Премьер-министр
Премьер-министр, баш вазир (фр. le premier — биринчи) — бир катар мамлекеттердин аткаруу бийлигинин башчысы.
Кээ бир өлкөлөрдө премьер жалпы элдик добуш берүүдө аныкталат, башкаларында парламент дайындайт (Кыргыз Республикасы, Казакстан, Беларусь, Орусия Федерациясы), же өлкө башчы дайындайт (Улуу Британия, Франция).
Ар бир өлкөдө премьер-министрдин өз аталышы бар, мисалы Латвияда — министрлер президенти; Германия жана Австрияда — канцлер; Кыргызстанда жана Израилде — өкмөт башчы, Италияда жана Перуда — Министрлер Кеңешинин төрагасы деп аталат.
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
Премьер-министр кызматы XVI — XVII кылымдарда Батыш Европада пайда болгон. Премьер-министр деген сөз биринчи министр деп которулат. Францияда XVI—XVII кылымдарда башкы мамлекетттик министр аттуу кызмат орду пайда болгон.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7