Кадамжай району

Wikipedia дан
Кадамжай району

Кадамжай району картада

Өлкө:

[[Кыргызстан желеги Кыргызстан]]

Абалы:

Район

Киргени:

Баткен облусу

Курамында:

11 айыл өкмөтү,
3 шаар,
93 айыл

Акимий борбору:

Кадамжай

Ири шаарлары:

Айдаркен, Кызыл-Кыя

Түзүлгөн убакыты:

2-март, 1938

Ырасмый тили:

Кыргыз тили

Калкы (2016):

180 900

Улуттук курамы:

кыргыздар — 73,8%
башкалар — 26,2 %[1]

Жер аянты:

6,1 км²

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Эң төмөн чекити



 5 259 м
 700 м

Саат алкагы:

UTC+6

Унаа коду:

A

Ырасмый сайты

Кадамжай району — Баткен облусундагы административдик бирдик. Район 1938-ж. 2-мартта уюшулган (1999-ж. чейин Фрунзе району). Облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен району, түштүгүнөн Ош облусунун Чоң Алай, Ноокат райондору, түндүгүнөн Өзбекстан менен чектешет. Аянты 6,1 миң км2. Калкы 143,9 миң (2009). Райондо 3 шаар (Айдаркен, Кадамжай,Кызыл-Кыя), 2 шаарча ( Совет, Чабай), 11 айыл өкмөтү, 93 кыштак бар. Борбору Кадамжай шаары.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Район Фергана өрөөнүнүн тоо этегиндеги түштүк бөлүгүн жана Алай кырка тоосунун өрөөнгө караган түндүк тарабын ээлейт. Деңиз деңгээлинен эң жапыз жери 700 м (Бүргөндү массивинде), эң бийик жери 5259 м (Алай кырка тоосунда). Фергана өрөөнүн адырлар чектеп, айрым жерлеринде түздүктөр кездешет. Адырлардан түштүгүрөөк этек тоолор зонасы жатат. Андан ары Кербен Көк-Жар (батыш бөлүгү), Охна жана Айдаркен ойдуңдары жайгашкан. Райондун аймагы табигый кендерге бай. Отун ресурстарынан күрөң көмүрдун мааниси зор (Кызыл-Кыя, Беш-Буркандын батыш чети). Сурьма жана сымаптын (Кадамжай, Айдаркен, Кан ж. б.) запасы боюнча БорбордукАзияда алдыңкы орунда. Курулуш материалдары (гипс, мамы таш, кум-шагыл, чопо ж. б.), коргошун, алтын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы ысык, кургакчыл, кышы мелүүн суук. Январдын орточо температурасы түздүктөр менен адырлар тилкесинде -2,6... -6,4°С, тоолордо -8,9°С, июлдуку түздүктөр менен адырларда 26,8°С, тоолордо 10,6-19,1°С. Жылдык жаан-чачыны 200-500 мм. Суулары: Исфайрам-Сай, Шаймерден, Ак-Суу ж. б. Топурак-өсүмдүктөрү бийиктик мыйзам ченемине ылайык өзгөрөт. Тоо этектериндеги түздүктөр, адырлар, тоо арасындагы ойдуңдар деңиз деңгээлинен 1600 м бийикке чейин боз топурактуу келип, чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Айрым жерлеринде бадалдар да кездешет. Таштуу жарым чөл бийик тоолорго мүнөздүү. Күрөң жана коңур тоо топурактуу тоо капталдарында (1600-2500 м бийикте) талаа жана токой өсүмдүктөрү басымдуу. Тоо шалбаа топурактуу 3000-4000 м бийикте каз таман, доңуз сырты ж. б. бийик тоолуу өсүмдүктөр өскөн субальп жана альп шаалбасы мүнөздүү. Орто бийик тоолордогу аскаларда арча өсөт. Арча токоюнун жалпы аянты 34,8 миң га. Райондун жеринин жаратылыш шарты мал чарбасын (айрыкча эчки багууга) өнүктүрүүгө жана дыйканчылыкка (жашылча, пахта, тамеки жана мөмө жемиштерди өстүрүүгө), ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу. Райондун аймагы сейрек кездешүүчү сурьма, сымап ж. б. түстүү металлдарга, көмүргө, цемент ж. б. курулуш материалдарына бай.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Райондо жашагандардын 15,2%ин шаар, 84,8%ин айыл калкы түзөт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 26 адам (облуста 24, Кыргызстанда 25 адам). Улуттук курамы боюнча 69,8%ти кыргыздар, 13,9%ти тажиктер, 11,6%ти өзбектер, 2,9%ти орустар, башка улуттар 1,8%ти түзөт. Акыркы жылдарда калктын табигый өсүш коэфф. төмөндөө менен катар калктын миграциясы, башка жакка көчүүсү азаюуда. Райондун жалпы калкынын 51,3%ин эмгек ресурстары түзүп, анын 57,6%ине жакыны иштеп, калган ишке жарактуу калк жеке менчик чарбаларда жана убактылуу табылган иштерде эмгектенет. Иштеген калктын 46%и айыл-чарбасыда, 20%и социалдык чөйрөдө, калган 34%и өнөр жайында, транспорт жана байланышта, ошондой эле курулушта, соодада ж. б. тейлөө тармактарында да эмгектенет.

Өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Райондун чарбасында өнөр-жай тармагы өндүргөн продукция республикада маанилүү орунду ээлеген. Алар дүйнөгө белгилүү «Кадамжай сурьма комбинаты» жана «Айдаркен сымап комбинаты» АКтары. Андан тышкары райондо 12 өнөр-жай ишканасы бар; ирилери: Кадамжай ун тартуу ишканасы, «Кан өнөр-жай комбинаты» жана Кадамжай нан бышыруучу АКтары, Бүргөндү мөмө-жемиш шарап комбинаты. Өнөр-жай ишканалары негизинен Кадамжай шаарында, Айдаркен шаарында, Совет шаарчаларында, Пүлгөн жана Бүргөндү айылдарында жайгашкан. Негизги өнөр-жай продукциялары: сымап, сурьма, малина, шарап, өсүмдүк майы, ун ж. б.

Айыл чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Райондун айыл-чарбага жарактуу жери 215,4 миң га (облустун 31,7%и), анын ичиндеайдоо жери 25,7 миң га (37,2%), көп жылдык өсүмдүктөрү 3,2 миң га (30,8%), чөп чабынды 2,8 миң га (29,8%), жайыт 183,1 миң га (31,1%). Райондун айыл чарба өндүрүшүндө 524 дыйкан чарба, 94 кичи фермердик чарба, 945 жеке жер ээлери, 5 мамлекеттик үрөнчүлүк чарба иштейт. 14,1 миң га дан эгиндери эгилип, андан 46,7 миң тдан (анын ичинде29,9 миң т буудай, арпа ж. б. 1,6 миң т буурчак), 20,2 миң т жашылча, 9,9 миң т картөшкө, 5,2 миң т бакча, 9,8 миң т мөмө-жемиш, 2,6 миң т жүзүм жыйналган. Райондо 38,7 миң бодо мал, 129,2 миң кой-эчки, 5,1 миң жылкы, 71,3 миң үй канаттуулары бар.

Автомобиль жолдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Райондун аймагы аркылуу Ош – Кызыл-Кыя– Пүлгөн –Баткен –Исфана, Фергана (Өзбекстан) –Пүлгөн– Шаймерден, Кызыл-Кыя –Дароот-Коргон автомобиль жолдору, Фергана (Өзбекстан) Кызыл-Кыя темир жол, Фергана (Өзбекстан) Кадамжай (1972-ж. курулган), Сох (Өзбекстан) Айдаркен (1973-ж.) газ трубалары өтөт.

Билим берүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Райондо жалпы билим берүүчү 82 мектеп, анын ичинде 71 орто, 6 толук эмес, 3 башталгыч жана балдардын жатак мектептери, 2 гимназия, 2 лицей бар. Ошондой эле 2 кесиптик-техникалык окуу жайында окуучулар, тракторист, кийим тигүүчү, айылдык курулуш усталары адистигине ээ болушат. Райондо, айрыкча, шаарчаларда маданият үйлөрү, балдардын музыкалыкжана спорттук мектептери, китепканалар (баардыгы 51), 637 орундуу борбордук оорукана, 10 участкалык оорукана ж. б. иштейт.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]