Автоунаа номерлери

Википедия дан
Кыргыз автоунаа номери

Автоунаа номерлери — автоунаанын жеке катталган белгиси (номер). Номердик белги негизинен жарыкты кайтаруучу металлдын же пластмассанын бетине түшүрүлөт жана унаанын алдыңкы жана арткы бетинде болот. Ал эми кагаз бетиндеги номердик белги автоунаанын алдыңкы же арткы терезесинин алдында болот.

Автоунаа номери транспорттук каражаттын катталган административдик бирдигин көрсөтүп турат.

Көптөгөн өлкөлөрдө номерлерди борбордук каттоо уюму берет, ал эми Канада, Австралия, Германия, Пакистан жана АКШ сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жергиликтүү бийлик уюмдары беришет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фальсификация кылуудан сактоочу номерлердин атайын иштелип чыккан шрифти

АКШда ар бир штаттын өзүнүн номерлери болот, алардын ичинен биринчи болуп 1901-жылы Нью-Йорк штаты номердик белгилерди киргизген. Башында адаттагыдай номерлер болгон эмес жана ар бир унаа ээси номерди өзүлөрү жасоого туура келген.

Германияда "фальсификация (жасалма) кылууга тоскоол болуучу" атайын шрифт иштелип чыгып, анын негизинде гана номерлер жасалган. Ал шрифтте О тамгасын Q кылып өзгөртө алышпайт же Р тамгасын R тамгасы деп жаза алышпайт, бул жасалма номерлерди жасап чыгуудан сактайт.

Кыргызстандын номерлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда автоунаа номерлери СССР учурунда пайда болушкан. 1994-жылга чейин советтик номерлерди колдонуп келишкен, ал эми ал жылдан баштап заманбап номердик белгилер киргизилген. Андан бери номерди майда бөлүктөрүн өзгөтүү жүргөн.

Кыргызстандагы жаңы автоунаа номерлери

2015-жылдын декабрь айында жаңы номерлер бекитилген, алар 2016-жылдын апрель айынан тартып бериле баштайт. Мурда Кыргызстандын региондору тамга менен белгиленип келсе, эми сандар менен белгиленет.