Ирландия

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Ирландия.
Flag of Ireland.svg

Ирландия (ирландча Eire, англисче Ireland) – Батыш Европадагы мамлекет. Ирландия аралынын 5/6 бөлүгүн, ошондой эле анын батыш жээгине жакын жайгашкан чакан аралдарды (Акилл, Аран, Клэр ж. б.) ээлеп, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна кирген Түндүк Ирландия менен чектешет. Чыгышынан Улуу Британиядан Ыйык Георг кысыгы жана Ирланд деңизи аркылуу бөлүнөт. Түндүк-батышын, батышын жана түштүгүн Атлантика океаны чулгайт. Европадан Түндүк Америкага кеткен деңиз жолунда жайгашкан. Аянты 70,2 миң км2. Калкы 4364,5 миң (2008). Борбору – Дублин шаары. Мамлекеттик биринчи тили – ирланд (гэль) тили, экинчиси – англис тили. Акча бирдиги – евро. Ирландиянын аймагы 4 тарыхый провинцияга – Коннахт, Ленстер, Манстер жана Ольстерге (Ольстердин негизги бөлүгү Түндүк Ирландиянын курамына кирет) бөлүнөт. Администрациялык-аймактык жактан 29 графтыктан жана 5 шаар графтыгынан турат.

Coat of arms of Ireland.svg

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Тарыхый провинциялары, графтыктары

Аянты, миң км3

Калкы,

миң

Администрациялык борбору

Коннахт

17 713

503,1


Голуэй*

51

72,0


Голуэй

6100

159,1

Голуэй

Литрим

1589

28,8

Каррик

Мейо

5589

123,6

Каслбар

Роскоммон

2 548

58,7

Роскоммон

Слайго

1 837

60,9

Слайго

Ленстер

19 774

2 292,9


Дублин*

118

505,7


Дун-Лэаре-Ратдаун

127

193,7

Дун-Лэаре

Карлоу

898

50,5

Карлоу

Килдер

1694

186,1

Нейс

Килкенни

2072

87,4

Килкенни

Лаут

832

110,9

Дандолк

Лиишь

1719

67,0

Порт-Лиишь

Лонгфорд

1091

34,4

Лонгфорд

Мит

2335

162,6

Трим

Оффали

1990

70,6

Талламор

Түштүк Дублин

223

246,9

Таллахт

Уиклоу

2033

126,3

Уиклоу

Уэксфорд

2365

131,6

Уэксфорд

Уэстмит

1 825

79,4

Маллингар

Фингал

453

239,8

Суордс

Манстер

24608

1172,2


Керри

4735

139,6

Трали

Клэр

3442

110,8

Эннис

Корк*

40

119,1


Корк

7468

361,8

Корк

Лимерик*

20

52,6


Лимерик

2740

131,3

Лимерик

Түндүк Типперэри

2046

66,0

Нина

Түштүк Типперэри

2258

83,0

Клонмел

Уотерфорд*

42

45,8


Уотерфорд

1817

62,2

Уотерфорд

Ольстер

8087

266,7


Донегол

4860

146,9

Лиффорд

Каван

1932

64,0

Каван

Монахан

1296

55,8

Монахан

  • Шаар-графтыгы.

Ирландия – БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Европа союзунун (1993; 1973–92-ж. ЕККУнун (1973), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1957), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1957) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Ирландия унитардык мамлекет. Конституциясы 1937-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент (добуш берүү жолу менен 7 жылга, бирок эки мөөнөткө гана шайлана алат). Ал мыйзамдарды жарыялайт, судьяларды жогорку кызмат адамдарын дайындайт, куралдуу күчтөрдү башкарат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент, ага президент, өкүлдөр палатасы жана сенат кирет. Аткаруу бийлигинин башчысы премьер-министр. Президент өкүлдөр палатасынын сунушу менен премьер-министрди, ал эми өкмөттүн башка мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушу боюнча дайындайт. Саясий партиялары: Фине гэл (Бириккен Ирландия партиясы, 1933-ж. негизделген), Фианна фойл («Тагдыр аскерлери», 1926), Лейбористтик партия (1912) ж. б.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Ирландия аралынын чыгыш жээги көбүнчө жапыз, тегиз, түштүгү булуң-буйткалуу, батышында терең булуңдар бар, айрым жээктери риас тибинде. Борбордук аймактарында түздүктөр басымдуу; жээкке жакын айрым тоо массивдери 1041 м бийиктикке чейин (Керри тоосу өлкөнүн эң бийик жери) көтөрүлөт. Чым көң, коргошун, цинк, таш көмүр, алтын ж. б. кендери бар. Мелүүн океандык, дайыма нымдуу климат өкүм сүрөт. Ал негизинен атлантикалык циклондордон улам пайда болот. Кышы жумшак (январдын орточо температурасы 5–8°С), жайы серүүн (июлдуку 14–16°С). Жылдык жаан-чачыны 7001500 мм, тоолордун батыш капталдарында 2000 ммден ашык. Суусу мол дарыялар (эң ириси Шаннон), көл жана саз көп. Өлөң чөп, дайыма жашыл бадалдар, шалбаа, тоолоруна эмен, кайың, мырза карагай мүнөздүү (өлкөнүн аймагынын 4%ин токой ээлейт). Өлкөнүн табиятын коргоого алган 104 табигый аймак (анын ичинде 6 улуттук парк, биосфералык резерваттар, табият коруктары) бар; Уэксфорд резерватында (эл аралык маанидеги суулуу-саздак жер) Гренландия кашка казынын дүйнөлүк популяциясынын 1/2и кыштайт.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги калкы (88,8%и) ирланддар (анын ичинде гэлдер жана цыган-шелттер да бар). Иммигранттар жана алардын тукумдары (жалпы калктын 11,2%и) негизинен Дублиндин тегерегинде жашайт, алардын 2,7%и англистер жана шотланддар; ошондой эле Европадан келгендер да арбын. 100 жылдан ашуун мезгил ичинде (1841–1961) Ирландиянын калкы кескин кыскара баштаган. 1961-ж. чейин 2,82 млнго кыскарган. Эмиграциянын мындай кескин күчөшүнө 1845–47-ж. картөшкөнүн түшүмү болбогондугу жана эпидемиологиялык оорунун башталышы себеп болгон. 1960жылдардан калктын саны акырындап өсө баштаган. 21-кылымдын башталышында төрөлүүнүн деңгээли (1000 адамга 14,45 бала) жана калктын табигый өсүүсүнүн темпи боюнча (0,66%) Европада алдыңкы орундардын бирин ээледи. Ирландия Европадагы калкы эң жаш өлкөлөрдүн бири; 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 20,9% , эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 67,6%, 65 жаштан өткөндөр 11,6% (2006). Ирландия калкынын орточо жыштыгы (1 км2 жерге 60 адам) жана шаар калкынын саны (59,3%) боюнча Европада арткы орундардын бирин ээлейт. Ири шаарлары: Дублин (калкы 1,7 млн; өлкөнүн калкынын 40%и), Корк (380 миң), Голуэй (90 миң), Лимерик (100 миң), Уотерфорд (50 миң). Калкынын 88%и католиктер.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ирландиянын аймагын адам биздин заманга чейинки 6-миң жылдыкта мекендеген, биздин заманга чейинки 4-кылымда кельт уруулары жашай баштаган. Алгачкы коомдук түзүлүш кландык (уруу) уюм формасында болуп, анын саркындылары 17–18-кылымдарга чейин сакталган. 3-кылым ченде пайда боло баштаган чакан аймактык бирикмелердин негизинде алгачкы мамлекеттер түзүлгөн. 5-кылымда христиан дини тарай баштаган. 795-ж. Ирландияны норманндар басып кирген, бирок алар 1014-ж. кайра ирландиялык кошуундардан жеңилген. 1169–71-ж. Ирландияны англис-норманн феодалдары басып алып, анын түштүк-чыгыш жээгинде англиялык Пейл колониясы түзүлгөн. Шаарларда кол өнөрчүлүк менен соода өнүгүп, мал чарбасы негизги тармакка айланган. Англиялык колониячыл саясат 16-кылымда өзгөчө күчөп, 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында Манстер, Ольстер жана Лентердин бир бөлүгү колонияга айландырылган. Колониячыларга каршы көп жолу көтөрүлүш чыккан. 16–17-кылымдарда Англия бүткүл Ирландиянын жеринин 6/7 бөлүгүнө жакынын ээлеген.

18-кылымдын аягында Ирландияда ири мануфактура менен фабрика тибиндеги ишканалар пайда болгон. 1798-ж. «Бириккен ирландиялыктар» (1791-ж. негизделген) коому уюштурган көтөрүлүш басылган соң, Ирландиянын 1782–83-ж. берилген парламенттик автономиясы жоюлган (1801). 19-кылымда Ирландия метрополиянын агрардык базасына айланган. Эмиграциянын күчөшү Ирландиянын тарыхый өнүгүшүнүн мүнөздүү белгилерине айланган. 19-кылымдын 70–80-жылдары гомруль (Британ империясынын чегинде өзүн өзү башкаруу) үчүн күрөш күчөп, анын жүрүшүндө Гомруль лигасынын (1873-ж. негизделген) өкүлдөрү башында турган буржуазиялык-либералдык элементтер менен улуттук кыймылдын революциячыл-демократиялык тарабы бириккен.

1905-ж. түзүлгөн Шин фейн партиясы И-нын саясий-экономикалык өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн. 1912-ж. Лейбористтик партия негизделип, анын жетекчилери реформачыл саясат жүргүзгөн. Ирландиядагы революциялык кырдаал англиялык либералдык өкмөттү 1912–14-ж. парламентке гомруль жөнүндө билль (мыйзам долбоору) киргизүүгө мажбурлаган. Бирок аны Улуу Британия менен Ирландиянын реакциячыл чөйрөсү четке каккан. Улуттук таламдарды революциячыл жол менен ишке ашырууну көздөгөн 1916-жылдагы Ирландия көтөрүлүшү ырайымсыз басылган.

Улуттук-боштондук кыймылы күч алып, 1919-ж. январда Ирландиянын көз карандысыздыгы жарыяланган. 1921-ж. декабрда Улуу Британия менен Ирландиянын ортосунда кол коюлган келишим боюнча Ирландия доминиондук статус алган. Бирок түштүк-чыгыштагы өнөр жай өнүккөн 6 графтык Улуу Британиянын бийлигинде калган. 1922–23-ж. граждандык согуш республикачыл күчтөрдүн жеңилиши менен аяктаган. Өлкөдө 1932-ж. чейин полициялык кысым тартиби орногон. 1932-ж. бийликке келген Де Валердин (1948-ж. чейинки премьер-министр) өкмөтү Улуу Британия менен колониялык байланышты үзгөн. 1937-ж. Ирландиянын жаңы конституциясы кабыл алынып, ага ыйык Британиянын мурдагы доминиону «Эйре суверендүү мамлекети» болуп жарыяланган. 2-дүйнөлүк согуштун башында Ирландия өкмөтү өзүнүн бейтараптыгын билдирген. Өлкө аймагынын бир бөлүгүн Улуу Британия бийлеп турган кезде Англия менен Ирландия согуштук союз түзүүнү мүмкүн эмес деп эсептеген. Ирландия 1949-ж. көз карандысыз республика деп жарыяланып, ал Британ шериктештигинен чыккан.

Ирландия 1955-жылдан БУУнун мүчөсү. Ирландия өкмөтү 1963-ж. ядролук куралды сыноого тыюу салуу, 1968-ж. ядролук куралды таратпоо жөнүндөгү келишимдерге кол койгон. 1990-жылдардын баш ченинде өлкөдө экономикалык өсүш башталып, ал ирландиялык «экономикалык керемет» («кельт жолборсу») деп аталган. Курулуш, маалыматтык технология ж. б. секторлордун өтө тез темпте өнүгүүсү байкалган.

1998-ж. кол коюлган Англия Ирландия макулдашуусунун шарты боюнча Түндүк Ирландия жашоочуларынын каалоосу боюнча Британиянын карамагында болот. Ошол эле учурда Түндүк Ирландиянын калкы Ирландия менен биригүүнү кааласа, эки тарап тең бардык чараларды колдонушу белгиленген. 1998-ж. референдумда 94% ирландиялыктар «улуттук аймактарды бириктирүү» маселесин колдогон. 1999-ж. Ирландия НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасына кошулган. 2002-ж. евро зонасына кирген.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ирландия дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү 177,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 41,8 миң долларды түзөт (Ирландия бул көрсөткүчү менен дүйнөдө Люксембург, Норвегия жана АКШдан кийинки 4-орунду ээлейт). 21-кылымдан Ирландия экспорттук чарбага багыт алууда: иштеп чыгаруучу өнөр жай продукциясынын 80%тен жана айыл чарба продукциясынын 50%тен ашыгы экспорт үчүн өндүрүлөт. Ошол эле мезгилде өнөр жай сырьёсунун 80%тен ашыгы сырттан алынат; өлкөнүн рыногунда ошондой эле импорттук машина, жабдуу, химикат ж. б. даяр продукциялардын үлүшү да зор. Өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүүсү айрым социалдык теңсиздикти жаратты (калктын кирешесинин деңгээли боюнча эң бай катмары менен эң жакыр катмарынын ортосундагы айырмачылык өтө зор, бул көрсөткүч боюнча экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунда), жумушчу күчүнүн жана аянтты ижарага алуунун баасы көтөрүлдү ж. б. ИДПнин 60%ин тейлөө чөйрөсү, 37%ин өнөр жай жана курулуш, 3%ин айыл чарба, токой чарбасы жана балык кармоо түзөт. Экономикасы 2 секторго бөлүнөт: ири чет өлкөлүк (негизинен жогорку технологиядагы өнөр жай тармактары: электроника, машина куруу, химия) жана улуттук (тармак-аш жана жеңил өнөр жай ). Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү акыркы жылдары негизинен чет өлкөлүк компаниялар чыгарган продукциялардын тез көбөйүшүнө байланыштуу. Чет өлкөлүк компанияларга ИДПнин 1/2инен ашыгы, өлкөнүн экспортунун 92%и таандык. Мамлекеттик компаниялар энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо ж. б. чөйрөлөрдүн негизги тармактарын көзөмөлдөйт.

Өнөр жай[оңдоо | булагын оңдоо]

Өнөр жай Ирландиянын экономикасынын башкы жана туруктуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Анын үлүшүнө иштегендердин 15%тейи (298 миң адам) жана ИДПнин көлөмүнүн 17%и туура келет. Өнөр жай продукциясын сатуу 2005-ж. 4 эсеге өскөн. Өнөр жай продукциясынын сатуу наркынын 62%тейи жаңы жогорку технологиялуу 3 тармакка таандык (2005): химия-фармацевтикалык жана химия өнөр жай; электроника жана электр-техникалык өнөр жай ; информациялык продукцияларды өндүрүү жана таратуу: программалык, магниттик (аудио-, видео кассеталар ж. б.) жана оптикалык (CD, DVD-диск ж. б.) алып жүргүчтөр ж. б. Ички ресурстарынын эсебинен өлкө электр энергиясына болгон муктаждыгынын 40%ин канааттандырат. Энергия балансындагы импорттук нефтинин үлүшү кыскарып, табигый газдын жана көмүрдүн үлүшү көбөйүүдө. Чым көң менен иштеген ири электр станциясы курулган. Отун-энергетикалык балансынын структурасында 58%ти нефть жана нефть продукциясы, 22%ти табигый газ, 13%ти көмүр, 4%ти чым көң, 1%ти биомасса (жыгач отун), 2%ти башка калыбына келүүчү энергия түрлөрү (гидроэнергия, шамал энергиясы) түзөт. Ирландиянын түштүгүндө (Корк графтыгында) өлкөдөгү нефть ажыратуучу жалгыз заводиштейт. 2005-ж. 25 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 91%и ЖЭСке, 4%и ГЭСке, 5%и шамал энергиясына туура келет. Дүйнөдөгү эң ири шамал энергия курулмасы өлкөнүн чыгыш жээгинде (Арклоу шаарына жакын) курулууда. Түстүү металлургиянын негизги тармагы глинозём өндүрүшү (алюминий өнөр жай үчүн сырьё), ошондой эле полиметалл кен таштарын казып алуу жана байытуу. 2005-ж. 1,5 млн тонна глинозём, 429 миң тонна цинк концентраты, 64 миң тонна коргошун концентраты, 6 тонна күмүш өндүрүлгөн. Өнөр жайынын башкы тармагы машина куруу; анын продукциясынын наркынын 90%тен ашыгы электроника жана электр-техникалык өнөр жайына таандык. Анын негизги продукциялары: жекече компьютер жана офис техникалары, телекоммуникация жабдуулары, электр-техникалык буюмдары, прибор куруу продукциялары, автомобиль электроникасы. Жекече компьютер чыгаруу боюнча (2005-ж. 12 млн даана) Ирландия Улуу Британиядан жана Германиядан калышпайт, ал эми аны экспорттоо наркы боюнча (1006-ж. 18,4 млрд евро) Европада 1-орунда. Тамак-аш (эт, сүт, пиво кайнатуу, спирт, ун ж. б.), текстиль, кийим тигүү тармактары да өнүккөн. Курулуш материалдар өнөр жай жергиликтүү сырьёлордун (акиташ, гипс, доломит, гранит ж. б.) негизинде иштеп, ички рынокко багытталган.

Айыл чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Айыл чарбасынын негизги тармагы мал чарбасы. Ирландия эт, сүт, жумуртка ж. б. мал чарба жана дыйканчылык (картөшкө, арпа, сулуу, тамыры тоют өсүмдүктөр) продуктуларына болгон ички муктаждыкты толук камсыз кылат. Ошондой эле Ирландия мал чарба продуктусун экспорттоочу бирден бир өлкө. Айыл чарбага жарактуу жери 4,3 млн га (өлкөнүн аянтынын 62%и), анын 91%и шалбаа жана жайыт, 9% и айдалат (дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүч). 2005-ж. 6,9 млн бодо мал ( 1,1 млну саан уй), 1,7 млн чочко, 6,2 млн кой, 72 миң жылкы, 12 300 миң үй кушу болгон. Мал чарбасынын маанилүү тармагы эт багытындагы мал асыроо. Балык кармалат.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ирландия экономикасынын ири жана өтө ылдам өнүгүп жаткан сектору тейлөө чөйрөсү. Ирландия тейлөөнү экспорттоо боюнча дүйнөдө 10-орунду ээлейт. Негизги тейлөө чөйрөлөрү: дүң жана чекене соода, финансы, ишкердик жана адистик кызмат, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу, билим берүү, ошондой эле транспорттук, байланыш, администрациялык тейлөөлөрү. Тез темп менен өнүгүп жаткан финансы, ишкердик жана адистик тейлөө (анын ичинде компьютердик тейлөө да) мекемелери негизинен Дублиндин тегерегинде жайгашкан. Мында башкы улуттук банктын, чет өлкөлүк жана эл аралык 450 банктын филиалдары жана бөлүмдөрү орун алган. Кеңеш берүүчү 700гө жакын фирмалар аудит, бухгалтердик эсеп, салык салуу ж. б. боюнча тейлейт. Ирландия дүйнөгө финансылык, ишкердик жана адистик тейлөөнү экспорттоочу негизги өлкө; ошондой эле Европанын негизги офшордук зонасы болуп саналат. Ирландия компьютердик тейлөөнүн көлөмү (компьютердик жана телекоммуникациялык жабдууларды пайдалануу, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, маалымат базасын түзүү ж. б.) боюнча Европада 1-орунду ээлейт. Рекреациялык тейлөө жана туризм ИДПнин 6%ин түзөт. Туризмден түшкөн кирешенин жалпы көлөмү 5,4 млрд евро. 2006-ж. Ирландияга 7,4 млн чет өлкөлүк турист келген.

Транспорт тармагы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ирландия – дүйнөдөгү ички транспорттук коммуникациясы эң жыш өлкө. Автомобиль жолунун узундугу 96,6 миң км. Негизги автомагистралдары Дублинди өлкөнүн Корк, Лимерик, Уотерфорд, Голуэй, Слайго сыяктуу ири шаарлары, ошондой эле Белфаст (Түндүк Ирландия) менен байланыштырат. Атлантика океанын жээктей Голуэйден түштүктү карай Лимерик, Корк, Уотерфордго кеткен (Атлантика коридору деп аталган) автомагистралдын мааниси зор. Темир жолунун узундугу 3312 км (2005). Деңиз транспорту чет өлкөлөргө ташылган жүктүн негизги бөлүгүн жана эл аралык жүргүнчүлөрдүн 10%тейин ташыйт. Өлкөдө 36 аэропорт бар, анын ирилери Дублин, Шаннон, Корк шаарында. Ички суу жолунун узундугу 753 км (рекреациялык максатка гана пайдаланылат). Магистралдык газ куурунун узундугу 1728 км (2006).

Экспорт[оңдоо | булагын оңдоо]

Экспортко электрондук өнөр жай товарлары, дары-дармек, ошондой эле машина жана жабдуу, химикат, тирүүлөй мал, мал чарба продуктулары, алкоголь ичимдиктерин чыгарып, сырттан электроника үчүн компоненттерди, машина куруу продукцияларынын башка түрлөрүн, химикаттарды, нефть жана нефть продуктуларын, текстиль, кийим жана бут кийим алат. Негизги соода шериктери: Улуу Британия (импорт менен экспорттун 1/2), АКШ, Германия, Франция, Бельгия, Нидерланд.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Ирландияда башталгыч жана орто билим алуу милдеттүү түрдө ишке ашырылат. Башталгыч мектептердин көбү мамлекет тарабынан каржыланат, ал эми айрым жерлерде чиркөөлөргө караган мектептер да бар. 1960-ж. чейин орто билим берүүчү мектептер жеке менчик же чиркөөлөргө караса, 1966-жылдан мамлекеттин карамагына өтүп, кошумча жаңы мектептер салынган. Жогорку окуу жайлары: Дублин университети (королева Елизавета I тарабынан 1591-ж. негизделген), Ирландия улуттук университети (1908-ж. колледждер федерациясы катары уюшулган, учурда Корка, Дублин, Голуэй жана Мейнуттагы окуу жайлары карайт), Мейнуттагы улуттук университет (католик семинариясы катары да эсептелет), Дублин шаардык университети (1980) жана Лимерика университети (1989) ж. б. Ирландияда 13 техникум жана бир катар педагогикалык колледждер бар. Ирландия королдук академиясы бардык тармактарда илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт жана каржылайт. Булардан тышкары, Ирландия королдук искусство академиясы, Ирландия королдук музыка академиясы бар.

Басма сөз кызматы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ирландияда 1931-ж. негизделген «Айриш индепендент» (82 миңден ашык нуска), «Айриш таймс» (117 миң нуска), «Ивнинг геральд» (95 миң) ж. б. күнүнө 5 млндон ашык нускада гезиттер жарык көрөт. 1926-ж. радио уктуруу, 1961-ж. телекөрсөтүү башталган. Учурда улуттук коомдук эки тармак жана аймактык радио станцияларын камтыган мамлекеттик «Эйре радио жана телекөрсөтүү» (RTE) компаниясы, бир коммерциялык радио уктуруу жана 21 жергиликтүү коммерциялык станциялар бар. Телекөрсөтүүлөр үч мамлекеттик каналда (экөө англис, бирөө ирланд тилинде) көрсөтүлөт.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Биздин замандын алгачкы кылымдарында Кухулин жөнүндөгү баатырдык эпос жаралып, 8–9-кылымда жазылып алынган. Орто кылымдарда бард (профессионал акындар) поэзиясы жогору өрүш алып, 18-кылымда төмөндөп кеткен. Англиянын колониясы болуп турган мезгилде адабияты жай өнүккөн. 18-кылымдагы поэзияда (Ф. 0'Найв, Ж. Нажент, Б. Мерримен ж. б.) патриоттук идеялар камтылган. 18-кылымдын аягында ирланд адабияты менен фольклорунун салтын уланткан англис тилиндеги ирланд адабияты (Т. Мур, Ж. Гриффин, У. Карлтон ж. б.) маанилүү орун ээлеген. 19-кылымдын аягында «Ирланд кайра жаралуусу» деген маданий кыймыл башталып, ага драматург У. Б. Йейтс (1865–1939), акындар Ж. Рассел (1867–1935), Ж. Стивенс (1882–1950), драматург А. Грегори (1852–1932), жазуучу П. Колум (1881–1972) ж. б. жигердүү катышкан. Улуттук-боштондук кыймыл Ш. О’Кейсинин (1880–1964) драмалары менен прозасында, П. 0’Доннелдин, Ш. О’Фаолейндин ж. б. чыгармаларында негизги темага айланган.

Искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Ирландия искусствосунун башаты кельттердин көркөм маданиятынан башталат. 5–11-кылымда Ирландияда мунаралуу чиркөөлөр курулуп, китеп миниатюралары түзүлгөн. 12–16-кылымда имараттар готика жана роман стилинде салынган. Кийин Англия үстөмдүгү Ирландиянын искусствосуна да күчтүү таасирин тийгизген. Ирландия искусствосу 18-кылымдын аягынан (живописчилер У. Осборн, Н. Хоун Кенже ж. б.) тартып жандана баштап, 20-кылымда улуттук реалисттик мектеп (живописчилери Жон Б. Йейтс, Ч. Лэмб ж. б.) калыптанган. Кельттердин көп үндүү хору тууралуу ирланд сагаларында эскерилет. Жига, рил, хорнпайт, сетданс бийлеринин ирландча түрлөрү бар. 16–17-кылымдарда ак сөөктүк музыкалык чөйрөдөн профессионал композиторлор Рор Долл О’Катайн, Ж. жана Х. Скоттор, Т. жана У. Конелландар чыккан. Романтикалуу Ирландия балладасы жана эски арфа музыкасы 18–19-кылымда Европада кыйла бааланган. Белгилүү музыканттары: арфачы, композитор Д. Мёрфи, ырчы, композитор М. Келли (18-кылым), опералардын автору, ырчы М. Бальф (19-к.), ноктюрн жанрын негиздөөчү Ж. Филд (19-кылым) ж. б. Биринчи ирланд операсы 1909-ж. жазылган. Улуттук симфониялык (1948), Ирландия камералык (1963) оркестрлери, Ирландия королдук музыка академиясы (1848) иштейт. Ар кыл эл аралык музыкалык фестивалдар өткөрүлөт.

Театр[оңдоо | булагын оңдоо]

19-кылымдын акырынан У. Б. Йейтс жана А. Грегоринин демилгеси менен Ирландия адабий театры түзүлгөн. 1901-ж. ал ышкыбоздор менен биригип, Ирландия улуттук драма коомуна, кийин аббаттык театрга айланган. 1922-ж. драма союзу түзүлгөн. 1929-ж. Э. Хилтон жана Мак-Лиаммор театр уюштурган. 1939-жылдан аббаттык театр гель тилинде оюн көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]