Перу

Wikipedia дан
Перу.

Перу, Перу Республикасы – Түштүк Американын батышындагы мамлекет. Түндүк-батышынан Эквадор, түндүк-чыгышынан Колумбия, чыгышынан Бразилия, түштүк-чыгышынан Боливия, түштүгүнөн Чили менен чектешет. Батышы менен түштүк-батышын Тынч океан чулгайт. Аянты (жээк аралдары менен) 1285,2 миң км2. Калкы 30,3 млн (2012). Борбору – Лима шаары Административдик-аймактык жактан борбордук провинция (Ла-Метрополитан) жана 25 регионго бөлүнөт. Акча бирдиги – жаңы соль.

Flag of Peru.svg

Бириккен Улуттар Уюмунун (1945), Америка өлкөлөрү уюмунун (1948), Эл аралык валюта фондунун (1945), Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын (1961), Эл аралык финансы корпорациясынын (1956), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1945) ж. б. мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Перу унитардык мамлекет. Конституциясы 1993-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы, ошондой эле жогорку башкы командачысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу парламентке (Улуттук конгресс) таандык. Аткаруу бийлигин президент жана өкмөт (Министрлер кеңеши) ишке ашырат. Перуда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Перу – улуттук партиясы, Улуттук биримдик, Борбордук фронт ж. б.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Табигый шарттарынын өзгөчөлүгүнө жараша Перунун аймагы жазылыгы 80-180 км болгон батыш жээк тилкеге – Костага (өлкөнүн аймагынын 12% ин түзөт), борбордук тоолуу районго – Сьеррага (эң бийик жери 6768 м аймагынын 27% и) жана чыгышындагы нымдуу токойлуу тоо этектери менен түздүктөргө – Сельвага (аймактын 61% и) бөлүнөт. Костанын түндүк бөлүгүн Сечура чөлү ээлейт. Батышында, Тынч океандын жээгин бойлой чөлдүү түздүк жайгашкан. Борборун Анд тоо системасы, чыгышын Амазонка ойдуңу жана тоо этегиндеги түздүк ээлейт. Батыш Кордильерада (бийиктиги 6 миң м ден жогору) жанар тоолор көп кездешет. Алар: аракеттеги – Солиман (6117 м), Мисти (5821 м) ж. б.; өчкөндөрү – Уаскаран (6768 м), Коропуна (6425 м), Аусангате (6384 м) ж. б. Too аралык Альтиплано ойдуңу, бийик тоолуу Титикака көлү (Перуга көлдүн батыш бөлүгү таандык) менен өзгөчөлөнөт. Костанын түндүк бөлүгүндө майда дарыялар көп. Ири дарыялары: Амазонка, Мараньон (Амазонканын негизги куймасы), Укаяли. Климаты субэкватордук, тропиктик; жылдык жаан-чачыны 700-1000 мм. Айлык орточо темпра 15-20°С (Коста аймагында жана Анд тоолорунун батыш капталында). Костанын жана Анд тоолорунун батыш капталдарынын топурактары күрсүз. Тоолуу облустун түндүгүндө жана чыгышында тоо-шалбаа, түштүк-чыгышында жарым чөл топурактары мүнөздүү. Өсүмдүктөрүнөн бадалдар, кактус (Анд тоолорунун батыш капталында), түштүк-чыгышында жарым чөл, Анд тоолорунун чыгыш капталында жана Амазонка ойдуңунда дайыма жашыл токой өсөт. Улуттук парктары: Манту, Серрос-де-Амонате ж. б.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын негизин индейлер (45%), метистер (37%), европалыктар (15%) түзөт, ошондой эле башка улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Негизинен христиан (католиктер 81,3%, евангелисттер 12,5% ж. б.) жана салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Расмий тили - испан жана кечуа тилдери, ошондой эле аймар ж. б. жергиликтүү диалекте сүйлөгөндөр да бар. Орточо жыштыгы 1 км2ге 23 киши. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 24,88; өлүм-житим төмөн, 1000ге 6,84; жаш балдардын өлүмү өтө жогору, 1000ге 52,1). Калктын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 69, аялдарыныкы – 73. Шаар калкы 71% (2008). Ири шаарлары; Лима, Трухильо, Ape-Kuna, Чиклайо ж. б.

==Тарыхы Перу аймагын индейлер б. з. ч. 10 миң жыл мурда мекендеген. Б. з. 12-кылымында инктердин Тауантинсуйу (1438) мамлекети түзүлүп, ири империяга айланган. 16-кылымдын башында Ф. Писарро ж. б. баштаган конкистадорлор индейлердин катуу каршылыктарына карабастан Перуну каратып, Перу вице-королдугун түзгөн (1544). Катаал эзүүгө дуушар болгон жергиликтүү эл көз каранды эмеетиги үчүн испан колониячыларына каршы күрөшкөн. 1821-ж. Перу көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланган. 1855-ж. кулчулук жоюлган. 19-кылымдын ортосунда америкалык жана англ. капитал кире баштаган. Тынч океан согуштарынын (1864–65- жана 1879–83-жылдары) мезгилинде Перу селитрага бай жерлеринен ажырап, зайым берип турган Улуу Британияга экономикалык жактан көз каранды болгон. 1918–19-жылдары Перуда тоо-кен, жеңил өнөр-жай жана порт жумушчуларынын иш таштоолору чыгып, өкмөт аскерлери менен куралдуу кагылышка жеткен. 1927-ж. X. К. Мариатеги жетектеген солчул күчтөрдүн кыймылы күчөп, 1928-ж. Перукомпартиясы (1930-ж. чейин Социалисттик партия) түзүлгөн. Өлкөдө жалпы эмгекчилер конфедерациясы уюшулган, бирок 1968-ж. чейин АКШ капиталынын коштондусунда калган. 1968-ж. Перуда аскер төңкөрүшү болуп, башында X. В. Альфарада турган солчул офицерлер бийликке келип, өлкөдө кеңири социалдык экономикалык реформа жүргүзүү аракеттери ишке ашкан эмес. 1980-2000-жылдары Перуда бир нече жолу аскер төңкөрүштөрү болгон.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Перу – агрардык-индустриялуу өлкө. Экономикасынын негизин тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр-жайы түзөт. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 269,14 млрд долларды (АКШ, 2010) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 9,1 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 67, өнөр-жайыныкы 25, айыл-чарбаныкы 8. Жез, күмүш, алтын, нефть, цинк, таш көмүр ж. б. казып алынат. 2009-ж. 31,8 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Тоо-кен өнөр-жайы өнүккөн. Түстүү металлургия (жез, коргошун, цинк, күмүш ж. б.), тамак-аш, жыгаччылык, женил өнөр-жай ишканалары иштейт. Негизги айыл-чарба өсүмдүктөрү – пахта, бал камыш, кофе, какао. Негизги азыгы – картөшкө, жүгөрү, күрүч, тропик өсүмдүктөрү ж. б. Кой, бодо мал, чочко, лама, альпак асыралат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 137,3 (2007), темир жолунуку 1,906 (2010). Сыртка жез, алтын, цинк, чийки нефть, кофе, картөшкө ж. б. чыгарылат. Сырттан нефть продуктуларын, пластмасса, автомобиль, кагаз, машина жабдууларын ж. б. алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Япония, Германия, Бразилия, Кытай, Аргентина ж. б.

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу испан тилинде жүргүзүлөт. 15 жаштан жогорку калктын еабаттуулугу 77% ти түзөт (2012). Трухильо улуттук (1821), Рикардо Пальма (1969), Сан-Маркос (1551), Сесара Вальехо (1991) университеттери, ошондой эле ири китепканалары, музейлери, илимий мекемелери бар. Испан тилинде «Экспрессо», «Охо», «Пренса» ж. б. гезит-журналдар чыгат. Радиоуктуруу 1969-жылдан, телекөрсөтүү 1970-жылдан иштейт.

Перунун адабияты көбүнчө испан тилинде өнүккөн. Кечуа жана аймара элдеринин фольклорунун үлгүлөрү бар. Кечуа тилиндеги «Ольянтай» (1853-ж. жарык көргөн) элдик драмасы, Гарсиласо де ла Бегининин «Инктердин королдук түшүндүрмөсү» сыяктуу адабий мурастары сакталган. 19-кылымда испан колониячыларына каршы патриоттук тема өкүм сүрүп (М. Мельгар, X. X. де Маррива, Р. Пальма), 19-кылымдын аягынан реалисттик чыгармалар жарала баштаган (К. Матто де Турнердин «Уясыз чымчыктар» романы ж. б.). 20-кылымда Г. Праданын коомдук түзүлүштү сындаган («Эркин ырлар», «Перу балладалары», «Күрөш сааты») ыр жыйнактары чыгып, Г. Кальдерон, Ф. Ромеро, Р. Арсиньега, С. Алергия («Чон да, бөтөн да чөйрөдө»), М. Аргедастар («Терең суулар», «Бардык расалардын каны») сын реализмин өнүктүргөн.

Байыркы инк дооруна чейинки мезгилден кооз карапалар жана оюм-чийимдер сакталган. 15–16-кылымдарда кездемени көрктөп токуу, металл буюмдарды жасоо өнөрү да өнүккөн. Алгачкы коом маданиятын алмаштырган инк мамлекетинин маданияты өрүш алган (Кускодогу күн храмы, сепилдер ж. б.), испан маданиятынын таасири менен рельефтүү оюм-чийимдүү имараттар курулган. Лимада Санто Доминго монастыры (16-кылым), Сан- Педро чиркөөсү (1623–38), Сан-Франсиско монастыры (1653–57), Мерсед, Сан-Агустин жана Санта-Тереса (17-кылым) монастырлары, маркиз Торре Тарленин (18-кылым) сарайы бар. 19-кылымда архитектурада француз классицизмин тууроо басымдуулук кылса, 20-кылымдын орто ченинен азыркы архитектуралык принциптеги административдик бийик имараттар, мейманканалар, турак үйлөр (архитектор М. Бьянко, С. Агурто Кальво, Э. Сейоане Рос ж. б.) тургузулуп, айрым шаарлар кайра курулган. 20-кылымдын 1-жарымынан Перу сүрөтчүлөрү европалык жана америкалык ар кандай агымдар (академизм, модернизм) менен күрөшүп, элдик турмушту жана салттарды чагылдырууга аракеттенишкен (X. Сабоголь ж. б.).

Музыкасы пентатоникага негизделген, диний (хальи), тарыхый (таки), элегия мүнөздө (уанка) жана лирикалык (арави) ырлар, бийлер (уайно, кашуа, каруйо) өнүккөн. Эл аспаптары: урма (уанкар, тинья – барабандары), үйлөмө – Пан флейтасы (сику же антара), узунча флейта (кена, пинкольо, тарка, аната), гитара ж. б. Республикасынын музыкалык борбору - Лима. Анда Улуттук консерватория, Муниципалдык театр, Улуттук симфониялык оркестр жана хор бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]