Чанчунь

Википедия дан

Чанчунь - Кытайдын түндүк-чыгышындагы шаар.

Цзилинь (Гирин) провинциясынын адм. борбору. Калкы 2,8 млн (2010; агломерациясы менен 3 млн). Жолдор тоому. Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Кытайдагы автомобиль кураштыруунун ири борбору. Трактор, т. ж. вагондору жана сүрөт тартуучу камераларды өндүрүүчү борбор. Жогорку технологиялуу өндүрүштөрү, медицина, фармацевтика, жаңы конструктордук материалдарды өздөштүрүү, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштеп чыгууларды жүргүзүү өнүккөн. Машина куруу, химиялык, жыгаччылык, тамак-аш, электроника, биотехнолиялык, энергетика, медицина, текстиль ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт.

Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Кытай ИАнын филиалы, 50дөй ИИИ-лер, улуттук лабораториялар, ЖОЖдор (а. и.Чанчунь университети), музейлер (а. и. Маньчжоу-го император ак сарайы) бар. Будда монастыры, Ыйык Тереза католик собору, Ляо династиясына таандык пагода ж. б. сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4