Аланд аралдары

Википедия дан
Аланд аралдары.
Аланд аралдары.

Аланд аралдары (Аланддар, швед. ÅlandОланд, фин. AhvenanmaaАхвенанмаа) — Балтика деңизинде, Ботния булуңуна кире бериште; Финляндиянын аймагы. Аянты 1,5 миң км2дей. Калкы 22,6 миң (1980). 6,5 миң граниттүү аралдардан (бийиктиги 132 мге чейин) жана шхерлерден турат. Аралаш токой, бадал, шалбаа өсөт. Деңиз климаттык курорттору бар. Балык кармалат, сүт багытындагы уй асыралат. 1921-жылдан демилитаризацияланган зона.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1