Стамбул

Отурукташкан жай
Стамбул
Өлкө Түркия
Координаттар 41°00′36″ с. ш. 28°57′37″ в. д.HGЯO
Мэр Экрем Имамоглу
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү б.з.ч. 667-ж.
Мурунку аталышы Константинопол
Аянты 5343 км²
Борборунун бийиктиги 100 м
Убакыт аралыгы UTC+2
Калкы
Расмий тили түрк тили
Калкы 13 854 740 адам (2012-жыл)
Жыштыгы 2480,9 адам/км²
Диний курамы ислам
Этнохороним Стамбулдук
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +90 212 (Европа бөлүгү)
+90 216 (Азия бөлүгү)
Почта индекси 34010-34850
80000-81800
Расмий сайты http://www.ibb.gov.tr/
 (түрк.)  (англ.)
Стамбул (Түркия)

Стамбул, сейрек колдонулган ― Ыстанбул (түрк. İstanbul) – Түркиянын эң чоң шаары.
Мурдагы Византиянын жана Осмон султандыгынын борбор шаары.
Түркчө аталышы -- "Истанбул" (İstanbul). Шаардын байыркы византиялык (грекче) аты "Константинопол" болчу.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стамбул шаарынын ордундагы байыркы шаар "Бизантинум" (Byzantium; грекче: Βυζάντιον, Byzántion) деп аталган. Аны болжол менен б.з.ч. 600-жылдын тегерегинде мегариалык гректер негиздешкен. Шаар аты "Бизас" деген кишинин атына байланыштуу делген имиш бар. Аны тракиялык же иллириялык болчу деген да жоромол бар.

Римдик падыша Улуу Константин бул шаарды б.з. 330-жылы Рим империясынын чыгыштагы борбору деп жарыялаган. Ошондон тартып шаар "Константинопол" (Constantinople, грекче: "Κωνσταντινούπολις" -- Константинополис), б.а. "Константиндин шаары" деп аталып калган.
Кийин шаар ортодокс христиандар негизги калкын түзгөн Византия империясынын борбору болуп калган.

Сегиз аптага созулган камалоодон соң, 1453-жылы 29-майда бул византиялык борбор шаарды осмон султаны Мехмет Экинчи ("Фатих" - "Жеңүүчү") каратып алган.

Ал шаардагы "Айя София" христиандык ыбаадатканасын жамы мечитке айландырган.
Мехмет Экинчи өзүн "Кайсар-и Рум" -- "Рим дөөлөтүнүн цезары" деп жарыялаган.

1923-жылы 29-октябрда Түркия жумурияты негизделип, анын борбор шаары катары Стамбул эмес, Анкара шаары жарыяланган. Мустапа Кемал Ататүрк айдыңдык Түркиянын алгачкы президенти болуп калган.

Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Efe, Recep; Cürebal, Isa (2011). "Impacts of the "Marmaray" Project (Bosphorus Tube Crossing, Tunnels, and Stations) on Transportation and Urban Environment in Istanbul". In Brunn, Stanley D (ed.). Engineering Earth: The Impacts of Megaengineering Projects. London & New York: Springer. pp. 715–34. ISBN 978-90-481-9919-8.
  • El-Cheikh, Nadia Maria (2004). Byzantium Viewed by the Arabs. Cambridge, MA: Harvard University Press. ISBN 978-0-932885-30-2.
  • Finkel, Caroline (2005). Osman's Dream: The Story of the Ottoman Empire, 1300–1923. New York: Basic Books. ISBN 978-0-465-02396-7.
  • Freely, John (1996). Istanbul: The Imperial City. New York: Viking. ISBN 978-0-670-85972-6.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Айя-Софья.