Убакыт алкагы
Убакыт алкагынын эки негизги түшүнүктөрү бар:
- Географиялык убакыт алканы — жердин бетинин туурасы 15°ка туура келген шарттуу тилкеси (ортолук меридианга караганда ± 7,5°ка)
Гринвич меридианы - убакыт алкагынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.
- Административдик убакыт алкагы — атайын бир мыйзамдарга ылайык белгилүү бир убакыт бекитилген жер бетинин аймактары. Бул түшүнүккө дагы датанын дал келиши деген түшүнүк да кирет. Мында, эгер, UTC−10:00 жана UTC+14:00 убакыт аралыктары аларда күндүн бирдей убактысы болгондугуна карабай ар кандай деп эсептелинет.
Убакыт алкактарынын түзүлүүсү бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт алкактары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт алкактарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген.
Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу.
Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT).
UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт алкактары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.
Убакыттын чектөөнүн себептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азыркы убакыт алкагынын заманбап системасынын негизин дүйнөлүк убакытты координциалоо болуп эсептелинет. Андан баардык алкактардын убактысы түзүлгөн. Жердин узактыгынын ар бир градусуна (же мүнөтүнө) карай бөлбөө үчүн Жер бети 24 убакыт алкагына бөлүнгөн. Бир алкактан экинчи алкакка өтүүдө мүнөт жана секунда өзгөрүлбөйт, болгону сааттын мааниси өзгөрөт. Бүткүл дүйнөлдүк убакыттан сааттары гана айырмаланбастан, мүнөттүк көрсөткүчү да 30 же 45 мүнөткө өзгөргөн өлкөлөр бар.
Жайкы убакыт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот.
Декреттик убакыт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Декреттик убакыт — СССРде 1930—1931-жылдары киргизилген убакытты «алкактык убакытка дагы бир саат» деген система боюнча эсептөө тартиби.
Бир нече убакыт алкагы бар өлкөлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кээ бир өлкөлөрдүн аймагында бир нече убакыт алкактары бар. Ал эми деңиздеги, океандагы ээликтери менен кошо кандайдыр бир өлкөлөр да бир нече убакыт алкактарына кирет:
- Улуу Британия өзүнүн деңиздеги жерлери менен — 8 убакыт алкагы.
- АКШ өзүнүн аралдары менен (Америкалык Самоа, Мидуэй, Виргин Аралдары (АКШ), Пуэрто-Рико ж.б.) — 11 убакыт алкагы.
- Франция өзүнүн деңиздеги ар кандай департаменттери жана аймактары менен (Сен-Пьер жана Микелон, Мартиника, Гваделупа, Француз Гвианасы, Майотта, Реюньон, Түштүк-антарктида аймактары, Жаңы Каледония, Валлис жана Футуна, Француз Полинезиясы, Клиппертон жана дагы көптөгөн адам жашаган жана адам байырлабаган аралдары менен) — 12 убакыт алкагы.
Көпчүлүк өлкөлөр (Улуу Британия жана Франция дагы, деңиздеги ээликтеин кошпогондо) бир эле аралыкта жайгашкан. Кээ бир мамлекеттер узун жана чоң болгону менен, бир гана убакыт алкагын колдонушат. Мисалы Кытай беш географиялык алкакта жайгашканы менен, бирдиктүү Кытай убактысы менен.
Кээ бир өлкөлөрдүн аймагындагы административдик-аймактык бирдиктер эки же андан көп убакыт алкактарын колдонушат. Мисалы, Орусиядагы Якутия жана Канададагы Нунавут аймагы үч убакыт алкагын колдонушат[1].
Өлкө | Убакыт алкактарынын саны | Эң батыштык убакыт алкагы | Эң чыгыштык убакыт алкагы | Жайкы убакытка өтүү |
---|---|---|---|---|
Бразилия | 3 | UTC−4 | UTC−2 | Көпчүлүк бөлүгүндө алынып алынган |
Улуу Британия | 8 | UTC−8 | UTC | |
Гренландия (административдик бирдик) | 4, жайында 3 | UTC-4 | UTC | Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат |
Дания | 5 | UTC-4 | UTC+1 | |
Конго Демократиялык Республикасы | 2 | UTC+1 | UTC+2 | Эч качан болгон эмес |
Индонезия | 3 | UTC+7 | UTC+9 | Эч качан болгон эмес |
Испания | 2 | UTC | UTC+1 | |
Казакстан | 2 | UTC+5 | UTC+6 | Алынып салынган |
Канада | 6 | UTC−8 | UTC−3:30 | Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат |
Кирибати | 3 | UTC+12 | UTC+14 | Эч качан болгон эмес |
Мексика | 4 | UTC−8 | UTC−5 | Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат |
Микронезия Федеративдик Штаттары | 2 | UTC+10 | UTC+11 | Эч качан болгон эмес |
Монголия | 2 | UTC+7 | UTC+8 | Колдонулат |
Нидерланддар | 2 | UTC-4 | UTC+1 | |
Жаңы Зеландия | 2 | UTC+12 | UTC+12:45 | Колдонулат |
Португалия | 2 | UTC-1 | UTC | |
Орусия | 11 | UTC+2 | UTC+12 | Алынып салынган |
АКШ | 6 | UTC-10 | UTC-5 | Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат |
Украина | 2, жайында 1 | UTC+2 | UTC+3 | Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат |
Франция | 12 | UTC-10 | UTC+12 | |
Чили | 2 | UTC-5 | UTC-3 | Алынып салынган |
Эквадор | 2 | UTC-6 | UTC-5 |
Убакыт алкагынын тизмеси[2]
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- UTC−12 — Убакытты алмаштыруу тилкеси (Yankee)
- UTC−11 — Америкалык Самоа (X-ray)
- UTC−10 — Гавай аралдары (Whiskey)
- UTC−9 — Аляска (Victor)
- UTC−8 — Түндүк Америкалык тынч океан убактысы (США жана Канада) (Uniform)
- UTC−7 — Тоолуу убакыт (США жана Канада), Мексика (Чиуауа, Ла-Пас, Масатлан) (Tango)
- UTC−6 — Борбордук убакыт (США жана Канада), Борбордук Америкалык убакыт, Мексика (Гвадалахара, Мехико, Монтеррей) (Sierra)
- UTC−5 — Түндүк Америкалык чыгыш убактысы (США и Канада), Түштүк Америкалык тынч океан убактысы (Богота, Лима, Кито) (Romeo)
- UTC−4:30 — Каракас
- UTC−4 — Атлантикалык убакыт (Канада), Ла-Пас, Сантьяго) (Quebec)
- UTC−3:30 — Ньюфаундленд
- UTC−3 — Түштүк Америкалык чыгыш убактысы (Бразилиа, Буэнос-Айрес, Джорджтаун), Гренландия (Papa)
- UTC−2 — Орто Атлантикалык убакыт (Oscar)
- UTC−1 — Азор аралдары, Кабо-Верде (November)
- UTC+0 — Батыш Европа убактысы (Дублин, Эдинбург, Лиссабон, Лондон, Касабланка, Монровия) (Zulu)
- UTC+1 — Борбордук Европа убактысы (Амстердам, Берлин, Берн, Брюссель, Вена, Копенгаген, Мадрид, Париж, Рим, Стокгольм, Белград, Братислава, Будапешт, Варшава, Любляна, Прага, Сараево, Скопье, Загреб), Батыш орто Африкалык убакыт (Alpha)
- UTC+2 — Калининград убакысы (Калининград), Чыгыш Европа убактысы (кышкысын, жайкысын - UTC+3; Афины, Бухарест, Вильнюс, Киев, Кишинёв, Рига, София, Таллин, Тирасполь, Хельсинки), Египет, Израиль, Ливан, Ливия, Турция, ТАР (ЮАР) (Bravo)
- UTC+3 — Москва убактысы, Белорус убактысы (Минск), Донецк убактысы (Донецк, Луганск), Чыгыш Африка убактысы (Кения,Эфиопия, Эритрея, Танзания, Сомали, Уганда, Судан, Мадагаскар), Ирак, Йемен, Кувейт, Сауд Арабиясы, Катар (Charlie)
- UTC+3:30 — Тегеран убактысы
- UTC+4 — Самара убактысы, Кавказ өлкөлөрү, Бириккен Араб Эмираттары, Оман (Delta)
- UTC+4:30 — Афганистан
- UTC+5 — Екатеринбург убактысы, батыш Казахстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан (Echo)
- UTC+5:30 — Индия, Шри-Ланка
- UTC+5:45 — Непал
- UTC+6 — Омск убактысы, Новосибирск, Казахстандын борбордук жана чыгыш аймактары, Кыргызстан, Бангладеш, Бутан убактысы (Бутан) (Foxtrot)
- UTC+6:30 — Мьянма
- UTC+7 — Красноярск убактысы, Кемерово, Түштүк-Чыгыш Азия (Бангкок, Джакарта, Ханой) (Golf)
- UTC+8 — Иркутск убактысы, Улан-Баатыр, Куала-Лумпур, Гонконг, Кытай, Сингапур, Тайвань, Батыш Австралия убактысы (Перт) (Hotel)
- UTC+8:30 — КЭДР
- UTC+8:45 — Австралиянын 5 шаары
- UTC+9 — Якутия убактысы, Түштүк Корея, Япония (India)
- UTC+9:30 — Борбордук Австралия убактысы (Аделаида, Дарвин)
- UTC+10 — Владивосток убактысы, Чыгыш Австралия убактысы (Брисбен, Канберра, Мельбурн, Сидней), Тасмания, Батыш-тынч океан убактысы (Гуам,
Порт-Морсби) (Kilo)
- UTC+10:30 — Австралиянын бир бөлүгү
- UTC+11 —Орто Колымдык убакыт, Борбордук-тынч океан убактысы (Соломон Аралдары, Жаңы Каледония) (Lima)
- UTC+11:30 — Норфолк аралы (Австралия)
- UTC+12 — Камчатка убактысы, Маршал аралдары, Фиджи, Жаңы Зеландия (Mike)
- UTC+12:45 — Чатем архипелагы(Жаңы Зеландия)
- UTC+13 — Самоа, Тонга
- UTC+13:45 — Чатем архипелагындагы жайкы убакыт (Жаңы Зеландия)
- UTC+14 — Лайн аралдары (Кирибати)
Убакыт алкактарынын белгилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дүйнөлүк убакыт (жаңыртуу) | ||
---|---|---|
Кыргызстан | 21:36 | |
Коста-Рика | 09:36 | |
Мексика | 13:36 | |
Непал | 21:21 | |
Нигерия | 16:36 | |
Иран | 19:06 | |
Украина | 18:36 | |
Италия | 17:36 | |
Перу | 10:36 | |
Венесуэла | 11:06 | |
БАЭ | 19:36 | |
Канада(EDT) | 11:36 | |
Аргентина | 12:36 | |
Кытай | 23:36 | |
Австралия(AEST) |
01:36 |
|
Улуу Британия | 16:36 | |
Жаңы Зеландия |
03:36 |
|
Жапония | 00:36 | |
Франция | 17:36 | |
Индия | 21:06 | |
ТАР | 17:36 | |
Испания | 16:36 | |
АКШ (ET) | 11:36 | |
АКШ (PT) | 08:36 | |
АКШ (CST) | 09:36 | |
Исландия | 15:36 | |
Орусия | 18:36 | |
Кирибати(LINT) | 05:36 | |
15:36 (UTC) |
Географиялык атластардагы убакыт алкактары кээде баштапкы меридиандан чыгышка карай 0дөн 23кө чейинки сандар менен белгиленет. Ошондой эле, 0 убакыт алганынан баштап чыгышты карай датанын өзгөртүү сызыгына чейин +1ден +12ге чейин жана батышты карай −1ден −12ге чейин сандар менен белгилөө да колдонулат. Сандар менен катар эле убакыт алкактарынын тамга белгилери бар.
|
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бүткүл дүйнөлүк айкалыштырылган убакыт (UTC) боюнча алкактар | |
---|---|
−12 | −11 | −10 | −9:30 | −9 | −8:30 | −8 | −7 | −6 | −5 | −4:30 | −4 | −3:30 | −3 | −2:30 | −2 | −1 | −0:44 | −00:25:21 | UTC (0) | +0:20 | +0:30 | +1 | +2 | +3 | +3:30 | +4 | +4:30 | +4:51 | +5 | +5:30 | +5:40 | +5:45 | +6 | +6:30 | +7 | +7:20 | +7:30 | +8 | +8:30 | +8:45 | +9 | +9:30 | +10 | +10:30 | +11 | +11:30 | +12 | +12:45 | +13 | +13:45 | +14 | |
Түндүк жана түштүк жарым шарларындагы кээ бир өлкөлөрдө (DST) жайкы убактысын колдонушат. Жантык текст менен жазылган убакыт алкактары азыр колдонулбаган алкактар. |