Косово

Википедия дан

Косово (алб. Republika e Kosovës, серб. Република Косово / Republika Kosovo) — Балкан жарым аралындагы мамлекет. Түндүгүнөн жана чыгышынан Сербия, батышынан Черногория, түштүк-батышынан Албания, түштүгүнөн Түндүк Македония менен чектешет. Аянты 11 миң км2. Калкы 2 млн чамасында (2010); негизинен албандар, ошондой эле серб, черногориялыктар жашайт. Борбору – Приштина шаары.

Косово Республикасы
алб. Republika e Kosovës


Косованын картасы.

Климаты жана Жаратылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Косово талаасы жана Метохия ойдуңдары ээлейт. Ойдуңдар аркылуу Ак Дрин, Ибар дарыялары агып өтөт. Климаты мелүүн, континенттик (январдын орточо температурасы 0°Сдей, июлдуку 20°С; жылдык орточо жаан-чачыны 700 мм). Тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой, шалбаа ээлейт; жайыты арбын.

Митровица, Косово.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

8–12-кылымдарда Косово аймагы Рашка мамлекетине, Биринчи Болгар падышалыгына жана Византияга, 12-кылымдын аягында сербдердин бирдиктүү мамлекетине кирген. 1346-жылдан Серб патриархатынын (резиденциясы – Печ шаары) борбору болгон. Косово талаасындагы салгылашуудан (1389) кийин Косово Сербия менен бирге түрк султандыгынын (1459-жылдан Осмон империясынын курамында) вассалына айланган. 17-кылымга чейин аймактагы калктын көп бөлүгүн сербдер түзгөн. 1683–99 -жылдары Австрия-Түркия согушунун жүрүшүндө Косово аймагын австриялык аскерлер ээлеп, сербдер массалык түрдө Косоводон чыгып кетишкен. 19-кылымдын аягында Косово албандардын улуттук кыймылынын борборуна айланган. 1878-ж. Призрен шаарында аскердик-саясий уюм – Призрен лигасы (Албан лигасы) уюшулуп, Осмон империясынын курамындагы бардык албандарды автономиялык административдик бирдик түзүүгө чакырган. Түрк бийлиги автономия жөнүндө маселени кароодон баш тарткандыктан, албан улуттук кыймылынын лидерлери алар менен болгон байланыштарын үзгөн. Призрен лигасынын куралдуу отряддары Косово аймагынын бир бөлүгүн басып алып, жергиликтүү албан администрациясынын органдарын түзгөн. 1881-ж. Косово аймагына түрк аскерлеринин кириши менен кыймыл токтотулган. 1897–1900-жылдары Косоводо албандардын кыймылы кайрадан күч алган. Балкан согуштарынын (1912–13) натыйжасында Косово Сербия менен Черногориянын, 1918-ж. Серб, хорват жана словендер (1929-жылдан Югославия) королдугунун курамына кирип, 3 административдик-аймактык бирдиктердин (Вардар, Зет жана Моравия бановиндери) ортосунда бөлүштүрүлгөн. 1941-ж. Улуу Албаниянын курамына Косовонун борбордук бөлүгү, 2-дүйнөлүк согуш убагында Косовонун көп бөлүгү Албания италия протекторатынын курамына бириккен. Италиялык аскерлердин оккупациясы мезгилинде 40 миңдей серб өлтүрүлүп, 100 миңдей серб Косовону таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1944-жылдын аягында Косово аймагы италиялык аскерлерден бошотулуп, 1945-ж. кайрадан Югославия Федеративдик Эл Республикасынын (1963-жылдан Социалисттик Федерациялык Югославия Республикасы, СФЮР) курамына кошулган. 1945–63-жылдары АО.

Соңку тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1963–69-жылдары Сербия Республикасынын курамындагы Косово жана Метохия автономиялык крайы (1969-жылдан Косово). 1974-ж. СФЮРдун Конституциясы боюнча крайдын автономиялык статусу кеңейип, Косово СФЮРдун өзүнчө субъектисине айланып, Сербия менен бирдей укуктарга ээ болгон. 1981-ж. крайда студенттик массалык толкундоолор өтүп, Югославиянын чегинде толук укуктуу республика статусун талап кылышкан. 1989-ж. сербиялык Скупщина Сербия Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизип, автономиялык крайдын укуктарын чектеген. Бул чечим албандык сепаратизмдин күчөшүнө алып келип, кан төгүүлөрдөн кийин Косоводо аскердик кырдаал киргизилген. Ошол эле жылы Косоводо И. Ругова жетектеген Косово Демократиялык лигасы түзүлгөн. 1991-ж. сентябрда көз карандысыз Косово Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. 1992-ж. майда президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, И. Ругова Косово президенти болуп шайланган. 1996-ж. Косоводо «Косово боштондук армиясы» (КБА) түзүлүп, ал Сербия мамлекеттик бийлигинин өкүлдөрүнө жана жергиликтүү сербиялык калкка каршы террор баштаган. 1998-ж. кырдаал курчуп, кагылышуулар куралдуу түргө өткөн. Сербиялык коопсуздук күчтөр КБАнын базаларына каршы чабуул жасап, аны Албанияны көздөй сүргөн. Югославия Союздук Республикасынын (ЮСР) жетекчилиги аймактагы тынчтык абалды калыбына келтирүү жөнүндө Ругова менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бул боюнча ЮСР президенти С. Милошевич Косового Сербия курамында улуттук автономия укуктарын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирген. 1999-ж. 24-мартта НАТО ЮСРге каршы агрессиясын баштап, Сербия аймагын бомбалаган. 1999-ж. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы боюнча Косово аймагында туруктуулук менен тартиптүүлүктү сакташ үчүн НАТО жетектеген эл аралык күчтөр киргизилген. Косовону убактылуу Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык секретарынын атайын өкүлү башкарып, ал Бириккен Улуттар Уюмунун Косоводогу Миссиясын жетектеген. 2004-ж. октябрда Косоводо парламенттик шайлоо өткөрүлүп, Косово Демократиялык лигасы жеңишке жеткен. 2008-ж. 17-февралда Косово парламенти Косовонун көз карандысыздыгын жарыялаган. 2011-жылдын февралына Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон 192 мамлекеттин 75и Косовонун эгемендүүлүгүн тааныган. 2010-ж. 22июлда Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык соту Косовонун эгемендүүлүгүнүн жарыяланышын эл аралык укукка каршы келбейт деп тааныган.

Косово, 1999 август.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Косово – негизинен агрардык өлкө, экономикалык активдүү калктын 1/2 не жакыны айыл-чарбасында эмгектенет. Дан эгиндери (жүгөрү, буудай, арпа), тамеки, жашылча-жемиш, бак-дарак өстүрүлөт; жүзүмчүлүк кеңири таралган. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Өнөр жайында коргошун-цинк кен таштарын казып алуунун жана эритүүнүн мааниси зор. Ошондой эле лигнит, хромит, магнезит казылып алынат. Химия, цемент, жыгач иштетүү, кагаз, текстиль, булгаары, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]