйжасында жалпы зыян 2 млн талерди түзгөн.

1806-жылдын 14-октябрында Йена жана Ауэрштедттин жанындагы салгылашууларда Пруссия Наполеондун аскерлеринен жеңилип, оор жоготууларга учураган. Бул жеңилүү Пруссияны маанилүү реформаларга түрткү берип, өлкөнүн кийинки өнүгүшүндө чечүүчү роль ойногон. Ошол эле жылдын ноябрында Наполеон Бонапарттын аскерлери Берлинге киришкен. 1806-жылдын 21(9)-ноябрында Берлинде Наполеон Англияга каршы континенталдык блокаданы жарыялаган. 1813-жылдын февралында Воронцов М. С. , Винцингероде Ф. жана Чернышёв А. И. генералдары башында турган орус аскерлери Берлинди экинчи жолу басып алып, Наполеондун армиясын шаардан кууп чыгышкан.

1871-жылы Берлин жаңы түзүлгөн Герман империясынын борбору деп жарыяланган.

1900-жыл — азыркы учур

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Берлиндеги Потсдам аянтындагы Колумбус үйү (1945)
Берлиндин оккупация зоналары (1945-1990)
Батыш Берлинден Берлин дубалынын көрүнүшү

Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин, 1919-жылдагы Ноябрь революциясынын натыйжасында Германияда Веймар Республикасы деп аталган мамлекет жарыяланган, бирок расмий түрдө өлкө монархия мезгилиндегидей эле «Герман Рейхи» (нем. Deutsches Reich) деп аталып келген.

1933-жылы унационал-социалисттер бийликке келгенден кийин, Берлин Германиянын борбору макамында калган.

Берлин, Рейхстаг, 1945

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда, 1945-жылдагы көптөгөн бомбалоолор жана көчө салгылашууларынын натыйжасында Берлиндин көп бөлүгү кыйроого учураган. Шаарды Кызыл Армия басып алгандан жана Германия толук жана шартсыз багынып бергенден кийин, Берлин, бүтүндөй Германия сыяктуу эле, төрт оккупациялык секторго бөлүнгөн. Батыш союздаштарынын (АКШ, Улуу Британия) секторлору шаардын батыш бөлүгүндө, ал эми Советтер Союзунун сектору чыгыш бөлүгүндө түзүлгөн. 1945-жылдын 26-июлунда төртүнчү француз сектору түзүлгөн.

Батыш союздаштар менен Советтер Союзунун ортосундагы тирешүү 1948–1949-жылдары Батыш Берлинге экономикалык блокадага алып келген, блокада учурдагы абалды жеңилдетүү үчүн жана шаарды камсыздоо үчүн батыш союздаштары «аба көпүрөсүн» уюштурушкан. Бул тирешүү 1949-жылы эки герман мамлекетинин түзүлүшүнө алып келген: алгач батышта ФРГ, андан кийин чыгышта ГДР пайда болгон.

1953-жылы Чыгыш Берлинде жумушчулардын массалык экономикалык жана саясий талаптарды койгон митинги болуп, ал ГДР жетекчилигинин өтүнүчү менен советтик аскерлердин жардамы менен басылган. Натыйжада, 34 көтөрүлүшчү жана ГДРдин коопсуздук кызматынын 5 кызматкери каза болгон. Батыш Берлин «Батыштын витринасы» болуп, жогорку жашоо деңгээли, социалдык коргоо жана демократиялык эркиндиктер менен айырмаланган.

ФРГ өзүнүн «убактылуу борборун» Бонн шаарында жайгаштырса, ГДР борборун Чыгыш Берлинде жайгаштырган. Советтик блок менен Батыштын ортосундагы тирешүүнүн күчөшү жана Чыгыш Берлинден калктын массалык түрдө кетиши (1961-жылдын июль айында гана 30,000 адам кеткен) 1961-жылы ГДР тарабынан Берлин дубалынын курулушуна алып келген. Курулуш учурунда Батыш Берлинге 85 аскер кызматкери, коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана 400 жаран качып өткөн. Дубал курулгандан тартып, Батыш жана Чыгыш Берлиндин ортосунда жарандардын өтүүсү чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу гана мүмкүн болгон.

1971-жылы Батыш Берлин боюнча Төрт тараптуу келишимге кол коюлуп, бөлүнгөн шаардын укуктук макамы жөнгө салынган.

Берлин дубалы 1989-жылы Советтер Союзунун ГДРдин ички иштерине кийлигишүүдөн баш тартканынын аркасында, Чыгыш Берлиндин калкынын басымы астында Берлин дубалы кулаган. 1990-жылдын 3-октябрында ГДР ФРГнин Негизги Мыйзамынын чөйрөсүнө кошулган. Германия бирдиктүү мамлекетке айланган.

1991-жылы Бундестаг Берлинге көчүү жөнүндө чечим кабыл алып, бириккен Германиянын борборунун орду тууралуу талкууга чекит койгон. 1999-жылдын 1-сентябрында Германиянын өкмөтү жана парламенти Берлинде ишин баштаган. Берлинде 147 мамлекеттин элчиликтери жайгашкан.

Берлин Германиянын түндүк-чыгышда, Европа түздүгүндө жайгашкан. Шаардын жалпы аянты 891 км² түзөт, аянтынын үчтөн бир бөлүгүн токойлор, парктар, бакчалар, дарыялар жана көлдөр ээлейт. Берлиндин бийиктиги деңиз деңгээлинен орточо 32 метрди түзөт, ал эми климаты мелүүн сезондук мүнөздө.

Шаар Шпре дарыясын бойлой орун алган. Берлин Балтика деңизинен түштүккө карай 180 чакырым аралыкта, Чехия-Германия чек арасынан түндүккө карай 190 чакырым аралыкта жана Польша менен чек арадан батышка карай 70 чакырым аралыкта жайгашкан. Абсолюттук координаталары – 52° 31' түндүк кеңдик жана 13° 23' чыгыш узундук. Шаар толугу менен Бранденбург жери менен курчалган, ал эми шаардын өзү Германиянын 16 федералдык жеринин бири макамына ээ. Берлиндин жайгашуусу анын тарыхый жана экономикалык маанисин аныктаган: ал Европанын борборунда жайгашып, транспорттук түйүндөрдүн кесилишинде турат.

Берлиндин климаты Көппен классификациясы боюнча океандык (Cfb), мелүүн сезондук мүнөзгө ээ. Жайы жылуу жана нымдуу, орточо максималдуу аба температурасы 22–25°C, орточо минималдуу аба температурасы 12–14°C. Кышы салкын, максималдуу аба температурасы 3°C, минималдуу аба температурасы −2–0°C. Жаз жана күз мезгилдеринеде климат салкындан жумшакка чейин өзгөрөт. Шаардагы курулган имараттар микроклиматты түзөт жана имараттардын жылуулугу шаардын ичиндеги аба температурасын айлана-чөйрөдөн 4°C жогору кылат.

  • Орточо максималдуу аба температурасы: январь — 3.3 °C, июль — 5.0 °C; жылдык орточо масималдуу аба температурасы — 14.0 °C.
  • Орточо аба температурасы: январь — 0.6 °C, июль — 19.2 °C; жылдык орточо аба температурасы — 9.7 °C.
  • Орточо минималдуу аба температурасы: январь — 1.9 °C, июль — 14.3 °C; жылдык орто минималдуу аба температурасы — 5.9 °C.
  • Жаан-чачын: январь — 42.3 мм, июнь — 68.7 мм; жылдык жалпы — 570.7 мм.
  • Жаан-чачындуу күндөр: жылына — 101,2 күн.

Жылдык жаан-чачындын орточо көлөмү 570 мм. Шаардын аймагына кар декабрдан мартка чейинки убакыт аралыганда жаайт.

Берлиндин аба ырайы
Көрсөткүч Үчт Бир Жал Чын Буг Кул Тек Баш Аяк Тог Жет Беш Жыл
Абсолюттук максимум, °C 15,5 18,7 24,8 31,3 35,5 35,9 38,1 34,2 37,2 28,1 20,5 16 38,1
Орточо максимум, °C 3,2 4,5 8,7 14,3 19,5 22 24,8 19,4 24,2 13,8 7,5 3,7 13,8
Орточо минимум, °C −1,8 −1,3 1,5 4,8 9,5 12,5 14,9 10,9 14,5 6,7 2,5 −0,7 6,2
Абсолюттук минимум, °C −23,1 −26 −16,5 −8,1 −4 1,5 6,1 −1,5 3,5 −9,7 −16 −20,5 −26
Жаан-чачын нормасы, мм 48 38 43 33 56 60 60 47 59 38 45 50 577
Булак: Аба ырайы жана климат

Топографиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Берлиндин рельефи негизинен түз, саздуу жана токойлуу. Шаардын аймагы Вейхселий муз доорунун мөңгүлөрүнөн калган, Барним платосунун түндүгү менен Телтов платосунун түштүгүндөгү Берлин-Варшава мөңгүлүү өрөөн үстүндө жайгашкан. Шпре дарыясы ушул өрөөндү бойлоп агат. Шаардын чыгыш жана батыш бөлүктөрү Шпре өрөөнүнүн эки жагындагы төмөн платолорго созулуп жатат. Мисалы, Райникендорф жана Панков райондору Барним платосунда, ал эми Шарлоттенбург-Вильмерсдорф, Штеглиц-Целендорф, Темпельхоф-Шёнеберг жана Нойкөллн райондору Телтов платосунда жайгашкан.

Берлиндин эң бийик жерлери – шаардын четиндеги Тойфельсберг жана Мюггельберге тоолору, экөө тең деңиз деңгээлинен 115 метр бийиктикте. Тойфельсберг – жасалма дөбө болуп саналат. Шаардын борборундагы эң бийик жер – Кройцберг тоосу, ал 66 метр бийиктикте. Спандау району жарым-жартылай Берлин мөңгүлүү өрөөнүндө жана жарым-жартылай Науен түздүгүндө жайгашкан. Жалпысынан, Берлиндин топографиясы шаардык курулуштарга ыңгайлуу, бирок саздуулугу курулуш иштерине тоскоолдук жаратат.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]