Казак-орустар

Википедия дан

Казак-орустар, казактар ― Орусиядагы этностук-сословиелик топтордун бири; орус жерлеринин четки түштүк аймактарында жашаган элдердин 14-кылымда калыптанган социалдык-этностук жана тарыхый жамааттары. Дон, Кубань, Оренбург жана Сибирь Казактарынын ичинде орустар, украиндер басымдуулук кылган, ошондой эле беларус, түштүк славян, татар, мордва, башкыр, калмак, кумык, ногой, чечен, армян, түркмөн, бурят ж. б. элдердин топтору да Казактардын курамына кирген. 15-кылымдын башынан Казактар орус мамлекетине аскердик кызмат өтөй башташкан.

16-кылымда Украинада Запорожье Сечи, Тер Казактарынын жана Сибирь Казактарынын жамааттары, Речь Посполита менен чектешкен аймакты украин Казактарынын поляк өкмөтүнө кызмат кылган өзгөчө тобу, 17-кылымдын ортосунда Чыгыш Украинада Слобода Казактары пайда болгон. Казактар Сибирь, Ыраакы Чыгыш жана Орусиянын түштүк аймактарындагы жаңы жерлерди өздөштүрүүгө активдүү катышкан. 16-17-кылымдарда Казактар кеңири автономияга ээ болушкан. Бардык маанилүү иштер аскер чөйрөсүндө чечилип, жамааттын башында атамандар турган. Орус өкмөтү акырындык менен казак облустарынын автономиясын чектеп, Казактарды толугу менен өздөрүнө каратууга умтулушкан. 17-18-кылымда Казактар өз эркиндиги үчүн талбай күрөшүп, падышага каршы көтөрүлүштөргө жигердүү катышкан. С. Т. Разин, К. А. Булавин, Е. И. Пугачёв сыяктуу көтөрүлүштүн жетекчилери Казактардан чыккан. Булавиндин көтөрүлүшү (1707-09) талкалангандан кийин Дон Казактарынын бир бөлүгү Кубанга, кийин Осмон империясына өтүп кетишкен. Е. И. Пугачёвдун көтөрүлүшү (1773-75) жеңилген соң, Запорожье Сечи жоюлган. 18-19-кылымда бир катар казак аскерлери жоюлуп, падыша өкмөтүнө толук баш ийген жаңы аскерлер (Астрахань, Оренбург, Кара-Деңиз, Сибирь, Кавказ, Забайкалье, Амур, Кубань, Терек, Жети-Суу, Уссури) түзүлгөн. Казактардын жалпы саны 4,4 млндон ашып, 63 млн теше жерге ээлик кылган. Казактардын бардык аскерлери административдик жана аскердик жактан Аскер министрлигине баш ийген. Казактар 18 жаштан 20 жыл, 1909-жылдан 18 жыл аскердик кызмат өтөшкөн. 18-20-кылымда Казактар Россиянын согуштук кампанияларынын баарына катышып, Жети жылдык (1756-63), Ата Мекендик (1812), Кавказ (1817-64), Крым (1853-56) жана орус-түрк согуштарында айырмаланган. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Казактар укук тартибин жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда кеңири пайдаланылган. Жарандык согуштун жүрүшүндө (1917-22) Казактар элдешкис эки лагерге бөлүнүп кетишкен. Көпчүлүгү А. П. Богаевский, А.И. Дутов, А. М. Каледин, П. Н. Краснов, К. К. Мамонтов, Г. М. Семёнов, А. Г. Шкуронун командачылыгы алдында ак гвардиячылар, С. М. Будённый, Б. М. Думенко, Н. Д. Каширин, Ф. К. Миронов жетектеген Казактар Совет бийлиги тарапта салгылашкан. Ак гвардиячылар талкалангандан кийин миңдеген Казактар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 1920-ж. Казактар катмар катары жоюлган. 1936-ж. Казак-орустарга Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясына кызмат кылууга уруксат берилип, Кавказ дивизиясы түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) Казактар душманга каршы баатырдык менен салгылашкан. 1990-жылдардын башында Орусияда К. уюмдары кайра пайда боло баштаган. 1996-ж. январда Орусия президентинин алдында Казактар аскерлеринин башкы башкармалыгы түзүлүп, ал 1998-жылы Орусия президентине караштуу Казактар маселеси боюнча башкармалыкка айланган.

1993-жылы «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын уюму» (атаманы М. И. Бучнев) түзүлүп, 2003-жылы «Кайра жаралуу» маданий-экономикалык борбору, 2006-жылдан «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын республикалык уюму» (атаманы В. К. Бабичев) деп аталат. Уюмдун негизги максаты Казактардын үрп-адат жана салтынын негизинде келечектеги муундарды маданияттуулукка, спортко, патриоттуулукка тарбиялоо, наркомания жана наркобизнеске каршы күрөшүү. Билим борбору, улуттук кийимдерин тигүү цехтери иштейт, 3 чиркөөсү бар. Казак ырларынын респ. фестивалы өткөрүлөт. «Союз 2007» фестивалынын чегинде «Зарница» казак хору эл аралык маданий программага катышат. «Казактар тынчтык жана туруктуулук үчүн» гезити жана «Кыргызстандын Жети-Суу казак-орустары уюму» буклеттери чыгарылат. Казактар көп жашаган калктуу конуштарда баштапкы жамааттары түзүлгөн. «Кыргызстандагы Жети-Суу Казактарынын республикалык уюму» Орусия Казактар биримдигин бир бөлүгү жана Сибирь, Урал, Оренбург жана Жети-Суу Казактарынын эл аралык уюмунун мүчөсү.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]