Мазмунга өтүү

Совет

Википедия — ачык энциклопедия
("Совет, Кадамжай району‎"‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Совет
ӨлкөКыргызстан
ОблусБаткен облусу
РайонКадамжай району
Координаттар40°10′00″ с. ш. 71°18′40″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы1 280 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Совет (Кыргызстан)

СоветКыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Совет айыл аймагына кирет.

Баткен облусунун административдик борбору ― Баткен шаарынан 180 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1150 м бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянты 8,4 км. Калкы 1,2 миң (2002). Негизинен кыргыз (53%), өзбектер (23,1%), ошондой эле орустар (7,7%), тажик (6,2%), татарлар(4,7%) жана башта улуттар (4,5%) жашайт. Калкы шаарчадагы жалгыз өнөр жай ишканасы –“Кан өнөр жай комбинаты” АКда эмгектенишет. Комбинат мектепке, бала-бакчага жана үй тиричилитерине керектүү эмеректерди, металлдан жана резинадан жазалган техникалык буюмдарды чыгарат. Шаарчада кесиптик-техникалык окуу жайы, орто мектеп, бала бакча, оорукана, маданият үйү, китепкана бар. Мурда Кан деп аталып, Кокон хандыгынын аскердик чеби болгон.

Калкы - 1 280 киши.[1]

  1. 1 2 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.