Жал, Кадамжай району
Jump to navigation
Jump to search
Жал, Кадамжай району – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Бирлик айыл округуна караштуу. Кадамжай Сырт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1995 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 42 км түштүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол станциясынан 82 км. Калкы 1374 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Эки үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5