Кокон хандыгы

Википедия дан
Кокон хандыгы
хандык

1709 — 1876




Борбор калаа 1709—1732 Эски-Курган
1732—1876 Кокон
Тил Кыргыз, Өзбек
Дин Ислам
Аянт 220 тыс. км²
Калк өзбектер, тажиктер, казактар, кыргыздар
Башкаруу формасы монархия
Сулале (династия) миң
Батыш-кыргыз конфедерациясы
Фергана облусу
Алай хандыгы
Кыргыз хандыгы
Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория

Кокон Хандыгы — 1709 – 1876 аралыгында, азыркы Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын түштүк аймактарында жана Шинжаң-Уйгур автоном районунун (Чыгыш Түркстан) аймактарында жашаган мамлекет. Эң жогорку гүлдөөсүндө 820 миңдей км² ээлеген. Түркстан хандыктарынын бири.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хандыктын түптөлүш мезгили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1709-жылы «миң» деген өзбек уруусунан чыккан Шахрух бийдин Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө көзкарандысыз ээликти негиздеши, хандыктын негизделиши болгон. Ал анча чоң эмес Кокон шаарында чеп тургузган, кийин бул хандыктын борборуна айланган.

Жергеликтүү уламыштар боюнча, султан Бабур (Темирландын чөбөрөсү) Фергана өрөөнү аркылуу Самаркандан Индияга өтүп бара жатканда, аялдарынын бири Кожент менен Канибадам арасындагы жолдон уул төрөйт; Алтынбешик (1545-жылы өлгөн) деп аталган наристени ал жердеги көчүп-конуп жүрүүчү төрт уруу (анын бири, сулалеге атын берген миң уруусу) багып алат. Качан анын тектүүлүк жайы билингенде, Алтынбешик бий көтөрүлүп, Ахсыга жайланышат. Бий наамы анын урпактары үчүн тукум куума болуп калат. Алгач Фергана өрөөнүндөгү Дыйкан-Тоо деген жерди Ашыраалы бий башында турган миң уругу ээлеген. Кийин баласы Шахрух (Шоорук) бий Эски-Коргон, Чамаш, Чадак, Партак ж. б. кыштактарды өз ээлигине кошуп, Шахрух ибн Чамаш бий аталык деген ысым алган. 1721–22-ж. анын уулу Абд ар-Рахим Кокон вилайетин бийлеп, инилери – Абдыкеримге (Абд ар-Карим) Хожентти, Шадыга Маргалаңды башкарткан. Абд ар-Рахимдин тушунда Жаңы-Коргон кыштагы негизделип, кийин ал Кокон шаары деп атала баштаган. Хандыктын байтактысы ушул шаарга жайгашкандыктан ал тарыхта Кокон хандыгы деген ат менен калган. Алтынбешиктин урпактарынын бири — Абдурахим-бий — Дикан-Тода кыштагына жерлешип, бирок акырында анын негизги тура турган жери, 1732-жылдары өзү негиздеген жана алгач Эски-Коргон же Калааи-Раимбай (өз негиздөөчүсүнүн атынан) делинип жүргөн Кокон шаары болуп калган. Абдурахим Бухара хандыгына жортуул жасап, Самаркан, Катта-Курганды алгандай болуп, шахрисябзга чейин жеткен, бирок чектеги башкаруучу менен болгон тынчтык келишими менен чектелип, анын карындашына үйлөнүп, Кожентке кайтат.

Абдурахимдин иниси жана ордун алуучусу — Абдукарим-бий — Эски-коргонго биротоло жайланышкан, ошол мезгилден гана тарта бул Кокон атала баштаган.

Абдукаримдин өлүмүнөн кийин анын ордун улантуучу катары Абдурахимдин уулу — Эрдене бий жарыяланган. Ал 1778-жылы көз жумган. Андан кийинки башкаруучу анын аталаш тууганы Сулайман болуп, бирок ал 3 айдан кийин өлтүрүлөт. Ошондо Фергананын башкаруучусу болуп, Абдукарим бийдин небереси жана Абдурахман бектин уулу болгон Исфара шаарынын ээси Нарбото бий, башында анчалык коопсуз эмес мындай жүктөн баш тартып жатса дагы, жарыяланган.

Абд-ул-Карим, Эрдене бий жана Нарбото бийлер Кокон хандыгынын аймагын кеңейтишкен. Бирок Эрдене дагы, Нарбото дагы Цин империясы менен дипломатиялык алакага кирүүгө мажбур болуп калган учурлар болгон.

Түптөнүү доорунда калмактан сүрүлүп, Анжиянга келген кыргыздардын тийгизген таасири абдан күчтүү болгон. Алардын аркасы менен алгач Маргалаң, Хожент анан Анжиян, Наманган вилайеттиги түзүлгөн. Кокон хандыгынын күч алып баратканын көргөн калмактар 1734, 1745–48-ж. Фергана өрөөнүнө бир нече жолу жортуул жасап, Кокон шаарын камоого алышкан. Ошол мезгилде кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгү түзүлүп, жардам берүү үчүн Касан шаарынын чыгышында жашаган кыргыздын миң түтүнү көчүп барган. Алар Кокон бийи Абдыкерим, Оро-Төбөнүн акими Фазыл бийлер менен бирдикте калмактарды Ферганадан сүрүп чыгышкан. Бирок жуңгарлардын кийлигишүүсү менен такка Баба бий отуруп (1750), кыска убакыт аларга көз каранды болуп калган.

Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин же Эрдене бийдин экинчи жолу такка отурушунан (1752–69) баштап (биринчи жолу 1750-ж. отурган) Кокон хандыгы кубаттуу мамлекетке айлана баштаган. Бул учурда кыргыз менен казактар калмактан бошогон өзүлөрүнүн чыгыш жактагы мурунку конуштарына көчүп, Цинь империясынын кийлигишүүсүнүн натыйжасында кыргыз бийи - Кубат бий (кушчу) өлтүрүлгөн. Ушул мезгилдерде Эрденеге каршы казак султаны Абылай да бир нече жолу жортуул уюштурган. 1760-ж. кокондуктар Ош шаарынын айланасындагы адигине уругуна тиешелүү эгин талааларын талкаласа, 1761-ж. Ажы бий (адигине), Маматкул бий менен Арзымат башындагы кыргыздар Эрденени чаап алуу үчүн кол топтогон. Бирок Цин империясынын тынымсыз кийлигишүүсүнө байланыштуу эки тарап жарашууга аргасыз болушат. 1762-ж. Кытай императоруна жиберген катында Эрдене өзүн хан деп атап, Кашкар тоолорун эки өлкөнү бөлгөн чек ара деп санаган. Нарбото бийдин (1770–98) тушунда ички абалга көбүрөөк көңүл бөлүнүп, хандыктын калыптанышы аяктаган. 1798-ж. Төрө-Коргондо бек болуп турган Ажы бий (Абдырахмандын уулу) агасы Нарботого каршы козголоң уюштурат. Бирок ою ишке ашпай, адегенде Чаткалдагы кыргыздарга баш калкалап, анан Ташкенттеги Жунус кожонун алдына качып барган. Улуу уулу Улугбек кокусунан каза болсо, Ажы бийдин өзү 1801–02-ж. Алим хан тарабынан өлтүрүлүп, 2-уулу Шераалы таластык кыргыздардын колунда (кээ бир маалыматта Ажыбай датка, башка кабарларда Базар баатырдыкында) чоңойгон. Кокон хандыгынын түптөнүү доорунда түштүк кыргыз уруулары менен тыкыз саясий алакада турушса, аркалык (түндүк) кыргыздар этносаясий, салт-санаа, руханий байланышын үзүшкөн эмес.

Гүлдөө мезгили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алим хандын такка олтурушу менен хандыктын гүлдөө доору башталат. Нарботонун уулу Алим бий тажик тоолуктарынын жардамы менен Фергананын Кожент менен Шаш (Ташкен) кошулган батыш жарымын багындырган. Алим хандын өз атаандаштарын четтетип, бийлигин күч менен күчөтүүгө аракет кылгандыгынан улам, ал «залим» жана «шергаран» деп да аталып калган. Алим хандын (1798–1809) тушунда Кокон хандарынын теги Тимурдун тукуму Бабурдан тараган (Алтын-Бешик, Теңир-Жар) деген генеологиялык уламыш калыптанган. Падышалык кезинин бардыгын маанилүү шаарлардын бектери менен болгон согуштарда өткөрүп, Чымкен, Сайрам, Курама жана Ташкенди каратып, Эрдененин мезгилинен бери бухара-кокон талашынын очогу болуп келген Оро-Төбөгө 15 жолу жортуул жасаган. Анын тушунда Фергана өрөөнү биротоло Кокон хандыгына бириккен жана ички саясатынын орчундуусу аскер реформасы болуп, мылтык, замбирек менен куралданган 10 миңдей туруктуу атчан аскер түзүлгөн. Бирок ошол эле согуштар Алимдин өзүн өлтүргөн, анткени, көбөйгөн согуштардын кыйынчылыктарына чыдай албай калган эл аны каалабай калышкан эле, натыйжада 1809-жылы тууганы Омордун жолдоштору тарабынан өлтүрүлгөн.

Акын жан жана акындар менен илимпоздордун колдоочусу, Омор хан согуштуу жашоого караганда тынч жашоого жакыныраак болуп чыгып; Бухара менен чатакташуудан оолак болгон. Ал эл тарабынан сүймөнчүктөлүп, өз бийлигинин тышкы кооздугуна көп көңүл бурган. Ошентсе да, Омордун башкаруусу да Кокон хандыгынын ээликтеринин кеңейиши менен белгилүү. Омор хандын (1809–22) тушунда басып алуу саясаты дагы уланган. 1816-ж. Түркстан шаары, Сыр-Дарыянын төмөнкү агымы, Кетмен-Төбө өрөөнү каратылган.

1821-жылы Омор хан өлүп, тактыга анын 12 жашар уулу Мадалы (Мухаммедали) хан олтурган. Анын башкаруу мезгилинде хандык эң кеңейген аянтына жеткен эле. Кокон хандыгына азыркы Кыргызстан менен Түштүк Казахстандын аймактарындагы уруулар караган жана ал жерлердин көзөмөлү үчүн 1825-жылы Пишпек жана Токмок чептери тургузулган. Ал өз бийлигин памир ээликтери болгон Каратегин, Куляб, Дарваз, Рошан жана Шугнанга жайылтып, Кашкарда дагы кытайларга каршы кожолорду колдоп турган.

1830-ж. Фергана өрөөнү толук, Памирдин кыйла бөлүгү, Тоолуу Бадахшан, Жизак, Ташкент, Түштүк Казакстан, Кыргызстандын бардык аймагы, Кашкар ойдуңунун бир бөлүгү караган. Жаңы шаарлар түптөлүп, экономика жөнгө салынып, казына байыган жана ири сугат курулуштары курулган. 1832-ж. Кокон–Пекин келишими тышкы саясатындагы чоң ийгиликтин бири болгон. Кыргыздар кокондук аскердин куугунуна учурап, болжол менен 1824–1825-ж. Иленин жээгине көчкөн. Кыргыз санжыраларында бул көч «Илеге көчүү», болбосо «Канай көчүш» деп аталат. Солто Канай бий баштаган бул көчтүн ичинде сарыбагыштан Төрөгелди, саяктан Атантай, Тайлак баатырдын да айылдары болгон. Бирок барымталарга байланыштуу Иледеги казак менен кыргыздын арасы бузулуп, бир нече жылдан соң кыргыздар кайра өз элине көчүп кеткен. Мадалы хандын (1822–42) бийлигинин аяк ченинде хандыктын начарлашына өбөлгө түзүлүп, жергиликтүү уруулардын төбөлдөрү топ-топторго бөлүнүп, бири-бири менен күрөш жүргүзө баштаган. Ушундай абалдан улам Букардын эмири Насрулла 1842-ж. Мадалыны жана анын бир туугандарын өлтүрүп, Фергана чөлкөмүн ээлеген. Бирок ал Кокон бийлигин көпкө кармай алган эмес. Учурдан пайдаланып, арка кыргыздары (мис., Жантай хан, Ормон хан) да кокондуктардын бийлигинен бошонууга аракет жасай башташкан. Бул мезгилде кыргыздар кайрадан саясий күчкө ээ болуп, түштүк жактагы кыргыз бийлеринин (мис., Нүзүп бий ж.б. бийлер) таасири өзгөчө күч алган. Шераалы такка отуруп (1842–44/45), Нүзүп миң башы аталык наамын алышы менен Кокон хандыгынын кыйроо доору башталат.

Кыйроо доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Козголоң[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадалынын башкарууда кетирген каталарынан пайдаланып, нааразы партия бухаралык эмир Насруллага өлкөнү кылмышкер хандан бошотуп берүү өтүнүчү менен кайрылышат. Насрулла Коконго келет; Мадалы хан өлтүрүлүп, Кокон хандыгы Бухара провинциясына айланат (1842). Бирок Юсуф бий (Нүзүп бий) баш болгон кыргыздардын аракети менен кокондуктар Шералыны такка олтургузушуп, хандыкты калыбына келтиришет. Көп өтпөй Шералы хан да кулатылып, мындан ары хандыкта Мусулманкул баш болгон кыпчак уруусунун таасири күч ала баштайт; кыпчак-сарт кагылыштары башталат. Ушул эле убактарда Кыргызстандын түндүгүндөгү уруулар Ормон хандын тегерегинде биригишип, хандыктан бөлүнгөн өзүнчө кыргыз мамлекетин негиздешет. Кокон хандыгынын кийинки тарыхы, негизинен, сарттар менен кыпчактардын кандуу күрөштөрү менен коштолот.

Кудаяр хандын биринчи мезгили (Кыпчак доору) (1845—1858)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1845-жылы Мусулманкулдун Ошко жөнөшүнөн пайдаланып, сарттар Алимдин уулу Мурад бекти хан көтөрүшүп, Шералыны өлтүрүшөт, бирок Коконго жетип келген Мусулманкул 11 гана күн падышалык сүргөн Мурадды өлтүрүп, такка Шералынын беш уулунун бири болгон 16 жашар Кудаярды чыгарып, өзү регент болот.

1847-жылы кыргыздар менен казактардын ортосунда, Коконго да Орусияга да баш ийгиси келбеген Ормон хан менен Кене хандын кагылышы болуп өткөн. Натыйжада жеңилип өлтүрүлгөн Кене хан менен бирге казактардын оторчулукка каршы боштондук күчү да алсырап, Орусиянын кийинки саясаты кыргыздарды тартууга багыттала баштаган.

Алымбектин өлүмүнөн кийин, 1863-жылдын 9-июнунда молдо Алымкулдун (кыргыз-кыпчак уруусунан) жардамы менен Мала хандын уулу, жашы жете элек Султансейит хан жарыяланат, жана хандыктагы 1863-1865-жж. аралыгындагы бийлик иш жүзүндө Алымкул аталыкка өтөт. Ошол эле жылы ал «Амир лашкери» наамын алат. Кудаяр хан бул козголоңдордон пайдаланып, бухара эмири Музаффардын кол кабышы менен Коконго кирип, бирок көп өтпөй Алымкул тарабынан куулган жана кайта Бухарага качкан.

Хандык менен орус аскерлеринин ортосундагы куралдуу чатактардын чыга башташы, Коконго караган айрым казак урууларынын орус букаралыгына өтө башташынан башталат. 1847-жылы оренбург аскер губернатору Обручев казак жеринде Раим (кийинки Арал) чебин тургузса, 1852-жылы жаңы губернатордун демилгеси менен полковник Бларамберг Кокондун эки чебин — Кумыш-Курган менен Чым-Курганды бузуп, Акмечитке кол салып, бирок кайтарылат. 1851-жылы орус бийлиги Кокон күчтөрүнүн жөлөк пункту болгон Таучубек чебин ээлешип, 1854-жылы Алматы дарыясында Верный чебин курушкан.

Мусулманкулдун камкордугунан азап тарткан Кудаяр хан акыры 1852-жылы аны кулатып, өлүм жазасына салат. Бул окуя кыпчактардык жапырт кыргыны менен бүткөн.

Акмечитти жоготуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1853-жылы Перовский 12 куралы бар 2767 адамдан турган отряд менен келип, 3 куралы бар 300 кокондукту жеңип, чабуул менен Акмечитти алат; көп өтпөй Акмечиттин аты Форт-Перовский деп өзгөртүлгөн. Ошол эле жылы кокондуктар Акмечитти кайра алууга эки ирет аракет жасашып, 24-августта Кум-суаттан 7000 кокондук 3 куралы бар 275 адамы бар Бородинден, 14-декабрда Сырдын сол жээгинен 17 куралы бар 13 000 кокондук 4 куралы бар 550 адамы бар майор Шкуптан жеңилип калышат. Ушундан кийин төмөнкү Сырга чейинки жерлерге орус бийлиги бир канча бекемдемелерди тургузушкан (Казалинск, Карамакчи, 1861-жылдан кийин Жулек).
1855-жылдан баштап кыргыз уруулары орус букаралыгына өтө башташат. Алгачкы болуп, бир жагынан сарыбагыш-бугу чатагынан запкы жегендиктен, экинчи жагынан орус букаралыгында болгон коңшулары улуу жүз казактардын сунушу менен, Ысык-Көлдөгү Боромбай бий жетектеген бугу уруу бирикмесинин уруулары өткөн.

Мала хан (1858—1862)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1858-жылы Мала бек, Кудаярга таарынгандыгынан Кара-Сууга келип, кыргыздардан жардам сурап, уруубашчылар Асан бий менен Алымбек даткадан колдоо алат. Бул күрөштүн натыйжасында Кудаяр хан бийликтен ажырап, такка болсо анын бир ата тууганы Мала хан олтурат (1858—1862). Алымбек датка Мала хандын мезгилинде чексиз бийликке ээ болуп, чоң таасири болгон.

1860-жылдардан баштап Орус империясы Кокон хандыгына каршы саясий басымын күчөткөн. 1860-ж. 4-сентябрда полковник Циммермандын отряды Пишпек коргонун талкалап, 1860-ж. 18–21-октябрда Узунагач салгылашуусунда кокон аскери жеңилүүгө учураган.

Кыргыз башчылардын мезгили (1862—1865)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1862-жылы 24-февралда Алымбек, Алымкул жана аларды колдогон кыргыздар Мала ханды өлтүрүшүп, анын ордуна такка Шералынын неберелеринин бири болгон Шахмурадды олтургузушат. Алымбек датка (Курманжан датканын күйөөсү) кыска мезгилдин ичинде расмий түрдө башкы вазир болуп, Шахмураддын атынан бүт хандыкты башкарган. Бирок ошол эле жылы Алымбек өзү дагы сарайдагы душмандары тарабынан өлтүрүлөт.

Орус генералы М. Черняевдин жетекчилиги алдында 1864-ж. Чымкент, 1865-ж. Ниязбек чеби алынып, 1866-ж. Хожент, Оро-Төбө, Жызак ж. б. орус бийлигине каратылышы менен Кокон хандыгынын ээлиги негизинен Фергана өрөөнүн гана камтып калган.

Ташкенди жоготуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кудаяр хандын экинчи мезгили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алымкул Ташкен үчүн орустар менен болгон салгылашта өлгөндөн кийин (1865), бухаралык эмир кайтадан аскерлери менен Коконго келип, өзүнүн атынан Кудаярды коёт, бирок артка кайткан жолунда Иржардан орустардан сокку жейт, ал эми артынан Оро-Төбө менен Жизактын ээлениши Кокон хандыгын Бухарадан бөлүп койгон. Козголоңдор Түркстандын Кокон хандыгына кирген бөлүктөрүндө орус бийлигинин бекемделишин жеңилдеткен. Бухарадан кесилген Кудаяр хан 1868-жылы генерал-адъютант фон-Кауфман тарабынан сунулган соода келишимин кабыл алат. Орусия менен болгон бул коммерциялык макулдашуу чындыгында Коконду андан көзкаранды мамлекетке айландырган.

1867-ж. Ташкент шаары Түркстан генерал-губернаторлугунун борборуна айланган.

Улуу көтөрүлүштөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ыңгайлуу шартты пайдалана билген Россия империясы Кокон хандыгындагы көтөрүлүштөрдү шылтоолоп, 1875-ж. Фергана өрөөнүн басып алууну баштаган. Көптөгөн кан төгүүлөрдүн натыйжасында ал каратылып алынган.

Кокон хандыгынын жерлери Орусия империясынын алгач Оренбург генерал-губернаторлугунун, кийин Түркстан генерал-губернаторлугунун Фергана жана Сырдарыя областтарына кирген.

Кокон автономиясы. 1917—1918[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1917 декабрь —1918-жылдын февралына чейинки аралыкта мурунку Кокон хандыгынын аймагында Түркстан автономиясы деген таанылбаган мамлекет жашаган. Өкмөтүн казак Мустафа Шокай жетектеген. Анын өкмөтүн аңгличандар колдошкон, бирок 3 айдан соң, 1918 де 22-февралда дашнактар менен бирге большевиктер тарабынан кыйратылган.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кокондун хан сарайы.

Мамлекеттин башында «хан» турган. Ал ири феодалдык өкүлдөр жана чиновниктер менен курчалган. Ханга жакын жүз «миңбашы» болгон. Жогорку кызматтар катары казыначынын (казыйнадар) посттору, аскердик министр, полиция башчысы ж.б.у.с. хандын астында кеңеш болгон; ал ханаг жакын сановниктерден туруп, алар хандыктын жашоосу жана ишмердиги тууралуу маселелерди карашкан. Хандыктын коомдук жана саясий жашоосуна мусулман духовенствосунун таасири чоң болгон. Динчилердин башчысы хандык кеңештеги маселелердин талкуусуна катышып турган, анын пикири бардык суроолордо беделдүү деп эсептелген.

Молдо Алим Махдум Кожонун китебинде («Тарихи Түркистон») Кокон хандыгындагы кызмат менен мансап 24 даражага бөлүнгөн. «Кокон хандыгындагы чиндин эң жогоркусу – миңбашы же амирлашкер мансабы. Бул мансап аскер министринин деңгээлинде болгон. Экинчи мансап – кушбеги. Бул мансап ылгый хан алдыдагы кеңешчи катарында болуп, бир нече шаарларга башчылык кылган.

Кокон ханынын жээни Масейин-хан Төрө. 1865-72.

Үчүнчүсү – парваначы, бул мансаптагылар бардык кушбегинин кызматын аткара алат» деп жазат өзбек окумуштуусу Ш. Вохид. А.А. Кундун көрсөтмөсү боюнча парваначыга жылына 1500 тенге, 800 батман аштык төлөнгөн. Кыргыздан Ормон парваначы, Ажыбек (саруу), Медет (саяк) ж.б. датка наамын алышкан.

Армия атчан жана жөө аскерлерден турган. Керектүү учурларда ополчение түзүлүп турган.

Сот бийлиги болсо башкы соттун — казы-калондун — жетектөөсүндөгү казылардын колунда болгон. Бул кызматтарга, эреже боюнча, шарияттын билгичи катары динияттын өкүлдөрүнөн дайындашкан. Өлүм жазасы жана дене жазасы кеңири колдонулган.

Жергелердеги башкаруучулар бек же хаким деп аталган. Өзгөчө абалда Ташкендин башкаруучусу турган; ал хандын өзү тарабынан дайындалып турган жана беклар-беги наамын алган. Кыштактарда (кишлак) административдик бийлик аксакалдарда болгон. Жашоочулардын жүрүм-турумуна жана алардын шарияттын талаптарын аткарышына «мухтасибдер» көз салышкан. Курбашылар (полициялар) бектер менен хакимдерге баш ийишкен.
Акимчилик-территориялык жактан Кокон хандыгы вилайеттерге бөлүнүп, башкарылган. 19-кылымдын башында вилайеттин чек арасы салык жыйнала турган жерге жараша аныкталган. Кийин хан бийлигин борбордоштуруунун натыйжасында вилайеттер ири шаарлардын аттары менен атала баштаган. Мисалы, чоң вилайеттердин катарына Анжиян, Балыкчы, Маргалаң, Ташкент, Төрө-Коргон, Түркстан, Оро-Төбө, Кожент, Чымкент, Чуст кирген. Орус чиновниги А. Кун Кудаяр хандын учурунда 15 вилайет болгонун көрсөтөт. Вилайетти башкарган бек менен акимди хан дайындаган. Бек менен акимдин бийлиги бирдей болгон, бирок бектер хан тукумунан, ал эми акимдер калк арасынан чыккан. Акимдин граждандык (саркер) жана аскер (баатырбашы) иши боюнча эки жардамчысы болгон.

Кокон хандыгынын башкаруучулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алтын-Бешик Миң Кутлуг-хан Теңрияр Кудаяр I Султан (1512—1545), Тимурий Бабур менен Сейдафак аттуу аялдын уулу, Кутлыхан Миңдин күйөөсү, Ахсы шаарынын бийи : 1528 — 1545Калып:Нет АИ
  • Таеңриярр Кудаяр II Илик-Султан (1537—1610), Алтын-Бешик Миңдин уулу, Ахсы шаарынын бийи : 1545 — 1597, Фергана шаарынын бийи : 1597 — 1610
  • Ярмухаммед, Теңрияр Кудаяр II уулу, Фергана шаарынын бийи : 1610 — 1615, Индияга Бабурийлерге куулган Калып:Нет АИ
  • Абулкасым (Султанкучак бий) (1606—1625), Мухаммедаминдин (Бухарага куулгандын) уулу жана Теңрияр Кудаяр II нин небереси, Фергана шаарынын бийи : 1615 — 1625
  • Убайдулла (Султанасыл бий) (1622—1662), Абулкасымдын уулу, Фергана шаарынын бийи : 1625 — 1662
  • Жамаш-бий (Шахмаст бий), Убайдулла уулу, Фергана шаарынын бийи : 1662 — 1677
  • Шахрух-бий I (1638—1694), Жамаш бий уулу, Фергана шаарынын бийи : 1677 — 1694
  • Рүстөм Хажи-Султан, Шахруха I уулу, Фергана шаарынын бийи : 1694 — 1701
  • Пазыл аталык, Рүстөм Хажи-Султан уулу, Риштан шаарынын бий : 1701 — 1704, өзүнүн биртууганы Ашуркул менен өлкөнү бөлүшүп алган. Өлтүрүлгөн
  • Ашуркул, Рүстөм Хажи-Султан уулу, Аксы шаарынын бийи : 1701 — 1704, өзүнүн биртууганы Пазыл аталык менен өлкөнү бөлүшүп алган. Өлтүрүлгөн

Хандыктын негизделиши. Бийлердин мезгили

  1. Шахрух бий Аюу, Ашуркул Шахмаст бий уулу, Миң уруусунун бийи, Аштарханийлер мамлекетинде аталык, Фергана шаарында бий : 1704 — 1710, Кокондун эгемендүү беги 1710 — 1721
  2. Абдурахим бий, Шахрух бий уулу, Миң уруусунун бийи жана Кокондун беги : 1721 — 1739. В 1721—1732 гг. Дикан — Тода кыштагынан бакарган, 1732-жылы борбор болуучу Кокон шаарын курган. Өлтүрүлгөн
  3. Абдукарим бий, Шахрух-бий уулу, Миң уруусунун бийи жана Кокондун беги : 1739—1751 (1739—1765), Кокондон башкарган.
  4. Шады бий, Шахрух бий уулу, Миң уруусунун бийи жана Кокондун беги : (1739—1748), Маргалаңдан башкарган. Өлтүрүлгөн
  5. Сулайман бек, Шады бий уулу, Миң уруусунун бийи жана Кокондун беги : (1748—1778), Маргалаңдан башкарган. (1-жолкусу)
  6. Низамуддин Мухаммад Баба бий, Абдурахим бий уулу, Миң уруусунун бийи жана Кокондун беги : 1751—1752
  7. Эрдене бий, Абдурахим бий уулу, Миң уруусунун бийи жана Кокондун беги : 1752—1769 (1765—1778), Кокондон башкарган. Өлтүрүлгөн
  8. Сулайман бек, Шады бий уулу, Миң уруусунун бийи жана Кокондун беги : 1769—1770 (1778—1778), Кокондон 3 ай башкарган. (2-жолкусу). Өлтүрүлгөн
  9. Нарбото бий, Абдурахман уулу, Абдукерим бийдин ннебереси, Миң уруусунун бийи жана Кокондун беги : 1770—1798 (1778—1807)

Хандардын мезгили

  1. Алим хан, Нарбото-бий уулу, Кокондун 1-ханы : 1798—1809 (1807—1816). Өлтүрүлгөн
  2. Сейидмухаммед Омор хан, Нарбото-бий уулу, Кокон ханы : 1809—1822 (1816—1821)
  3. Сейид Мухаммад Али хан (Мадалы хан) (1809 — апр.1842), Сейидмухаммед Омор хан уулу, Кокон ханы : 1822—1842 (1821 — апр.1842). Өлтүрүлгөн
  4. Султанмахмуд (? — апр.1842), Сейидмухаммед Омор хан уулу, Кокон ханы : (апр.1842 — апр.1842). Өлтүрүлгөн
  5. Насрулла хан, Бухара ханы, Кокон ханы : (5-апр.1842 — 18-апр.1842)
  6. Ибрагимхаял парваначы, Бухара ханынын наместниги, Кокон ханы : (18-апр.1842 — июнь 1842)
  7. Сейидмухаммед Шералы хан (1792—1845), Хажи-бий уулу Абдурахмандын небереси Абдукерим бийдин чөбөрөсү, Кокон ханы : июнь 1842—1845. Өлтүрүлгөн
  8. Сарымсак хан (? — 05.02.1845), Сейидмухаммед Шералы хан уулу, Кокон ханы : 1845 — 1845. Өлтүрүлгөн
  9. Мурад хан, Алим хан уулу, Кокон ханы : 1845 — 1845 (11 күн). Өлтүрүлгөн
  10. Сейидмухаммед Кудаяр хан, Сейидмухаммед Шералы хан уулу, Кокон ханы : 1845—1851 (1-жолкусу)
  11. Абдулла бек, кудаяр хандын алыс тууганы, Кокон ханы : 1851 — 1851 (бирнече күн)
  12. Сейидмухаммед Кудаяр хан, Сейидмухаммед Шералы хан уулу, Кокон ханы : 1851 — 1858 (2-жолкусу)
  13. Сейидбахадур Мухаммед Мала хан, Сейидмухаммед Шералы хан уулу, Кокон ханы : 1858—1862. Өлтүрүлгөн
  14. Султан Шах-Мурад хан, Сарымсак хан уулу, Кокон ханы : 1862—1862
  15. Сейидмухаммед Кудаяр хан, Сейидмухаммед Шералы хан уулу, Кокон ханы : 1862 — 1862 (1 ай) (3-жолкусу)
  16. Мир Музаффаруддин хан, Бухара ханы, Кокон ханы : 1862 — 1862 (1 ай) (1-жолкусу)
  17. Алымкул аталык, Маргалаңдын акими (б. а. губернатору), Кокон ханы : 1862 — 1862 (1 ай)Калып:Нет АИ
  18. Сейидмухаммед Кудаяр хан, Сейидмухаммед Шералы хан уулу, Кокон ханы : 1862 — 1862 (4-жолкусу)
  19. Календер бек, Сейидмухаммедали хан уулу, Кокон ханы : 1862 — 1862 (1 ай). Чусттан башкарган. Өлтүрүлгөн
  20. Мир Музаффаруддин хан, Бухара ханы, Кокон ханы : 1862 — 1863 (2-жолкусу)
  21. Мухаммед Султан-Сеид хан, Сейидбахадур Мухаммед Мала хан уулу, Кокон ханы : июль 1863 — июнь 1865. Өлтүрүлгөн
  22. Хайдар бек (Кудайкул бек/Белбакчы хан), Шахрух уулу Алим хан небереси, Кокон ханы : июнь 1865 — июль 1865
  23. Сейидмухаммед Кудаяр хан, Сейидмухаммед Шералы хан уулу, Кокон ханы : июль 1865 — 22.07.1875 (5-жолкусу)
  24. Насириддин хан, Сейидмухаммед Кудаяр хан уулу, Кокон ханы : 22.07.1875 — 09.10.1875 (1-жолкусу)
  25. Полот хан Алим хан уулу (т. а. Исхак молдо Хасан уулу), Кокон ханы : 09.10.1875 — 28.01.1876. Өлтүрүлгөн
  26. Насириддин хан, Сейидмухаммед Кудаяр хан уулу, Кокон ханы : 28.01.1876 — 19.02.1876 (2-жолкусу)

1876-жылы Кокон хандыгы өз жашоосун токтоткон.

Кокон хандыгынын изилдениши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кокон хандары башында бий (мис., Шоорук [Шахрук] бий [1709/10–21/22], Абдыкерим бий [1734—50/51] ж. б.) катары саналса, кийинчерээк Алим (1798/99–18107), Омор (1810–22) ж. б. хан атагын алышкан. Кокон хандыгынын (Миң династиясынын) тарыхын жазуу негизинен 1822-ж. башталып (Мирза Календар Мушриф Исфарагинин «Шах-намеси» [«Tapux-u Омар-хани»] ж. б.), 19-кылымдын 70-ж. аяктаган (Молдо Нияз-Мухаммед Хокандинин «Тарих-и Шахрухи» деген эмгеги). Бул эмгектин көбү Миң династиясынан чыккан бий, хандарды ашкере даңктоо, алардын теги ак сөөк хандардан тараганын далилдөөгө аракеттер жасалган. Кээ бир авторлордо (мис., Мырза Абд ал-Азим Сами) Кокон хандары кыргыз деген маалыматтар жолугат.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейсембиев Т. К. «Тарих-и Шахрухи» как исторический источник. А.-А., 1987;
  • Набиев Р. Н. Из истории Кокандского ханства (феодальное хозяйство Худояр хана). Таш., 1973;
    * Джамгирчинов Б. Очерк политической истории Киргиизии XIXвека. Ф., 1966;
  • Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007;
  • Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997;
  • Кененсариев Т. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997;
  • Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана, Т. 2, Б., 2000;
  • Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886;
  • Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т.1. СПб., 1906;
  • Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Ф., 1977;
  • Сапаралиев Д. Б. Этнополитическая история г. Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX в. Б., 1999;
  • Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004