Кытай

Wikipedia дан

Кытай (кытайча — Чжунго; кызыл-суулук кыргыздар Жуңго дешет, сөзмө-сөз — Ортонку мамлекет), Кытай Эл Республикасы (КЭР; кытайча Чжунхуа жэньминь гунхэго) — Борбордук жана Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын узундугу 18 миң кмден ашуун) менен чулганат; жээктей көптөгөн аралдар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык менен өткөн чек арасынын узундугу 22,8 миң км. түндүк-чыгышынан КЭДР жана Россия, түндүгүнөн Моңголия, түндүк-батышынан Россия, Казакстан жана Кыргызстан, батышынан Тажикстан, Афганстан, ошондой эле Пакистан, түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Индия, Непал жана Бутан, түштүк-чыгышынан Мьянма, Лаос, Вьетнам менен чектешет. Аянты 9,6 млн км2 (дүйнөдө Россия жана Канададан кийинки 3-орунда). Калкы 1,3 млрддан ашык (2014, дүйнөдө 1-орунда). Борбору — Пекин. Расмий тили — кытай тили. Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономия районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт), 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт. Кытай — БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Азия-Тынч океан экономикалык шериктештигинин (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2001), Шанхай кызматташтык уюмунун (2001) мүчөсү Администрациялык-аймактык бирдиктери (2007:

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытай — унитардык мамлекет. Конституциясы 1982-жылы 4-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы советтик типтеги республикалык Мамлекеттик бийликтин жогорку органы Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушу (ЭӨБКЧ), 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Чогулуштун сессиялары жылына бир жолу чакырылат, сессиялардын аралыгында мыйзам чыгаруу укугуна ээ болгон туруктуу комитет (155 депутат) иштейт. ЭӨБКЧ мыйзам чыгаруучу жогорку орган, мамлекеттик бюджет жана экономикалык өнүгүү пландарын ишке ашырат. ЭӨБКЧ мамлекет башчысын КЭРдин төрагасын (ыйгарым укугу 5 жыл, дагы бир мөөнөткө кайра шайланууга укуктуу) жана анын орун басарларын ж. б. дайындап, КЭРдин аткаруучу жогорку органы Мамлекеттик кеңештин (өкмөт) курамын бекитет. Мамлекеттик кеңеш ЭӨБКЧнын аткаруучу жана мамлекеттик жогорку администрациялык органы, ага бардык мамлекеттик башкаруу органдары баш иет. КЭРдин Мамлекеттик кеңеши мыйзам чегинде нормативдүү актыларды кабыл алуу укугуна ээ. КЭРдин бийлик органдарына Кытай Коммунисттик партиясы (ККП) жетекчилик кылат. ККП өкүлдүк органдары аркылуу мыйзам чыгаруу ж. б. чөйрөлөрдө өзүнүн саясатын жүргүзөт. КЭРде көп партиялуу система орун алган. ККПден тышкары 8 саясий партия (жалпы саны 600 миңдей) бар.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Жээги булуң-буйткалуу; чыгыш жээгинде Ляодун, Шаньдун, түштүгүндө Лэйчжоубаньдао сыяктуу жарым аралдар бар. Түштүгүнө жана түштүк-чыгышына түздүктүү жана дельталуу жээктер мүнөздүү. Бийиктик амплитудасы -155 мден (Турпан ойдуңу) 8848 мге чейин (Непал менен чек арасындагы Жомолунгма чокусу Жер шарынын эң бийик жери). Кытайда субмеридиан багытында жаткан бир нече ири аймак өзгөчөлөнүп турат: Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкөсү; Чыгыш Кытай тоолуу өлкөсү; Циньлин—Юньнань тоолуу өлкөсү; Түндүк Кытай платолору жана тоолору; Түндүк-Батыш тоолуу өлкөсү жана Тибет тайпак тоосу. Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкөсү Чоң жана Кичи Хинган кырка тоолорун, Ляоси тайпак тоосун, Манжур-Корей тоолорун камтыйт. Кытайдын түндүк-чыгыш четинде Ортонку Амур ойдуңу, анын түштүк-батышында тоо аралык ири түздүк Сунляо жайгашкан. Чыгыш Кытай аккумуляциялык түздүктөр облусу Улуу Кытай түздүгүн жана анын түштүгүндөгү Янцзынын ортонку жана төмөнкү агымдарын ээлеген ойдуңдарды (бийиктиги 200 мге чейин) камтыйт. Түштүк-Чыгыш тоолуу өлкөсүнө Кытайдын түштүк-чыгыш бөлүгүндө Янцзы дарыясынын төмөнкү агымынан Бакбо (Тонкин) булуңуна чейин жээктей созулуп жаткан Наньлин, Уишань ж. б. тоолор кирет. Мында жапыз жана орто бийик тоо массивдери тоо аралык ойдуңдар менен кезектешип жатат; эрозиялык тилмеленүү, батыш бөлүгүнө рельефтин карсттык формалары мүнөздүү; кырка тоолору бири-биринен тектирленген жазы өрөөндөр менен бөлүнгөн. Өлкөнүн түштүк четинде Сицзян, Бейцзян жана Дунцзян дарыясынын дельталары пайда кылган түздүктөр жайгашкан. Циньлин-Юньнань тоолуу өлкөсү Тибет тайпак тоосунун чыгыш чети менен Кытайдын түштүк чек арасына чейин жазы тилке болуп созулуп жатат. Ага Циньлин, Юньнань-Гуйчжоу тайпак тоосу, Сычуань ойдуңу кирет. түндүк Кытайдын платолору жана тоолору (бийиктиги 500—2000 м) Шаньси тайпак тоосун жана анын чыгыш уландысы Тайханшань кырка тоосун, Лёсстуу платону, Ордос платосун, Иньшань тоолорун камтыйт. Ордос, Лёсстуу платолорунан батышта, Куньлунь, Наньшань тоолорунан түндүктө Түндүк-Батыш тоолуу өлкөсү жайгашып, рельефинде бийиктиги 3000—5000 м болгон кырка тоолор (Моңгол Алтайы, Чыгыш Теңир-Тоо тармактары) тоо аралык ири ойдуңдар (орточо бийиктиги 900—1300 м; Жонгор түздүгү, Тарим ойдуңу, Турпан ойдуңу) менен кезектешип жатат. Кытайдын түштүк-батышында зор Тибет тайпак тоосу жайгашкан; анын чет-жакаларында бийик (600 мден жогору) жана узун тоо тармактары (Гималай, Кара-Корум, Куньлунь, Наньшань, Сина-Тибет тоолору) созулуп жатат. Кытайдын аймагы тектоникалык жактан кембрийге чейинки платформа блокторунан (Кытай-Корей, түштүк Кытай, Тарим платформалары) жана аларды бөлүп турган бүктөлүү структураларынан турат. Бүктөлүү структуралары Урал Охота, Альп Гималай жана Батыш Тынч океан кыймылдуу зоналарына кирет. Магнитудасы 8,6га чейинки жер титирөөлөр болуп турат; акыркы (магнитудасы 7,9га жеткен) катуу жер титирөө 2008-жылы 12-майда Сычуань ойдуңунун түндүк-батыш чет жакасында болуп, анда 68 миң адам өлгөн. Кытайдын аймагы түрдүү кендерге бай; таш көмүрдүн, вольфрамдын, молибден-калайдын, сурьманын, сейрек жер элементтеринин, бариттин запасы боюнча Кытай дүйнөдө 1-орунду ээлейт. ошондой эле темир, марганец, алюминий, жез, никель, цинк, коргошун, сымап, алтын, платина, фосфорит, күрөң көмүрдүн да запасы мол. Кытайдын аймагында (ошондой эле шельфтеринде да) нефтинин дүйнөлүк запасынын 2%и, табигый күйүүчү газдын 0,8%и топтолгон. Кытайдын аймагы климаттык 3 алкакта мелүүн (Хуайхэ дарыясы, Циньлин кырка тоосу сызыгынан түндүктү карай), суптропиктик жана тропиктик (Сицзян дарыясынан түштүктү карай) алкактарда жайгашкан. Кышында Кытайдын климатына Азия антициклону да таасирин тийгизет. Мелүүн алкакта континенттик (Түндүк Кытайдын тоолору жана платолору; түндүк-Батыш Кытай) жана муссондук (Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкө, Улуу Кытай түздүгүнүн түндүк бөлүгү) климат өзгөчөлөнүп турат; анда жылдык орточо температура —5°Сден (Үрүмчүдө) 14°Сге чейин (Шаньдун жарым аралында). Жылдык температуралык амплитуда өтө жогору (Турпан ойдуңунда 70°Сге чейин). Кышы узакка созулат, катуу суук жана шамал болуп турат, кар аз жаайт (түндүгүндө жана түндүк-батышында кар дээрлик түшпөйт); январдын орточо температурасы түндүк-чыгышында 16°Сден 25°Сге чейин, Чыгыш Кытайда 6°Сден 4°Сге чейин. Эң суук жери —40°С, өлкөнүн түндүк-чыгышында катталган. Жайы ысык, июлдун орточо температурасы 20-26°С, Турпан ойдуңунда 37°Сге чейин. Жайында циклондук аракеттер үстөмдүк кылып, түндүк-чыгышына жаан-чачынды мол алып келет, батышында жаан-чачын дээрлик жаабайт; жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү Тарим ойдуңунда 90 ммден аз; анын өлчөмү улам чыгышты карай акырындап көбөйүп, Ички Моңголиянын чыгышында 400—500 ммден жээк аймактарында 850 ммге чейин жетет. Субтропиктик алкакка муссондук жана бийик тоо климаты мүнөздүү. Муссондук климатта сезондуулук даана байкалат; кышы кургакчыл суук, жайы ысык, нымдуу, жаз жана күз мезгилдери узагыраак созулат. Январдын орточо температурасы нөлдөн 8°Сге чейин, июлдуку 26—31°С. Жайында жаан-чачын арбын түшөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү жээк аймактарында 1500 мм, Юньнан-Гуйчжоу тайпак тоосунда 850 мм. Климаттын зоналуулугун Тибет тайпак тоосу кыйла бузат. Тайпак тоонун түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө январдын орточо температурасы —20°Сден -25°Сге чейин, июлдуку 6-7°С, чыгыш бөлүгүндө жогорку тартипте —8°С жана 12—14°С. Температуранын суткалык өзгөрүүсү өтө жогору (30°Сден ашык). Жылдык орточо жаан-чачыны чыгыш бөлүгүндө 250—750 мм, батыш бөлүгүндө 100—200 мм жана андан аз. Тропиктик климаттык алкак Сицзян дарыясынан түштүктү, түндүк Кытай деңизинин жээгин 25° түндүк кеңдикке чейин, ошондой эле Тайвань, Хайнань аралын камтыйт. Январдын орточо температурасы 2022°С, июлдуку 32°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү Тайвань аралында 2460 мм, Түштүк Кытайдын материктик бөлүгүндө 1680 мм. Өтмө сезондо тайфун болуп турат. Кар чегинин бийиктиги 4460—4600 мден (Тибеттик батыш жана чыгыш чет жакаларында) 6200 м бийиктикке чейин (Тибеттин борбордук бөлүгүндө). Азыркы мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 84 миң км2 чамасында. Ири мөңгүлөрү КараКорум, Куньлунь, Наньшань, Чыгыш ТеңирТоо, Моңгол Алтайы тоолорунда. Өлкө суу ресурстарына бай; аймагынын басымдуу бөлүгү Тынч океандын (негизгилери: Янцзы, Хуанхэ, Хуайхэ, Сицзян, Ляохэ, Амур), 1/3инен ашыгы ички алапка (Тарим, Кашкар, Яркен), Тибет тайпак тоосунун түштүгүнөн башталгандар (Меконг, Инд, Брахмапутра, Салуин) Инди океанынын, түн-батыш чет-жакасыныкы түндүк Муз океандын алаптарына кирет. Бетинин аянты 1 км2ден ашкан 2800дөн ашык көлү бар. Тузсуз көлдөрдүн ичинен эң чоңдору жайылма тибиндеги көлдөр (Дунтинху, Поянху, Тайху), эң терең көлү Тяньчи (373 м; жанар тоодон пайда болгон). Туздуу ири көлдөрү: Кукунор, Лобнор, Нам-Цо. Муссондук мол жаан-чачындан кийин дарыялардын суусу кирип, алаамат ташкындагандыктан, алардын суу агымын жөнгө салып туруу үчүн көбүнүн нугуна дамба, гидротехникалык курулмалар жана суу сактагычтар (Хуанхэ, Хуайхэ, Янцзы дарыясынын алаптарына) курулган (мисалы, Улуу канал). Жер астындагы суунун запасы 900 млрд м3 чамасында. Лёстуу платолору жана аллювий түздүктөрү 5 миң жылдан ашуун дыйканчылыкта пайдаланылгандыктан, табигый топурак кыртышы дээрлик калган эмес, аларда азыр маданий топурактар басымдуулук кылат. Табигый топурак кыртышынын таралуусуна кеңдик-зоналуулук, ошондой эле бийиктик алкактуулук закон ченеми мүнөздүү. Кытайдын аймагынын мелүүн алкагында кеңири таралган топурак типтери: токойдун коңур (анын ичинде күлдөшкөнү да бар), иллювийтемирлүү, сары-коңур, кара сымал шалбаа (хету), жегичтүү кара жана күрөң, мелүүн жана субтропик алкактарынын чегинде шалбаалуу күрөң, субтропиктерде аллювий жана күрүч топурактары, бозомук-күрөң, боз, чөл-талааларда коңур, каштан, тропиктерде кызыл жана сары топурактар ж. б. Кытайдын өсүмдүктөрү жалпы эки бөлүккө кургакчыл батышка жана нымдуу чыгышка бөлүнөт. Алардын ортосундагы чек болжол менен Тайханшань Циньлин Сина-Тибет кырка тоолору аркылуу өтөт. Нымдуулук жетишпеген батыш бөлүгүндө чөл, жарым чөл жана талаа, нымдуу чыгыш бөлүгүндө, жергиликтүү өсүмдүк курамында токой, токойлуу талаа жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү басымдуулук кылат. Кытайдын чөлдөрү өсүмдүктөрүнүн өтө суйдаңдыгы менен өзгөчөлөнөт; ага бадалча (шыбак) жана бадал (караган) жамаатташтыктары мүнөздүү. Кумдуу чөлдөрүндө сөксөөл, дарак сымал баялыш, чекенде өсөт. Тарим ойдуңунун кыйла бөлүгүндө, Алашань чөлүндө жана Тибет тайпак тоосунун түндүгүндө өсүмдүк дээрлик өспөйт. Гобинин бийик түздүктөрүндө жана Ички Моңголияда чөл өсүмдүктөрү кургак талаанын жана жарым чөлдүн кылкандуу өсүмдүк-бадалчалуу жана бадалдуу жамааттыктары менен алмашат. Алашань чөлүнүн чыгыш бөлүгүнөн Ордос платосунун батыш бөлүгүнө чейин чөлдөшкөн талаа созулуп жатат. Шор баскан оёң жерлерди галофит өсүмдүктүү жана баялыштуу чөлдөр ээлейт. Бир аз нымдуураак жерлеринде (Лёсс платосунун түндүгүндө, Ички Моңголияда, өлкөнүн түндүк-батышындагы тоо этектеринде) чымдуу-кылкан өсүмдүктөрү таралган. Тибет тайпак тоосуна бийик тоонун кылкандуу-өсүмдүк-бадалчалуу чөл жана суук талаасы мүнөздүү (анда альп шалбаасы, жаздык сымал жана бадал өсүмдүктөрү да кездешет); тайпак тоонун (5атыш бөлүгүндө бадалчалуу жана суйдаң чөп өсүмдүктүү бийик тоо муздак чөлү басымдуу. СинаТибет тоолорунун бийик бөлүгүнө альп шалбаасы кездешкен жапыз өскөн кылкан өсүмдүктүү талаа, суу өрөөндөрүнө арча, табылгы өсөт. Токой өсүмдүктөрү (жалбырагын күбүүчү-дайыма жашыл аралаш токой зонасы) мурда Чыгыш жана Түндүк-Чыгыш Кытайды дээрлик каптаган, бирок азыр табигый өсүмдүктөр бул аймактарда негизинен орто бийик тоолордо гана кездешет. Чоң жана Кичи Хинган тоолорунун этектерине ачык ийне жалбырактуу токой мүнөздүү, ал 1800-2000 м бийиктиктерде жалбырагын күбүүчү-кедр токойлору менен алмашат. 2500 м бийиктиктен жогору кездешкен кылкандуу же ыраңдуу өсүмдүктөр жогорулаган сайын тоо бадалдарына жана мамык чөп-эңилчектүү тундрага өтөт. Ийне-жазы жалбырактуу аралаш токой Чоң Хингандын чыгыш капталдарына мүнөздүү. Мелүүн алкактын жылуураак аймактарында жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу жана карагай-кызыл карагайлуу ийне жалбырактуу токой өсөт. Түштүк-чыгыш муссонго карата ылымта жаткан Түндүк-Чыгыш Кытайдын түздүктөрүн шалбаалуу талаа жана токойлуу талаа ээлейт. Циньлин жана Наньлин кырка тоолорунун аралыгында, Янцзы дарыясынын ортонку жана төмөнкү агымдарында сезондуу нымдуу жазы жалбырак-ийне жалбырактуу субтропик токою таралган; анда лиана, бамбук ж. б. арбын кездешет. Токойдон жогору альп шалбаасы жатат. Юньнань-Гуйчжоу тайпак тоосунун түштүк-батыш бөлүгүнө, Лэйчжоубаньдао жарым аралына, Тайвань, Хайнань аралына дайыма жашыл тропик токою, жалбырагын чала күбүүчү кургакчыл токой жана саванна мун өздүү. Сицзян дарыясынан түштүктү карай, деңиз жээктей мангр токоюнун кууш тилкеси созулуп жатат. Кытайдын табигый ландшафты миңдеген жылдары ургаалдуу пайдаланылгандыктан, көп өзгөрүүлөргө дуушарланган. Жери түздөлүп, эгин эгилген, тоо капталдары тектирленген, канал, суу сактагыч, жолдор курулган, натыйжада аң, жарлар пайда болгон, кыртышы чөккөн, саздашкан, жемирилип эрозияга учураган. Кытайдын азыркы ландшафтын негизинен (өлкөнүн аянтынын 840/ои) табигый-антропогендик комплекстер түзүп, анда экинчи жолку ландшафттар басымдуулук кылат (61%); ландшафттардын антропогендик модификациясы аймактын 23% аянтын ээлеп, негизинен түздүктөрду жана жапыз тоолорду камтыйт. Шарттуу-жергиликтуу ландшафты (16°%) жетуугө татаал, чарбада пайдаланылбаган жерлерде гана сакталган. Экологиялык эң татаал кырдаал өлкөнүн калкынын 60°/ои жашаган, ири шаарлары жана өнөр жай борборлору жайгашкан Чыгыш Кытайда жана Сычуань ойдуңунда түзүлгөн. Мындагы эң актуалдуу проблемаларга атмосферанын, суунун жана топурактын булгануусу, анын ичинде кислоталуу жаан-чачындын натыйжасы кирет. Азыр токой аянты кеңейтилүүдө (токой 175 млн гадан ашык аянтты ээлейт же өлкөнүн аянтынын 18°%и; 2008), жыл сайын 6 млн га жерге дарак отургузулат. Коргоого алынган 2350 табигый аймак уюшулган (анын 350су мамлекеттик корук; өлкөнүн аянтынын 15°%и). ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарынын тармагына коргоого алынган 26 табигый аймак (жалпы аянты 33,16 миң км2), суу-саздак жерге коргоого алынган 30 аймак кирет; 33 корук Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган: алар Тайшань, Хуаншань тоолору, Сычуань провинциясындагы Чоң панда резерваты, Түштүк Кытай карсты ж. б.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытайда 56 этностук топ расмий катталган. Сина-тибет тилдеринде сүйлөгөндөр өлкөнүн калкынын 94,3/ин түзөт, анын 91,5°%и кытайлар (хань), 0,8%и хуэйлер, 0,2%и байлар; тибет-бирма элдери 1,8%ти түзүп, негизинен Түштүк-Батыш Кытайда жашайт. Тай-кадай тилиндегилер (негизинен Түштүк Кытайда) 2,3%ти, мяо-яо тилиндегилер (Түштүк Кытайда) 0,9%ти, алтай тилиндегилер (негизинен түндүк жана Түндүк-Батыш Кытайда) 2,2%ти, түрк элдери (уйгур, казак, кыргыз, салар, юйгу, өзбек, татар) 0,8%ти, моңгол элдери 0,5%ти, корейлер (Кытайдын түндүк-чыгышында) 0,2% ти түзөт. ошондой эле Кытайдын түндүк-батыш чет-жакаларында памирликтер (сарыколдуктар, вахандыктар), Түштүк Кытайда австралия-азия тилинде сүйлөгөндөр, мон-кхемерлер, вьеттер (цзин), Тайванда австронезиялык-гаошандар жашайт. Кытайдын калкы дүйнөнүн калкынын 1/5 бөлүгүн түзөт. Кытайдын калкынын санынын тез темп менен өсүшүнө байланыштуу (1953-жылы 594,4 млн; 1964-жылы 694,6 млн; 1982-жылы 1008,2 млн; 1990-жылы 1133,7 млн; 2000-жылы 1265,8 млн) өлкөдө төрөлүүяү чектөө боюнча ырааттуу демографиялык саясат жүргүзүүгө туура келет. 1980-жылдардан бир балалуу үй-бүлөнү колдоо максатында төмөнкү комплекстүү иш-чаралар ишке ашырылууда: ай сайын жөлөк пул төлөө, квартираны кезексиз алуу, баланы бала бакчада акысыз тарбиялоо, жогорку окуу жайларга кирүүгө, жумушка орноштурууда артыкчылыктарды берүү ж. б. Экинчи бала төрөлгөндө жогорудагы жеңилдиктер бүт алынып, ал үй-бүлөгө айып пул салынат. Кытайдын көп региондорунда кары курактагылардын көбөйө баштагандыгына байланыштуу 2007-жылы айрым үй-бүлөлөргө 2 балалуу болууга уруксат берилген. 1987-жылдан төрөлүүнүн саны кыскара башгаган (2007-жылы 1000 адамга 12,1 бала), өлүм-житим дээрлик туруктуу (2007-жылы 6,9). Калктын табигый өсүү темпи кыйла басаңдап, 2007-жылы 5,3тү түзгөн, бул көрсөткүч дүйнөлүк орточо деңгээлден 2 эсе төмөн. Өлкөнүн демогр. саясатынын стратегиялык максаты 2040-жылы калктын санынын өсүшүн нөлгө жеткирүү (кытай демографтарынын эсеби боюнча Кытайдын калкынын саны 21-кылымдын орто ченинде 1,5—1,6 млрдга жетет). Расмий маалыматтар боюнча сырткы миграция сальдосу терс мааниде (1000 адамга 0,39); чет өлкөлөрдө 475 миң кытай жарандары убактылуу жашап (негизинен Япония, Сингапур, түштүк Корея ж. б. Азия өлкөлөрүндө контракт менен иштейт), 134 миң студент окуйт. Жашыруун эмиграциянын масштабы да зор. Кытайда 100 аялга 103 эркек туура келет. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 17,9%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15-59 жаш) 67,8%ти, 60 жаштан өткөндөр 14,3%ти түзөт (2007). Адам өмүрүнүн орточо узактыгы 72,9 жыл (эркектердики 71,1, аялдардыкы 74,8 жыл). Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 137 адам. Калк өлкөнүн чыгыш аймактарына, айрыкча Хуанхэ, Янцзы дарыясынын өрөөндөрүнө жана дельталарына жыш отурукташкан. Шанхайда калктын жыштыгы 1 км2 жерге 2880, Цзянсу провинциясында 740 адам туура келет. Өлкөнүн батышындагы тоолуу жана чөлдүү аймактарда калк салыштырмалуу сейрек отурукташкан (эң сейрек отурукташкан аймак Тибет автономия району, 1 км2 жерге 2,3 адам туура келет). Шаар калкынын үлүшү (2007-жылы 44,9%) айыл калкынын шаарга миграциясынын жана шаарлардын чегинин кеңейишинин (ошондой эле айыл-кыштактарга шаар статусун берүүнүн) эсебинен туруктуу өсүүдө. 2020-жылы шаар калкынын үлүшү 57%ке жетээри божомолдонууда. Кытайда 656 шаар, 20 миңге жакын шаарча бар (2007). Шаар калкынын 1/2нен ашыгы борборго баш ийген шаарларда, Түндүк-Чыгыш Кытайдын жана айрым жээк провинцияларынын шаарларында жашайт. Кытайдын эң ири шаарлары (2009; шаар айланасы менен, миң адам): Шанхай (17 783), Пекин (12 230), Сянган (Гонконг; 9102), Чунцин (7707), Шэньян (Мукден; 6580), Тяньцзинь (6389), Гуанчжоу (Кантон; 5711), Сиань (5132), Ханчжоу (4917), Харбин (4885), Шаньтоу (4747), Ухань (4696), Чэнду (4636), Нанкин (4313), Цзинань (3405), Чанчунь (3052), Шицзячжуан (3022), Тайюань (2787), Таншань (2756), Цзыбо (2736), Далянь (2709), Куньмин (2459), Циндао (2452), Гуйян (2420), Аньшань (2295), Чанша (2267), Уси (2226), Чжэнчжоу (2216), Наньчан (2188), Гирин (Цзилинь; 1956), Синьян (1904), Ланьчжоу (1865), Даньдун (1711), Чжаньцзян (1635), Сюйчжоу (1611), Үрүмчү (1601) ж. б. Тайвандын калкынын санынын өсүү темпи бара-бара басаңдоодо (1952-жылы 8,1 млн; 1980-жылы 17,8 млн; 1990-жылы 20,4 млн; 2000-жылы 22,3 млн; 2008-жылы 23,1 млн). 21-кылымдын башында калктын өсүү темпи 0,24%ке чейин төмөндөгөн (2008). Калкынын демогр. негизги өзгөчөлүгү — төрөлүүнүн төмөндүгү (2008-жылы 1000 адамдан 9,0 бала төрөлгөн). Өлүм-житимдин аздыгы — мурда калктын табигый өсүү темпи, ошондой эле жашоо шартынын сапатынын жогору болгондугун айгинелейт. Тайвандын калкынын курамында 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 17,3%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15—64 жаштагылар) 72,2%ти, 65тен өткөндөр 10,5%ти түзөт. Орто эсеп менен 100 аялга 102 эркек туура келет. Калкынын жашынын орточо узактыгы 77,8 жыл (эркектердики 74,9, аялдардыкы 80,9 жыл). Сырткы миграциясы анча көп эмес; миграция сальдосу оң мааниде — 1000 адамга 0,04. Тайванга жумуш издеп келгендердин саны көбөйүүдө. Тайвань — калк жыш отурукташкан провинция; калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 637,9 адам туура келет. Урбанизация жана субурбанизация процесстери ургаалдуу өнүгүүдө. Шаар калкы 90%тей. Негизги шаар агломерациялары (2008; миң адам): Тайбэй (калкы 8325,2 — Тайвандын калкынын 36%тен ашыгы), Гаосюн (2686,5), Тайчжун (2224,5), Тайнань (831,4). Кытайдын калкынын басымдуу бөлүгүнө синкретизм религиясы мүнөздүү: конфуцийчилик, даосизм, буддизм. Ислам динин Кытайда 20 млндой адам тутат; миңден ашык мечит бар.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытай аймагын адамдар байыркы таш доорунда эле мекендеген. Кытай тарыхында алгач Ся династиясы (2205—1767), кийин Инь (азыркы Хенань, Хэбэй жана Шаньдун провинциялары) династиясы (1766—1112 же 1600—1027) пайда болгон. биздин заманга чейинки 11-кылымда Инь мамлекетин анын батышында жашаган чжоу уруусу караткан. Чжоу доорунда өндүргүч күчтөр өсүп, адистешкен кол өнөрчүлүк пайда болуп, шаарлар курулуп, маданият өнүккөн. биздин заманга чейинки 7—6-кылымдарда Кытай аймагында бир нече падышалыктар (Ци, Янь, Цинь, Чу, Хань, Вэй жана Чжао) түзүлүп, бири-бири менен согушуп турган. 200 жылга созулган тынымсыз согуштардан кийин Кытайда 1-жолу борбордошкон Цинь империясы (биздин заманга чейинки 221—207) негизделген. Анын негиздөөчүсү жана 1императору Цинь Шихуандинин убагында түндүктөгү көчмөндөрдөн коргонуу үчүн Улуу Кытай дубалы 2006-жылдагы сүрөт курула баштаган. Өлкө борбордоштурулуп, майда падышалыктар жоюлуп, башкаруу системасы өзгөргөн. Өлкө 36 областка бөлүнүп, башкаруу аппараты түзүлүп, императордун бийлиги бекемделген, жаңы мыйзамдар, чен бирдиктер, жазуу жана акча киргизилип, билим берүү системасы мамлекеттин карамагына өткөн. биздин заманга чейинки 3-кылымдын — биздин замандын 3-кылымында бийликке Хань империясы келген. Борбордук бийлик күч алып, Чаньань, Лоян, Ханьдань, Линьцзы, Чэнду ж. б. ш. соода-кол өнөрчүлүк борборлоруна айланып, чек аралар кеңейип, Улуу Жибек жолу ачылган. Хань империясы Борбордук Азия элдери жана өлкөлөрү (Фергана, Согд, Бактирия, Парфия) менен мамилелешип, көптөн бери тынчын алып келген хунну ж. б. урууларга сокку урган. У-динин тушунда (154—108) конфуцийчилик Кытайдын мамлекеттик идеологиясына айланган. Хань мезгилинде байыркы кытай эли калыптанып, өздөрүн ханьдар деп атаган. биздин замандын 184-жылы узак убакытка созулган Чжан Цзяо жетектеген дыйкандардын «сары байламчандар» көтөрүлүшүнөн Хань империясы кулап, үч падышалык (Вэй, Шу жана У) түзүлгөн. Бул мезгилде феодалдык доор башталган. 316-жылы Кытайдын түндүгүн көчмөн уруулар басып алган. 4-кылымдын ортосу — 5-кылымдын башында Түндүк Кытайда кытайлык эмес элдердин 19 мамлекети пайда болгон. 589-жылы кытай эли Суй империясына кайра бириккен. Император Вэнь-ди (Ян Цзянь) аскер күчүнө таянып, борбордук бийликти чыңдоого багытталган реформаны ишке ашырган. Суй империясы түндүк Кореядагы Когурё мамлекетине, вьетнам мамлекети — Вансуанга, түрк жана тугухундарга каршы баскынчы согуштарын жүргүзгөн. Өлкөдөгү чексиз бийлик жана оор салыктар элдик толкундоолорго алып келип, Суй империясы кулаган. 618-жылы анын ордуна Тан империясы бийликке келген. Кытай администрациялык аймактарга (район, округ, уезд) бөлүнүп, маданияты (китеп басып чыгаруу ойлоп табылып, өткөн доордун 8 расмий династиялык тарыхы түзүлгөн ж. б.) өскөн. Империя түрлүү багытта баскынчы согуштарын күчөтүп, 668-жылы Кореяга (Когурё) кол салып, 7-кылымдын ортосунда Чыгыш жана Батыш түрк кагандыктарын талкалаган, бирок алардын андан ары батышты көздөй жылышын арабдар токтоткон. 751-жылы Талас дарыясынын боюндагы арабдар менен болгон салгылашууда кытайлар жеңилип калган. Кыргыздар 7-кылымдан Тан империясынын ишенимдүү, күч-кубаттуу, аскердик-саясий союздашы болгон. 632-жылы Тан императору Тайцзунь кыргыз каганына Ван И-Хун башында турган мамлекеттик расмий элчилик жөнөткөн. Бул элчиликке жооп иретинде алгачкы жолу 643-жылы кыргыздар Кытайга барган. Кытай жыл наамаларында Кытайга кыргыз элчилери бир нече жолу (650—83-, 706—11-, 713—55-жылдары) каттагандыгы жөнүндө маалыматтар кездешет. 907-жылы Тан империясы кулап, Сун династиясынын (960—1279) бийлигине бириккен (түндүк жана түндүк-батыш аймактарынан башкасы). 13-кылымдын 2-жарымында Кытайды Чыңгыз хандын аскерлери басып ала баштаган. 1271-жылы Чыңгыз хандын небереси Хубилай бүткүл Кытайды өзүнө багындырып, Юань империясынын негизин түзгөн. 1368-жылы Юань империясы бийликтен кетип, ордуна кытайлык Мин империясы келген. Мин доорунда мамлекеттик башкаруу системасы реформаланган. Шаарлар өсүп, өнөр жай, айыл чарба жана маданияты (Кытайда 1420-жылдары Живопись академиясы пайда болгон. Китеп басып чыгаруу иштери кеңейип, көп томдуу энциклопедия, атлас ж. б. түзүлгөн) өнүккөн. Мин империясы тышкы саясатты да активдүү жүргүзгөн. Вьетнамды каратып (1407—27), Түштүк-Чыгыш жана түштүк Азия өлкөлөрүнө бир нече жолу экспедиция уюштуруп, түндүк жана түндүк-батыштагы көчмөндөргө каршы күрөшкөн. 16-кылымдан Кытай аймагына европалыктар келе баштаган. 1557-жылы Португалия Аомынды (Макао) «арендалоого» укук алган. 1618-жылы эки өлкөнүн ортосунда соода жана дипломатиялык байланыштарды жөнгө салуу иштери менен Тобольск аскер башчысы И. Петлин жетектеген биринчи орус дипломатиялык делегациясы Пекинге келген. 17-кылымда Кытайдын түндүгүнөн чыккан көчмөн уруулардын көтөрүлүштөрү Мин империясын кулаткан. Кытай феодалдары көтөрүлүштөрдү басуу үчүн манжур феодалдарынан жардам суроого мажбур болгон. Бул Кытайда манжурлардын Цинь династиясынын (1644—1911) орношуна алып келген. Дыйкандар согушу жана манжур каратууларынан Кытайда экономикалык кризистер башталып, калктын саны кыскарган. 18-кылымдын аягынан гана Кытайдын экономикасы калыбына келип, элдин саны 300 млнго жеткен. Империяда күчтүү армияга жана бюрократтык аппаратка таянган деспоттук режим түзүлгөн. Жогорку бийлик органдары жана армияны жетектөө манжурлардын колунда болгон. Түндүк Кытайга бийлигин орноткон соң, Цин Кытайдын коңшу мамлекеттерине кол сала баштаган. Россия Цин империясы менен болгон мамилелерин жөнгө салуу максатында 1689-жылы Аргунь дарыясынын оң жээгин жана Амур дарыясынын оңсол жээгинин бир бөлүгүн берген). 1727-жылы Кяхта келишими Цинь империясы менен Россиянын ортосундагы Моңголия боюнча өтүүчү чек араны тактап, 17-кылымдын аягында Цинь династиясы түндүк Моңголияны (түштүгүн 1636-жылы), 1728-жылы Тибетти, 1755—57-жылы Жунгар хандыгын, 1757—59-жылдары Чыгыш Түркстанды (Кашкар) басып алып, Синьцзян деген ат менен Цинь империясына кошкон. Ошол учурда Чыгыш Түркстанда Цин империясынын басып алуучулук саясатына каршы кыймыл (5 миңден ашык ойрот, бурут же кыргыз, илелик уйгурлардан турган кол жыйналган) башталган. Мындан чочулаган Цин империясы түндүктөгү коңшусу кыргыздар менен расмий мамиле түзгөн. 18-кылымдын аягында Цин империясынын ички абалы начарлай баштаган. 19-кылымдын 1-жарымында европалыктардын, айрыкча Улуу Британиянын Кытайга экспансиясы күчөгөн. 1840—42, 1850—60-жылдары Улуу Британия жана Франция менен «апийим» согуштары болуп, Кытай жеңилип калган. Нанкин келишими (1842) боюнча Кытай Англия үчүн 5 порт ачып, Сянган (Гонконг) а-н берген. Португалия 1851-жылы Аомынь жарым аралын, Данцзыдао (Тайпа) аралын, 1864-жылы Цзюаодао (Колоане) аралын басып алган. 1844-жылы Кытай Франция жана АКШ менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жарым колониялык өлкөгө айлана баштаган. Россиякытайлык Пекин трактаты (1860) Ыраакы Чыгыштагы эки мамлекеттин ортосундагы чек ара (Амур, Уссури дарыясы, Ханка көлү жана кырка тоолор аркылуу өтүп, Тумыньцзян дарыясынана чейин жеткен) маселесин чечкен. Кытай калкынын социалдык-экономикалык абалы оордоп, манжурларга жана жогорку бийликтегилерге каршы дыйкандардын Тайпын (1850—64) жана Няньдан (1959—68), ошондой эле 1862—77-жылдары дунгандар менен уйгурлардын көтөрүлүштөрү болуп, англ., француз жана америкалыктардын колдоосу менен басылган. 19-кылымдын аягында Кытайда капиталисттик өнөр жай өндүрүшү пайда болуп, улуттук буржуазия менен жумушчу табы калыптана баштаган. 1870—80-жылдары батыш державалар Цин империясына кысым көрсөтүүнү күчөткөн. Бир катар согуштардан [Кытай-француз согушу (1884—85), Кытай-япон согушу (1894—95] соң, Кытайды көз каранды кылуучу келишимдер таңууланган. 1897—98-жылдары ири державалар Цин империясын бөлүштүрүүгө киришкен. Цин өкмөтүнүн багынуучулук саясаты өлкөдөгү прогрессчил күчтөрдү кыжырланткан. Өлкөнү сактап калу үчүн Кытайда Сунь Ятсен жетектеген революциялык-демократиялык кыймыл пайда болуп, 1894-жылы Синчжунхой уюмун уюштуруп, радикалдуу реформаларды жүргүзүү аракеттерин жасаган. 1898-жылы Шаньдун, Чжили ж. б. провинцияларда Цин династиясын колдогон жана чет өлкөлөргө каршы багытталган Ихэтуань кыймылы күч алган. Чжу Хундэн, Чжан Дэчэн, Цао Футянь жана Ли Лайчжун жетектеген ихэтуандар маньчжурлар менен биригип, темир жолдорду, заводдорду, христиан чиркөөлөрүн талкалап, европалык товарларды жана китептерди өрттөп, чет элдик өкүлдөргө кол салып, Пекиндеги дипломаттар кварталын курчоого алышкан. 1901-жылы Улуу Британия, Франция, Германия, АКШ, Россия, Япония, Италия жана Австро-Венгрия өлкөлөрү Ихэтуань кыймылын басып, өз таасирин чыңдоо үчүн Кытайга интервенция жасашкан. Анын натыйжасында бул державалар менен Цин империясынын ортосунда «Корутундулоо токтомуна» (1901) кол коюлуп, ал Цин империясынын жарым колониялык абалын бекемдеген. 1911-жылы октябрь — 1912-жылы мартта Кытайда Синьхай революциясы болгон. Цин династиясы тактыдан кулап (1912-жылы 12февралда), монархия жоюлган. Бийликке аскер чөйрөсүнүн жетекчиси Юань Шикай келип, аскердик диктатура орноткон. 1-дүйнөлүк согуш убагында (1914—18) Япония Кытайга экспансиясын күчөтүп, 1915-жылы январда Кытайды өзүнө көз каранды кылуу үчүн жаңы талаптарды койгон. Юань Шикайдын өкмөтү ал талаптардын көбүн орундаткан, бирок Япония өкмөтүнө каршы нааразылыктарын билдирген. Орус революциясынын (1917) жеңиши Кытайга зор таасир тийгизген. Кытайда жумушчу кыймылы күчөп, 1921-жылы Кытай Коммунисттик партиясы негизделген (ККП). 1921-жылы апрелде Кытай Республикасынын убактылуу президенттигине Сунь Ятсен шайланган. Анын «империалисттерге» каршы биргелешип күрөшүү өтүнүчү боюнча 1923-жылы Советтер Союзунан Гуанчжоуга саясий жана аскер кеңешчилери (М. М. Бородин, В. К. Блюхер ж. б.) келип, Улуттук-революциялык армиясын (УРА) түзүүгө жана курал-жарак жагынан ж. б. жардам беришкен. Кытайлыктардын империалисттерге каршы массалык күрөшү бурж.демокр. революцияга (1925—27) айланган. 1925-жылы 1-июлда Гуанчжоу өкмөтү өзүн Улуттук Кытай өкмөтү деп жарыялаган. 1926—27-жылдары УРА Гуанси, Гуйчжоу провинцияларына жана Хунань провинциясынын түштүк бөлүгүнө ревялык бийлик орнотуп, Хунань, Хубэй, Цзянси, Фуцзянь провинцияларын, Шанхай, Нанкин шаарын бошоткон. Революциялык кыймылдын кулач жайышынан жана батыш мамлекеттеринин интервенциясынан чочулаган Кытай улуттук буржуазиясы революциядан баш тарта баштаган. 1927-жылы 12-апрелде УРАнын башкы командачысы Чан Кайши башында турган Гоминьдандын оң канаты Шанхай, Нанкин, Гуанчжоу, кийинчерээк Уханга контрреволюциячыл (Ухандагы солчул гоминьданчылардын өкмөтүнө каршы) төңкөрүш уюштуруп, Улуттук өкмөт түзгөн. ККПны мыйзамсыз деп жарыялап, профсоюз жана дыйкан уюмдарын таркатып, өлкөдө «ак террор» (1927-жылдын апрелинен 1928-жылдын июль айына чейин Кытайда 337 миң революционер репрессияланган) өкүм сүргөн. 1927-жылы Кытайда Кызыл Армия жана революциялык-демократиялык бийликтин жергиликтүү органдары — Советтер түзүлгөн. ККП Кызыл Армияга таянып, Чан Кайшинин өкмөтүнө же гоминьдан режимине каршы куралдуу күрөш баштаган. 1927—37-жылдары Кытайда жарандык согуш башталган. Япония 1931-жылы 18-сентябрда Кытайдын түндүк-чыгышын (Маньчжурияны) басып алып, Маньчжоуго мамлекетин негиздеген. 1935-жылы япондук башкаруу топторунун Нанкин өкмөтүнө таңуулаган жашыруун макулдашуусунун негизинде Гоминьдан түндүк Кытайдагы Япониянын басып алган аймактарын тааныган. Бирок ушундай шарттарда да Чан Кайшинин өкмөтү Кызыл Армияга каршы жортуулун уланта берген. Чан Кайшинин капитулянттык позициясы элдик толкундоолорго алып келип, Пекинде өкмөткө жана япондуктарга каршы патриоттук демонстрациялар өткөрүлгөн. 1936-жылы Гоминьдан Кытай Кызыл армиясына каршы согуш аракеттерин токтотууга мажбур болгон. 1937-жылы Япония Кытайды толугу менен каратып алуу үчүн кайрадан кол салып, түндүк, Борбордук жана Түштүк Кытайдын маанилүү райондорун жана Пекин, Тяньцзинь, Шанхай, Нанкин ж. б. шаарын басып алган. 1937-жылы 23-сентябрда Гоминьдан жетекчилиги ККП менен кызматташуусун билдирген. 1937—45-жылдары япон баскынчыларына каршы Кытайда улуттук-боштондук согуш башталган. 1937-жылы 21-августта кол салышпоо жөнүндө советтик-кытайлык келишим түзүлүп, СССР Кытайга 250 млн доллар заём берип (курал-жарак ж. б. сатып алууга), 3,5 миң аскер адистерин (анын ичинде ыктыярдуу учкучтарды) жиберген (шаарларын коргоо үчүн), ошондой эле Ы. Чыгышта топтолгон куралдуу күчтөр менен япондуктардын Квантун армиясын талкалап, япондук оккупанттык режимди кулатууга көмөктөшкөн. 1945-жылы 2-сентябрда Япония өзүнүн капитуляциясы жөнүндө актыга кол койгон. 1946-жылы 10-январдагы согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө Гоминьдан менен ККП өкүлдөрүнүн түзгөн келишимине карабастан, Кытайда улуттук-боштондук согуш башталган. АКШнын колдоосуна (Гоминьданга 6 млрд доллар өлчөмүндө согуштук жардам берип, Кытайдын саясий турмушун, финансы жана экономикасын көзөмөлдөгөн) таянган Гоминьдан аскерлери япондуктардан бошотулган аймактарды басып алуу аракетин жасашкан. Кытай армиясынын күчү менен 1949-жылы Кытайдын бардык аймагы бошотулуп, Чан Кайши 2 млнго жакын талапташтары менен Тайванга качып кеткен. Кытай элинин улуттук-боштондук согушу (1946—49) элдик-демократиялык революциянын жеңиши менен аяктаган. 1949-жылы 1-октябрда Кытай Эл Республикасы (КЭР) жарыяланган. КЭРди алгач СССР (1949-жылы 2-октябрь), кийинчерээк чыгыш-европ. өлкөлөр жана Моңгол Эл Республикалык тааныган. 1950-жылы январдын башында КЭР Улуу Британия, Скандинавия мамлекеттери, Афганстан, Израиль, Швейцария жана Индия менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, алардын жардамы менен согушта бүлүнгөн чарбасын калыбына келтирген. 1950-жылдары КЭРде ишканалар жана банктар мамлекеттештирилген. КЭР тышкы соодага мамлекеттик көзөмөл киргизип, бажы органдарын колуна алган. Өлкөдө адмминистрациялык-аймактык жана агрардык реформалар жүргүзүлүп, Кытай провинцияларга жана АОго бөлүнгөн. Помещиктик жерлер жоюлуп, 300 млндой жерсиз дыйкандар жердин ээси болгон. Өндүрүш кооперативдери киргизилип, ага дыйкан чарбалары, майда менчик жана кол өнөрчүлүк ишканалары бириккен. 1954-жылы Мао Цзэдун КЭРдин төрагалыгына шайланып, улутчулдук багыттагы саясат жүргүзгөн. Венгрия көтөрүлүшү (1956) жана Польшадагы саясий кризистен (1956) улам Кытай жетекчилиги өнүгүүнүн советтик моделинен баш тартып, СССРдин «десталинизм» саясатын сындаган. 1960-жылдары советтиккытайлык мамилелер начарлап, кытайлык жетекчиликте улуу державалык, улутчулдук маанай өкүм сүргөн. Мао Цзэ-дундун тобу авантюристтик «үч кызыл туу» (жаңы «генералдык багыт», «чоң секирик», «элдик коммуна») саясатын жарыялаган. «Чоң секирикти» турмушка ашыруу аракеттери Кытайдын эл чарбасын кризиске учуратып, экономиканы артка тартып, элди ачкачылыкка (Кытайда ачкачылыктан 10—14 млндон 30 млнго чейин киши өлгөн) алып келген. Маочулардын ички-тышкы авантюристтик саясаты өлкөдө, анын ичинде ККПнин жооптуу кызматкерлеринин арасында зор нааразылык туудурган. Оппозицияны жок кылуу жана элди баш ийдирүү үчүн маочулар 60-жылдардын 2-жарымында «маданий революция» уюштурган. Алар армияга жана саясий жактан тажрыйбасы жок жаштарга [хунбэйбиндер («кызыл күзөтчүлөр») менен цзаофандарга («бүлүкчүлөр»)] таянып, ККП менен КЭРдин белгилүү ишмерлерин, интеллигенция өкүлдөрүн жетекчиликтен четтетип, ККПнин көп мүчөлөрүн жазалашкан. Бардык жергиликтүү партиялык жана конституциялык мамлекеттик органдар куугунтукка алынып, жогортон дайындалган «ревкомдор» менен алмаштырылган. Профсоюздук, комсомолдук ж. б. коомдук уюмдар ишин токтотуп, борбордук жана жергиликтүү гезит-журналдар, мектеп, жогорку окуу жайлар, китепкана, музей жана театрлар жабылган. 1966-жылы август-сентябрь айларында 397 миңден ашык киши шаарлардан куулуп, Пекинде эле 1722 киши өлтүрүлгөн, 37 миң үй-бүлөнүн мүлкү тонолгон. Жалпысынан «Маданий революциянын» мезгилинде Кытайда 6 миңден ашык архитектуралык эстеликтер, анын ичинде Пекинде 4922 тарыхый жана маданий эстелик талкаланып, 2, 357 млн тарыхый китептер, 185 миң сүрөт ж. б. жок кылынган. Кытай эмес элдердин өкүлдөрүн кысымга алуу жана аларды ассимиляциялаштыруу күчөгөн. 1976-жылы 9-январда Мао Цзэдун дүйнөдөн кайткан соң, коомдук, коопсуздук уюмдар жана армиянын күчү менен «солчулдардын» таасири төмөндөгөн. «Маданий революциянын» бүткөндүгү жарыяланып, партиянын жаңы уставы кабыл алынган. 1979-жылы Кытайда экономикалык реформалар жүргүзүлүп, жетекчилик звено жаш кадрлар менен толукталган. Эл аралык соода жүргүзүү үчүн «атайын экономикалык зоналар» ачылган. 1990-жылдары КЭРдин тышкы саясатындагы маанилүү маселе — Тайвань болгон. 1992-жылы тынчтык жол менен биригүү үчүн Пекин менен Тайбэйдин ортосунда сүйлөшүүлөр башталып, 1993-жылдан соода байланыштары түзүлгөн. КЭРдин эл аралык позициясынын чыңдалышы жана Батыш өлкөлөр менен анын экономикалык жана саясий кызматташтыгынын тереңдеши Сянган (Гонконг) жана Аомындын (Макао) тагдыры жөнүндө маселенин чечилишин тездеткен. 1984-жылдын 26-сентябрында аренда жөнүндө британиялык-кытайлык келишимдин 50 жылдык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Улуу Британия менен КЭРдин алдын ала билдирген макулдашууларынан соң, 1997-жылы Сянган, 1987-жылы 13-апрелде Кытайдын Португалия менен түзгөн келишиминин негизинде 1999-жылы Аомынь Кытайга кайтарылып берилген. Кытай Япония (1978), Корея Республикалык (1992), Индия (1993), рФ (1994), Вьетнам (1995) ж. б. өлкөлөр менен достук жана кызматташтык мамилелерди түзгөн. 1993-жылдан Кытай рынок чарбасына өткөн. КЭР өкмөтү ядролук куралдарды таратпоо жөнүндө келишимди (1991-жылы 29-декабрда) колдоп, 1996-жылы 29-июлда ядролук куралдарга сынак жүргүзүүнү токтоткондугун билдирген. КЭР «модернизация, реформа жана ачыктык» саясатын жүргүзүү менен дүйнөдөгү глобалдуу экономика жана соода лидерине айланып, «дүйнөлүк фабрика» статусуна ээ болду. 2001-жылы КЭР Дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Кытай түстүү металл, көмүр, цемент, кездеме, телевизор, мотоцикл, велосипед ж. б. продукция чыгаруу боюнча дүйнөдө 1-орунда, кант чыгаруу боюнча 2-орунда, автомобиль чыгаруу боюнча 3-орунда, электр энергиясын иштетүү боюнча 4-орунда, нефть өндүрүү боюнча 5-орунда (2007). Кытайдын «PetroChina» нефть химиялык корпорациясы жана Соода-өнөр жай банкы 2008-жылы дүйнөдөгү ири компаниялардын катарына кирген. 1990-жылдардан КЭР кылмыштуулуктун өсүшү жана коррупция менен катар наркомания, ошондой эле диний кыймылдардын (Фалуньгун сектасы) таасиринин күчөшүнө каршы күрөш жүргүзөт. КЭР 1996-жылы апрелде Шанхайда, 1997-жылы апрелде Москвада РФ, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттери менен мурдагы советтик-кытайлык чек араларда куралдуу күчтөрдү кыскартуу, коопсуздук жана достук мамилелерди түзүү жөнүндө келишимдерге кол койгон. 2001-жылы Кытай «Шанхай бешилтигинин» негизинде «Шанхай кызматташтык уюмун» (ШКУ) түзүү идеясын колдогон. 2003-жылдан ККП БКнын генералдык секретары Ху Цзиньтао (2003-жылы 15-мартта КЭРдин төрагасы, 2004-жылы сентябрда ККП БКнын Аскер кеңешинин төрагасы).

=Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытай — дүйнөдөгү эң ири жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү (б991млрд доллар) боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки 2орунду ээлейт (дүйнөлүк ИДПнин 10,8%и). Аны киши башына бөлүштүргөндө 5292 доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,777 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 81-орунду ээлейт). ИДПнин структурасында өнөр жай менен курулуштун үлүшү 49,2%ти, тейлөө чөйрөсү 39,1%ти, айыл чарбасы 11,7%ти түзөт. Кытайдын экономикасынын маанилүү жана өнүгүп жаткан сектору — өнөр жайы өнөр жай продукциясынын наркынын 86,7%ин иштеп чыгуучу, 6,1 %ин тоо кен, 7,2%ин электр-энергетика, жылуулук, газ жана суу менен камсыз кылуучу тармактары түзөт (2006). Иштеп чыгуучу өнөр жайынын маанилүү тармактары: машина куруу жана металл иштетүү, химия (нефть-химия, химияфармацевтика), кара жана түстүү металлургия, жеңил жана тамак-аш. Негизги өнөр жай тармактарында маанилүү орунду көп профилдүү мамлекеттик ири корпорациялар түзөт. Керектелген энергиянын 70,2%и көмүргө (күрөң жана таш көмүр), 20,6%и нефтиге, 3,0%и табигый газга, 5,5%и гидроэнергияга, 0,7%и атом энергиясына туура келет. 2007-жылы 186,7 млн тонна нефть өндүрүлгөн. Нефтинин 2/ си өлкөнүн түндүк-чыгыш жана түндүк-батыш бөлүктөрүндө, 15%тейи Сары деңиздин Бохай булуңундагы, ошондой эле Түштүк Кытай деңизиндеги шельфттерден өндүрүлөт. Синьцзян-Уйгур автономия районундагы Кара-Май кенинде эзелтен эле нефть (2007-жылы 12 млн тонна ) өндүрүлгөн. Ө. ж-нын тез өнүгүп жаткан тармагы — нефтини кайра иштетүү өнөр жай; нефть ылгоочу здорунун кубаттуулугу 7029 миң баррель. суткасына; 2006-жылы 195 млн тонна нефть продукциялары, 2007-жылы 69,3 млрд м3 күйүүчү табигый газ өндүрүлгөн; газ өндүрүлүүчү негизги региондор: СиньцзянУйгур автономия району (Тарим нефть-газ бассейни ж. б.), Сычуань, Шэньси провинциялары ж. б.; табигый газ, ошондой эле түштүк Кытай деңизинин шельфинен да өндүрүлөт. Кытай көмүр казып алуунун көлөмү (2007-жылы 2536 млн тонна; дүйнөлүк казып алынган көмүрдүн 40%ке жакыны) боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт. Көмүрдүн басымдуу бөлүгү жер астынан казылып алынат. Көмүр кенинин көбү өлкөнүн түндүгүндө жана түндүк-чыгышында жайгашкан. Атом өнөр жай ургаалдуу өнүгүүдө. Өндүрүлгөн уран рудасы (2006-жылы 840 тонна) өлкөнүн атом энергиясына болгон муктаждыгынын 1/2ин камсыз кылат (уран концентратын Казакстан, Канада, Россия, Намибия ж. б. өлкөлөрдөн алат). Төрт АЭСте 11 атомдук реактор иштейт (2008). Электр энергетикасынын үлүшүнө өнөр жай продукциясынын наркынын 6,8%и туура келет. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 700 миң МВтдан ашык (2007). 2007-жылы 3256 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн (АКШдан кийнки 2-орунда); анын 83%и ЖЭСке, 14%и ГЭСке, 2%и АЭСке, 0,1%и шамал курулмаларына, 0,9%и энергиянын башка булактарына таандык. Дүйнөдөгү эң ири ГЭС — «Санься» («Үч капчыгай») Янцзы дарыясында курулган (2009). ГЭСтин 26 энергия блогунун жалпы аныкталган кубаттуулугу 18,2 миң МВт. ГЭСтин суу сактагычын (узундугу 660 км, орточо жазылыгы 1,1 км) курууда 27,8 миң гадан ашкан жер суу астында калган, 1,5 млндой адам башка жакка көчүрүлгөн. Башка ири ГЭСтери: «Лунтань» (4,9 миң МВт), «Эртань» (3,3 МВт), «Гэчжоуба» (2,7 МВт) ж. б. Хуанхэ дарыясында 18 гидротүйүн иштейт; ошол эле дарыяда 7 плотина курулууда (2009). Кытай чакан ГЭСтердин жалпы саны (аныкталган жалпы кубаттуулугу 40 миң МВтдан ашкан 40 миң чакан ГЭС) боюнча дүйнөдө алдынкы орунда; алар негизинен айыл калкын электр энергиясы менен камсыз кылат. Кытайдын 6 энергия системасы (Чыгыш, Түндүк, Түндүк-Чыгыш, Борбордук, Түндүк-Батыш, Түштүк Кытай) бириктирилген. Электр өткөргүч линиясынын (чыңалуусу 220 КВ жана андан ашкан) жалпы узундугу 291,4 миң кмден ашуун (2007). Кара металлургия өлкөнүн өнөр жайынын негизги тармактарынын бири; анын продукциясынын негизги түрлөрүнүн өлчөмү боюнча Кытай — дүйнөдөгү эң алдынкы өлкө. Ишканалары негизинен жергиликтүү сырьёлорду жана отунду пайдаланат. Темир (292 млн тонна; казып алуучу негизги райондору: Хэбэй, Ляонин, Сычуань, Шаньдунь провинциялары, Ички Моңголия; Аньшань темир кен таш бассейни ж. б.) марганец (11 млн тонна; дүйнөдө алдынкы орунда), хромит (ички керектөөнүн 12—15%ин гана канааттандырат), ванадий (дүйнөдө 2-орунда; Сычуань провинциясы ж. б.) казылып алынат. 2007-жылы 328 млн тонна кокс өндүрүлгөн (дүйнөлүк өндүрүштүн 60%и). Чоюн (2007; 469,5 млн тонна), болот (дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3 инен ашыгы), болот прокаты (468,4 млн тонна; 2006) өндүрүлөт. Өлкөнүн чыгышы кара металлургиянын эң ири борбору; эң ири металлургия комбинаттары Шанхай, Баошань, Мааньшань, Хуайнань, Нанкин ж. б. шаарларда жайгашкан. Кара металлургиянын 2-борбору — өлкөнүн түндүк-батышы (1450-жылдары Кытайдын кара металлургияга болгон муктаждыгынын 60%тен ашыгын камсыз кылган); түндүгүндөгү эң ири борбору — Пекин. Түстүү металлургия — Кытайдын дүйнөлүк рыноктогу абалын аныктаган негизги өнөр жай тармактарынын бири. Түстүү металлургиянын маанилүү тармагы — алюминий өнөр жай; анын негизги сырьёсу — боксит (2006-жылы 20 млн тонна өндүрүлгөн; дүйнөдө Австралия, Бразилиядан кийинки 3-орунду ээлейт; 12%и); глинозём (19,5 млн тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 20%и, Австралиядан кийинки 2-орунда), жез (873 миң тоннадай), полиметалл кенташтарынан коргошун концентраты (1330 миң тонна), цинк (2840 миң тонна ; дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ 4нен ашыгы), күмүш (2,7 миң тонна; дүйнөдө 3-орунда), калай (149 миң тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 40%тейи), вольфрам (72 миң тонна кенташ; дүйнөдө өндүрүлгөн вольфрам кенташынын 80%и), молибден (41 миң тонна; дүйнөлүктүн 23%и), никель (82,1 миң тонна;), кобальт, титан, сурьма (153 миң т; дүйнөлүк экспортун 80%и), висмут (дүйнөлүк өндүрүштүн 50%тейи ), сымап (75%тейи), сейрек жер элементтери (2007-жылы 120,8 миң тонна; экспорко 49 миң тонна; негизинен Ички Моңголияда) өндүрүлөт. Машина куруунун негизги тармактары — электрондук өнөр жай, оор жана транспорттук машина куруу. Кытай машина куруунун татаал технологиялык продукцияларын (компьютер жана ага манитор, принтер ж. б., коммуникациялык жабдуулардын айрым түрлөрү, прибор ж.б.) экспорттоо көлөмү боюнча дүйнөдө 1-орунда. Оор машина куруу өнөр жай — энергетикалык машина курууну жана электр-техникалык өнөр жайын, тоо-кен, металлургия жана нефтьхимия, нефть өндүрүүчү, нефтини кайра иштетүүчү ж. б. өнөр жай тармактары үчүн жабдууларды, жол куруу машиналарын чыгарат. Метталл иштетүүчү станокторду чыгаруу (2006-жылы 573 миң станок дүйнөдө Япония, Германиядан кийин 3-, ички рынокто сатуу боюнча 1-орунда турат. Энергетикалык машина куруу жана электр-техникалык өнөр жай — маанилүү тармактардан; өндүрүлгөн электр-энергетикалык жабдуулардын жалпы кубаттуулугу 129,9 (2007). Бул тармактын ишканалары — ГЭС, ЖЭС жана АЭС үчүн энергия блокторун, ЖЭС үчүн буу казан, газ турбинасын, шамал энергиясы курулмасын, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу ток кыймылдаткычтарын, трансформатор, жогорку вольттуу электр приборлорун, атом энергетикасы үчүн жабдууларды ж. б. чыгарат. 21-кылымдын башында тиричилик электр-приборлорун: муздаткыч, кир жуугуч машина, кондиционер, электр чаң соргучу, микротолкун мешин чыгаруу боюнча Кытай дүйнөдө алдынкы орунга чыкты (дүйнөлүк рыноктун 1/2нен ашыгы). Кытай — электрондук приборлорду, коммуникациялык жабдуулардын айрым түрлөрүн көп чыгаруучу дүйнөдөгү бирден-бир өлкө; персоналдык жана кол компьютерлер (ноутбук), плазма жана суюк кристаллдык телевизор, түстүү телевизор, DVD, плеер, уюлдук телефон (дүйнөдө чыгарылгандын 40%тейи), интегралдык микросхема, микропроцессор, санарип сүрөт жана көрмөкамера ж. б. чыгарат. Транспорттук машина куруунун негизги тармагы — автомобиль өнөр жай; ал автомобиль техникасынын дээрлик бардык түрүн, ошондой эле анын тетиктерин, агрегаттарын чыгарат. Автомобиль чыгаруу боюнча (2007-жылы 8887 миң; анын 4798 миңи жеңил машина) АКШ Япониядан кийинки 3-орунда. Автомобиль жана мототехниканын негизги бөлүгү өлкөнүн ички рыногуна (8,8 миң) сатылат (АКШдан кийинки 2-орунда). Экспорттун өлчөмү (2007-жылы 600 миң) тез көбөйүүдө. Автомобиль өнөр жайынын өнүгүүсү чет элдик компаниялар менен биргелешкен ишканаларга байланыштуу автомобилдердин 2/3 бөлүгүнө жакыны (негизинен чет өлкөлүк моделдер) биргелешкен ишканалардан чыгат. Жылына 25,5 млн мотоцикл жана скутерлерди даярдап (дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ 2ине жакыны), 8,2 млну экспортко чыгарылат. Авиаракета-космостук өнөр жай — ургаалдуу өнүгүп жаткан жогорку технол. тармак. Авиация өнөр жай аскердик жана жарандык продукцияларды (самолёт, вертолёт, ракета, истребитель ж. б.) чыгарат. Кытай космостук ракеталарды учуруу боюнча дүйнөдө АКШ, Россиядан кийинки Э-орунду ээлейт. Темир жол транспортун (электровоз, тепловоз, жүргүнчү жана жүк ташуучу вагон, метрополитен вагону ж. б.) чыгаруу өнүккөн, ага болгон өлкөнүн муктаждыгын толук камсыз кылат. Кеме куруу — өлкөнүн экономикасындагы эң маанилүү жана тез өнүгүп жаткан тармак. Курулган деңиз кемелеринин тоннажынын көлөмү (2007-жылы 18,9Э млн тонна дедвейт) боюнча дүйнөдө Корея Япониядан кийинки 3-орунду ээлейт (дүйнөлүк өндүрүштүн 23%и); заказ алынган кемелердин саны (2975 кеме) боюнча дүйнөдө 1-орунга чыкты (2008). Үч миңге жакын кеме куруучу жана ремонттоочу ишкана иштейт. Айыл чарба машиналарын куруу ишканалары — төрт дөңгөлөктүү мини-трактор (2007-жылы 2 миңден ашык), дөңгөлөктүү жана каз таман (200 миңден ашык) трактор, өзү жүрүүчү комбайн, насос, дары чачуучу курулма, газон чөбүн чабуучу мотоблок, төмөнкү кубаттуулуктагы дизель кыймылдаткычын ж. б. чыгарат. Химия өнөр жай продукциясынын дүң баасы боюнча машина куруу жана металлургия өнөр жайынан гана кийин турат. Кытай барит (4,2 млн тонна), флюовит (2,7 млн тонна), сал туз (45 млн тонна ), фосфорит (32 млн тонна ) өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда; химикаттарды пайдалануу боюнча АКШ,Япония сыяктуу эле дүйнөдө алдынкы орундардын бирин ээлейт. Кытай — массалык химиялык продукцияларды чыгаруу боюнча дүйнөдөгү бирден-бир өлкө; аларга күкүрт кислотасы, кальцийлешкен сода, каустика соодасы, ошондой эле синтезделген аммиак, минералдык жер семирткич кирет. Нефть-химия өнөр жайы — этилен, поливинихлорид, метанол, бензол, пластмасса, синтездик чайыр, синтездик каучук (АШШдан кийинки 2-орунда) жана накта каучук, автомобиль жана трактор шиналарын чыгарат. Дүйнөдө өндүрүлгөн химиялык буланын 1/2и Кытайга таандык, ал өлкөнүн текстиль ө. ж-нын маанилүү сырьёсу болуп саналат; анда синтездик була (полиэфир, полиамид, полиакрил ж. б.) чыгаруу басымдуулук кылат. Фармацевтика өнөр жай — салттуу кытай медицинасынын дары-дармектери, химиялык дары каражаттары, негизинен женерик чыгаруу өнүккөн. Антибиотиктерди, витаминдин көп түрлөрүн, ооруну басаңдатуучу каражаттарды ж. б. чыгаруучу түрдүү дары сырьёлорун даярдоочу жана экспорттоочу дүйнөдөгү бирден-бир өлкө. Биофармацевтика дары-дармектерин чыгаруу өнүгүүдө. Фармацевтика өнөр жай продукциясынын экспорттук баасы 3,8 млрд доллар. Жеңил өнөр жай (кездеме, даяр кийим, бут кийим, териден, мехтен жана тыбыттан жасалган буюмдар кошо) Кытайдын өнөр жай дүң продукциясынын 8%ин өндүрөт. Текстиль жана тигүү өнөр жай продукциясынын үлүшү экспорттук нарктын 13%ин түзөт. Салттуу жана эң өнүккөн тармагы — текстиль өнөр жай, ал ийрилген жип, пахта, жибек, жүн, жут, кендир, кенеп, рами, химиялык булардан токулган кездеме ж. б. өндүрүштөрдү камтыйт. Кытай текстилди өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер (2007-жылы 66 млрд м кездеме чыгарган); анын үлүшүнө дүйнөлүк экспорттук продукциянын 1/4и туура келет. Кебез кездемеден ийрилген жип (20 млн тонна ) жана токулган кездеме (23,6 млрд м) ата мекендик жана импорттук (Индия, АКШ жана Өзбекстандан алынып келинген) пахтадан даярдалат. Накта жибек кездеме чыгаруу Кытайда эзелтен өнүккөн. Тигүү өнөр жай дөйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн калкын арзан кийим-кече менен камсыз кылат. Булгаары-бут кийим өнөр жай ашатылган тери, булгаары кийим, бут кийим, сумка, кол кап ж. б. чыгарат. Кытай — бут кийимди көп чыгарган (2006-жылы 10 млрд жуп бут кийим) жана экспорттогон (7,7 млрд жуп) өлкө. Экспорттун товардык структурасында пластика жана резина бут кийимдер (4,4 млрд жуп), ошондой эле үстүн текстиль каптаган бут кийимдер басымдуу. Мехтен жасалган буюмдарды чыгаруу жана экспорттоо боюнча (дүйнөлүк экспорттун 1/ ине жакыны) дүйнөдө алдынкы өлкөлөрдүн катарында (суу суусарынын териси жана андан тон тигүү, түлкү жана жанат сымал иттин териси ж. б.). Кытай ошондой эле оюнчуктарды, карапа буюмдарын (фарфор, фаянс) чыгаруу жана экспорттоо боюнча дүйнөгө белгилүү. Тамак-аш өнөр жай (даяр азык-түлүк товарлары, суусундуктар, тамеки кошо) ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылууга багытталган; негизги тармактары: ун тартуу, күрүч актоо, май, кант ж. б. өндүрүштөрү. Кытай тамеки продукцияларын чыгаруу жана пайдалануу боюнча дүйнөдө алдынкы орунда: кытай сигареталары адатта сапаты боюнча анча жогору эмес.

Айыл чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытай — агрардык продукцияны өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкө; азык-түлүк жана айыл чарба сырьёлорун экспорттоо тез өсүп жаткан бирден бир өлкө. Азык-түлүк проблемасы негизинен 1980-жылдардын ортосунан чечилген, бирок ички рыноктогу азык-түлүккө болгон сурам менен сунуштардын ортосундагы тең салмактуулук дагы да болсо сакталууда. Тармактын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган маанилүү проблемалардын бири — айдоо жердин жетишсиздиги. Кытайда дүйнө жүзүнүн калкынын 22%и жашаса, ал эми айдоо жердин 10%и эле жайгашкан. Айдоо аянты 121,8 млн га (Сянган, Аомынь өзгөчө администрациялык-аймактык райондорун, ошондой эле. Тайвань аралын кошпогондо). Айдоо жердин 55%тен ашык аянты кургак, 26%и суу каптачу, 19%тен ашыгы сугат жер. Эгин аянтынын (153,6 млн га) айдоо жердин жалпы аянтынан ашып кетет, анткени өлкөнүн айрым райондорунда жылына бир нече жолу түшүм алат. Айыл чарбасында 348,7 млн адам иштейт (2006) же өлкөдөгү жалпы иштегендердин 39,5%и; өлкөдө 200,2 млн үй-бүлөлүк (дыйкан) чарбасы жана андан ири чарбалык бирдиктер (кооперация, компаниялар ж. б.) бар. Айыл чарбасын модернизациялоо боюнча мамлекет тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө (а. и. финансылык жардам да бар). 2006-жылдан айыл чарба салыгы төлөнбөйт. Дан эгиндерин өстүргөн дыйкандар жогорку сапаттагы урук, техника, жер семирткич алууга дотация алат. Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик айрым программалар, ошондой эле айыл экономикасын модернизациялоо боюнча 6 чакан долбоор ишке ашырылууда, алар: айыл чарба жерлерин үнөмдүү сугаруу; элди жана малды ичүүгө жарамдуу таза суу менен камсыз кылуу; айыл жолдорун куруу; саз газын (метанды) тиричиликте пайдалануу; чакан айыл ГЭСтерин куруу; жайыттарды малга ыңгайлаштыруу. Айдоо жердин 26,6% аянты электрлештирилип сугарылат; жерди үнөмдүү сугаруу боюнча жаңы технологияны кеңири пайдалануу, түштүктөгү дарыялардын бир бөлүгүн өлкөнүн түндүк аймактарына жеткирүү долбоорлору каралууда. Кытай дан эгиндин дүң жыйымы (2007-жылы 501,5 млн тонна; киши башына бөлүштүргөндө 384 кгдан туура келет) боюнча дүйнөдө 1-орунда турат; дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү бир гадан 53 цден ашык. Айыл чарба өлкөнүн азык-түлүккө жана жемге болгон ички муктаждыгын негизинен (күрүчкө 99,6%, буудайга 99,3%, жүгөрүгө 100%) канааттандыра алат. Кытайдын негизги азыгы — күрүч. Дүйнөдөгү шалы аянтынын 1/3и Кытайга таандык; жогорку сапаттуу элита сортунун аянты кеңейүүдө. Күрүч жыйноо боюнча (185,5 млн тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3) дүйнөдө 1-орунда. Күрүчтүн 65%ке жакыны Янцзы дарыясынын алабынан, 17%и Кытайдын түштүк бөлүгүнөн, 12%и өлкөнүн шалы өстүргөн түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүнөн (Хуанхэ, Ляохэ дарыясынын алаптарынын), 6%и түштүк-Батыш Кытайдан жыйналат. Экинчи маанилүү азык-түлүк өсүмдүгү — буудай (анын аянты 23 млн га); түшүмү боюнча дүйнөдө 1-орунда (104,5 млн т ). Маанилүү азык-түлүк жана тоют өсүмдүгү — жүгөрү (түшүмү 145,5 млн т ; АКШдан кийинки 2-орунда). ошондой эле гаолян, таруу, чумиза, арпа, кара күрүч, картөшкө (дүң жыйымы боюнча дүйнөдө 1-орунда), буурчак (негизинен АКШ, Бразилия, Аргентинага чыгарат) ж. б. Май алынчу өсүмдүктөрдөн — жер жаңгак (дүйнөдө 1-орунда), рапс, кунжут, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Кант алынчу өсүмдүктөр (бал камыш, кант кызылча) өстүрүлүүчү аянт 1,8 млн га (2006). Жашылча жана мөмө-жемиши (алма, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм, шабдаалы, банан, манго, ананас ж. б.), ошондой эле гүл өстүрүү өнүккөн. Чай өстүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда; 2007-жылы 1170 миң тонна чай жалбырагы жыйналган (дүйнөлүк жыйымдын 80%ке жакыны). Пахта жыйноо боюнча АКШ, Индиядан кийинки 3-орунду ээлейт (2007-жылы 7,6 млн тонна ). Кытай пахтага болгон ички муктаждыгын камсыз кыла албайт. Кытай — мал чарбасынын негизги түрлөрүн (эт, сүт, жумуртка, бал, жибек буласы ж. б.) даярдоочу дүйнөдөгү бирден бир өлкө; негизинен ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылат. Мал чарбасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалар — тоют базасын жакшыртуу, малды сугаруучу таза суу менен камсыз кылуу ж. б. 2007-жылы Кытайда 139,6 млн чочко, 197,3 млн эчки, 172,0 млн кой, 7,2 млн жылкы жана качыр, 270 миң төө болгон. ошондой эле бардык жеринде үй куштары (тоок, өрдөк, цесарка, күрп ж. б.) асыралат. Калктын тамак-ашында балык жана деңиз продуктулары (моллюска, краб ж. б.) кеңири пайдаланылат. Кытайдын экономикасынын алдынкы тармактарынын бири — тейлөө чөйрөсү. Ага дүң жана чекене соода, транспортту, байланышты жана кампа чарбасын тейлөө, кыймылсыз мүлк операциясы, финансы жактан тейлөө, далдалчылык, мейманкана бизнеси, коомдук тамактануу, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, администрациялык тейлөө, туристтерди тейлөө ж. б. кирет. Кытай улуттук банкы (алтын валютасынын резерви боюнча Кытай борбордук банкы — дүйнөдө 1орунда), саясий банктар (башкача айтканда өнүгүү, Айыл чарбасын өнүктүрүү, Экспорт-импорт, Соода, өнөр жай, Курулуш, ошондой эле көптөгөн коммерциялык жана кредиттик банктар, ж. б. камсыздандырууну тейлөөчү компаниялар, фонд биржалары (Шанхай, Шэньчженде), туристтерди тейлөөчү рынок ж. б. иштейт. Өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны боюнча (2006-жылы 22,2 млн турист) Кытай дүйнөдө 4-орунду (Франция, Испания, АКШдан кийин) ээлейт. Ички туристтердин саны 2006-жылы 1394 млнго жеткен (көбү — айыл жеринен келгендер), алардан түшкөн киреше 623,0 млрд юанды түзөт. Туризмдин негизги түрлөрү: маданий-таанып билүү (негизги борборлору: Пекин, Сиань, Шанхай, Гуанчжоу, Сянган, Ханчжоу), «кызыл» (элдик көтөрүлүшкө, революциялык окуяларга, ККПнин жетекчилеринин өмүр баянына жана ишмердигине байланыштуу жерлерге баруу); диний жана зыяратчылык; экол.; дарылоо-ден соолукту чыңдоо; этнографиялык; оюн-зоок; шопинг-турларга катышуу. 18,5 миң туристтик агентчилик иштейт.

Транспорт[оңдоо | булагын оңдоо]

Транспорт тармагы аймактар боюнча бирдей жайгашкан эмес; негизги транспорт коридорлору (меридиан жана кеңдик багытта кесилишкен магистралдары) өлкөнүн чыгышындагы жана түштүк-чыгышындагы экономикалык жактан өздөштүрүлгөн аймактарды камтыйт; ага негизги жол тоом тармактары жана негизги транспорт агымдары туташтырылган. Автомобиль, авиация жана куур транспорттору өнүккөн. Темир жолунун жалпы узундугу 72,1 миң км (2006; анын 24,4 миң кми электрлештирилген). Темир жол тармагынын меридиан боюнча кеткен негизги 6, кеңдик боюнча созулган 5 мегистралы бар; ошондой эле жээк аралдарын кургактык менен туташтыруучу паромдук катнаштар да арбын. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 3573 миң км (2007; жогорку ылдамдыктагы автомагистралдардыкы 53,6 миң км; эң жыш автомобиль жолдору өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө). Суу транспорту өнүккөн. Кытайдын деңиздик коммерциялык флоту 1822 кемени (анын ичинде жүк, нефть, контейнер, автомобиль, жүргүнчү ташуучу кемелери, танкерлер, круиздик лайнерлер ж. б.) камтыйт. Универсалдык (жүк жана жүргүнчү ташуучу) ири порттору: Шанхай (дүйнөдөгү ири деңиз порту жана Кытайдагы жүк ташуучу негизги порт), Нинбо, Сянган, Тяньцзинь (Пекиндин аванпорту), Циндзо, Дальянь, Циньхуандао ж. б. Ички суу жолунун жалпы узундугу 123,4 Гуандун провинциясындагы автомагистраль түйүнү. миң км. Янцзы дарыясынын алабында кеме каттоочу каналдар көп, анда 1400дөн ашык дарыя порту бар. Кытайда 467 аэропорт бар (анын 147си жарандык; 2008). Эл аралык ири аэропорттору: Пекин-Шоуду, Сянган (Гонконг), Гуанчжоу, Шанхай-Пудун, Шанхай-Хунцяо, Шэньчжень ж. б. Магистралдык нефть куурларынын жалпы узундугу 15256 км. Магистралдык газ куурлары да бар. Пекин, Шанхай, Тяньцзинь, Гуанчжоу, Ухань, Сянган ж. б. шаарларында метрополитен иштейт. Экспортко чыгарган негизги продукциялары: машина куруу (анын ичинде электроника — компьютер, телекоммуникация жабдуулары жана приборлору, телевизор, уюлдук телефон ж. б.) жана электртехника (электр-тиричилик приборлору ж. б.) өнөр жайынын продукциялары, транспорт каражаттары (деңиз кемеси, автомобиль), жол куруу машиналары, даяр кийимдер, текстиль буюмдары, кара жана түстүү металлдар ж. б. Экспорттук соода шериктери: АКШ, Япония, Корей Республикасы, Германия. Негизги импорттук товарлары: машина куруу продукциялары (машина, жабдуулар жана приборлор, анын ичинде аларды комплекттөөчү тетиктер, агрегаттар, ошондой эле эсептөөчү техника каражаттары, оптика приборлору, мед. жабдуулар ж. б.), нефть жана күйүүчү-майлоочу материалдар, пластмасса ж. б. органикалык химия продукциялары, кара металл продуктулары, жез ж. б. Импорттук соода шериктери: Япония, Корей Республикасы, АКШ, Германия.

Тайвань[оңдоо | булагын оңдоо]

Тайвань экономикасы өнүккөн региондорго кирет. Региондук дүң продукциясынын (РДП) көлөмү 757,2 млрд доллар (2008); аны киши башына бөлүштүргөндө 33 миң доллардан туура келет. РДПнин өсүү темпи 1,7% (2008). РДПнин структурасындагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 71,1%, өнөр жай менен курулуштуку 27,4%, айыл, токой чабаларыныкы жана токой промыселдериники 1,5%. Иштеп чыгуучу өнөр жай алдынкы орунда (өнөр жай продукциясынын дүң наркынын 94,8%и); негизги тармактары: машина куруу, химия, металлургия. Жогорку технологиядагы тармактар өтө тез өнүгүүдө, ага өнөр жай продукциясынын наркынын 60%ке жакыны туура келет, ошондой эле оптика-электрондук жана микро биология продукциялары да кирет. Көмүртектүү суутек энергетикалык ресурстарына болгон муктаждыктын 98%и сырттан алынып келинет. Континенттик шельфтен суткасына 10,6 миң баррель нефть өндүрүлөт, ал эми ички керектөөгө суткасына 950,5 миң баррель жумшалат. Керектелчү нефтинин негизги бөлүгүн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн алат. 2007-жылы континенттик шельфтен 400 млн м3 табигый газ өндүрүп алган. 62 млн тонна көмүр сырттан, негизинен Австралиядан, Кытайдын башка региондорунан, ошондой эле Индонезиядан алат. Электр-станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 45,1 миң МВт (2006). Өндүрүлгөн электр-энергиясынын (235,3 млрд кВт.с) 78,2%и ЖЭСке, 18,1%и АЭСке, 3,7%и ГЭСке таандык; 3 АЭС иштейт. Кара металлургиясы сырттан алынып келинген коксталуучу көмүр жана темир рудалары менен иштейт. Болот, жез, алюминий, коргошун, цинк өндүрөт. Машина куруунун негизги тармагы — электроника өнөр жай Жабдуу, анын ичинде микросхеманын бүт түрүн, ошондой эле компьютердик, оптика-электрондук жана телекоммуникациялык жабдууларды, ноутбук (дүйнөлүк рыноктун 1/3ине жакыны), мобилдик телефон ж. б. чыгарат. Электр-техника өнөр жайынын эң негизги продукцияларыору (анын ичинде муздаткыч, кир жуугуч машина). 2007-жылы 283 миң автомобиль (анын 96%и жеңил автомобиль) чыгарган. Алар негизинен чет өлкөлүк фирмалар менен бирдикте же алардын линцензиясы менен чет элдик автомобиль маркаларын ( мисалы, «Nissan», «Buick», «Hyundai», «Toyota» ж. б.) чыгарат. ошондой эле мотоцикл, скутер, автомобиль жана мотоцикпге тетиктерди, велосипед ж. б. экспорттойт. Химия өнөр жайынын башкы тармагы — нефть-химия; пластика, этилен, синтездик була, дары дармек, биотехнол. продукцияларды чыгарат. Жеңил өнөр жайынын текстиль тармагы өнүккөн. Текстилди Кытайдын башка региондоруна, ошондой эле АКШ, Вьетнам ж. б. өлкөлөргө сатат. Тайвандын жеринин 1/4и айыл чарбасында пайдаланууга жарактуу. Күрдүү топурагы, жетиштүү нымы анда түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ыңгайлуу шарт түзөт. Дан эгиндеринин эң негизгиси — күрүч (шалы). Шалы эгилген жердин аянты 256 миң га, түшүмү 1,41 млн тонна (2007); экспортко чыгарат. Андан сырткары бал камыш, чай, мөмө-жемиш, жашылча, гүл өстүрүп, продукцияларын экспорттойт. Мал чарба продукциясы (негизинен чочко жана куш эти, жумуртка) ички муктаждыкты канааттандыра албагандыктан, аны негизинен импорттоп алат. Айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында жаңы технологияны колдонуу, фермерлерди колдоо, жаштарды айыл жерине тартуу (элет туризмин өнүктүрүү) боюнча ж. б. иш-чараларды жүргүзүүдө. Кармалган балыктын жана деңиз продукцияларынын 1/3и экспортко кетет. Тейлөө наркынын структурасында чекене жана дүң соода 26,2%, администрациялык тейлөө 14,4%, финансылык тейлөө жана камсыздандыруу 14,1%, кыймылсыз мүлк операциясы 11,4%, транспорт жана кампа чарбасы 8,4%, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздандыруу 4,2%, илимий-техникалык тейлөө 3,8%, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу 3,0%, билим берүү 2,5%, калган тейлөөлөр 12,0%ти түзөт. жергиликтүү коммерциялык 39 банк (3313 филиалы менен), 32 кытай жана чет элдик банк (бөлүмдөрү менен), кредиттик кооперативдер ж. б. иштейт. Тайванда транспорт тармагы өнүккөн. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 40,3 миң км, темир жолунуку 1438 км. Тайбэйде, Гаосюнде метрополитен иштейт. Эл аралык 7 деңиз порту бар. Деңиз соода флоту 635 кемени камтыйт, анын 11и Сянгандын, 525и Панама, Либерия, Сингапур ж. б. өлкөлөрдүн желектери менен жүрөт. 18 аэропорту бар; анын экөө эл аралык мааниде. Экспортко негизинен электрондук өнөр жай продукцияларынын, автомобиль тетиктерин жана запастык бөлүктөрүн, тиричилик-электр приборлорун, химикат, пластика, дары-дармек, текстиль продукциясын чыгарып, сырттан негизинен электрондук приборлордун тетиктерин, машина жана жабдууларды, нефть, органикалык химия продуктуларын, металл алат. Негизги соода шериктери: Япония, Кытайдын башка региондору (Сянган, Аомынь кошо), Түштүк-Чыгыш өлкөлөрү (Тайланд, Малайзия, Индонезия, Филиппин, Сингапур, Вьетнам), АКШ, Европа кызматташтыгына кирген өлкөлөр, Корей Республикасы.

Билим берүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Элдик революция жеңгенге чейин калктын 90%и сабатсыз болгон. 1949-жылдан баштап билим берүү системасы кайра түзүлгөн. 1956-жылы «маданий революция» учурунда билим берүү кризиске учураган. 1966—68-жылдары бардык окуу жайлары иштебей калган. Окутуу 1968—69-окуу жылында гана кайра башталган. 1970-жылдары билим берүүнүн жаңы системасы түзүлө баштаган. Мектептер ачылып, жогорку окуу жайлары калыбына келтириле баштаган. Мурдагы 12 жылдыктын ордуна, жалпы билим берүүчү 9 жылдык мектеп киргизилген. 7 жашка чейинки балдар мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган. Башталгыч мектепке 7 жаштан кабыл алынат. Кытайдын жогорку окуу жайлары Пекин, Цинхуа, Фудань, Ухань, Нанкай, Нанкин ж. б. шаарларында жайгашкан. Учурда акысыз милдеттүү билим берүү каралган. Билим берүү боюнча 1986-жылдагы мыйзамы 2006-жылы кайрадан каралып жаңыланган. Жалпы билим берүү системасы мектепке чейинки, базалык, толук эмес жана толук орто билим берүү болуп бөлүнөт. Кесиптик билим берүү үч баскычтуу — башталгыч, орто атайын адистик жана жогорку. Жогорку окуу жайларда бакалавриат (4 жыл), аспирантура, магистратура (2—3 жыл), докторантура (3 жыл) ошондой эле адистешкен 2—3 жылдык жогорку окуу жайлары иштейт. КЭРде 2 миңден ашык жогорку окуу жайлар бар. Кытайда академиялардын, университеттердин, элдик жана адистешкен китепканалар иштейт. Улуттук китепканалары: (1810, фонду 18 млн нуска, базасында 1999-жылы Улуттук электрондук китепкана түзүлгөн), Нанкиндеги (1907), Шанхайдагы (1952), Пекиндеги КЭР Илимдер академиясынын борбордук китепканасы ж. б. Кытайда 2300дөн ашык музей, анын ичинде Улуттук музейлери: Пекиндеги Гугун ак сарай комплекси (1420, 1914-жылдан музей), Шанхай байыркы искусство, Улуттук музей, Көркөм-сүрөт галереясы, Геология музейи ж. б. иштейт.

Массалык-маалымат каражаттары[оңдоо | булагын оңдоо]

Жаңы стилдеги газета-журналдар 19-кылымдын башында чыгарыла баштаган. Кытайда 2 миңден ашуун аталыштагы мезгилдүү басылмалар 35 млрд нуска менен чыгат (2008). Жалпы элдик гезиттер: «Жэнминь жибао», «Гунжэнь жибао», «Цзефанцзюнь бао», «Чжунго циннянь бао», билим берүү, илим маселелерин: «Гуанмин жибао» гезити чагылдырат. Региондук ири гезиттери: «Сицзан жибао», «Синьцзян жибао», «Нанфань жибао», «Гуанси жибао». Негизги журналдары: «Цюши», «Женминь хуабао» ж. б. Радиоуктуруу 1927-жылдан иштейт. 1200гө жакын адиостанция бар (2008). Кытай эл аралык радиосу (1941) уктурууларды 38 тилде алып барат. Телекөрсөтүү 1958-жылдан жүргүзүлөт. 450дөн ашык телестудия (2008), Синьхуа (1931), Чжунго (1952) маалымат агенттиктери бар. 42 мамлекеттик, 90 менчик телерадио станциялары иштейт.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытай тилиндеги адабият — дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Башаты диний жөрөлгөлөргө байланышкан, болжолу биздин заманга чейинки 6—5-миң жылдыкта неолит доорунун ырым-жырымдарында музыка жана бий өнөрү менен кошо поэтикалык ыр чыгармачылыгы пайда болгон. Кытай тилиндеги алгачкы жазуулар төлгө сөөктөрүндөгү тексттер (биздин заманга чейинки 14—11-кылым), кийин коло эпиграфикасы (биздин заманга чейинки 10—8-кылым), алгачкы жазуу эстеликтери — Чжоу доорундагы конфуцийчилик жана даостук канондук чыгармалар болуп саналат. Бул мезгилде пайда болгон «вэнь» (жазуулар, жазуу) жана «ши» терминдери биздин замандын 1-кылымына чейин ар кандай жазуу жана поэтикалык тексттерди түшүргөн. Кийин конфуцийчиликте жазуу сабаттуулук менен маданияттуулук сыяктуу эле мамлекеттин баштапкы негизи катары каралган; жазуу тексти агартуу, билим, тарбия берүү, насаат айтуу сыяктуу коомдук маанилүү иштерди аткарууга багытталган. Конфуцийчиликте поэзия өзгөчө мааниге ээ болгон. «Ыр китеби» антологиясы («Ши цзин», биздин заманга чейинки 11—7-кылым), Кытай тарыхындагы биринчи адабий-поэтикалык эстелик. «Беш канон» («У цзин») жыйнагынын конфуцийлик канондук китептердин бири болуп саналат жана түзүүчүсү Конфуций деп эсептелет. «Ши цзин» байыркы кытай поэтикалык чыглыгынын жанрдык жана тематикалык көп түрдүүлүгүн көрсөтүп турат. Анда көлөмү алты саптан 50чө, жана андан көп саптуу поэмаларга чейинки ар кандай жанрлардагы 305 чыгарма топтолгон. Байыркы Кытай адабиятынын башка эстелигинде — «Чу ырларында» Кытай түштүгүнүн поэтикалык салттары (кытайдын биринчи акыны катары эсептелген Цюй Юандын, ошондой эле Сун Юяндын чыгармачылыгы) көрсөтүлгөн. Чу поэзиясына жергиликтүү диндик-мифол. сюжеттер менен образдарды пайдалануу мүнөздүү. Батыш Хань жана Чыгыш Хань мезгилинде бекемделген. Автордук поэзияда башкы орунду фу одалары — ыр жана кара сөз кезмектешкен көлөмдүү чыгармалар (бир нече жүз сапка чейинки) ээлейт. Хань доорунун белгилүү акындары: Мэй Шэн, Цзя И, Сыма Сянжу, Ян Сюн, Чжан Хэн. Хань доорунун лирикалык мурасы ошондой эле элдик лирика жана сатира ырлары — юэфуда сакталган. Кытай баяндама прозасынын байыркы үлгүлөрү болуп саналат. Биздин заманга чейинки 4—3-кылымда ( мисалы, «Көктүн уулу Мунун өмүр баяны» ж. б.), ошондой эле түздөн-түз Хань дооруна («Учуп жүргөн чабалакей Чжаонун расмий эмес өмүр баяны» ж. б.) таандык деп эсептелет. Биздин заманга чейинки 6—3-кылымында Кытай поэзиясында негизги ролду ши жана юэфу сыяктуу лирикалык жанрлар ойной баштайт. Чыгыш Хандын кыйрашы, өлкөнүн майдаланышы кытай коомунун руханий дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөргө алып келет: инсандык баалуулуктар, адамдын ички эркиндикке болгон укугу алдынкы орунга чыгат. Сүйүү лирикасы өзгөчө гүлдөгөн, сарай турмушун, аял сулуулугун жана сүйүү ырахатын даңктаган («Нефрит мунарасынын жаңы ыргактары» жыйнагы) «сарайлык стиль поэзиясы» (гун ти ши, 6-кылымдын 1-жарымы) пайда болгон. Бул мезгилдин ири акындары: Цао Чжи, Цзи Кан, Жуань Цзи (3-кылым), Тао Юаньмин, Се Линъюнь, Бао Чжао, Юй Синь (6-кылым). 3—6-кылымда сюжеттик проза — сяошо калыптанган. Адеп «сяошо» карапайым калк ичиндеги ушак-айың сөздөрдү түшүндүргөн. Биздин заманга чейинки 2—1-кылымда эле бири да сакталып калбаган сяошо жыйнактары түзүлгөн. Сяошо аңгемелерин турмуштан тыш нерселерге кызыгуу, кереметтерге ишеним айырмалап турат (Гань Бао, «Арбактарды издөө жөнүндөгү жазуулар» жыйнагы, 4-кылым). Будда темасындагы жыйнактар (Ван Ян, «Башка дүйнөдөн кабарлар», 5-кылым) жыйнактар, тарыхый каармандар жөнүндөгү уламыштар менен анекдоттор (Лю Ицин, «Мурунку жаңы имиштер», 5-кылымдын 1-жарымы) жыйнактары өзгөчөлөнүп турат. 19-кылымдын 2-жарымындагы Кытай коомундагы кризис адабиятка мазмундун курчтугу жа окурман үчүн жетимдүүлүк сыяктуу жаңы талаптарды койгон. «Айыпты ачуучу роман» (Лю Э, Ли Баоцзя, У Вояо, Цзен Пу) өнүгөт. Кытай интеллигенциясынын чет өлкөлөрдө болгон өкүлдөрү чет өлкөлөр адабиятынын тажрыйбасына кайрылышкан. 19-кылымдын акырында акын жана дипломат Хуан Цзуньсянь поэзиянын тилин жана формасын жаңылоого чакырган. 20-кылымдын башында адабиятчы Лян Цичао прозага жеңилдетилген «жаңы стиль» киргизген. Чет өлкөлүк чыгармалардын котормолорунун саны өскөн. Ошентсе да адабияттагы чыныгы жаңылануу 1917-жылы «Жаңы жаштар» журналында Ху Шинин адабияттын тили оозеки сөз, ал эми көркөмдүктүн критерийи чыныгы сүрөттөө болуш керек деген «Адабиятты реформалоо туурасындагы ойлор» аттуу макаласынын жарыяланышы менен башталат. Жаңы адабияттын алгачкы үлгүлөрү Лу Синдин «Жиндинин күндөлүгү» (1918) аңгемеси, Ху Шинин «Жашоодогу башкы иш» (1919) комедиялык пьесасы менен «Тажрыйбалар» (1920) ыр жыйнагы болгон. «Төртүнчү май» кыймылынан (1919) кийинки улуттук аң-сезимдин өсүшү оозеки тилдеги 400дөй гезит-журналдардын пайда болушуна алып келди. Башкы орунду проза ээлеп, негизги жанр катары аңгеме (Бин Син, Е Шаоцзюн, Ван Тунчжао, Ян Чженьшендин чыгармачылыгы) эсептелген. Поэзияда (Бин Синь, Кан Байцин, Шэнь Иньмо ж. б.) уйкаштыктан баш тартышып, верлибр менен жазуу көп тараган. Драмада Кытай драматургиясынын салттарынан четтеп, батыш театрынын (Дин Силин, Хун Шэн, Тянь Хандын пьесалары) негиздерин өздөштүрө башташкан. 1921-жылы Пекинде түзүлгөн адабиятты окуп-үйрөнүү коомунун мүчөлөрү (Чжоу Цзожень, Шэнь Яньбин, Е Шаоцзюнь, Сюй Дишань, Ван Тунчжао ж. б.) сын реализмине умтулушкан. Ошол эле мезгилде Токиодо Кытай студенттери уюштурган «Чыгармачылык» коомунун катышуучулары (Го Можо, Юй Дафу, Чэн Фанъу, Чжан Цзыпин, Тянь Хань ж. б.) европалык романтизмдин жана модернизмдин нугунда жазышкан. 1927—37-жылдары адегенде «Күн» (1927—30) коому, ал эми 1930-жылы баштап сол жазуучулардын Лигасы менен сунушталган марксисттик багыттагы адабият башкы орунду ээлеп турган. Аны Лу Синь жетектеген. Цзян Гуанцы, Мао Дунь, Дин Лин, Чжан Тяньи, Ся Янь, Е Цзы ж. б. искусствого болгон марксисттик көз караштарды кабылдап, орус жана совет адабиятынын тажрыйбасын өздөштүргөн. Бир эле мезгилде бийлик тарабынан колдоого алынган улутчул адабият да өнүккөн (Ван Пинлин, Хуан Чженся, Шао Сюньмейдин поэзиясы, Ли Цзаньхуа, Вань Гоандын прозасы). Саясаттан жана тема тандоодо эркин болууга либерал-жазуучулар (1920-жылдардын акырында «Жаңырган ай» коомунун мүчөлөрү: Сюй Чжимо, Лян Шицю, Ху Ши, Вэнь Идо ж. б.; 1930-жылдары Пекин тобу: Шэнь Цунвень, Чжу Гуанцянь, Ли Цзяньу; шанхайлык жазуучу-модернисттер: Е Линфэн, Ши Чжэцунь, Лю Наоу, Му Шинь) чакырган. Ушул мезгилде Ба Цзин, Лао Шэ, Мао Дундун романдары, Цзан Кэцзя менен Ай Циндин эпикалык поэмалары, Цао Юй менен Ся Яндын көп актылуу пьесалары жарык көргөн. 1937—45-жылдардагы адабият үгүттүк багыт, оптимисттик жана каармандык рух менен өзгөчөлөнгөн жомоктор, частушкалар, ырлар, театр оюндары колдонулган. Даректүү проза жанры өнүгүп, поэзияда декламациялык, дубал бетине жазылган ырлар сыяктуу жанрлар пайда болгон. 1940-жылдардын башында, Гоминьдандын көзөмөлүндөгү райондордун адабиятында коррупция, чиновниктердин моралдык жактан ириши, атайын кызматтардын террору жана улуттук кызыкчылыктарды сатуу сыяктуу темалар (Мао Дундун, Лао Шэнин, Ша Тиндин романдары, Го Можонун, Дин Силиндин пьесалары) алдыга чыккан; негизги орунду саясий сатира жанры ээлеген. Лу Лин, Ло Биньцзи, Яо Сюэин, У Минши, Хуан Гулинин прозасы, Юань Шуйпо, Цзоу Дифан, Ша Оунун поэзиясы, У Цзугуан, Юань Цзюн, Сун Чжидинин драматургиясы көрүнүктүү эмгектерден болуп калат. «Бошотулган райондордун» адабияты 1942-жылы Мао Цзедунь белгилеген адабият жумушчу-дыйкандардын жана аскерлердин кызыкчылыктарына кызмат кылып, өздөрүнө тааныш көркөм формаларды колдонушу керек деген талаптарга баш иет. Элдик жана жаңы адабияттын салттарын бириктирип, кыштактагы өзгөрүүлөр жөнүндө жазган Чжао Шули менен Чжоу Либонун чыгармачылыгын буга мисал. Сунь Линин, Лю Байюйдун, Цю Дунпиндин, Ма Фэндин, Кун Цзюэнин жана Юань Цзиндин прозасында армиянын проблемасы негизги орунга чыккан. Поэзияда Ай Циндин, Тянь Цзяндын, Кэ Чжунпиндин, Хэ Цифандын, Жуань Чжанцзиндин, Ли Цзинин таланттары ачылат. Хэ Цзинчжи менен Дин И сол искусствонун эң белгилүү чыгармаларынан болгон «Ак чач кыз» (1945) музыкалык драмасынын текстин жазышкан. Жарандык согуш мезгилинде (1946—49) «бошотулган райондордо» Чжоу Либонун, Дин Лин-ин, Цао Миндин чыгармачылыгы өзгөчөлөнгөн. Гоминьдандын көзөмөлүндөгү аймактарда жашаган жазуучулар барган сайын бийликке болгон катуу сын айта баштаган (Шэнь Цунвен, Ван Тунчжао, Ба Цзин, Дин Силин). КЭР (1949) түзүлгөндөн кийин айрым адабиятчылар (Лао Шэ, Ба Цзинь, Цао Юй) чыгармачылык эркиндиктен ыктыярдуу баш тартышып, адабияттагы партиялуулук принцибин кабыл алышат; айрымдары (Шэнь Цунвэнь, ЦяньЧжуншу) жазбай калышат. Совет адабияты кытай адабиятына зор таасир тийгизген. 1950-жылдары темалар менен сюжеттер негизинен үч маселе: социалисттик өзгөртүүлөрдү даңктоо (Чжао Шулинин, Ма Фэндин, Ли Чжундун, Цао Миндин, Чжоу Либонун, Лэй Цзянын прозасы, Ли Цзи менен Жуань Чжанцзинин ж.б.), Кытай Коммунистик партиясынын революциялык тарыхын даңазалоо (Лю Байюнун, Сунь Линин, Ду Пэнчэндин, Чэнь Дэнкэнин, Кун Цзюэнин жана Юань Цзиндин романдары, Кэ Чжунпиндин ж.б. поэзиясы), америкалык агрессияга каршы корей элине жардамга барган Кытай аскерлеринин эрдиктерин баяндоо (Вэй Вэйдин, Лу Линдин, Лао Шэнин прозасы, Тянь Цзяндын поэзиясы ж. б.) менен чектелген. Өзгөчө орунду Кытай жана совет элдеринин достук темасы (Го Можо, Ай Цин, Цзан Кэцзя, Цзоу Дифан ж. бдын поэзиясы) ээлеген. 1950-жылдардын акырында адабиятты саясатка багындыруу биротоло ишке ашкан, соц. реализмдин ордуна «революциялык реализм менен революциялык романтизмдин бириккен» методу келген. 1966—76-жылдары «маданий революция» мезгилинде профессионал жазуучулардын дээрлик баары репрессияларга тушуккан, чыны менен адабий турмуш токтоп калган, искусствонун уруксат берилген жалгыз түрү болуп, Мао Цзедундун идеяларын жайылткан 10 «үлгүлүү революциялык спектаклдер» гана эсептелген. 1970-жылдардын башында репрессияга туш болгон жазуучулардын бир бөлүгү акталып, бир нече адабий журналдар чыга баштаган. Мао Цзедундун өлүмүнөн кийин (1976) адабий турмуштун кайра жаралуусуна шарттар түзүлдү. Лу Синьхуанын, Лю Синьунун, Су Шуяндын чыгармалары «маданий революция» мезгилиндеги кылмыштардын айыбын ачышты; алардын себептерин терең аңдоо Ван Мэндин, Цун Вэйсинин, Фэн Цзицайдын, Чжан Сянъляндын чыгармаларына мүнөздүү. Адабиятка улуу муундагы жазуучулар кайрылышты (Ба Цзинь, Ай Цин ж. б.), жаштар келишти (Е Синь, Те Нин, Чжан Синьсинь ж. б.). Реформа жана тышкы ачыктык саясаты 1980-жылдардын башында «реформа адабияты» агымын (Цзян Цзылун, Кэ Юньлу, Чжан Цзе ж. б.) пайда кылды, 1920—40-жылдарда кытай жазуучуларынын (Шэнь Цунвен, Лао Шэ, Чжан Айлин ж. б.) чыгармаларын кайра карап чыгууну талап кылды, чет өлкөлөр менен байланыш калыбына келди. Элдик маданиятка кайрылуу аркылуу эски салттар менен болгон байланышты калыбына келтирүү аракеттерин жасаган «түп-тамырларды издөө адабияты» (Хань Шаогун, А Чэн, Цзян Пинва, Таши Дава ж. б.) пайда болду. Модернизмдин жана постмодернизмдин таасири менен авангард адабияты келип чыкты (прозада: Ван Шо, Юй Хуа, Гэ Фэй, Сунь Ганьлу, Лю Сола, Бэй Дао; поэзияда: Гу Чэн, Цан Сюэ, Шу Тин поэзияда; драматургияда: Ша Есинь, Гао Синцзянь, Лю Шуган драматургияда). 1990-жылдардын башында адабияттын саясаттан арылуу процесси уланды. Неореализм (Чи Ли, Фан Фан, Янь Лянькэ), аялдардын психол. прозасы (Ван Аньи, Чэнь Жань, Сюй Кунь, Вэй Хуэй) өнүгө баштады. Цю Хуадун, Чжу Вэнь, Дяо Доу сыяктуу жазуучулар мурдагы салттарга туура келбеген «жекече жазуу» принциптерин колдоно башташты. Эротикалык, авантюралык жана детективдик жанрлар тарала баштады. Драматург жана прозаик Гао Синцзянь (1980-жылдардын аягынан Францияда жашайт). 2000-жылы КЭРде адабият боюнча Нобель сыйлыгынын биринчи лауреаты болуп калды. Басё, Ли Бо, Ду Пэн-Чэнь ж. б. акын-жазуучуларынын чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Неолит доорунан ушул күнгө чейин Кытай искусствосу тынымсыз өнүгүп келген. 5 миң жыл ичинде көркөм салттын эволюциясынын туруктуулугун этностук жана структуралык биримдик камсыз кылган. Кытай искусствосунун тарыхын династиялык мезгилдерге бөлүп карашат. Кытай искусствосунун өнүгүүсүнүн ар бир этабында жетишкен техникалык жеткилеңдиги, көркөм чагылдыруунун толуктугу, эстетикалык ой толгоолордун жетилгендиги болуу катуу тарыхый формациялардын алмашуусунда кризистердин салакасынан сактап калган. 20-кылымдагы археологиялык изилдөөлөрдө табылган карапа жана нефрит буюмдары Хуанхэ жана Янцзы дарыяларынын бассейндеринде биздин заманга чейинки 10-кылымдын аягында неолит маданиятынын болгондугун тастыктайт. Чжоу доорунда искусство өнүгө баштаган. Каллиграфия өзүнчө искусство катары эң жогорку баскычка жеткен. Археол. табылгалар монументалдык жана жибекке тартылган живопись өнүккөндүгүн айгинелейт. Архитектурада жыгач курулуштар басымдуулук кылган: павильондор жана көп кабаттуу мунаралар курулган. Биздин заманга чейинки 9—8-кылымда курулушта черепица, кыш колдонула баштаган. Коло менен иштөөдө мом калыпка куюу, гравирлөө, асыл таштар жана асыл баалуу металл менен инкрустациялоо өздөштүрүлгөн. Ырым-жырым буюмдарынын түрлөрү кеңейген (музыкалык аспаптар, нао, чжун коңгуроолору, гу барабаны, күзгү, тыйын, курал-жарак ж. б.). Цин жана Хан доорунда 2—3 кабат үйлөр, көп ярустуу мунаралар салынган. Улуу кытай дубалынын көп бөлүгү (биздин заманга чейинки 221—207-жылдары) курулган. Коло күзгүлөр, лак жана нефриттен буюмдарды жасоо өркүндөгөн. Жибек кездеменин ар кандай түрлөрү колдонула баштаган (бир өңчөйү, креп, газ, полихром). Индиядан буддизмдин келиши менен (4— 6-кылым) Кытай архитектурасында, живописте, скульптурада монументтүү формалардын пайда болушун, жаңы типтеги аска монастырларынын салынышын шарттаган (Юнгань, Майцзишань). 7— 3-кылымда (Тан жана Сун доору) маданияттын бардык тармагы гүлдөгөн. Тан доорунда шаарлар кеңип, монументалдуу имараттар пландуу курула баштаган. Мин (1368—1644) жана Цин (1644—1911) доорлорунда архитектура менен жасалга-колдонмо искусствосу (Пекиндеги Юнхегун храмы ж. б.), эң жогорку деңгээлде өнүккөн. Бул доордо гектарлаган императорлук парктар (Пекиндеги парк комплекси, Ихэюань шаар жанындагы парк ж. б.), көп чоң эмес, шаар четиндеги бакчалар, храмдык парктар (Чжо чжэнъюань жана Сучжоудагы Лююань, Сиюань жана Шицзылинь паркы, Уси шаарындагы Юньтайюань паркы ж. б.) пайда болгон. Таш дөңчөлөр менен агынды көлмөлөрдүн, идишке өстүрүлгөн гүлдөрдүн жайгашуусу (ички жана тышкы дубалдар, павильондор, беседкалар, галереялар, кеңейтилген аянттар жана жолчолор) Кытай бакчаларынын кенен архитектуралык формаларын айгинелейт. Фарфор өндүрүшүнүн борбору Цзиндэчжэнде (Цзянси провинциясы) жаңы формадагы буюмдар, алтын менен кооздолгон феньцин техникасы пайда болгон. 19—21-кылымдын башында архитектурада, шаар курулушунда, парктарды долбоорлоодо байыркы салттарды колдонушкан. Театр имараттарынын комплекси Дэхэюань (1882) жана Пекиндеги Ихэюань император паркынын ансамбли (1888) 19-кылымдын 2-жарымында белгилүү курулуштардан болгон. Жаңы технологияны жана материалдарды (чоюн, цемент, бетон) колдонуу менен 19—20-кылымда Пекинде европалык стилде: Бейтан кафедралдык собору (Сишику, 1887—1889), Шанхайда Касиеттүү үчилтик собору, Шанхай клубунун имараттары курулган. Батыш архитектурасынын жетишкендиктерин өздөштүрүшкөн жана чет мамлекеттик архитекторлор (Г. К. Мерфи, Л. Э. Худек) менен жаш кытай адистери (Лу Яньчжи, Ян Тинбао) иштешкен. 1912-жылы император бийлиги кулагандан кийин өнөр жайынын өнүгүшү менен шаарлар өсө баштаган. Шанхайда ири курулуштар темир-бетон конструкцияларын колдонуп, чикаго мектебинин духунда, ар деко жана тарыхый стилдеги имараттар салынган. Орус-Азия банкы (1901, архитектор Х. Беккер), Шанхай-Гонконг банкы (1923) Кытайдагы биринчи темирбетон жана чоюн каркас конструкциялары колдонулган. 1949-жылы КЭРдин түзүлүшү менен курулуштарда СССР архитектурасынын тажрыйбасын эске алышкан. 1950—59-жылдары микрорайондор, жасалга элементтерин азыркы архитектура менен айкалыштырган имараттар курулган: мисалы, «Пекин», «Достук» мейманканасы, Элдик өкүлдөрдүн бүткүл кытайлык чогулушунун имараты (архитектор Чжао Дунжи), Кытай революциясынын музейи жана Кытай тарыхынын музейи (архитектор Чжан Бо). КЭРде 1966-жылы «Маданий революциянын» башталышы менен курулуш токтогон. Экономиканы либералдаштыруу тууралуу өкмөттүн чечими (1978) архитектуранын өнүгүшүнүн жаңы этаптын башталышы болгон. Кытай архитекторлору постмодернизм (Пекиндеги Цинхуа университетинин китепканасы, 1991, архитектор Гуань Чжаое; Шанхай музейи, 1992—96, архитектор Син Тунхэ) жана неомодернизм (Нанкиндеги япон баскынчыларына курман болгондорго мемориал, 1985, архитектор Ци Кан; Пекинге жакын, «Улуу Кытай дубалы коммунасы», 2002, архитекторлор Ян Хочан, Гари Чан, К. Кума, С. Бан ж. б.) стилиндеги долбоорлошкон. 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадалык стадион, 2002—08; «Цифралык Пекин» маалымат борбору, 2005—08, архитекторлор Чжу Пэй жана У Тун). Орто кылымда көркөм сүрөт искусствосу жакшы өнүгүп, анын туундуларында гумандуулук идеясы чагылдырылган (У. Дао-цзы, Янь Ли-бэнь). Сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө «гүл чымчык» (Бянь Луань, Сюй Си, Хуан Цюань),«окумуштуулар живописи» (Су Ши, Вень Тун, Ми Фэй) жанрларында иштегендер кыйла салым кошушкан. Мин жана Цин доорлорунда кездемеге сүрөт тартуу — «кэ-сы» жогору өнүккөн. 20-кылымдын биринчи жарымында көптөгөн каллиграфия мектептери кеңири багытта иштешкен. У Чанши, Кан Ювэй, Ли Жуйцин, Лян Цичао ж. б. Каллиграфтар белгилүү Кытай живописи үчүн салт болуп калган «гохуа» багытында көптөгөн чеберлер өсүп чыгышкан: Пань Тяньшоу, У Чанши, Ци Байши жана Хуан Биньхун ж. б. Заманбап Кытай живописине ар түрлүү живопись мектептери жана стилдер мүнөздүү. Өзгөчө гохуа өнүгүүдө.

Музыкасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытайдын салттык музыкасы 50дөн ашык улутту бириктирет: тай (жуандар, мяояо), түрк (уйгур, казак, кыргыз) элдери, тибеттиктер, моңголдор ж. б. Кытай музыкасынын тарыхы (б. з. ч. 6—5-кылым) Инь (Шан) доорунан башталат (Хэнань провинциясынан табылган сөөк чоор ж. б.). Байыркы Кытайда колдонулган «юэ» «музыка» (юэ, бул сөз 12-кылымдан белгилүү) түшүнүгү поэзия, бий, көркөм сүрөт деген түшүнүктөрдү туюндурган. 3000 элдик ырларды, ырым-жырым гимндерин камтыган «Шицзинь» («Ыр китеп», биздин заманга чейинки 11—6-кылым) — элдик ыр өнөрүнүн көөнөрбөс эстелиги. Ктайдын салттуу оркестринде 100дөй аспап болот: сэ, цин, пипа (чертме), ху, эрху, сыху, баньху (жаалуу), сяо, пайсяо, шен (үйлөмө), барабан, коңгуроо ж. б. Нота менен бизге жеткен туңгуч музыкалык чыгарма — Цю Мин (6-кылым) жазган «Юланьпу» пьесасы. Тан доорунда (7—10-кылым) 5 атайын музыкалык мектеп, актёр труппалары уюшулган. 10-кылымда Дуань Ань-Цзенин «Музыка жөнүндө жазуулар» деген музыкалык-теориялык трактаты жазылган. Сун доорунда актёр жана композитор Вэй ЛянФу, Мин доорунда Чжу Цзай-юй (12 баскычтуу үн катарынын системасын өркүндөткөн) музыкалык искусствону өнүктүрүүгө салым кошкон. 1919-жылы «4-майдагы» кыймылдан кийин революциячыл маанайдагы музыканттар патриоттук ырларды жаратышкан. «Маданий революция» музыка искусствосуна зор зыян алып келген. Окуу жайлар жабылып, көп музыканттар репрессияланган айыл жерлерине айдалган. КЭРдин түзүлүшү музыкалык маданиятын өнүгүшүнө зор түрткү болгон. музыкалык коллективдер түзүлүп, опера жаратууга аракет жасалган. 1980-жылдары музыка маданияты мамлекеттик реформанын негизинде батыш маданияты менен бирдикте өнүккөн. Жаңы музыкалык окуу жайлар, жогорку музыкалык окуу жайлары калыбына келтирилген. Кытайдын музыкалык жогорку окуу жайлары батыш композиторлорунун техникасынын таасиринде «жаңы толкундагы» бир катар композиторлорд у даярдашкан: Тан Дун (АКШда жашайт), Чэнь Циган (Францияда жашайт), Цзо Чжэньгуань (Россияда жашайт), Е Сяоган, Хэ Сюньтянь ж. б. Цзин Сяндын «Талаа» (1987), Го Вэнцзиндин «Жиндинин каты» (1994) опералары; Чень Цигананын «Кызыл чырактар» (2001) балети; симфониялык жана камералык музыкалык чыгармалар жаралган. Жаңы кытай музыкасына гонконгдун жана тайвандын ырлары таасир берген. Пекинде, Шанхайда эл аралык жана улуттук музыкалык фестивалдар өтүп турат. Кытайда 10 опера театры, 25 симфониялык оркестр, 25 музыкалык жогорку окуу жайлары, консерваториялар бар (2008).

Театры[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытай театрынын башаты — элдик ырбий өнөрүн, ошондой эле акробатика, кылыч чабышууну өзүнө камтыган бай си («жүз оюн») оюндары. 14—17-кылымдарда Кытай театрынын биринчи чакан иян жана куньцуй жанрлары пайда болуп, анын негизинде 17—18-кылымда банцзы, юэцзюй, циньцян ж. б. жанрдагы жергиликтүү театрлар калыптанган. 19-кылымда жергиликтүү театрлардан Кытай театрынын жаңы жанры — пекиндик музыкалык драма (цзинси) түзүлгөн. Анда Кытай салттуу театрынын негизги белгилери топтолуп, актёр оюну сөз, ыр, бий менен эришаркак көрсөтүлгөн. Грим менен костюмда гүл жана оюм-чийим колдонулган. Репертуарына тарыхый мазмундагы пьесалар жана белгилүү романэпопеялар кирген. 20-кылымдын 60-жылдарына чейин театр улуттук искусствонун мыкты салттарын өркүндөткөн. Кытай театры 3 топко бөлүнөт: салттык, куурчак жана драмалык. Кытай салттык театры — музыканы, ырды, бийди, сценалык сүйлөөнү жана кыймылды бириктирген цирк жанрынын жана шамдагайлык техникасын өздөштүргөн театр искусствосу. Сун доору куурчак театрынын алтын кылымы болгон. Репертуары кеңири, цзацзюй пьесалары, тарыхый пьесалар коюлган. Куурчак жасоонун чеберлери өсүп чыккан. 1898—1905-жылдары «сүйлөшүү драмасы» (хуацзюй) пайда болгондон драма театры өнүгө баштаган. 1910-жылы Ван Чжуншен жана Жень Тяньчжи Шанхайда драмалык актёрлорду даярдоочу «Гунцзян» театр мектебин ачышкан. 1920-жылы Пекинде театр окуу жайы, ошондой эле «Жаңы Кытай» театр коому түзүлгөн («Синь Чжунхуа»). Биринчи эркектер жана аялдар труппасы пайда болгон. 1930-жылы Шанхайда театр коллективдеринин солчул лигасы түзүлгөн (1931-жылдан — театр ишмерлеринин «Наньго шэ» солчул лигасы). Бир нече ишканаларда «көк блуза» труппасы түзүлүп, окуу жайларында көптөгөн ийримдер, үгүт бригадалары пайда болгон. Н. В. Гоголь («Текшерүүчү»), A. Н. Островский («Добул»), М. Горький («Түпкүрдө»), Г. Ибсен («Ийин») пьесаларын коюшкан. Ошол жылдары орус драмалары которулуп, Станиславскийдин системасы менен таанышышкан. 1950-жылдардын башында М. Горькийдин, A. П. Чеховдун ошондой эле У. Шекспирдин, К. Гольдонинин пьесалары коюла баштаган. «Маданий революцияда» көп труппалар таратылып, театрлар жабылган. 1970—90-жылдарда борборлордо драма театрлары кайрадан жанданган. Пекин элдик искусство театры, Шанхай драма искусствосу борбору, Шэньси провинциясынын элдик искусство театры, Сиань шаарынын драма театры репертуарын кеңейткен, Тайванда авангарддык труппалар бар. Кытай Пекин элдик көркөм театрында белгилүү театр ишмери, режиссёр жана искусство таануучу Цзяо Цзюйинь бир нече спектаклдерди койгон («Чайкана» спектакли ГФР, Франция, Япония, Канадада көрсөтүлгөн).

Киносу[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытайда сырттан алынып келген кино тасмалары алгач 1896-жылы Шанхайда көрсөтүлгөн. Биринчи улуттук фильм 1905-жылы Пекинде тартылган («Динцзюнь тоосу» — классикалык баталдык спектаклден көрүнүш). Көркөм фильм 1913-жылдан чыга баштаганы менен кинематография чет элдиктердин колунда болгон. Кытай фирмасы кино тартууну 1917-жылдан баштаган. 20-жылдардан киностудияларда патриоттук сезим ойготор фильмдерди коюшкан. Юань Линь-юй, Цзинь Янь, Юань Му-чжи сыяктуу таланттуу актёрлор өсүп чыккан. «Балыкчынын ыры» фильми (1935, режиссёр Цай Чушен) эл аралык баага арзыган. Японияга каршы согуштун мезгилинде (1937-45) кино өтө аз чыгарылып, 1945-жылдан кийин көбүнчө Голливуддун (АКШ) фильмдери көрсөтүлгөн. КЭР түзүлгөндөн кийин (1949) жумушчулар жөнүндө туңгуч «Көпүрө» (режиссёр Ван Бинь) фильми тартылган. Кино ишканалары мамлекетке өткөндөн кийин «Кытай кыздары» (режиссёр Линь Цзы-фэн менен Чжай Цян), «Болот солдат» (режиссёр Чень Инь), «Партия кызы» (режиссёр Линь Нун), «Ак чач кыз» (режиссёр Ван Бинь менен Чжан Шуй-хуа) сыяктуу көркөм фильмдер чыгарылган. 1950-жылы Пекинде кинематографисттер институту түзүлгөн. «Маданий революция» учурунда (60-жылдардын 2-жарымы), жалаң даректүү кино коюлуп, 1969-жылдан өкмөт мүдөөсүнө ылайык гана «үлгүлүү» фильмдер тартылган. 1976-жылдан кийин тыюу салынган фильмдер кайрадан коюла баштаган. 1979-жылы «Дяньин ишу» («Кино искусствосу»), «Дачжун дяньин» («Массалык кино») журналдары чыккан. Көркөм фильмдер тартыла баштаган (1981 — 105 фильм, 1984 — 144). Алардын ичинен: «Мээнеткечтин күлкүсү» (1979, режиссёр Янь Яньцзин, Ден Иминь), «Башань тоосундагы түнкү жаан» (1980, режиссёр У. Юнган, У Игун), «Дары» (1981, режиссёр Люй Шаолянь), «Баткан күндүн көчөсү» (1983, режиссёр Ван Хаовэй) ж. б. Тайванда психол. сюжеттердин жактоочусу, режиссёр Хоу Сяосянь — «Уулумдун чоң куурчагы» (1983), «Кайгыдагы шаар» (1989) жана костюм боевигинин жанрында иштеген режиссёр Ли Ань «Аңдыган жолборс, жашырынган ажыдаар» (2000, «Оскар» сыйл.) фильмдерин тартышкан. Чжан Имоунун биринчи фильми «Кызыл гаолян» (1987) — жеке чыглыгы менен белгилүү болгон жаңы муундагы кинематографисттердин эркиндигин ачык көрсөткөн. «Баатыр» (2002), «Учуучу канжарлардын үйү» (2004), «Алтын гүлдүн каргышы» (2006) Чжан Имоунун акыркы иштеринен болгон. Кытай кинематографисттеринин фильмдери дүйнөлүк деңгээлге чыккан: Ван Цюаньандын «Айдын тутулушу» (1999, Экф сыйлыгы, Москва) жана «Туя күйөөгө чыгат» (2007, Берлин, ЭКФтин башкы сыйл.); Цзя Чжанкэнин «Саньсяндан келген боорукер адам» (2006, прокатта «Натюрморт», Венециядагы ЭКФтин башкы сыйлыгы) ж. б. Сянган (1978-жылдан), Шанхай (1993-жылдан), Чанчунь (1995-жылдан) эл аралык кинофестивалдары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]