Мазмунга өтүү

Батыш-кыргыз конфедерациясы

Википедия дан

Батыш-Кыргыз конфедерациясы же Бурут конфедерациясы — XVIII кылымдын орто чени - XIX кылымдын биринчи чейрегине чейинки мезгилде жашаган, Кыргызстандын түштүк-батыш аймактарын жердеген кыргыз урууларынын бирикмеси. Бул бирикме өз убагында кытайлар тарабынан Батыш буруттары деп аталган. Жуңгар хандыгынын кулашынан кийин Алай, Анжиян жана Ош аймактарында ичкилик, адигине жана муңгуш тектүү кыргыз уруулары биригип, Кокон хандыгына киргенге чейин дээрлик 70-90 жылча, Арка кыргыздары менен удаа эле көзкарандысыз бирикмени түзүп турушкан. Алгачкы чоң бийи Ажы бий болгон.

Батыш-Кыргыз конфедерациясы
Дашт-и-Алай

конфедерациясы
1758 жыл — 1820 жыл



Борбор калаа Анжиян
Ири шаарлары Анжиян, Ош, Өзгөн
Тил кыргызча
Аянт 150.000 км2
Калк 300.000 — 500.000
Өтүүчүлүк
Жунгар хандыгы
Кыргыз бирикмеси
Кокон хандыгы

Уруу бирикменин башында Ажы бий Тилеке уулу турган эле. Бирикме негизинен тоолуу айматарга (Дашт-и Алай) жана түздүгүрөөк аймактарга (Ош, Анжиян) карата экиге бөлүнгөн жана бул бөлүнүш саясий жактан да чоң роль ойноп турган.

50-жылдардын ортолорунда Цин империясынын калмактарга келтирген чоң кыргыны жана артынан Чыгыш Түркстанды каратып алуусу коңшулаш мусулман журттарына чоң коркунуч алып келген эле. Ушул окуялардан кийин Казак хандыгы, Кокон хандыгы сыяктуу эле Батыш кыргыздары (1759) менен Арка кыргыздары (1758) да Цин империясынын үстөмдүгүн убактылуу таанууга аргасыз болушкан. Бул мезгилдерде теңиртоолук кыргыздар географиялык шарттан улам 4 бирикмеге бөлүнүп тураары; Чыгыш (арка) кыргыздары (Мааматкул бий), Батыш кыргыздары (Ажы бий), Каратегин кыргыздары (башчысы Кожомжар бий) жана Кашкар атрабындагы кыргыздар (Ациму? бек ж. б.) болгондугу кытай булактарында катталып калган.

1759-ж. сентябрь айында Ажы бийдиндин конуштарына Кытай императорунун элчиси Доктан келип, ага Кытай империясы менен саясий-дипломатиялык жана соода-сатык келишим түзүү жөнүндөдө чакырык-жарнама жана кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кытай империясынын Кашкардагы башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.

1760-ж. Кокон ханы Эрдене бий (Ирдана бий) Алайда тонолгон Кокон көпөстөрүн шылтоолоп Ош, Өзгөн шаарына чейин жортуулга келген. Ажыбий жооп иретинде 1761-жылы Коконго жасалган ийгиликсиз жортуулдан кийин, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи Элэтаодини жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндү-гүндөгү кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Ирданага каршы колдоо сурагандыгы белгилүү. Бирок саясий кырдаал татаалдашып, кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиштен улам жана кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Ирдана бий Ош менен Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен.

1764-ж. жазында Ирдана бийдин Оротөбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы бийдин Коконго уюштурган жортуулу ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган жана Ирдана бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.

Конфедерациянын кийинки тарыхы али бүдөмүк. XIX кылымдын экинчи чейрегинин баштарында кыргыздар Кокон хандыгынын курамына кирген. Ушундан тарта, экиге ажыраган батыш-чыгыш (түштүк-түндүк) кыргыздары бир мамлекеттин курамында жакындашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]