Парламенттик республика

Википедия дан

Аткаруу бийлиги

Мамлекет башчы

ДиктаторМонархПрезидент

Өкмөт

Өкмөт башчысыКанцлерАткаруу бийлигинин башчысыПремьер-министрМинистрлер кабинетиМинистрликМинистр

Башкаруу формасы

Президенттик башкаруу системасыАралаш башкаруу системасыПарламенттик башкаруу системасыПарламенттик демократия (Вестминстер системасы) • Парламенттик монархияПарламенттик республика

Тизмелер

Президенттердин тизмесиМамлекет башчыларынын тизмесиӨкмөттөрдүн тизмеси

Жергиликтүү бийлик

ГубернаторМэрАкимАйыл башчы

Парламенттик республика – парламенттин укугу (полномочие) жогору турган республикалык бийликтин түрү. Демократиялык шайлоонун мындай системасында шайлоочулар добушун жеке кандидат эмес, партияга берет. Парламенттик республикада өкмөттүн составын көпчүлүк мандатка ээ болгон партия дайындап, ал президент эмес, парламентке жооп берет жана аны колдогон партия көпчүлүк добуштан ажырамайын өз ишин улантуу укугун пайдаланат. Парламенттеги көпчүлүк ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан учурда өкмөт отставкага кетет, же болбосо өлкө башчысына кайрылуу аркылуу парламентти таратууну талап кылат. Парламент закон чыгаруудан тышкары өкмөттүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүү, мамлекеттик бюджетти кабыл алуу, финансы маселесин чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүү жолун тандоо, өлкөнүн ички-тышкы жана коргонуу саясатын аныктоо укугуна ээ. Көпчүлүк Парламенттик республикаларда (мисалы, Италия ж. б.) президентти да парламент шайлаган учурлар кездешет. Кыргызстан жана башка Австрия сыяктуу Парламенттик республикаларда президент жалпы шайлоочулар тарабынан 6 жылга шайланат жана ага законго кол коюу, декрет чыгаруу, сыйлык ыйгаруу, парламентти таратуу, өкмөт башчысын (формалдуу түрдө) жана күч органдарынын башчысын дайындоо, соттолгон адамдарга мунапыс берүү, куралдуу-күчтөрдүн башкы командачысы сыяктуу укуктар берилген.