Мазмунга өтүү

Ош

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Ош
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөКыргызстан
СтатусМамлекеттик денгээлдеги шаар
Координаттар40°32′ с. ш. 72°47′ в. д.HGЯO
МэрЖенишбек Токторбаев

[1] [2]

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү5-октябрь
Биринчи белгиленгенIX кылым
Аянты182[3], [4] км²
Бийиктиги870—1100 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тиликыргыз тили
Калкы 375 400 адам (2025)
Жыштыгы4935 адам/км²
Агломерация1 000 000
Улуттук курамыөзбектер - 38%, кыргыздар - 59%, башка улуттар 3%
Диний курамымусулман, христиан
Этнохоронимоштук, оштуктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996 3222
Почта индекси723500 (714000 мурункусу)
Автоунаа коду02, O, Z
Сайтыoshcity.kg
 (кырг.)  (орусча)
Ош (Кыргызстан)

ОшКыргызстандын экинчи ири жана Орто Азиянын эң байыркы шаарларынын бири. Ош расмий эмес аталыштарда Кыргызстандын экинчи борбору деп аталат[5].

Бул өлкөдөгү эң эски шаар (болжол менен 3000 жылдан ашуун), 1939-жылдан бери Ош облусунун административдик борбору болуп саналат.

2025-жылы шаардын этностук аралаш калкынын саны 375.400 адам болгон[6], кыргыз, өзбек, украин, орус, корей жана башка чакан этносторду камтыйт. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан 5 км алыстыкта жайгашкан. Ал белгилүү Ислам аалымы үчүн белгилүү. Ош шаары Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Бишкектен Ошко чейинки автожолдун аралыгы 730 чакырым. Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу.

Ош — калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турган Кыргызстандын шаары. 2012-жылдын үчтүн айынын (январь) бирине карата шаар калкынын саны 230 200 адамды түзгөн. Ош шаарына шаардык администрациядан тышкары 25,6 миң жашоочусу менен шаар четиндеги 11 айыл-кыштак карайт. Ош шаарынын калкы саны шаар четтери менен 500 миң жашоочу деп бааланган.

Ош шаарында өзбөк жана кыргыздардан тышкары орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азербайжан жана башка улуттар жашайт. Ош шаарын 50% тургундары Ислам (сунний) динин карманат.

Шаар калкынын саны, миң. адам.
Жыл 1914 1939 1959 1970 1974 1979 1989 1991 1999 2009 2010 2011 2012 2015 2017 2018
Калк,
миң жашоочу.
46 33 65 120 143 169 213 212 212 220 235 231 230 243 251 288
Ош шаарынын улуттук курамы
(каратылган аймактардан тышкары)
УлутСаны
2009 жылдын
эл каттоосу боюнча[7]
Бөлүк (%)
Баары232 816100,00 %
Өзбектер112 46948,31 %
Кыргыздар100 21843,05 %
Орустар6 2922,70 %
Түрктөр5 5062,36 %
Татарлар2 7031,16 %
Түркмөндөр8850,38 %
Уйгурлар7910,34 %
Тажиктер6790,29 %
Азербайджандыктар5870,25 %
Украиндиктер3790,16 %
Корейлер3190,14 %
Казактар2650,11 %
Кытайлыктар2210,09 %
Күрдүлөр1990,09 %
Дунгандар920,04 %
Немецтер900,04 %
башкалар11210,48 %

Шаар Борбордук Азиядагы эң байыркы калктуу конуштардын бири. Ош шаары 8-кылымда Улуу жибек жолунун боюнда жибек өндүрүү борбору катары белгилүү болгон жана б. з. ч. IV-кылымда – б. з. V-кылымда шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. өндүрүлгөн жибек атактуу соода жолу Алай тоолорунан өтүп Чыгыштагы Кашкарга жеткен.

8–10-кылымдары Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган.

Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы; Дарбаза-ий Кух (Тоо дарбазасы), Дарбаза-йи Аб (Суу дарбазасы) жана Дарбаза-йи Мугкеде (Отко сыйынуучулардын ибадатканасы дарбазасы) болгон. Макдисий 966-жылы жазып бүткөн өзүнүн «Ахсенут-текасим» аттуу эмгегинде «Ош дарыялары мол, ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ шаар болуп эсептелет. Абасы таза жана молчулук бар. Жамы-мечити базарлардын ортосунда жайгашкан. Тоого жакын бай жер болуп суулары мол. Бул жерде жайгашкан чоң рибатка (аскерий гарнизон жайгашкан жай) ар тараптан көңүлдүү адамдар келишет»-деп шаардагы диний абал жөнүндө да баа жеткис маалыматтарды берет. Ош шаарынын 13-к-дын башында [Чыңгыз хан|Чыңгыз хандын]] аскерлери кыйраткан. 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башында жашаган Жамал Карший,өзүнүн «ал-Мулхакат бис-сурах» аттуу эмгегинде Ош шаары боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет: «Ош шаары. Анда эки анча чоң эмес тоо жайгашкан: Баракух жана Ханаф. Баракух тоосунда азиз жана салих адамдардын мазарлары жайгашкан. (Ал жерде) башкалардын катарында Давуддун уулу Сулаймандын вазири Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү бар, экөөнө Алланын рахматы болсун». 14-к-дын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган. Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана о.эле Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй ж-дө да эскерип кеткен (1496–98). 17-к-да калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган. 1762-ж. Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары менен кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин, 19-к-дын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон. 1876-жылдан Түркстан генерал- 181 губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин борбору болуп калган. 1924-жылдан округдун, 1926- жылдан кантондун, 1928-жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору. Учурда шаарда орто кылымдын убагында курулган Асаф-Ибн-Бурхиянын мавзолейи (13-к.,) Рават Абдулла хандын мечити (16–17-к.),, Алымбек датканын мечити (19-к.), Мухамад Юсуп Байкожо-оглынын мечити (20-к.) ж. б. 30дан ашык эстеликтер калыбына келтирилген. Ош ш-нда б. з. ч. 4-к.–5-к-га таандык Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр байыркы чептери, Мады, Коргошундөбө, Ак-Буура, Шалтакдөбө, Шоробашат, Куршаб, Бөрүдөбө, Дөңбулак, Дыйкан ж. б. чептердин калдыктары сакталган. 2000-ж-дын октябрь айында Ош шаарынын 3000-жылдык салтанаты белгиленди. Ал тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу арап булактарында IX кылымда эскерилген.

Маданият, билим берүү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Театр, Филармония, Кинотеатрлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ош шаарынын аянтында жайгашкан В.И. Лениндин эстелиги
Ош Мамлекеттик Университети

Боордош шаарлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыскача адабият тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы, 1970. – 474 бет. – [Кыргыз ССР Маданият министрлиги. Республикалык эл чыгармачылык үйү].
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографическийу свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6...

Интернет шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. UN Demographic Yearbook 2015. Population of capital cities and cities of 100 000 or more inhabitants: latest available year, 1996-2015
  2. Национальный статистический комитет КР
  3. https://geohistory.today/osh-fergana-valley/
  4. Туруктуу калктын саны жылдын башына карата (миң адам), ☀Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. 21-май 2025-ж. каралган.
  5. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики. Перепись населения и жилищного фонда Кыргызской Республики 2009 года. Книга III(в таблицах). Регионы Кыргызстана. Город Ош.. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2018. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  6. Город Ош. Предчувствие будущего - Кыргызский Национальный Музей Изобразительных Искусств имени Гапара Айтиева(жеткиликсиз шилтеме)
  7. Сулайман-Тоо: музей vs мечеть. 15 октября 2012. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2018. Түп булактан архивделген күнү 27 -август (баш оона) 2012. Archived 2012-08-27 at the Wayback Machine
  8. Монументальный комплекс «Айколь Манас» в Оше
  9. Ошский технологический университет. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2018. Түп булактан архивделген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2010.
  10. Ошский государственный университет. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2018. Түп булактан архивделген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2010.