Насреддин хан

Википедия дан

Насреддин Хан, Насрад-Дин (туулган жылы белгисиз – 1882) – Кокон хандыгынын акыркы ханы; Кудаяр хандын улуу уулу.
Кокон хандыгын 1875–76-жылы бийлеп турган.
Аны 1875-жылы 24-июлда Абдыракман аптабачы Коконго хан көтөрүп, анын атынан өзү башкарган.
Насреддин хан Түркстан генерал-губернатору менен тил табышып, атасынын элге каршы саясатын уланткан, 1875-жылы сентябрда көтөрүлүшчүлөр Насреддин ханды тактан түшүрүп, Полот ханды такка олтургузушкан. 9-октябрда Насреддин хан Кокондон Кожентке качып келип, Кауфмандын алдына баш пааналаган.
1876-жылы январда гана Насреддин хан орус аскерлеринин жардамы менен Кокон хандыгынын батыш бөлүгүн жана Кокон шаарын өзүнө кайтарган. 9-февралда Насреддин ханды орус аскер бийликтери Ташкенге жөнөтүп, 15- февралда Колпаковский баштаган орус аскерлери Коконго кирген жана Кокон хандыгынын жоюлгандыгын жарыялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]