Орустар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Орустар (өздөрүн 18-кылымга чейин роусь, 1917-жылдан кийин великорусстар деп аташкан) – чыгыш славян эли; РФтин жергиликтүү калкы. Латвия, Литва, Эстония, Украина, Беларуссия, Молдавия, Азербайжан, Грузия, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан (381 562, 2012), Тажикстан, Түркмөнстан, ошондой эле АКШ, Канада, Бразилия, Германия, Англия, Кытай, Франция ж. б. мамлекеттерде диаспоралары бар. Жалпы саны дүйнөдө 133 млн, анын ичинде 111016896 киши Россияда жашайт (2010). Динге ишенгендеринин көбү – православныйлар. Орус тилинде сүйлөшөт. Орустар чыгыш славян урууларында уруулук мамилелер ыдырап, Киев айланасында Байыркы орус мамлекети түзүлгөн мезгилде пайда болгон байыркы орус элинен (9-к.) келип чыккан. Этностук негизин чыгыш славян элдери (кривичтер, словендер, вятичтер, северяндар), ошондой эле финн-угор уруулары түзгөн. Орустар мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Салттык кийимдери түн. жана Түштүк аймактарында бири-биринен айырмаланат. Эркектери тик жакалуу ак көйнөк, кендир ыштан, сыртынан таардан тигилген жакасыз узун кемсел, бутуна жөкө чокой же өтүк кийип, белине кур курчанат. Аялдары – түн. аймактары сарафан, түштүгү юбка, көйнөк, кофта кийип, алжапкыч тагынган. Тамак-ашы негизинен ботко, щи, пельмен, суусундук катары квасты көбүрөөк колдонушат.

Манас эпосунда[оңдоо | булагын оңдоо]

Орус — «Манас» эпосундагы этноним. Эпосто Көкөтөйдүн ашында чакырылган эл катары эскерилет: «Орус да бар, немис бар, Ойроттун баары тегиз бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 147). Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана кездешүүчү «Түндүккө чабуул» аттуу окуяда Манас орус элинин эпосторунун башкы каарманы Айламор (Илья Муромец) менен согушуп, аны жеңгени айтылат, к Айламор. В. В. Радлов жазып алган вариантта да Манастын О. эли жана анын падышасы «Ак падыша» (Николай) менен сый мамилеси көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]