Словения
Словения Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «Zdravljica » | |||||
![]() | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 25-июнь 1991-жыл
( Югославиядан) | ||||
Расмий тили | Словен тили | ||||
Борбор шаары | Любляна | ||||
Ири шаарлар | Любляна, Марибор, Целе, Крань, Веленье | ||||
Башкаруу формасы | парламенттик республика | ||||
Президент Парламенттин төрагасы Премьер-министр |
Наташа Пирц-Мусар Уршка Клакочар-Зупанчич Роберт Голоб | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
150-орун - дүйнөдө 20 271 км² 0,7 | ||||
Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы |
2 129 052 адам (145-орун) 103 ад./км² (114-орун-дүйнөдө) | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2024) • Ар бир жанга |
117,993 млрд $ (99-орун) 55 683 $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
73,198 млрд $ (85-орун) 34 544 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,918 (жогору) (23-орун) | ||||
Этнохороним | словендер | ||||
Акча бирдиги | Евро (EUR) | ||||
Домени | .si | ||||
ISO коду | SI | ||||
ЭОК коду | SLO | ||||
Телефон коду | +386 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +01:00 жайында +02:00 |
Словения (словен. Slovenija), расмий аталышы Словения Республикасы (словен. Republika Slovenija) — Борбордук Европада жайгашкан өлкө.
Борбору — Любляна шаары. Мамлекеттик тили — словен тили.
Балкан жарым аралынын Альпы тоолорунун алдынкы бөлүгүндө жайгашкан. Түштүк-батышынан Адрия деңизи менен чулганат. Батышынан Италия, түндүгүнөн Австрия, түндүк-чыгышынан Мажарстан, чыгышынан жана түштүгүнөн Хорватия менен чектешет.
Өлкөнүн көз карандысыздыгы 1991-жылдын 25-июнунда жарыяланган. 2004-жылы 29-мартында НАТОго[1], ошол эле жылдын 1-майында Европа бирлигине мүчө болуп кирген[2].
Этимологиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Словения аталышы «словене» этнониминен келип чыккан. Байыркы славян тилинен «славяндар», башкача айтканда «словяндар жери» деген маанини билдирет[3].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азыркы словен элинин ата-бабалары азыркы мамлекеттин аймагына б.з.ч. VI кылымда отурукташкан. VII кылымда алар Карантания мамлекетин негиздешкен, бул словен элинин алгачкы мамлекеттеринин бири болгон[4].
Карантания 745-жылы Франк мамлекетинен аскердик жардам алуу үчүн анын вассалы болуп калган. Натыйжада, 1180-жылы толук кыйраганга чейин, өлкө формалдуу түрдө көз карандысыздыгын сактап турган.
Франктардын үстөмдүгү словен элинин христиан динин кабыл алышына чоң таасир эткен.
1000 жыл убакыт аралыгында «Brižinski spomeniki» аттуу алгачкы словен тилиндеги жазма түрүндөгү документ жазылып, толукталып келген. XIV кылымда Словениянын аймагы Габсбургдардын башкаруусуна өтүп, кийинчерээк Австрия-Венгриянын курамына кирген. Словения ал учурда үч ички аймакка бөлүнгөн: Краньска, Горица, Штаерска.
Соода жолдорунун өзгөрүшү жана XVII кылымдагы отуз жылдык согуш Словениянын экономикасынын начарлашына олуттуу таасир эткен. Бирок, XVIII кылымда чарбалык өнүгүү кайрадан жанданып, товарларды өндүрүү калыбына келип, айыл чарбасы 60%өскөн жана улуттук агартуу кыймылы күч алган. Бул мезгил тарыхта «Словениянын жандануусу» деген аталыш менен белгилүү[5][4].
1809-1813-жылдары Словениянын көпчүлүк бөлүгү Иллирия провинциясынын курамына кирген[6].
Бул аймак Наполеон Бонапарттын башкаруусу астында болуп, француздардын көзөмөлүндө турган. Иллирия провинциясы француз администрациясы тарабынан түзүлүп, Словениянын маданиятына жана экономикасына белгилүү бир таасир тийгизген.
Бирок, 1813-жылы Наполеондун жеңилүүсүнөн кийин бул аймак кайрадан Австрия империясынын карамагына өткөн.
XIX кылымда, айрыкча 1848-1849-жылдардагы революция учурунда, Австрияда словен улуттук кыймылы жанданган. Бул кымылдын борбору Крайна болгон. Ошол мезгилде Петер Козлер «Словен жерлеринин картасын» түзгөн.
1918-жылы Австро-Венгрия империясы кулаган соң, Италия Биринчи дүйнөлүк согушта Словен Приморьесин басып алып, аны Венеция-Жулия аймагына кошкон. Азыркы Словениянын калган бөлүгү жаңы түзүлгөн сербдер, хорваттар жана словендердин падышалыгынын курамына кирген. 1929-жылы бул мамлекет Югославия падышачылыгы деп өзгөртүлгөн.
1941-жылы, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Италия Люблянаны, Германия Марибор жана башка аймактарды басып алган. 1945-жылы 29-ноябрда, Югославия падышачылыгы кулаган соң, Словения Югославия Социалисттик Федеративдик Республикасына кошулган. Ошондой эле, Словениянын курамына Италиянын Обална-Крашка жана Горишка аймактары өткөрүлүп берилген[7].
1991-жылдын 25-июнунда өткөн референдумда словендердин 88,2% өлкөнүн Югославиядан көз карандысыз болушун колдогон. Натыйжада, Словения эгемендүүлүгүн жарыялаган[8][4].
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]





Словения Борбордук Европанын Альп-Дунай аймагында жайгашкан. Өлкөнүн аймагын төрт негизги географиялык аймактарга бөлсө болот:
- Түндүк-батышында Альп тоолору — өлкөнүн аймагынын 42% ээлейт.
- Түндүк-чыгышында Ортонку Дунай түздүгү (Паннон) — өлкөнүн аймагынын 28% ээлейт.
- Түштүгүндө — карст платолорун камтыган бөксө тоолуу аймактар — өлкөнүн аймагынын 21% ээлейт.
- Батышында — Жер Ортолук деңизинин жээги (Адрия деңизи) — өлкөнүн аймагынын 9% ээлейт.
Геологиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Словения сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкан, анткени ал Евразия литосфералык плитасы менен Африка литосфералык плитасынын кошулган жерде жайгашкан[9]. Илимпоздор азыркы учурга чейин 60 кыйратуучу жер титирөөнү каттоого алышкан. Андан тышкары, өлкө боюнча сейсмикалык станциялардын кеңири тармагы иштейт, алар жер титирөөлөрдү каттап, алдын ала эскертүүлөрдү берүү үчүн колдонулат. Словениянын көптөгөн аймактары карбонаттуу тоо тектерден турат[9].
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Словениянын климаты аймактарына жараша ар түрдүү келет жана өлкөнүн географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрүп турат. Жалпысынан, өлкөдө үч негизги климаттык алкак бар: субтропикалык Жер Ортолук деңиз климаты, мелүүн континенталдык климат жана тоолуу аймактардагы тоо климаты[10][11].
Адрия деңизинин жээгиндеги аймактарда субтропикалык Жер Ортолук деңиз климаты басымдуу. Бул аймакта жайкысын орточо температура +28 °C чейин жетип, кышкысын +10 °C тегерегинде болот. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1000 ммден ашат, көбүнчө жаз жана күз мезгилдеринде жамгыр жаайт[10][12].
Өлкөнүн борбордук жана түндүк бөлүктөрүндө мелүүн континенталдык климат басымдуу келет. Бул аймактарда жайкысын орточо температура +20 °Cден +25 °Cге чейин, кышкысын 0 °Cден -2 °Cге чейин өзгөрөт. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1000 ммден 1500 ммге чейин, ал эми тоолуу аймактарда 2000 ммден ашат[10][12].
Тоолуу аймактарда, айрыкча Альп тоолорунда, кышкысын орточо температура -6 °Cге чейин төмөндөп, жайкысын +15 °Cден +17 °Cге чейин жетет. Бул аймактарда жаан-чачындын өлчөмү эң жогору, жылына 3000 ммге чейин жетет[12][10].
Словениянын чыгыш бөлүгүндө жаан-чачындын өлчөмү салыштырмалуу аз, жылына 700 ммге чейин. Бул аймакта жайкысын орточо температура +25 °Cге чейин жетип, кышкысын 0 °Cден төмөндөбөйт[10].
Суу ресурстары (гидрология)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Словениянын аймагынын негизги бөлүгү (16 423 км² же 81%) Кара деңиз бассейнине таандык, ал эми кичине бөлүгү (3 850 км² же 19%) Адрия деңизинин бассейнине кирет. Бул эки дарыялар бассейни негизги дарыялары боюнча кичирээк бирдиктерге бөлүнөт: Мура дарыясынын бассейни, Драва дарыясынын бассейни, Сава дарыясынын бассейни жана Колпа дарыясынын бассейни[13].
Башка өнүккөн өлкөлөр менен салыштырганда, Словенияда суунун сапаты Европадагы эң жогорку деңгээлде деп эсептелет[14].
Флорасы жана фаунасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Словения 1992-жылдын 13-июнунда биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Рио конвенциясына кол койгон жана 1996-жылдын 9-июлунда конвенциянын отурумуна катышкан[15]. 2002-жылдын 30-майында Улуттук биологиялык ар түрдүүлүк стратегиясын жана иш-аракеттер планын түзгөн жана бул план конвенция тарабынан жактырылган.
Словения геологиялык жана биогеографиялык аймактардын кесилишинде жайгашканына, ошондой эле адамдын таасирине байланыштуу өзгөчө ар түрдүү жаратылышы менен айырмаланат[16]. Өлкөдө төрт экологиялык аймак бар: Динар тоолорунун аралаш токойлору, Паннония аралаш токойлору, Альпы ийне жалбырактуу жана аралаш токойлор, Иллирия жалбырактуу токойлору[17]. Өлкөнүн аймагынын болжол менен 12,5% коргоого алынган[18]. Жаратылыштын булгануусу жана экологиялык деградациянын натыйжасында биологиялык ар түрдүүлүк жыл сайыин төмөндөөдө[19]. 2019-жылы Словения Токой ландшафттык бүтүндүк индекси боюнча 3,78/10 орточо көрсөткүчкө ээ болуп, дүйнөдөгү 172 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген[16].
Өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгү жогору, Словения Жер шарынын 0,004% гана аймагын ээлейт, бирок дүйнөдөгү организмдердин 1% ушул аймакта кездешет[20].
Словенияда сүт эмүүчүлөрдүн 75 түрү бар, алардын катарына суурлар, тоо текеси жана зообөкөндөр кирет. Ошондой эле өлкөдө бугулар, эликтер, жапайы чочколор жана коёндор көп кездешет. Словениянын кайың токойлорунда глис чычкандары кеңири таралган[21]. Бул чычкандарга аңчылык кылуу жана аларды тамак-ашта колдонуу Словениянын тарыхий салттарынын бири[22].
Жырткычтардын катарына европа сүлөөсүнү, европа жапайы мышыгы, түлкүлөр, европа чөөсү жана күрөң аюу кирет[23]. Ошондой эле өлкөдө кирпилерди, суурларды жана жыландарды кездештирсе болот[24]. Акыркы маалыматтар боюнча, Словениянын аймагын болжол менен 40–60 карышкырлар жана 450гө жакын күрөң аюулар байырлашат.
Словения ар түрдүү үңкүр жаныбарларынын мекени болуп саналат, алардын ичинде ондогон эндемикалык түрлөр бар.
Өлкөнүн географиялык жайгашуусу жана климаттык ар түрдүүлүгү анын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн бай болушуна шарт түзөт. Словенияда 3,200дөн ашык тамырлуу өсүмдүк түрлөрү бар, бул Европадагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.
Өсүмдүктөрдүн негизги аймактары:
- Альп алкагы – бийик тоолуу аймактарда тоо өсүмдүктөрү кездешет, мисалы, эдельвейс.
- Паннония түздүгү – дандуу өсүмдүктөргө жана талаа чөптөрүнө бай.
- Динар тоо кыркалары – бул аймакта эмендүү жана карагайлуу токойлор басымдуу кылат[25].
- Жер Ортолук деңиз жээктери – жумшак климатка ылайыкташкан лаванда, розмарин, зайтун дарактары жана тыт өсөт.
Словениянын аймагынын 35,5% Европа бирлигинин Natura 2000 экологиялык аймактар тармагына кирет, бул уникалдуу өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды сактоо максатында түзүлгөн корук зонасы. Бирок экологиялык бузулуулар жана булгоочу факторлор өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүнө коркунуч жаратууда.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ НАТОго мүчө мамлекеттер
- ↑ Евро бирлигине мүчө мамлекеттер
- ↑ Поспелов Е.М. Дүйнөнүн географиялык аталыштар. Топонимикалык сөздүк
- ↑ 4.0 4.1 4.2 Большая российская энциклопедия. Словениянын тарыхы
- ↑ Студопедия. Словениянын улуттук кайра жаралуусу жана 1848-1849-жылдардагы революция
- ↑ Кирилина Л.А., Пилько H. С., Чуркина И.В. Словениянын тарыхы
- ↑ Словения оккупация астында.
- ↑ Словения Республикасынын көз карандысыздыгы тууралуу референдумдун жыйынтыгы
- ↑ 9.0 9.1 Словениянын жаратылышты коргоо агенттиги. Сейсмология
- ↑ 10.0 10.1 10.2 10.3 10.4 Словениянын климаты жана аба ырайы
- ↑ Словениянын жыл ичиндеги климаты
- ↑ 12.0 12.1 12.2 БУУ. Суу таңсыздыгы
- ↑ Словениянын жаратылышты коргоо агенттиги. Словениянын суу ресурстары
- ↑ Словениянын жаратылышты коргоо агенттиги. Словениядагы суунун сапаты
- ↑ Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенция. Өнөктөштөрү
- ↑ 16.0 16.1 Словениядагы биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүк
- ↑ Экоаймактардын негизинде жаратылышты коргоо
- ↑ Европанын парктар күнү 2012
- ↑ Токойлордун антропогендик таасирлердин астында азайышы
- ↑ Словения туралуу «жашыл» фактылар
- ↑ Словениянын улуттук токойлорду коргоо боюнча программасынын резолюциясы
- ↑ Чычкандарга аңчылык кылуу – Словениянын улуттук өзгөчөлүгү
- ↑ Словенияда чөөлөрдүн үйүрлөрү бар экендиги тастыкталды
- ↑ 2016-2026-жылдарга карата Словениядагы эл аралык жаратылышты коргоо башкармалыгынынын коргоо стратегиясы
- ↑ Zavod za gozdove Slovenije. Токойлор
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Словения жөнүндө негизги маалыматтар порталы.
- Словения өкмөтүнүн расмий сайты
- Словения Республикасынын Статистика башкармалыгы
- Жаратылыш, климат жана энергетика министрлигинин метеорология бюросу
- Словениянын туризм порталы.
Европа өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австрия · Азербайжан¹ · Албания · Андорра · Беларусь · Бельгия · Болгария · Босния жана Герцеговина · Ватикан · Германия · Грекия · Грузия¹ · Дания · Ирландия · Исландия · Испания · Италия · Казакстан² · Латвия · Литва · Лихтенштейн · Люксембург · Мажарстан · Мальта · Молдавия · Монако · Черногория · Нидерланд · Норвегия · Орусия² · Польша · Португалия · Румыния · Сан-Марино · Сербия · Словакия · Словения · Түндүк Македония · Түркия² · Украина · Улуу Британия · Финляндия · Франция · Хорватия · Чехия · Швейцария · Швеция · Эстония | ![]() |
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Косово · Приднестровье | |
Көз каранды аймактар | Аланд аралдары · Гернси · Гибралтар · Жерси · Мэн аралы · Фарер аралдары · Шпицберген · Ян-Майен | |
¹ Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, негизинен же толугу менен Азияда. ² Негизинен Азияда. |
Европа бирлиги | ||
---|---|---|
Мүчөлөрү | Австрия • Бельгия • Болгария • Мажарстан • Германия • Греция • Дания • Ирландия • Испания • Италия • Кипр • Латвия • Литва • Люксембург • Мальта • Нидерланд • Польша • Португалия • Румыния • Словакия • Словения • Финляндия • Франция • Хорватия • Чехия • Швеция • Эстония | ![]() |
Расмий талапкерлери | Албания • Босния жана Герцеговина • Молдова • Грузия • Черногория • Сербия • Түндүк Македония • Түркия • Украина | |
Дараметтүү талапкерлери | Косово | |
Мурдагы мүчөлөрү | Улуу Британия |
|
![]() |
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |