Мунай

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Негизги макала: Нефть

Мунай, карамай, нефть - жердин чөкмө тоотек катмарларында жайгашкан, коңурсуган жыты бар күйүүчү, май сымал суюктук; өтө маанилүү кен байлык.

Ал 1,2- 2 кмден ашык тереңдикте газ абалындагы көмүртектер менен бирге пайда болот. Түрдүү көмүртектерден (алкан, циклоалкан, ароматтуу көмүртектерден), көмүртек менен суутектен, о. эле аз са нда кы чкы лтек, күкүрт, азот сыяктуу гетероатомдору бар түрдүү бирикмелерден турат. Күйгөндө 43,7-46,2 Мдж/кг жылуулук берет. Органикалык эриткичтерде эрип, сууда эрибейт, бирок анда туруктуу эмульсияны пайда кылат. Ири мунай-газдуу чөкмө тектүү бассейндер платформалык, бүктөлүү-платформалык аймактардын ички жана четки ийилүүлөрүндө, о. эле периокеандык платформалуу облустарда жайгашат. Запасы боюнча дүйнөдөгү эң ири мунай-газ бассейндеринин бири - Перс булуңу. Мунайдын кени Антарктидадан башка бүт континенттерде жана океан акваториясынын кыйла бөлүктөрүндө бар экендиги аныкталган. Дүйнөдө мунайдын 30 миңден ашык кени белгилүү (1996), анын 15- 20% газ-мунай кендери. Казып алынган дүйнөлүк мунайдын 85%ке жакынын кендердин 5%ин гана берет. Мис., эки кенде - Гавар (Сауд Арабстаны) жана Бурган (Кувейт) кендеринде гана мунайдын дүйнөдөгү чалгындалган запасынын 20%тен ашыгы топтолгон. Кыргызстандагы мунай-газ кендери Ноокен, Сузак, Лейлек, Кадамджай районун аймактарында жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2