Беларусия

Wikipedia дан

Беларусия (Беларусь), Беларусь Республикасы (Рэспублика Беларусь) Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүк-батышынан Литва жана Латвия, чыгышынан Россия, түштүгүнөн Украина, батышынан Польша м-н чектешет. Аянты 207,6 миң км2. Калкы 9,8 млн. (2004). Мамлекеттик тили беларусь жана орус тилдери. Борбору Минск шаары (облус статусуна ээ). Админстрациялык аймагы жактан 6 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги Беларусь рубли. Беларусь БУУнун, ЮНЕСКО-нун, Европа Кеңешинин, КМШнын, ЕККУнун, Эл аралык эмгекти бөлүшгүрүү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын, Эларалык валюта фондунун мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | edit source]

Беларусь унитардык мамлекет. Конституциясы 15.3.1994-ж. кабыл алынган. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2004):

Облустары Аянты миң км2 Калкы, млн Адм. борбору
Брест 32,3 1,5 Брест
Витебск 40,1 1,3 Витебск
Гомель 40,4 1,5 Гомель
Гродно 25,0 1,1 Гродно
Минск 38,3 1,5 Минск
Могилёв 29,0 1,2 Могилёв
Минск 2,5 1,7 Минск

Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет башчысы президент (5 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу Улуттук Жыйналыш (Республика Совети жана Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Агрардык партия, либералдык-демократиялык партиясы, Беларусь элдик фронт партиясы, Беларусь коммунистер партиясы ж. б.

Табияты[оңдоо | edit source]

Жеринин бетин орто бийиктиктеги (150-200 м) жана ойдуңдуу (100-150 м) түздүктөр ээлейт. Байыркы муз каптоо доорунун издери байкалат. Түндүк-батышын Балтика жалчасынын бир бөлүгү болгон морена жалчаларынын системасы (Свенцян, Браслав жана Освей) ээлейт. Ортоңку бөлүгүндө батыштан чыгышка Беларусь жалчасы (Беларуссиянын эң бийик жери, 345 м Дзержинский тоосу) созулуп жатат. Жалчадан түштүк-чыгышка карай мөңгүнүн таасиринен пайда болгон түздүктөр тилкеси (Борб. Березина ж. б.), түштүгүндө Беларусь Полесъеси жайгашкан. Беларусь аймагы байыркы Чыгыш-Европа платформасынын батыш бөлүгүндө жатат. Негизги кенбайлыктары калий жана таш тузу (Старобинск, Петриковск ж. б.), нефть (Речицкое, Вишанское, Осташковское ж. б.), чымкөң табигый курулуш материалдары (мергель, бор, айнек куму, шагыл ж. б.) казылып алынат. Темир, фосфорит, күрөңкөмүр, сапропел жана минералдык суулар да бар. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы түштүк-батышында -4,5°Сден, түндүк-чыгышында -8, 4°Сге чейин, июлдуку түндүгүндө 17,2°Сден, түштүгүндө 19,2°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 650 ммден (түн-чыгышында) 750 ммге чейин (борб. бөлүгүндө). Башкы дарыялары: Днепр (куймалары Березина, Припять, Сож менен), Батыш Двина, Неман (куймасы Вилия м-н), Буг; көлдөрү (Нарочь, Освей, Лукомль, Дривяты ж. б.) көп. Беларусияда 150дөн ашык суусактагычтары бар. Ирилери: Вилия, Заславск ж. б. Чымдак-күл топурак басымдуу. Табигый ландшафтынын У2 бөлүгү а. ч. жерлери ээлейт. Жеринин 35% токой. Беларусия токоюнда сейрек кездешүүчү агыш көк карагай, сары рододендрон, көлмө жээктеринде суу жаңгагы өсөт. Беларусия аймагында жалпы аянты 864,2 миң га болгон 57 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, анын ичинен Березина биосфералык корук, Полесия радиационно-экологиялык корук, Браславия көлү жана Беловежа чер токоюнун (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бир бөлүгү бар. Беларусиянын аймагынын У4 бөлүгү 1986-жылкы Чернобыль авариясынан кийинки радиоактивдүү зонада жатат.

Калкы[оңдоо | edit source]

Калкынын 81,2% беларустар, 11,4% орустар, ошондой эле поляк, украин, еврейлер ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 47 киши. Христиан динин (80% православиелер, 15% католиктер) тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники 62,7; аялдарыныкы 74,7 жаш. Шаар калкы 71,5%. Ири шаарлары: Гомель, Витебск, Могилёв, Гродно, Брест, Бобруйск, Борисов.

Тарыхы[оңдоо | edit source]

Беларусиянын аймагында алгачкы адамдар жогорку палеолитте жашаган. Неолит доорунда адамдар эгин айдап, мал багууну үйрөнгөн. Б. з. ч. 7-к-да Беларусиянын аймагында жашаган уруулар темирден курал жасай башташкан. Б. з. 2-5-кылымда бул жерге Днепр боюнан славян уруулары келе баштап, Беларус аймагын мекендеп калышкан. Днепр менен Двина дарыясынын баш жагында кривич, Полесье менен Ортоңку Беларусиянын бир бөлүгүндө дрегович, Сож алабында радимич уруулары турган. Бул уруулар б. з. 5-к-нан тартып жер айдап, дыйканчылык кылган, мал асыраган, балык, аң уулаган. Алар 9-к-га чейин түндүк-батышта жашаган балтикалык урууларды ассимиляциялап алышат. 6-8-к. Беларусияны мекендеген чыгыш славяндарда уруу союздарынын ордуна княздыктар түзүлүп, кол өнөрчүлүк өнүгөт, соода-сатык кеңейип, шаарлар пайда болот. 9-11-к-да. Беларус жери Киев Русунун курамына кирет. Бул мезгилде Полоцк, Витебск, Минск сыяктуу ири шаарлар пайда болот. Польша, Швеция ж. б. чет жерлер менен да соода жүргүзүлөт. Байыркы орус мамлекетинин феод. бытыроо процессинде (11-12-к.) Полоцк, Туров, Смоленск княздыктары бөлүнүп чыгат, кийин алар да өзара майда княздыктарга ажырап кетет. 13-14-к. Б. жери Литва улуу княздыгынын курамына кирип калат. Бытырандылыктан жана Байыркы орус мамлекетинен оолактап калгандыктан Рустун батыш бөлүгүндөгү калкта өзүнчө тил, маданият, үрп-адат пайда болот. Беларус эли калыптана баштайт. Кийинчерээк Байыркы орус мамлекетинин батыш тарабындагы жерлер «Белая Русь» деп аталып калат. 13-15-к. Беларус эли, Литва, Поляк, орус элдери менен бирге немис рыцарларына каршы күрөшкөн. Немис рыцарларынын Тевтон орденин талкалоодо Грюнвальд салгылашуусу (1410) чечүүчү мааниге ээ болгон. Немис ордендеринин бийлигинин бошоңдошу Белрусияга Батыш Европа менен соода кылууга мүмкүнчүлүк берген. Беларус шаарларынын экономика маанисинин өсүшү жана шаардыктардын өз укуктары үчүн дайыма жүргүзгөн күрөшүнөн улам 14-кылымдын аягында Улуу князь 40тан ашык шаарга «магдебург укугу» деп аталган өзүн өзү башкаруу укугун берүүгө мажбур болот. 15-16-к. шаарларда кол-өнөрчүлүк уюмдары түзүлөт. 16-кылымда беларустардын эл болуп калыптануусу аяктайт. 1569-ж. Люблин униясынын шарты боюнча Литва улуу княздыгы менен Польша биригип, Речь Посполита мамлекети түзүлүп, Беларусия анын курамына кирген. 1590-1663-ж. аралыгында беларустар поляктарга каршы күрөшө баштаган. Алар 1648-ж. Беларусия Хмельницкий жетекчилик кылган украиндердин боштондук согушун активдүү колдойт. Россия-Польша согушунда (1654-67) беларус эли орус аскерлерине жардам көрсөтөт. Согуш, ачарчылык жана эпидемия Беларусиянын экономикасын абдан бүлүнтөт, калкынын тең жарымы дээрлик азаят. Түндүк согушу (1700-21) өлкөнүн экономикасын ого бетер жакырлантат. Речь Посполитаны 1772-, 1773-, 1795-ж-дагы бөлүштүрүүлөрдө Беларус Россия империясынын курамына кирет. 19-к-дын 2-жарымында беларус эли улут болуп түзүлгөн. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Беларусия аймагы бүлгүнгө учураган. 1917-ж. январдагы төңкөрүштөн соң, уюшулган Беларус радасы өзалдынча мамлекет түзүү үчүн күрөш жүргүзгөн. Алар 1918-ж. 19-20-январда поляк региондорунун корпусу менен биригип, Минск шаарын басып алып, Беларус Эл Респ. түзүлгөн. 1919-ж. бул өкмөт кызыл аскерлер тарабынан талкаланган ж-а 1919-ж. Беларус Сов. Соц. Респ. (БССР) түзүлгөндүгү жарыяланган. 1921-ж. Сов. Россия м-н Польшанын ортосунда түзүлгөн Рига тынчтык келишиминин шарты боюнча Батыш Беларуссия Польшанын карамагында калган. 1922-ж. 30-декабрда БССР СССРдин курамына кирген. 1939-ж. БССР Батыш Беларусия менен кошулуп, аймагы кеңейген. Батыш Беларусиядагы поляктар Польшага көчүрүлгөн. Беларус эли Улуу Ата Мекендик согуштун (194145) мезгилинде эң оор сыноону башынан өткөрдү. Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып Беларусия салгылашуунун зор майданына айланды. 1944-ж. 24-июнда Лабейка кыштагын бошотууда кыргыз жоокери Ж. Асаналиев баатырларча курман болгон. Аймак баскынчылардан 1944-ж. июлда толук бошотулган. Бул согушта беларус эли 2 225 миң кишисинен ажыраган, 300 миңге жакын кишиси Германияга айдалган, 692 кыштак эли менен жок кылынган, 209 шаар жана райондук борбор, 9200 кыштак, 1,5 млн имарат талкаланган. 1945-жылдан БУУнун Башкы Ассамблеясына мүчө. 1950-жылга чейин бардык республикалардын жардамы аркасында толук калыбына келтирилген. 1986-ж. Чернобыль АЭСиндеги болгон авария Беларусиянын бай түштүк райондоруна чоң зыян келтирген. 1990-ж. июлда республиканын Жогорку Совети БССРдин Суверендүүлүгү жөнүндө декларация, 1991-ж. 8-декабрда Беловежа макулдашуусунун чечимине ылайык, СССР таркатылган соң июлда Көзкарандыэместик жөнүндө декларация кабыл алган. 1994-ж. суверендүү өлкөнүн алгачкы президенти болуп А. Г. Лукашенко шайланган. 2006-жылкы шайлоодо ал дагы бир ирет жеңишке жетишти.

Экономикасы[оңдоо | edit source]

Ички дүң продукциясынын көлөмү 70,5 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 6800 доллардан (АКШ) туура келет. Ички дүң продукциясындагы өнөржайдын үлүшү 26,8%, а. ч-ныкы 8,9% . 2004-ж. 31,2 млрд кВт Q электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизги өнөржай тармактары: трактор кураштыруу, автомобиль, станок, а. ч. машиналарын, прибор куруу, радиоэлектроника, жеңил, электр-тех., хим., нефть-хим. (калий, фосфор, азот жерсемирткичтери, синтетикалык ж-а жасалма була), нефть ажыратуу. Отун-энергетикалык запасы ченелүү. 2003-ж. 1,8 млн о нефть казып алынган. Машина куруу комплекси чоң жүк ташуучу автомобилдерди, трактор жана а. ч. машиналарын курууга адистешкен. Токой, жыгаччылык жана целлюлоза-кагаз өнөржайы жергиликтүү ресурсу менен иштейт. Жыгач иштетүү, фанера, ширеңке, картон, эмерек, целлюлоза-кагаз өнөржайлары жакшы өнүккөн. Жеңил өнөржайы торкийим тигүү, бут кийим, тери жана булгаары; тамак-аш өнөржайы эт, сүт, май, макарон, нан, кондитер ж. б. продукцияларды чыгарат. Эт жана сүт багытындагы мал чарбачылыгы бар. Чочко асыралып, үй кушу багылат. Айыл чарбасына жарактуу жер 9,11 млн га, айдоо аянты 6,1 млн га, анын ичинен 43% дан эгиндери (сулу, буудай, арпа, карабуудай, каракүрүч), канткызылча, кендир, жашылча-жемиш айдалат. Темиржолунун уз. 5,5 миң к*, автомобиль жолунуку 81,2 миң км (а. и. 70,2 миң кжп асфальтталган). Беларусиянын аймагы аркылуу мамлекет аралык мааниге ээ Париж Брюссель Минск Москва; Санкт-Петербург Витебск Гомель Киев Одесса; Таллин Рига Вильнюс Минск Гомель Киев магистралдары өтөт. Куур транспорту да өнүккөн. Днепр-Буг каналында, Припять, Днепр, Сож, Березина дарыясында кеме жүрөт. Сыртка трактор, автомобиль, химиялык продукцияларын жана азык-түлүк чыгарат. Сырттан өнөржай жана азык-түлүк сырьёлорун алат. Негизги соода шериктештери: Россия, Украина, Германия, Литва, КМШ өлкөлөрү. Маданияты. Беларусияда 11-12-к-да билим берүүнү чиркөө мектептери жүргүзгөн. 12-к-да Евфросиния Полоцкая өз монастырында окутуп, окуучуларга китеп көчүртүү менен алектенген. 0шондой эле Беларусиянын аймагында көптөгөн протестант мектептери, басмаканалар ачылып, беларус тилинде алгачкы окуу китептер пайда болгон. 16-17-кда ариан мектептери түзүлүп, анда католик динине каршы күрөш жүргүзүшкөн. 18-к-дын аягында Б. Россияга кошулуп, орус эли м-н беларустардын карым-катнашы күчөп, 20дан ашык орус мектептери (анын ичинде 2 негизги, 6 элдик кичи орто окуу жайлары) шаардыктар үчүн ачылган. Бирок, билим берүү өтө төмөнкү деңгээлде жүргүзүлгөн. Беларустар өз эне тилинде билим ала алышкан эмес. Көптөгөн мектептерде окуу поляк тилинде жүргүзүлүп, карапайым калктын балдары үчүн эшик жабык болгон. 19-к-дын 2-жарымында гана монастырлардагы диний мектептер жабыла башгаган. 1840-ж. а. ч. окуу жайы уюшулуп, кийинчерээк академия болгон. 1919-ж. кечки мектептер ачылып, сабатсыздыкты жоюу жалпы жүргүзүлгөн. 1921-ж. ун-т (Минск), маданият институту (1922), ИА (1929), саз ил.-из. ин-ту, о. эле тажрыйба станциялары уюшулган. 16-к-да китеп басып чыгарууну Скорина негиздеген. Ал Библия, Псалтырь ж. б. китептерди беларус тилине которуп, Прагадан чыгарган (1517-20). 1932-жылдан 7 жылдык Минскидеги Архитектура-курулуш институтунун имараты.билим алуу (батыш облустарында 1940-жылдан) киргизилген. Беларусиянын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелер (балабакча ж. б.), башталгыч жана жалпы билим берүү, орто жана ЖОЖдон турат. Беларусияда радио уктуруу 1925-жылдан уктурулса, телекөрсөтүү 1956-жылдан көрсөтүлөт. Гомелде, Брест, Витебск, Гродно шаарында телестудиялар иштейт. Беларус адабияты элдин бай оозеки чыгармаларынан, ал орус, украин, беларустарга жалпы мурас болуп саналган Киев Русу доорунун адабиятынан башталат. Беларусиянын белгилүү жазуучулары: М. Танк, Ф. Пестрак, В. Тавлай, М. Машара, Я. Купала, Я. Колас, К. Чорный, М. Чарот, П. Панченко, А. Кулешов, П. Глебко, К. Киркенко ж. б. Беларусияда азыркыга чейин София собору (1044-66, Полоцк), Спас-Ефросиния (Полоцк) чиркөөсү, Киев Русу мезгилиндеги архитектура эстеликтери сакталган. Феодализм доорунда крепостной жана дворецтик-замоктук архитектура өнүккөн. Каменец мунарасы (Белая Вежа, 1276) ж-а Новогрудок, Лидадагы чептер, замоктор ж. б. 19-к-дын 1-жарымында Беларусиянын архитектурасы орус классицизминин таасиринде өнүккөн. 1934-ж. Архитекторлор союзу түзүлгөн. Беларусиянын музыка фольклорунда обондуу лирикалык ырлар басымдуу. Беларусиянын бийлери, күүлөрүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгү шайырлыгы, темпинин тездиги менен айырмаланат. Белгилүү бийлери: «Лявониха», «Бульба», «Янка», «Метелица». Салттуу муз. аспаптары: цимбал, алгачкы скрипка, жалейка, сурнай ж. б. «Селолук идиллия» деген операсы Минскиде 1852-ж. коюлган (музыкасы С. Монюшко, текстин В. Дунин-Марцинкевич жазган). Консерватория, опера жана балет театры, филармония (симф. оркестри менен) уюшулган. Беларусиянын академия хор капелласы, мамлекеттик эл хору, мамлекеттик бий ансамбли түзүлгөн. Беларусиянын атактуу композиторлору: Н. Чуркин, Н. Соколовский, В. Оловников, Д. Каменский, П. Подковыров, Д. Абелсович, И. Лученок. Вокал өнөр чеберлери: Л. Александровская, И. Болотин, М. Денисов, Р. Млодек, Т. Нижникова, Н. Ворвулев, 3. Бабий ж. б. Театр өнөрү негизинен байыркы каада-салттан жана элдик оюндардан башталат. 16-к-дан элдик театрдын кеңири таралган түрү «батлейка» (куурчак театры) болгон. 19-к-дын орто ченинде драматург В. И. ДунинМарцинкович 1-театрын түзгөн. Беларусиянын улуттук театрын түзүүдө Я. Купала менен Я. Коластын драматургиясы зор роль ойногон. 2-драма театры 1926-ж. Витебскиде ачылган. 1946-жылдан «Беларусьфильм» киностудиясы иштейт. 1926-ж. «Токой окуясы» (реж. Ю. Тарич) деген 1-көркөм фильм тартылган. Сүрөт музейи XVIII-XX к-дагы (орус сүрөтчүлөрүнүн бай коллекциясы), жыгачтан жасалган айкелдер, бир нече сүрөт галереясы бар. Минск шаарына жакын Раубичи спорт комплекси уюшулган. Беларустар улут, Беларусь Республикасынын негизги калкы. Россия, Литва, Эстония, Украина, Казакстан, Польша, АКШ, Канада, Аргентина, Австралия, Улуу Британия, Франция ж. б. да жашашат. Жалпы саны 10 млн киши, анын ичинде 7904,6 миңи Беларуссияда (2000). Беларусь тилинде сүйлөшөт, орус, поляк, литва тилдери да кеңири таралган. Дини православие, ошондой эле 25% католиктер. Беларус орус жана украиндер менен бирге чыгыш славяндар катары эсептелет. Беларустардын этностук негизин чыгыш славян уруулары дрегович, кривич, радимич, древлян, северян, волыняндар түзгөн. 9-к-да алар башка тектеш уруулар менен бирге Киев Русунун курамына кирген да, байыркы орус эли болуп калыптанган. Феодалдык бытырандылыктан тартып 18-к-га чейин Беларуссиянын жери Улуу Литва княздыгына (13-14-к.), Речь Посполитага (16-к.) караган. 16-к-да беларусь эли негизинен калыптанып бүткөн. Польша бөлүштүрүлгөндөн кийин (18-к.) Россиянын курамына кошулуп, 19кылымдын аягында Беларус улут катары түзүлгөн. Беларусия негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балчылык менен кесиптенишкен. Эркектери тизесине жеткен көйнөк, чыптама (камизелька), кенен шым, башына «брыль» (чий калпак), «магерка» (кийиз калпак), кышында «аблавуха» (тери, тон) кийип, түстүү жүн жиптен өрүлүп, учтары чачыланган кур байланат. Эркектердин кемсели ак түстө, жакасы ж-а этеги саймаланып, көркөмдөлүп кооздолот. Аялдары «андарак» аталган юбка ж-а чыптама (гарсет) кийип, сыртынан саймаланган алжапкыч тагынып, түрдүү курларды байланган. Тамак-ашы негизинен ун, эт, сүт, жашылча-жемиш азыктарынан даярдалып, а. и. картошкадан 200дөн ашык тамактын түрү, суусундук катары жемиштин ширеси, квас, чай, какао, кофе кеңири колдонулат. Беларустардын өкүлдөрү Кыргызстанда да жашашат. 195080-ж. Кыргызстанга 13 миңге жакын Беларустар келип отурукташкан. Кыргызстанда жашаган Беларустардын басымдуу көпчүлүгү өз эне тилин орус тили деп эсептешкен. 1999-ж. Чүй облусу жана Бишкекте жашаган 2701 беларустун 582и гана беларус тилин өз эне тили катары түшүнүшкөн. СССР кулагандан кийин (1991-ж.) ар кандай себептер менен Кыргызстандагы Беларустардын 78,6% и Беларуссияга кетишкен. 1992-ж. Минскиде өткөрүлгөн Беларустардын 1-съездинен кийин (Кыргызстандан да делегаттар катышкан) Кыргызстандагы Беларустардын «Свитанок» (1993) коомдук бирикмеси түзүлгөн. Ал Беларустардын маданиятын сактоо жана жайылтуу, Кыргызстандагы Беларусь Республикасысынын элчилигинин кызматкерлери, согуш жана эмгек ардагерлери, Чернобыль авариясын жоюуга катышкандар, беларус этносунун чыгармачыл өкүлдөрү менен жолугушуу, беларус жаштарына эне тилин, улуттук үрп-адатын, салтын, улуттук тамак-аштарын, фольклорун үйрөтүү, аларды колдоо, билим берүү иштерин жүргүзөт. Жергиликтүү беларус диаспорасынын өкүлдөрү кышында Святки (Каляды), жазында Масленица жана Пасха, жайкысын Троица (Семих, Семуха), Иванов күнү (Купалье), түшүм майрамдарын майрамдашып, Дзяды (маркумдарды эскерүү) күнүн өткөрүшөт. Учурда Кыргызстанда 3200дөн ашык беларус улутунун өкүлдөрү ар кайсы тармактарда эмгектенишүүдө. Улуттар аралык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн Кырызстандагы Беларустардын «Свитанок» коомдук бирикмесинин Президенти А. С. Шут «Даңк» медалы менен сыйланган (1999).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | edit source]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4


 
Түштүк Америка өлкөлөрү
Аргентина | Бразилия | Боливия | Венесуэла | Гайана | Колумбия | Парагвай | Перу | Суринам | Уругвай | Чили | Эквадор